ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ: АЙЫЛДАН ЧЫККАН БИЛИМ ЧЕМПИОНДОРУ

  • 31.03.2026
  • 0

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жөн гана билим сынагы эмес, бул — өлкөнүн интеллектуалдык потенциалынын күзгүсү. Адаттагыдай эле сынактын 1-, 2-, 3-этаптардан иргелип алынган зээндүү, идиректүү, таланттуу 322 окуучу борбор калаада эки күн бою билим таймашында өздөрүнүн дареметтерин көрсөтүштү. Тандалып алынган жеңүүчүлөрдүн тизмеси эки маанилүү реалдуулукту көрсөттү: биринчиси — Бишкек шаары дагы деле лидерликти бербей жатканы, экинчиси — алыскы айылдардагы мөңгүдөй таза эмгектин натыйжасында чыккан феноменалдуу ийгиликтер.

ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ: АЙЫЛДАН ЧЫККАН БИЛИМ ЧЕМПИОНДОРУ

Борбордун үстөмдүгү жана аймактардын «каршылыгы»

Статистикага таянсак, командалык эсепте Бишкек шаары 49 упай (21 орун) менен ишенимдүү түрдө биринчи орунду алды. Бул — ресурстардын, мыкты лицейлердин жана методикалык базанын борбордо топтолгонунун далили. Бирок бул фондо тээ алыскы асман тиреген көк муздуу, ак мөңгүлүү Ат-Башыдан жана Таластын Май айылынан чыккан окуучулардын ийгилиги өзгөчө салмакка ээ болду десек ашыкча болбостур.

Адистештирилген лицейлердин окуучуларын артка калтырып, катардагы айылдык мектептен чыккан Баел Шүкүрбеков (Талас) жана Мария Качкынованын (Ат-Башы) жеңиштери — бул кыргыз билим берүүсүнүн үмүтү. Ал эми аларды таптаган Асылкүл жана Нурдакан сыяктуу эжейлер — мамлекеттин чыныгы каармандары. Олимпиаданын жыйынтыгы көрсөткөндөй, өлкөгө сапаттуу анализ жана багыт берген агартуучулар керек. Талант бардык жерде төрөлөт, бирок аларга багыт көрсөткөн, кушту таптагандай билим мүнүшкөрлөрү аба менен суудай керек болуп турган учур.

Анда ар бири тууралуу кепти улайлы.

Мугалим — ийгиликтин башкы фактору

Асылкүл Эсеналиева жана Нурдакан Иманкулова сыяктуу педагогдордун өмүр баяны — бул заманбап агартуучунун эталону десек жаңылышпайбыз.

ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ: АЙЫЛДАН ЧЫККАН БИЛИМ ЧЕМПИОНДОРУ

Асылкүл Эсеналиева 1991-жылга  чейин айылдагы  «Келечек»  балдар бакчасында тарбиячы болуп  иштөө  менен эмгек  жолун  баштаган. Ал 1991-жылы Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана  журналистика  факультетине  кабыл алынып, 1996-жылы аны ийгиликтүү аяктаган. Ушул  эле  жылы ал Бишкек  шаарындагы  № 45  орто мектепте  кыргыз  тили  жана адабияты мугалими болуп иштеген. 2000-жылдан  баштап Ат-Башы районундагы К.Карпеков атындагы орто мектебинде кыргыз  тили  жана адабияты мугалими болуп эмгектенүүдө.  Ошондой  эле  2015-2022-жылдар  аралыгында    башталгыч класстарында окуу  бөлүмүнүн  башчысы, 2022-2023-окуу  жылынан  баштап окуу-тарбия  иштери  боюнча  директордун  орун  басары  кызматын    аркалап  келет.

Агартуу майданында  иштеген  28  жыл ичинде  Асылкүл көп  ийгиликтерге  жетишти. Алсак, 2008-жылы  Ат-Башы  районунда  өткөн   «Жыл мугалими»  кароо-сынагында  жигердүү  катышканы үчүн жогорку  категория  ыйгарылса, 2013-жылы    “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын облустук  турунда ал жетектеп барган   «Кан  Кошой»  тобу облуста  алдыңкы  орунду  ээлеген. 2014-жылы  кыргыз  тили  жана адабияты боюнча  райондо  өткөрүлгөн  «Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде»  аттуу олимпиадада окуучусу Жумагулова  Алина  1-орунду камсыз кылса, 2015-жылы окуучусу Сыдыкова  Медина  кыргыз  тили  жана адабияты предмети боюнча  райондук олимпиадада 2-орунду  ээледи.

Анын окуткан бүтүрүүчүлөрү  ЖРТда  жогорку  баллдарды  алышат. Маселен, 2021-2022-окуу  жылында  бүтүрүүчүсү  Жоробекова  Рахима  203  балл  алууга  жетишти.

2020-жылы Улуу Жеңиштин  75  жылдыгына  карата  өткөрүлгөн  «Аталардын эрдигин  даңктайбыз»  аттуу республикалык  көркөм  окуу сынагында окуучусу  Молдоказыева Бегимай   3-орунду  ээледи. 2020-2021-окуу  жылындагы предметтик олимпиадада даярдаган окуучусу Алмазбекова Айжамал облуста 3-орунга татыктуу болуп, республикада жеңүүчү  болуп  табылды. 2022-жылы  ушул  эле  окуучусу предметтик  олимпиаданын  райондук  турунда  1-орунду  багындырды. Ал эми Качкынова Мария кыргыз тили жана адабияты сабагынан  жылда ийгиликтерди жаратып келген таланттуу окуучу.

— 2025-2026-окуу жылында өткөн республикалык турда Мария 1-орунду камсыз кылды. М.Качкынова 9-классынан бери предметтик олимпиадага даярданып келе жатат. Ал кыргыз тили жана адабияты сабагына өзгөчө кызыгуу менен мамиле кылган, зээндүү жана аракетчил окуучу. Ал сабак учурунда активдүүлүгүн көрсөтүп, суроолорго так жана мазмундуу жооп берип, өз оюн эркин жана көркөм жеткире алат, — дейт эжейи.

Асылкүл  эжейдин  билим берүүдөгү эмгеги бааланып,   райондук билим берүү  бөлүмүнүн, облустук усулдук борбордун, Билим берүү жана илим министрлигинин,  Ат-Башы райондук администрациясынын, КРнын  Президентине  караштуу Мамлекеттик  тил  боюнча  улуттук  комиссиянын  Ардак   грамоталарынын ээси. 2020-жылы   «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги»  төш  белгиси ыйгарылса, 2021-жылы   КРнын  Президентинин Нарын  облусундагы  ыйгарым  укуктуу  өкүлүнүн ыраазычылык  каты  тапшырылды. Ошондой  эле  кыргыз  тили  жана  адабияты  боюнча предметтик  олимпиададагы  ийгилиги  үчүн Кыргыз  Республикасынын  Билим  берүү  жана  илим  министрлигинин  ыраазычылык  каты  берилген. 2020-2021-жылы  “Жылдын  мыкты  мугалими”  төш  белгиси тапшырылган.

«Мугалим — мөмөлүү дарак»

— Бүгүнкү күн мен үчүн өзгөчө күн болду, окуучулардын республикалык предметтик олимпиадасынын тарых сабагынан  окуучум Шүкүрбеков Баел Акбарханович 1-орунду багындырды, — дейт кубанычы койнуна батпаган таластык мугалим Нурдакан Иманкулова.

ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ: АЙЫЛДАН ЧЫККАН БИЛИМ ЧЕМПИОНДОРУ

Нурдакан Иманкулова  33 жылдан бери  Талас облусунун Манас районунун Шабданбек Кочкорбаев атындагы орто мектебинде  тарых мугалими болуп эмгектенип келет.

Ал 1992-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктагандан кийин, өзүнүн  Май айылына   мугалимдик кесипти аркалап келатат. Өспүрүм кезинен тарыхый китепти көп окугандыктанбы, айтор, мугалим болуу, кыялында бар эле. Тарых сабагынан берген мугалим эжейдин тарыхты жомоктой кылып кызыктырып айтып бергени алигиче анын эсинде.

Нурдакан Иманкулова 33 жылдык эмгегинде көп-көп  окуучуларды тарбиялап чыгарды. Алардын бир нечеси агартуу тармагында, медицина жана башка  тармактарда үзүрлүү эмгектенип жатышат.

«Мугалим — мөмөлүү дарак» демекчи, мугалим үчүн ар бир окуучунун орду бар, ар биринин ою баалуу.

— Менин милдетим — окуучуларга тарыхый фактыларды жаттаттуу эмес, аларды түшүнүүгө жана сабак алууга үйрөтүү. Мен ар бир сабагымда окуучуларга мекенге болгон сүйүүнү, улуттук баалуулуктарды урматтоо жана дүйнөлүк тарыхка кеңири көз караш менен кароону үйрөтүп келем. Ар бир окуучунун ой пикирин баалап, алардын өз алдынча ойлонуп талдай алган инсан болуп өсүшүнө көмөк көрсөтөм. Жеңишке жеткен Баел үйүндө эң улуусу, апасы мектепте кенже класстардын  мугалими болуп эмгектенет, — дейт мугалим.

Н.Иманкулова Баелге 5-классынан баштап тарых сабагынан сабак берет. Тарых сабагынан окуучусунун кызыгуусун  байкап, 8-классынан баштап олимпиадага даярдап, катыштырып жүрдү. Кошумча сабактарды өтүп, тарыхтан тапшырмаларды бере баштады. 9-класста райондук олимпиадада 1-орун алып, облустук олимпиададан 3-орунга жетти.

— Тарых сабагынан олимпиадага даярданууда терең талдоо, логикалык ой жүгүртүү маанилүү. Окуучум менен даярданууда  өзгөчө  тарыхый инсандардын ролу, алар кайсы доордо кандай иш алып барган, салыштырып талдай билүү (мисалы, эки башкаруучуну салыштыруу, ошондой эле себеп-натыйжа талдоо, карта боюнча анализ, салыштыруу таблицасы (мисалы, Кокон хандыгы менен Россия империясынын башкаруу  системасын салыштырат), тарыхый булак менен иштөө, дагы мини-эссе тапшырмалары бар. Ар бир берилген тарыхый окуяга өзүнүн логикасы менен түшүндүрмө берүүсү керек окуучу. Мына ушул тапшырмалардын баардыгы менен окуучум менен талыкпай эмгектенүүнүн аркасында ийгиликке жетиштик деп ойлойм, — дейт мугалим.

Эки мугалим тең ийгилик жараткан окуучуларын  5-9-класстан баштап байкап, 3-4 жыл бою системалуу даярдашкан. Бул алардын профессионалдуулугунун жемиши жана жеңиши.

Тарых мугалими Нурдакан Иманкулованын «факты жаттатуу эмес, себеп-натыйжаны талдоо» ыкмасы же Асылкүл Эсеналиеванын окуучуларын ЖРТда 200дөн жогору баллга жеткиргени — бул жогорку профессионализм.

Бул мугалимдердин эмгеги көрсөткөндөй, окуучунун ийгилиги үчүн кымбат баалуу гаджеттер эмес, биринчи кезекте багыт берүүчү инсан керек.

Биринчиликти багындырган окуучулар

Атбашылык Мария Качкынова 2008-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн. 2015-жылы Кара-Булуң айылындагы А. Искендеров атындагы орто мектепке 1-класска кабыл алынып, 2017-жылдан тартып Кара-Суу айылындагы К. Карпеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде билимин улантып келатат. Учурда аталган мектептин 11-“В” классынын окуучусу.

ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ: АЙЫЛДАН ЧЫККАН БИЛИМ ЧЕМПИОНДОРУ

Окуу процессине жоопкерчилик менен мамиле жасап, билим берүү жана тарбиялык иш-чараларга активдүү катышат. Өзгөчө кыргыз тили жана адабияты сабагына кызыгуусу жогору болуп, бул багытта туруктуу жетишкендиктерге жетишип келгенин жашырбайт.

2024–2025-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты боюнча предметтик олимпиаданын райондук жана облустук баскычтарынан 1-орундарды багындырып келген. Ал эми 2025–2026-окуу жылында райондук баскычтан 2-орунду, облустук жана республикалык баскычтардан 1-орундарды ээледи.

Негизги максаты — сапаттуу билим алуу менен бирге, келечекте коомго пайдалуу, өз ишин мыкты билген адис болуп калыптануу жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө татыктуу салым кошуу.

ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ: АЙЫЛДАН ЧЫККАН БИЛИМ ЧЕМПИОНДОРУ

Ал эми  Баел өзү абдан тырышчаак, аракетчил, өжөр бала, берилген тапшырманы аягына чыкмайынча күн болобу, түн болобу отура берет экен. Мүнөзү — көп сүйлөбөйт, ким менен сүйлөшсө да кыска жана так жооп берет, логикасы абдан күчтүү экенин мугалими баса белгиледи. Мына ушундай жөндөмү менен менмен деген күчтүү мектептерден келген курдаштарынан алдыга суурулуп чыкканын кантип айтпай коебуз. Өзү дагы бир сырдуу экени көрүнүп турду. Баатыр сындуу Баел менен Кочкорбаев Шабданбек атындагы орто мектептин мугалимдер жамааты сыймыктанса жарашат.

“Айчүрөк” менен “Арабаевдин” базасындагы таймаш: Сапаттын деңгээли

Олимпиаданын жыйынтыктоочу этабынын Бишкек “Айчүрөк” лицейи жана И. Арабаев атындагы КМУ сыяктуу алдыңкы окуу жайларда өтүшү — иш-чаранын деңгээли жогору экенин тастыктады. 24 миң окуучунун ичинен 322си гана финалга жетип, анын ичинен 54ү гана байгелүү орундарга ээ болушу — сынак өтө катаал жана татаал экенин көрсөтөт. Калыстар тобу дагы өтө адилеттүүлүк менен жыйынтык чыгарганы көрүнүп турат.

Олимпиадага III (облустук) этапта жеңишке жетишкен мамлекеттик жана жеке менчик мектептерден 322 окуучу 17 предмет боюнча катышты. Жыйынтыгында 19 окуучу I орунду, 18 окуучу II орунду, 17 окуучу III орунду ээледи. Командалык эсепте Бишкек шаары 21 орун, 49 упай менен I орунду ээлесе, Ош шаары 8 орун, 16 упай менен II орунду, Чүй облусу 7 орун, 11 упай менен III орунду алды.

Ушул жерде белгилей кетчү жагдай, алыскы Нарын облусунан 5 окуучу билим таймашында башкалардан кем калбай интеллектуалдык потенциалын көрсөтө алышты. Алар: Мария Качкынова, Ат- Башы району, Карыбек Карпеков  атындагы  жалпы билим берүү мектеби  (1-орун); Рабия Шайырбекова — орус тили жана адабияты,  Кочкор району, Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектеби (2-орун); Канайым Нурланбекова — кыргыз тили, адабияты (кыргыз мектеп), Ак-Талаа району, Бакый Мүсуралиева атындагы жалпы билим берүү мектеби (3-орун); Адилхан   Кадыров  — информатика, Нарын шаары,  Муратбек  Субакожоев атындагы Нарын  лицейи (3-орун). Бул окуучу дайыма эл аралык  олимпиаданын катышуучусу, бир нече жолку жеңүүчүсү; Акактай Өмүрзакова  —  кыргыз тили, адабияты, Нарын шаары, Билимкана-Нарын мектеби (4-орун).

Ошентип, быйылкы таланттуулардын таймашында теңиртоолуктар “Ааламга жол айылдан башталат” деген учкул сөздү тастыкташканын баса белгилеп кетүү абзел.

Белгилеп кетүүчү жагдай, жеңүүчүлөр өз предмети боюнча жогорку окуу жайга сынаксыз кабыл алынат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер