КҮЧТҮҮ БАШКАРУУНУН ЫКМАСЫ — АЙРЫМ УКУКТАРДЫ  БИРӨӨГӨ ЫЙГАРУУ

  • 11.11.2025
  • 0

Мектеп директорунун иши — чоң жоопкерчиликти жана көптөгөн милдеттерди камтыйт. Көп учурда жетекчилер баарын өзүм көзөмөлдөйм деп ашыкча жүктү ээлеп алгандыктан иштин натыйжалуулугу төмөндөйт. Мындай учурда мектеп жетекчиси айрым милдеттердин  бир бөлүгүн башкаларга тапшырган маанилүү чечим болуп саналат. Жакында Бишкек шаарында өткөн мектеп жетекчилеринин III форумунда борбор калаадагы №62 мектептин директору Гульнара Актайлакова башкаруудагы заманбап чакырыктар, мектепти өнүктүрүү стратегиялары, жаңы технологияларды билим берүү процессине киргизүү жана педагогдордун командасы менен иштөө маселелери талкууланганын айтып, өзгөчө мектеп директордун айрым укуктарын бирөөгө тапшыруу маанилүү экенин айтып берди.

КҮЧТҮҮ БАШКАРУУНУН ЫКМАСЫ - АЙРЫМ УКУКТАРДЫ  БИРӨӨГӨ ЫЙГАРУУ

— Гульнара Өмүрзаковна, ааламдашуу доорунда дүйнө жүзү жаңылануу процесси менен алектенип жаткан учур. Кыргызстанда дагы билим берүү тармагы түп тамырынан трансформацияланып жатат. Быйыл мектептер 12 жылдык билим берүүгө өттү. Ушул нукта мектеп директору дагы башкарууда бир топ өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жатат. Сиз жетектеген мектепте кандай өзгөрүүлөр бар?

— 12 жылдык билим берүүгө  өтүүнүн максаты — мамлекетти өнүктүрүүгө жасалып жаткан кошумча кадам. Бул жаатта мектеп жетекчилери агартуу майданындагы жаңыланууну туура кабыл алып, алгылыктуу иштерди иш жүзүнө ашырууда. Жаңыча мектепти башкарууда – мекеменин окуу-тарбия процессинин эффективдүүлүгү жана сапаты, албетте, директордун башкаруучулук жөндөмүнө байланыштуу. Мектеп жетекчи башкаруунун функцияларын туура жүргүзгөндө гана сөзсүз түрдө ийгиликке жетет. 12 жылдык мектептик билим берүүдө  мугалимден баштап мектеп директоруна чейин өзгөрүүгө туура келди.

Жетекчи кол алдындагы ар бир кызматкеринин  ички ой толгоолорун аңдай  алган, окуучусун келечегин көрүп тургандай адам болушу керек. Мына ошондо ким гана болбосун мындай директор менен иштешкенге, аны менен бирге замандаш болгондугуна ыраазы болуп эмгектенет. Ушундай сапаттарга ээ болгон жетекчини мектепти эффективдүү башкарат десек болот.

Быйыл 12 жылдык окутууга өттүк. Баарыбыз өзгөрүүгө кадам таштадык. Ар бир жаңы иште кыйынчылык болбой койбойт, аны баарыбыз жон терибизден өткөрүп жаткан кезек. Себеби замандын өзгөрүшү, технологиянын өнүгүшү менен билим берүүнүн мазмуну гана өзгөрбөстөн, аны колдонуу ыкмалары да өзгөрүп жатат.  Бир катар жаңы технологиялар, базалар, колдонмолор, системалар колдонууга кирип жатат. АИС-мугалим, электрондук күндөлүк, инфраструктура, электрондук китептер ж.б. менен толук кандуу иштей билүүгө көнүгүү — биздин милдетибиз болуш керек.

— Трансформация мезгилинде мектеп жетекчиси өз милдеттерин бирөөгө жүктөп коюунун маанилүүлүгү эмнеде?

— Ириде стратегиялык маанидеги иштерге көбүрөөк көңүл бурууга шарт түзөт. Коллективдин катышуусун жана жоопкерчилигин жогорулатат. Кызматкерлердин профессионалдык көндүмдөрүн өнүктүрөт жана жетекчинин чарчабай иштөөсүн алдын алат.

— Сиздин айрым милдеттериңизди кантип туура бөлүштүрөсүз?

— Алгач тапшыра турган иштерди аныктоо керек. Өзгөчө директордун катышуусу талап кылынбаган, башкалар аткара турган иштерди тандоо зарыл. Эң башкысы туура кызматкерди тандоо үчүн анын тажрыйбасын, билимин жана кызыгуусун эске алуу керек.  Тапшырманы берүүдө иштин максаттары жана күткөн жыйынтыктары так айтылат. Негизги тапшырмалар жана аткаруу мөөнөттөрү берилет. Кызматкерге керектүү ресурстар менен колдоонууну камсыз кылуу, анын жетиштүү маалыматы жана каражаттары бар экенин текшерүү керек. Албетте, иштин  жүрүшү көзөмөлдөнөт, бирок кичинекей нерселерге кийлигишпей койгон туура. Иштин абалын үзгүлтүксүз сурап, пикир айтып турсак, иш оңунан чыгат. Жакшы натыйжаларды баалап, мактап турсак, жүктү мойнуна алган кызматкер көбүрөөк шыктанып иштейт.

— Милдетти тапшырууда эмнеден алыс болуу керек? 

— Мындай жооптуу ишти ар кимге эле тапшырганга болбойт. Өзгөчө татаал иштерди толук тапшырган туура эмес. Ар бир кадамын көзөмөлдөп, микроменеджмент кылууга да болбойт. Айрым ыйгарым укуктарды бирөөгө тапшыруу же  полномочие дейбизби — бул ишти жөн гана бөлүштүрүү эмес, жетекчинин ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, команданы өнүктүрүү жана мектептин максаттарына жетүү үчүн күчтүү башкаруу ыкмасы десем болот.

— Эмне үчүн «мен баарын өзүм жасайм» деген нерсе жетекчи үчүн тоскоолдукту жаратат?

— Бул жетекчини чарчатып, убактысын үнөмдөөгө жол бербейт, биринчиден. Экинчиден, стратегиялык иштерге көңүл бурууга тоскоол кылат. Үчүнчүдөн, команданын өнүгүүсүнө жана жоопкерчилигине тоскоол болуп жана иштин сапаты менен натыйжалуулугу төмөндөйт. Ал эми полномочиени  бирөө менен бөлүшкөндө директор өзүнө маанилүү иштерге көбүрөөк убакыт бөлө алат.  Команда мүчөлөрүнүн жөндөмдөрү өсөт.  Иш сапаты жакшырганга мүмкүнчүлүк пайда болот. Жетекчи катары өзүнүн ресурстарын эффективдүү колдонуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Ал эми «Менден жакшы эч ким жасай албайт»,   «Мен өзүм тезирээк бүтүрөм» деген мифтер, тескерисинче, ишке тоскоолдук жаратат.КҮЧТҮҮ БАШКАРУУНУН ЫКМАСЫ - АЙРЫМ УКУКТАРДЫ  БИРӨӨГӨ ЫЙГАРУУ

— Кызматкерлер менен ишенимди кантип куруш керек?  Ашыкча көзөмөлдөө эмнеге алып келет?

Ачык сүйлөшүү, максаттарды жана күтүүлөрдү так белгилеп, баштапкы этапта кошумча колдоо көрсөтүп, андан кийин жоопкерчиликти көбөйтүү керек.   Негизги көрсөткүчтөр боюнча отчетторду алуу менен ишенимди бекемдеген туура болот. Ашыкча көзөмөлдөөдөн кызматкердин мотивациясы төмөндөп, ишеним жоголот, өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмү начарлайт.  Стресс алат жана эмоционалдык жактан  чарчайт. Албетте, командадагы продуктивдүүлүк төмөндөйт.

Ишенимди куруу — эффективдүү полномочиенин  негизи, ал болсо башкарууну жеңилдетип, жогорку натыйжа берет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер