ИТО-2022 ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 28.02.2022
  • 0
ИТО-2022 ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

2022-жылдын 7-11-февралына чейин Кыргызстанда окуучулардын республикалык Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өттү. Аталган жумалык өлкөбүздүн билим берүү жаатында мыкты салтка айланды. Иш-чаранын максаты балдардын аң-сезимин өнүктүрүүгө эле эмес, алардын табигый-математикалык дисциплиналардын өздөштүрүүлөрүнө жана техникалык багыттагы кесиптерге кызыгуусуна өбөлгө түзүүгө багытталган. Бүгүнкү күндө биздин өлкө түп-тамырынан бери өзгөрүүгө жана өнөр жай менен өндүрүштүн өнүктүрүлүшүнө суусап турган чагы. Бирок мезгилдин талабына ылайык технологияларды колдонуусуз жана ага ылайык иштеген кадрларсыз бул максатка жетүү мүмкүн эмес!

ИТО-2022 ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Окуучулардын республикалык Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын алкагында өткөрүлгөн, бүйүрдү кызыткан иш-чаралардын бири болгон Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулары арасында «Илим+Ойлоп табуу=Техника» республикалык илимий-техникалык олимпиадасы салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Бул жылы ал 8-10-февраль аралыгында Чолпон-Ата шаарында КР Президентинин Иш башкармалыгынын №2 Мамлекеттик резиденциясынын санаториясында болуп өттү. Олимпиадага Кыргызстандын бардык областынан он команда – анын курамында 100дөн ашуун адам катышты. Балдардын бардыгы мыкты жыйынтыктарды көрсөтүү үчүн илимий-техникалык олимпиадага абдан жоопкерчилик менен даярдык көрүшкөн.

Мектеп жана юниор-лигасынын катышуусуна каралган ИТО үч этапта өттү. Биринчи этапта – теориялык турда – командалар «Кыргыз Республикасынын аймактары ортосунда темир жолду өнүктүрүүнүн келечеги» темасына баяндамалары менен презентация жасашты. Экинчи – экспресс-турда – жаш техниктер мелдеш өтөрдүн алдында алдын ала билишкен техникалык темага макеттерди аткаруу үчүн пайдаланыла турган керектүү шаймандар менен куралдардын бирдей топтомун алышты. Балдарга темир жол вагондоруна себеленме материалдарды жүктөө жана түшүрүү механизмдерин иштеп чыгуу сунушталган. Мындан тышкары, окуучулар «Кыргыз Республикасындагы нано-спутниктерди өндүрүүнү жана чыгарууну өнүктүрүүнүн келечеги» темасында эссе жазып келүүгө тийиш болгон. Үчүнчү турда жаш инженерлер үй тапшырманын темасы боюнча өз долбоорлорун коргоп беришти. Балдар ичке коллеядан жазысына жана кайра артка темир жол курамдарын которуунун колдонуудагы моделин же макетти иштеп чыгышы зарыл болгон.

 

ИТО-2022 ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

«Илим+Ойлоп табуу=Техника» республикалык илимий-техникалык олимпиадасынын салтанаттуу жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо 10-февралда №2  Мамлекеттик резиденциянын конференц-залында өттү.

Юниор-лигада ИТО жеңүүчүлөрү болуп, Ош шаарынын командасы эсептелди (Камилов Фазилиддин, Алимжанов Ариет, Мадумаров Абдулазиз жана Козибаев Мухиддин, жетекчиси – Козибаев Шерзод). I орунду мектеп лигасында Бишкек шаарынын командасы алды (Жердев Владимир, Кудайбергенов Бекбай, Мырзаканова Жаркынай жана Максимова Турсунай, жетекчиси – Клепачёва Елена). Дипломдор жана КР ББИМ Өтмө кубогун балдарга КР УИАсынын академиги, ИТО калыстар тобунун төрагасы Кожогулов Камчыбек тапшырды.

Юниор-лигасында экинчи орунду Жалал-Абад областынын командасы ээледи (Маматисаков Нурбол, Заиров Байырбек, Чибилов Улукбек, Осмонов Эрнист, жетекчиси – Камалова Сюита), ал эми мектеп лигасында – «Алтын түйүн» УИТБА
тарбиялануучулары (Каныбекова Саламат, Анарбаева Гульшан, Мустафин Данил, Исаев Аян, жетекчиси – Нурлан Жогаштиев). Балдарга дипломдорду, олимпиаданын калыстар тобунун мүчөсү, техника илимдеринин доктору, КР УИАсынын мүчө-корреспонденти Улан Бримкулов тапшырды.

Юниор-лигада үчүнчү орунга Нарын областынын командасы татыктуу болду (Калыйбек уулу Байтур, Таалайбек уулу Нурсултан, Алтымышбаев Даниель, Алмазов Нурсултан, жетекчиси – Рыскүл Турдалиева), мектеп лигасында – Чүй областынын командасы, Токмок шаары (Аджахунов Мухамедьяр, Исмаилов Абду-Адиль, Логинов Александр жана Пухов Никита, жетекчиси – Андрей Черненко). III даражадагы дипломдорду балдарга калыстар тобунун мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору, КР ББА вице-президенти Улан Мамбетакунов тапшырды. Мындан тышкары, өзүнүн атынан ИТОдо өзгөчө даярдык менен келген балдарга эстеликке белегин тартуулады.

«Алтын түйүн» УИТБА директору Бапанова Жаркын Базановна «Алтын түйүн» УИТБАнын тарбиялануучуларын окуудагы ийгиликтери үчүн КР ЖК экс-депутаты А.Арапбаевдин атынан акчалай стипендияларды тапшырды. Исаев Аян («Клуб юных инженеров», жетекчиси – Н.Жогаштиев) жана Пискарева Мария (робототехника клубу, педагогу – Б.Гасанов) стипендиант болушту. Жеңүүчү аталган командалардын жетекчилерине Жаркын Базановна «Кумтөр Голд Компани» ЖАК эстеликке белектерин тапшырды. «Кумтөр Голд Компани» ЖАК атынан олимпиаданын активдүү катышуучуларын калыстар тобунун мүчөсү, техника илимдеринин кандидаты Баялиев Алтынбек Жакыпбекович (Н.Исанов ат. КМКТАУ) ыйгарды.

ИТОнун кичинекей катышуучуларын калыстар тобунун мүчөсү, т.и.к., И.Раззаков ат. КМТУнун доценти Анвар Самсалиев эстеликке белегин тапшырды.

Окуучулардын республикалык Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы – бул экономиканын өнүгүп-өркүндөшүнүн негизи болгон өлкөнүн илимий жана өндүрүштүк турмушуна өсүп келе жаткан муундун кызыгуусун арттыруунун кубаттуу импульсу. Бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө салым кошкон бардыгына: Кыргызстандын бардык аймактарында иштеген кесиптештерибизге, команда жетекчилерине, КР Улуттук илимдер академиясынын Мурат Джуматаев башында турган көрүнүктүү окумуштууларына, И.Раззаков ат. КМТУнун, Б.Ельцин ат. КРСУнун, Н.Исанов ат. КМКТАУнун жана өлкөбүздүн башка жождорунун профессордук-окутуучулар курамына, ошондой эле А.Арапбаевге таланттуу балдарга стипендия бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин эмгегиңиздердин арты менен аймактардан келип катышкан окуучулар техника жана ойлоп табуучулукка кызыгуусу барган сайын артууда, аны быйылкы жылы бийик деңгээлде жактаган эмгектеринен улам байкоого болот.

Ошондой эле, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКга таланттуу балдарды колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары дагы техникалык билим берүүнү өнүктүрүүдө жана окуп жаткан жаштарды чыгармачылыкка үндөөдө биргелешкен долбоорлорго көмөктөшөт деген ишеничибиз чоң. Жаш техниктерди колдогондордун катары жыл өткөн сайын көбөйүп бара жаткандыгы бизди кубандырат. Биздин милдет Кыргызстандын келечектеги инженердик-техникалык элитасын өстүрүү, бул милдетти биргеликте ишке ашыруу колдон келет.

«Алтын түйүн»
УИТБА Басма сөз борбору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер