КАДРЛАР РОТАЦИЯСЫ – ТАБИГЫЙ ЖАНА ЗАРЫЛ ПРОЦЕСС

  • 25.02.2026
  • 0

КР Агартуу министрлигинин 2026-жылдагы райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин ротациялоо планына ылайык бир катар райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары ротацияланды. Министрликтин адистеринин айтымында ротациялоо планы толугу менен колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык түзүлүп, ээлеген кызматында орто эсеп менен үч жыл же андан ашык иштеген жетекчилер киргизилген. Ротациялоо планы үстүбүздөгү жылдын аягына чейин белгиленген тартипте этап-этабы менен ишке ашырылмакчы.

Ротациялоо планына республика боюнча эң көп Чүй облусу кирген. Облустагы Москва, Жайыл, Панфилов, Сокулук, Аламүдүн райондорунун билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары ротацияланып, учурда өз ишмердүүлүгүн улантышууда. Алардын бири Билим берүүнүн мыктысы Марат Жолдошбекович Усеналиев мурда Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүн жетектеп келсе, эми облустагы эң чоң аймактардын бири Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп бекиди.

КАДРЛАР РОТАЦИЯСЫ – ТАБИГЫЙ ЖАНА ЗАРЫЛ ПРОЦЕСС

М.Усеналиев 1964-жылы 9-майда Чүй облусунун Кемин районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. 1999-жылы Москвадагы РФ Өкмөтүнө караштуу Жогорку социалдык-экономикалык мектепте билим алган. Манчестер университетинин магистри (MBI).

Алгачкы эмгек жолун катардагы мугалимдиктен баштаган тажрыйбалуу жетекчи билим берүү, социалдык саясат жана мамлекеттик башкаруу тармактарында үзүрлүү эмгектенип келатат. Өз убагында КР Билим берүү жана илим министрлигинде жетекчилик кызматты аркалап, мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү багыттарын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон белдүү адистердин бири.

Марат Жолдошбековичтин басып өмүр жолуна сереп салсак, ашык кеми жок туура 40 жылдык өмүрүн билим берүү тармагына арнаптыр. Билим берүү тармагында башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана кесипкөй мамлекеттик кадрлар корпусун бекемдөөгө багытталган реформанын өзөгүн жетекчи кадрларды ротациялоо механизми түзөрүн белгилеген тажрыйбалуу жетекчи бүгүнкү күндөгү билим берүүнүн багыттары, тармактагы реформалар, биримдик, нарктуулук, улуттук баалуулуктар тууралуу ой бөлүштү.

— Билим берүү тармагы бул жөн гана окутуу эмес, улуттук өнүгүүнүн багытын аныктаган күчкө айланды. Заман өзгөргөн сайын биз да билим берүүнүн мазмунуна жаңыча көз караш менен карап, жаңыча мамиле жасашыбыз керек. Бул багытта мен өзгөчө маанилүү деп эсептеген бир нече багытка токтолгум келет. Биринчиси — бул билим берүү аркылуу коомдук-саясий туруктуулукка жетишүү. Биз коомдук-саясий окуяларга баа бергенде билим берүү факторун эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Коомдогу ар бир өзгөрүүнүн тамыры тарбияда жатат. Эгерде жаш муунга туура багыт берилсе, коом туруктуу болоруна ишеним бекемдейт. Ошондуктан билим берүү системасы жөн гана социалдык тармак эмес, мамлекеттүүлүктүн негизи экенин унутпасак, — дейт ал.

Ал Президенттин демилгеси менен мамлекеттик кызматтарда жүргүзүлүп жаткан ротациянын түпкү максаты регионалдык бөлүнүүнүн алдын алуу экенин, аны билим берүү аркылуу жоюуга болорун билдирди.

— Өлкө башчыбыз регионалдык бөлүнүү көбүнчө саясатчылардын жеке кызыкчылыгынан улам жараларын, акыркы жылдары мамлекеттик кызматтарда жүргүзүлүп жаткан ротациядан улам бул көрүнүш азайганын, мында билим берүүнүн да ролу чоң экендигин белгилеп жатпайбы. Алсак, “Акылман” мектептерине бардык облустардан окуучулар аралаш окутулат. Андан тышкары бюджеттик негизде окуган студенттер түндүк-түштүк боюнча ротация менен окуй баштайт. Мен өзгөчө колдогон демилгелердин бири – түндүктүн студенттерин түштүккө, түштүктүн студенттерин түндүккө алып барып окутуу, тагыраак айтканда, түндүк-түштүк билим берүү интеграциясы. Бул аймактарды жакындаткан, улуттук биримдикти бекемдеген кадам болмок. Ар бир аймактын өзүнүн маданияты, салты, дүйнө таанымы бар. Жаштар бири-бирин жакындан тааныганда гана бөлүнүү эмес биримдик күчөйт. Андыктан Түндүк-түштүк интеграциясы — биримдиктин билимдүү жолу деп эсептейм.

Ротация – бул жаңылануунун булагы. Азыркы учурда кадрлардын ротациясын жүргүзүү табигый жана зарыл процесс болууда. Узак убакыт бир жерде иштеген жетекчи чоң тажрыйба топтойт, бирок ошол тажрыйбаны башка чөйрөдө колдонуу системанын өнүгүшүнө шарт түзөт, демек, биз ротациядан коркпошубуз керек. Ал — жаңылануу, жаңы дем, жаңы көз караш. Эң башкысы бул процессти адилет жана ойлонулган негизде жүргүзүү маанилүү, — дейт Марат Жолдошбекович.

