КӨГҮЛТҮР КӨЛ ЖЭЭГИНДЕГИ ДОСТУК МАЙРАМЫ

  • 23.07.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги балдардын “Балажан” республикалык эстетикалык тарбиялоо окуу-усулдук борбору менен биргеликте “Ысык-Көл досторун чакырат” эл аралык сынагынын кезектеги жеңүүчүлөрүн аныктады. Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы “Барчын” балдардын ден соолугун чыңдоочу спорт комплексинде 14-июлдан 19-июлга чейин өткөн IX Эл аралык этно-карнавалга Кыргызстандын өнөрлүү балдарынан тышкары, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Белорусиядан келишкен жаш таланттар катышты.

Жаап өткөн жамгыр да балдардын талантына тоскоол болбоду

Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондугуна 30 жыл толушуна, “Балажандын” 35 жылдыгына арналып жайдын толукшуп турган маалында, көгүлтүр көлүбүздүн жээгинде өткөрүлгөн ыр майрамы катышуучулардын жана алыс-жакындан келген меймандардын эсинде көпкө сакталып калды. Бир бүркөлүп, бир ачылган аба ырайы, жада калса жаап өткөн жамгыр да балдардын жайдары маанайына тоскоол боло алган жок.

КӨГҮЛТҮР КӨЛ ЖЭЭГИНДЕГИ ДОСТУК МАЙРАМЫ

Этно-карнавалда тогуз жаштан 17 жашка чейинки жаш өнөрпоздор 1.Элдик аспаптар: жеке аткаруу, ансамблдин аткаруусундагы чыгармалар; 2. Эстрадада ырдоо; 3. Элдик бийлерди жеке жана ансамблде аткаруу номинациялары боюнча өнөрлөрүн тартуулашты.

Сынак ачык-айкын жана калыс уюштурулганы күйөрмандардын купулуна толду. Көгүлтүр көл бетиндей тунук, асмандагы ак булуттай ачык балдардын баёо дүйнөсүнө жуурулушкан балдардын өнөр сынагы башкача болушу да мүмкүн эмес эле.

Бул этно-карнавалды уюштуруучулардын айтымында, баш-аягы 400дөй баланы камтыды. Калыстар тобу үчүн эң таланттуу балдардын арасынан эң мыктысын тандап алуу оңойго турбаганына күбө болдук.

Баланын өнөрүн ачканың — булак көзүн ачканың

Уюштуруучулар этно-карнавалдын ар бир күнү балдардын эсинде калгандай программа түзүшкөнү дароо көзгө урунду. Алсак, биринчи күн “Дүйнө балдары” деп аталса, экинчи күн “Бул – этно” деп аталып, балдар ар улуттарга тиешелүү түркүн татымдар жөнүндө маалымат алып гана тим болбостон, улуттук даамдардын татып да көрүштү, айрымдары кээ бир улуттук тамак-аштарды алгач көрүп жатышканын жашырышкан жок. Ал эми “Чыгармачылыкка чек жок”, “Бий ритминде”, “Ар кыл таланттар” деп аталган күндөр да атына жараша кызыктуу өттү.

КӨГҮЛТҮР КӨЛ ЖЭЭГИНДЕГИ ДОСТУК МАЙРАМЫ

Элдик аспаптар боюнча сынактын тєрагасы Н.Уралиев

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун кичинекей бийчилери, эгиз бир туугандар Раяна менен Даяна быйыл биринчи жолу катышып жатышат. Эгиз кыздардын таянеси жана бийге үйрөткөн устаты Жамиля Мамасалиева өзү иштеген Сузак районундагы Балдар чыгармачылык үйүнүн бий ийриминин өнөрпоздору бул сынакка 2014-жылдан бери активдүү катышып келатканын айтып берди.

– Былтыр баарыбызга белгилүү болгондой, дүйнө жүзүн каптаган пандемия көптөгөн иш-чаралардын өтүшүнө тоскоол болду. Эки жыл катышпай сагынышып, бук болуп калган экенбиз, бул жерде өтүп жаткан өнөр сынагы баарыбыз үчүн чыныгы майрамдык маанай тартуулады. Мен жетектеген бий ийриминин балдары үчүн 2019-жыл жемиштүү болуп, апрель айында Астана шаарында өткөн мына ушундай сынакта байгелүү экинчи орунду ээлеп келгенбиз. Ал эми быйылкы катышуубуз мен үчүн өзгөчө толкундантчу учур болуп жатат, себеби, эгиз неберелерим сахнага чыгып бийлешти. Эл оозунда айтылгандай, сынакта жеңишке жетишүү эле эмес, катышуу да чоң байге эмеспи, ансыңарындай, биздин милдетибиз, ишибиз — балдарды кичинекейинен тарта ар өнөргө шык берип, булактын көзүн ачкандай, өнөрүн ачуу болгон соң, ушул вазийпабызды аткарууга дайым даярбыз — дейт, Жамиля Мамасалиева.

Катышуучулар эле эмес, бери жакта карап отурган биз да, акыркы, жеңүүчүлөрдү аныктоочу күндү чыдамсыздана күтүп жаттык. Анткени, кийген костюмдарынан тартып, бийлеген бийлери, ырлары, черткен күүлөрү бириникинен бири кооз, биринен бири ашкан таланттуу экенине баам салып турдук. Белгилүү өнөр адистери өткөргөн мастер-класстар да балдардын таланттарын такшалтып, сынактын жүрүшүнө олуттуу даярдыктар көрүлгөнүн тастыктады. Биз баш баккан залда белгилүү ырчы Аскат Мусабековдун мастер-классы өтүп жаткан экен, анын коштоосунда ырдап жаткан кичинекей кара тоголок элеттик баланын мукам үнүнө арбалып, аны кепке тарттык. Ал өзүн “Талас районундагы Балдарга кошумча билим берүү борборунун вокал ийриминин катышуучусу – Адил Жакшылыковмун” деп тааныштырды. Адилдин вокал боюнча мугалими Сырмамбет кызы Кенжегүл, шакирти бул сынакка үч жылдан бери катышып, баш байгеге ээ болуп келатканын сыймыктануу менен айтып өттү. Адис болбосок да, Адилдин үнү өзгөчө экендигине суктандык. Ошол жерде баары бир ооздон: “Вокал боюнча Адил катышкан сынактарда баш байге алуу кыйын” дешкендери да бекеринен эмес экен.

КӨГҮЛТҮР КӨЛ ЖЭЭГИНДЕГИ ДОСТУК МАЙРАМЫ

Вокал боюнча сынактын тєрагасы Т.Сатылганов атындагы филармонинын солисти А.Мусабеков конкурсанттар менен

“Өнөрүң болсо, өргө чап”

Калыстык үчүн айта кетчү сөз, биздин балдар ырдоо, улуттук аспаптарда күү чертүү боюнча мыкты болсо, бий боюнча Өзбекстандан, Россиядан келген бийчилердин бийлерин көргөн адам дароо эле биринчиликти кимдер илип кетээрин баамдап койсо керек. Айткандай эле, 9-13 жаштагы кенже топтогу жеке бий аткарууда баш байгени РФнын Курск шаарынан келген Дмитрий Трубников алды. Дима орус элинин улуттук бийин жогорку чеберчиликте аткарып берди. Ушул топтогу биринчи орунду Өзбекстандын Самарканд облусунун Пастаргон районунан келген Гулнигор Тошназарова менен Ош шаарынын кичинекей бийчиси Сабина Чокморова бөлүштү.

Ал эми 14-17 жаштагы бийчилердин арасынан Гран-Прини Ош шаарынан келген Айжан Авазбекова алды. 1-орунду Өзбекстандын өкүлү Кахрамонова Нафосат менен РФдан келген Елизавета Локтионова ээлешти.

“Элдик бий: дуэт” номинациясында 9-13 жаштагы бийчилердин арасынан Гран-Приге РФнын Курск шаарынан келишкен Елизавета Локтионова менен Григорий Камынин татыктуу болушту. Биринчи байгелүү орунду Самарканддын бийчилери Мохичехра Тургуновага жана Рухшона Каримовага ыйгарышты.

КӨГҮЛТҮР КӨЛ ЖЭЭГИНДЕГИ ДОСТУК МАЙРАМЫ

Бий ансамблдеринин арасынан Гран-Приге Ош шаарынан келген “Таэлиянын” бийчилери татыктуу болушту. 14-17 жаштагы бийчи топтордун ичинен биринчи орунду РФнын Курск шаарынан келген “Виктория” хореографиялык студиясынын үлгүлүү коллективи менен Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын “Жаш толкун” бий ансамбли ээлешти.  Бишкектик “Айкөл” бий ансамбли, Жалал-Абаддын “Кыз кыял” ансамбли да байгелүү орундарга илинип, калыстардын да, көрүүчүлөрдүн да жылуу пикирине арзышты. Катардагы көрөрман катары жеке баамымда, көчмөндөрдүн бийине басым жасашкан Балыкчынын бийчилеринин костюмдары өзгөчө кооз көрүндү.

Кыргыз күүсү – жалын жаштын ыргагы

Өсүп келаткан жаштардын арасында кыргыз улутунун сыймыгы комузда кол ойноткон өнөрлүү жаштар көп экенин көрүп көзүбүз тойду, черткен күүлөрүн угуп, моокумубуз канды. “Элдик аспаптар: жеке аткаруу” номинациясында 9-13 жаштагы комузчулар арасынан Гран-При Бишкектен келген Каныкей Аалыевага, 1-орун – Ош облусунун Өзгөн районунун жаш комузчусу Айбийке Ниязовага, 3-орун – Алина Айтбаевага (Бишкек ш.)
берилди.

14-17 жаштагы комузчулар арасында Гран-Приге Бишкектен келген Тилек Усубалиев татыктуу болсо, 1-орунду Чүй облусунун Токмок шаарынан Алтынай Абдразакова, 3-орунду Жалал-Абаддан Мунара Ормотоева ээлешти.

Ушул эле элдик аспаптарды ансамблде аткарууда 14-17 жаштагы комузчулардын ичинен бишкектик “Үч-муунак” фольклордук ансамбли Гран-Прини жеңип алды. Байгелүү 1-орун Балыкчы шаарынан барган “Көл ыргагы” комузчулар ансамблинин энчисине тийди.

Сынактын дагы бир кызыктуу бөлүгү — “Эстрадада ырдоо” номинациясы боюнча жеңүүчүлөр жаш курагына жараша аныкталды. Эмесе, калыстардын калыс баасы боюнча аныкталган болочок эстрада ырчылары менен таанышып алыңыздар:

КӨГҮЛТҮР КӨЛ ЖЭЭГИНДЕГИ ДОСТУК МАЙРАМЫ

9-13 жаштагы ырчылардын арасынан Гран-Принин ээси – Бишкек шаарынан барган Томерис Алымсеитова болду. 1-орунду Айжан Шайдинова (Балыкчы шаары) менен Жалал-Абаддан барган Бексултан Темиров бөлүштү. Ал эми биз көрөрман катары өзгөчө талантына тамшанып жаткан Жакшылыков Адилге атайын приз ыйгарышты, анткени чынында эле ар жылы баш байгени ала бергени калыс болбой калаарын калыстар тобу адилет чечти деп ойлойбуз. Экинчи байгелүү орунга Ош облусунан Элмурза Абдимиталипов, үчүнчү орунга Чүй облусунан барган Адиля Сапарбекова татыктуу болушту.

Ушул эле номинация боюнча 14-17 жаштагы жаш ырчылардан Гран-Прини Ош облусунан барган Нурислам Алимбеков алды. 1-орунду Ош шаарынан Кутман Тургунбаев менен Өзбекстандын Самарканд шаарынан барган Мадинабону Алижон кызы тең бөлүштү. 2-орунду таластык Элнура Жакшылыкова менен жалал-абаддык Амантур Сайипбаевге ыйгарышты. 3-орунду үч катышуучу: Айчүрөк Жолдошева (Сүлүктү шаары), Бегимай Шерипова (Каракол шаары) жана Мадина Мансурова (Чүй облусу) бөлүп алышты.

Калган катышуучулардын баары кызыктыруучу сыйлыктар, дипломдор менен сыйланышты.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер