КӨРКӨМ СӨЗ ЧЕБЕРИ, УЛУУ УСТАТ

  • 24.03.2025
  • 0

…Шаарым. Бишкегим. Эл агымы токтобойт. Алардын арасынан сизди издейм… Баары кадырлаган инсан, биздин улуу устатыбыз ар дайым оюмда жүрөсүз. “Аттиң ай! Жакында, 15-мартта 85 жашка чакпайт беле?”, — деп өкүнөм… Карайм, көчөдө каршы-терши өткөн адамдар. Учурата албай убараланам…

Эл жазуучусу Мелис АБАКИРОВДУН жаркын элесине таазим

Адамдар ар түрдүү болот. Атүгүл эгиздер да бири-бирине окшош боло бербейт. Адамдын калыптанышына көп нерсе түрткү болот турбайбы. Бир күнүн алтынга бергис жашоонун кымбаттыгын көп деле баамдап-сезе албайт экенбиз
да…

“Биринчи көргөн учур – эч эстен кетпейт” деп айтылгандай, Мелис байке менен алгачкы ирет “Советтик Кыргызстан” – азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинде кездешкен күн али көңүлдө. Ачык-айрымдыгы, эски таанышындай дароо кепке тарткандыгы, сүйлөгөн сөзү күлкү менен коштолуп, нурлуу жүзүнө төп келип турганы, ар кимге бирдей жылуу мамиле жасаганы азыр да
эсте.

Канча деген мыкты-мыкты журналисттер, жазуучулугу менен таанылган калемгерлер иштеген өтө барктуу гезитте Мелис Абакировдун орду өзгөчө экени ачык сезилип турчу. Жазган очерк, макалалары, фельетондору көркөмдүк жагынан айырмаланчу. Өзгөчө, өтө кылдаттыкты, накта чыгармачылыкты талап кылган фельетон жазууда көрүнүп, редакция жыйындарында дайыма макталчу. Ушундан улам, Мелис байкенин гезиттин көркөмдүк деңгээлин көтөрүүгө, чыгуу нускасынын 170-180 миңге жетишине кошкон салымы абдан сезилерликтей эле.

Ошо кезде, 1971-1979–жылдары биз сыймыктанган Мелис байке бул гезитте адабий кызматкер, өз кабарчы, жооптуу катчынын орун басары болуп иштеди. Жакшы сапаттары, мыкты чыгармачылыгы менен көрүнүп, сый-урматка бөлөнүп келди. Анан эле, гезит үчүн өтө керектүү калемгер болуп турган маалда Мелис байкенин башка кызматка кетиши көпчүлүк үчүн күтүүсүздөй сезилди. Кээси муну такыр эле туура көрүшпөдү.

Мелис байке болсо адабият чөйрөсүнө тезирээк аралашууну эңседи. “Кечигип жатам…” деп түшүндүрдү устатыбыз. Буга чейин дурус баага арзыган аңгемелерине улай жакшы-жакшы повесть, романдарды жазууну ойлоду. Чакырып жатышкан соң, адабиятка чындап киришүү үчүн Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору кызматына которулду. Анда иштей баштаганы өзү жөнүндө гана ойлобой, чыгармачылыгы үмүт арттырган курбуларын, жаштарды бул комитеттин “Адабият”, “Мектеп” басмаларында иштеп калууларына камкордук көрдү. “Кечигип жатасыңар…” деп шаштырып, “Советтик Кыргызстандан” эң алды Анатай Өмүркановду, Бекбай Алыкуловду, кийин Көкүл Жамангуловду, дагы башкаларды адабият басмаларынан иштөөгө чакырганын көбүбүз
билебиз.

Жаңы кызматта да Мелис Абакиров жакшы иши менен көрүндү. Чыгармачылык жагынан да өзүн көрсөттү. Адеп, 1982-жылы “Алмалуу бак”, андан соң – 1990-жылы “Алчалуу төр” повесттери жарык көрдү. Калемгердин бул чыгармалары көркөмдүк деңгээли, окуялардын, адамдардын тагдырларынын чагылдырылышы боюнча мыкты баага ээ болду. Окурмандардын купулуна толду. Муну менен Мелис байке адабият чөйрөсүнө аралашууга шашылганы бекер жеринен болбогонун ачык далилдей алды.

Мындан соң көркөмдүк деңгээли бийик, кыргыз элинин өткөн кылымдардагы жашоо-турмушу, тарыхы, элин жетектеп, жерин коргогон белгилүү инсандардын кулк-мүнөзү, жасаган иштери чагылдырылган “Көкөйкести” жана “Барымта” романдары басылып чыкты. Ушул мыкты романдары, мурдагы жана кийинки баш көтөрбөй окуй турган “Эрөөл”, “Байтерек баяны” повесттери, аңгемелери менен Мелис Абакиров кыргыз прозасынын бийиктешине өзүнүн зор салымын кошо алды.

Мелис байкенин дагы бир унутулгус зор эмгеги – өзү 1983-жылдан мүчөсү болгон чыгармачылык союздун ишин алдыга жылдыруу үчүн күч-аракетин аяган жок. Улуттук жазуучулар союзунун секретары болгондо да, кийин да көптөгөн иштердин бүткөрүлүшүнө жетишти. Айтор, улуу устатыбыздын ой-санаасы, жашоосу ар дайым Жазуучулар союзу менен өтө тыгыз байланышта болду.

Ошентип, жазуучу Мелис Абакиров окурмандар чыгарма-китептерин издеп жана көп окуган өтө таанымал авторго айланды. Эмгеги бааланып, совет мезгилинде Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланса, өлкөбүз эгемендикке ээ болгон жылдары ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” жана “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” ардак наамдары, жогорку сыйлык – “Манас” ордени ыйгарылды.

Биз Мелис байке менен замандаш болгонубузга, чогуу иштешип калганыбызга сыймыктанабыз. Ошондо баамдаганым: Мелис Абакиров таң каларлыктай жөнөкөй, абдан билимдүү, адабият, тарых, санжыраны өтө терең билген, ар нерсеге калыс мамиле жасаган, чындыктан кылча да тайбаган, түз сүйлөп, түз жүргөн, эч бир мактанбаган, өзүнө карата айтылган мактоо сөздөрдү көп жактыра бербеген, эмгекчилдиги менен тоо этегинде, шаркырап аккан көк кашка суу боюнда жайгашкан дачасын, мөмөсү төгүлгөн алма-багын мыкты күтө билген, деги абдан өрнөктүү, адамдык бийик касиеттерге ээ, накта ак сөөк адам эле. Улууларга, ар кимге жасаган сый мамилесин, агасы атактуу инсан Эмилбек Абакировду дайыма “Эмике”, “Эмикем айтканда…” деп, урматтап-кастарлап келгенин көрүп, өзүнчө эле чоң таасир алчубуз. Ар ким — досторун, классташтарын, курсташтарын, туугандарын Мелис байкедей сыйлай билсе деп ойлобой койбойсуң. Ал эми жаштарга, шакирттерине жасаган мамилеси да өзгөчө эле. “Жакшы жүргүлө”, “Көп окугула, жазгыла, көшөрө иштегиле”, “Өз бааңарды билгиле”, “Төмөндөбөй, ар дайым ар-намыстуу жана бийик болгула”, — деген акыл-насаатын айтып, жан курбудай жаштар менен бирге жүргөндү жактырчу. Айрым адамдардай болбой, жанынан бир тыйын чыгаргысы келбегендерге түк окшобой, “чөнтөгүмө дайым акча сала жүрөм, бул ирет менин кезегим, силерди сыйлайм” деп, марттыгын, көбүн эсе кыргызга таандык мыкты адамгерчилик сапатын көрсөтөөр эле.

“Жакшы адам сымбатынан жазбайт” деген баа байкеге карата айтылгандай туюлчу. Жакшы өйдөлөсө да, жаш кезиндегидей ылдам, тың, шайдоот жүргөнү мектепте, кийин даңктуу Кыргыз мамлекеттик университетинен окуган мезгилде да эркин күрөш менен машыгып, нечен мелдештерде жеңишке жетип, сыйлактарга ээ болуп келген. Ошондон ар дайым спортко күйөрман болуп, күрөшкө түшкөн жаштарды көрсө, “жамбашка сал”, “торой чал”, “так көтөрүп, артка карай ийиле чап” деп айтып, кызуу сүрөп тураар эле.

Мелис байке үчүн – Бегимжан эже кымбат жана сүйүктүү жар болсо, балдары жашоодогу жарык нур, жагымдуу маанай тартуусу болуп калды.

Өзгөчө адамгерчилик касиеттери, эң мыкты калемгерлиги, таасын таланты менен таанылган, Кыргызстандын китеп басма ишине көп жылдык үзүрлүү эмгегин арнаган Мелис Абакиров өзүнүн 85 жаш курагына бир жыл жетпей биздин арабыздан кеткени абдан өкүнтөт… Ошондон эки жума мурда бирге болдук эле. Мелис байке баягысындай ар бирибизге сый мамиле жасап, жакшы сөздөрүн айтып, чогуу болууну самагандай, кадырлаша түбөлүк бирге өмүр сүргөн Бегимжанынын үйдө күтүп жатканын сезгендей, бир чети биздин жаныбыздан кеткиси келбегендей, жүзү дегеле нурлуу да, сүйкүмдүү да көрүндү…

Табиятынан тирикарак, дилгир, сезимтал, адамгерчиликтүү, кымбат өмүрдү майда ишке коротпой, баалай билген, ошондой эле өтө билимдүү жана таланттуу болсо да, аны пайдалана билбегендерди түк түшүнө албаган, жаны ачыша дайыма эскертип айтып келген, чыгармачыл жаштарды, калемдештерин ар качан алга сүрөгөн, океандай чалкыган көркөм сөз дөөлөттөрүн элине тартуу катары калтырып кеткен Эл жазуучусу Мелис Абакировдун жаркын элесин, адабиятка жана кыргыз журналистикасына кошкон баа жеткис салымын биз – кесиптештери, калемдештери жана замандаштары эч унутпайбыз. Анын, эң мыкты чыгармалары менен бизде жана чет өлкөдө кеңири таанылган кыргыздын көрүнүктүү көркөм сөз чеберинин атын өзү жашап, эң сонун аңгеме, повесть, романдарды жазган борбор шаардагы көчөгө жана көптөгөн шаар китепканаларынын бирине ыйгаруу туура болоор эле… Ошондой эле, мыкты эмгеги жана чыгармачылыгы менен жердештерин, элин кубантып келген Эл жазуучусунун ысымын түбөлүккө калтыруу иштерин өзү туулуп-өскөн, он жылдыкты бүтүргөн, ал жактагылар менен болгон байланышын үзбөгөн Чүй районунда жашаган улуу-кичүү, тиешелүү мекемелер көңүлдөн сырт калтырбас…

…Убакыт учкан куштай тез өтүп жатат. Бизге көрүнүктүү жазуучу Мелис Абакиров жетишпей жаткандай сезилет. Бул – чоң сүрөткердин орду биздин коомдо ченемсиз зор болгонун, анын өлбөстүгүн, жазып калтырган көркөм чыгармалары дайыма окула берерин, мыкты очерк, фельетондору, аңгеме, повесть, романдары жогорку окуу жайларынын журналистика жана филология факультеттеринин студенттерине чеберчилик боюнча окуу материалы катары окутула турганын, адам деген атка татыктуу боло алгандыгын эстеп, бир аз жеңилдегендей болобуз. Өзү түбөлүк орун тапкан жайына коюлган, эң алды татыктуу жар, акылкөй түгөй Бегимжан эженин демилге-аракети менен бүткөрүлгөн, элес-турпаты дал өзүндөй чагылдырылган эстелигин көргөндө, ал жаныбызда тургандай, баягысындай, тирүү кезиндегидей сезилет…

…Шаар ичи. Биз бирге жүргөн, көзгө жедеп тааныш болуп калган жерлер. Эмнегедир ээн калгандай, көрксүз… Жагымдуу элесинин көз алдыда турганы көңүлдү жубатат. Биздин Улуу устат, Улуу инсан мына-мына бет алдыбыздан чыгып, кездеше тургандай туюлат…

КӨРКӨМ СӨЗ ЧЕБЕРИ, УЛУУ УСТАТ

Курманбек РАМАТОВ,
Журналисттер союзунун т
өрагасынын орун басары, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси

 

Бөлүшүү

Комментарийлер