Биз жогоруда белгилегендей ал кырк жылдык иш тажрыйбасында советтик билим берүү системасынан бери карай эгемендикке ээ болуунун оор жылдарындагы нечен сыноолорду, реформаларды жон териси менен сезип келатат, ал ортодо далай сын укту, аны менен катар мактоо сөздөрүн да укту, айтор ал басып келаткан жол жеңил болгон жок. Арийне, кандай сыноолор, оорчулуктар болбосун, өзүнүн билими, иш билгилиги менен туруштук бере алды. Билим менен тарбияны бөлүп кароого болбостугун белгилеген тажрыйбалуу жетекчи, билим берүүнүн өзөгүн нарктуулук түзөрүн жакшы билет.

— Дегинкиси эле билим берүү менен тарбияны бөлүп кароого болбойт. Чыныгы билим – нарк менен бекемделген билим. Эгер билим адамды акылдуу кылса, нарк аны адам кылат.

Нарктуулук – бул теория эмес, жашоо образы. Улууну урматтоо, кичүүгө кам көрүү, адилеттик, жоопкерчилик, уят-сыйыт, мекенчилдик – ушунун баары улутту сактап турган ички өзөк. Бул баалуулуктар китеп эмес, мамиледен, чөйрөдөн, үлгүдөн калыптанат. Бүгүнкү глобалдашуу доорунда баланын аң-сезимине ар кандай маалымат агымдары кирип жатат. Ушундай шартта улуттук наркты сактоо – билим берүүнүн башкы милдеттеринин бири болуп калды. Эгер баланын жүрөгүнө наркты сиңире албасак, анда билимдин өзү багытсыз калышы мүмкүн. Нарктуу билим – жоопкерчиликтүү муунду тарбиялайт. Мындай муун өз элин, жерин, тилин урматтайт. Демек, нарктуулук – бул тарбиялык категория гана эмес, мамлекеттүүлүктүн негизи, — дейт.

Негедир биз балага билим менен кошо тарбияны мугалим гана берет деп бекем ишенип калганбыз. Турмуш андай эмес экендигин көрсөттү. Баланы тарбиялоо – үй-бүлөдөн башталат, түпкүлүгүндө мугалим билим гана бере алат, ал эми ата-эне үйүндө ошол билимди бекемдеп, тарбия ишин жүргүзүшү керек.

— Бала тарбиясы – жалпы жоопкерчилик экенин жакшы билебиз, бирок баланы тарбиялоо – бир гана мектептин иши эмес да. Бул – үй-бүлө, коом жана билим берүү уюмдарынын биргелешкен милдети. Эгер биз тарбияны биринчи орунга койсок, анда билимдин сапаты да жогорулайт. Анткени тарбиясы бар бала билимди туура пайдалана алат. Биз эми кимдин милдети көбүрөөк деп талашпай, баланын билим алуусуна, анын инсан болуп калыптануусуна ата-эне мугалим менен бирдей жоопкерчиликтүү экенин баса белгилеп, ошол милдетти туура аткарышыбыз керек. Бул жерде мугалимдин коомдогу ээлеген орду кандай экенине ириде мугалим өзү жоопкерчиликтүү экени анык, а бирок, ата-энелердин жана башка жалпыбыздын да мамилебизге жараша болорун эсептен чыгарбашыбыз керек. Ата-энелер мугалимди урматтап, ызааттап мамиле жасаса, айрыкча үйдө сүйлөшкөндө балдардын көзүнчө этият болсо, балдардын да сыйы жогорулайт.

Мугалим – коомдун келечегин калыптандырган инсан. Ал сабак өтүп эле тим болбостон, баланын дүйнө таанымын да түзөт. Мугалимдин ар бир сөзү, ар бир мамилеси тарбия. Ошондуктан мугалимди колдоо – бул билим берүүгө эле эмес, келечекке салым.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен бала бакчага тиешелүү маселелер жөнүндө да айта кетпесем болбос. Биз буга дейре бала бакчаларга жетиштүү көңүл бурбай келгенибизди бала бакчалардын өтө аз санда болгонунан, тарбиячылык кызматка атайын билим алган адис эмес, ишке муктаж адамдардын баары кабыл алына бергендигинен билүүгө болот. Акыркы эки жылдан бери мамлекет башчысынын демилгеси менен бала бакчалар көбүрөөк курула баштаганы кубандырат. Ошого жараша тарбиячыларга да талап күчөтүлө баштады. Бул туура, анткени бала бакча тарбиячылары — тарбиянын пайдубалын түзөт.

Чындыгында адамдын мүнөзү, мамилеси, негизги сапаттары дал ушул мектепке чейинки куракта калыптанат. Бала бакча тарбиячылары – тарбиянын башаты, бул тармакка болгон мамиле өзгөрмөйүн, жалпы система толук кандуу өнүкпөйт. Биз кандай реформаны баштабайлы, анын борборунда адам фактору турушу абзел. Нарктуу, билимдүү, мекенчил муун – мамлекеттин эң чоң байлыгы. Биз, агартуучулар жана ата-энелер ошол байлыктын ээсибиз, — дейт М.Усеналиев.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер