ИТКЕ ТЕМИРДИН БАРКЫ ЖОК

  • 21.01.2026
  • 0

 

ИТКЕ ТЕМИРДИН БАРКЫ ЖОКЖапалык үкү мактанса

«Жардан чычкан алдым» дейт.

Жаман тууган мактанса

«Жакшысын буттан чалдым» дейт.

(Кыргыз эл макалы)

 

Мындан бир нече жыл мурда кызматтык сапар менен Белгияда жүрүп калдым. Көчөдөгү кафелердин биринде отурсам жаныма Европа түспөлүндөгү бир аял келип отуруп калды. Өзүнө суусундук алдырып, мага кызыга карады да:

− Where are you from? – деп сурап калды. «Каяктан болосуз?» дегени. Чала-бучук билген англисчем менен:

− I am from Kyrgyzstan, − дедим.

− Kurdistan? (Курдистанбы?)

− No, Kyrgyzstan.

− Kazakistan? (Казакстанбы?)

− No, Kyrgyzstan. Our country is near the China, − деп жаман оюмда Кытайды укса Кыргызстан эсине келер деген үмүт менен берилип алып түшүндүрүп атам.

− Who is your president? (Президентиңер ким?)

− Askar Akaev.

− Excuse me, I don’t know your country, − деди. «Силердин өлкөнү билбейт экенмин» дегени. Оюма бир нерсе түшө калып:

− Do you know Chyngyz Aytmatov? (Чыңгыз Айтматовду билесизби?) – деп сурап калдым.

− Oh, yes, − деп кадимкидей жандана түштү. – Everybody knows him. He is great writer (Ии, ооба. Аны баары билет. Ал улуу жазуучу да).

− So, he is our writer. Kyrgyzstan is his native country (Эмесе, ал биздин жазуучу. Кыргызстан анын төрөлгөн мекени), − дедим мен.

− Really? You are so happy! (Чын элеби? Ушунчалык бактылуу экенсиз!)

− Yes. Where are you from? (Ооба. Сиз каяктан болосуз?)

− From the United States. (Кошмо Штаттардан)

− Your president is George Bush? (Президентиңер Жорж Бушпу?), – дедим билип турсам да сыпайылык үчүн.

− Yes, Bush… (Ооба, Буш…)

Анан бир нерсени ойлоно кетти да, үшкүрүп койду:

− Stuped Bush…

Анысы «макоо Буш» дегени болчу. Ооганстанга согуш ачып, анысын «крест жортуулу» деп балп эттирип, «Талибанды» тааныбай «музыкалык аспаптын аталышы болсо керек» деген Жорж Буштун чалды-куйду сөздөрү элге күлкү болуп турган эле.

Ошентип, тээ дүйнөнүн наркы бетинде жашаган америкалык аял Кыргызстанды 15 жыл бийликте турган Аскар Акаевдин атынан эмес, Чыңгыз Айтматовдун атынан улам тааныганы эсимде. Кыргызстандын алты президенти, толгон-токой өкмөт башчысы, андан көп акын-жазуучусу, спортчусу, депутаттары, анан да ушул азыр Айтматовдун тегерегинде чайкоочулук кылып аты чыкпаса жер өрттөп аткандардын баары, ал тургай ушуну жазып аткан мен жана окуп аткан сиз дүйнө коомчулугунун капарына ошончолук илингенинен ого бетер шегим бар.

«Лөлүдөн баатыр чыкса өз элин чабат» дейт. Мындай талаштар азыр башталган жок. Пендечилик деген жаман экен, этектен өйдө чыгалбаган бирөө Айтматовдун элесине көө сүрткөнгө өз деңгээлинде болушунча катуу эле жан үрөдү эле. Аны коштой чапкандар да болгон. Азыр эми жазуучуну киноактер менен салыштырып, окубай туруп ой айтканын жашырбаган «беш тыйындар» сахнага чыкты. Бирок бул жолу аны эч себепсиз жерден атайын айттыргандардын аракети байкалат. Кыргыз жазуучусун каралап жасалма акыл менен видео чыгаргандар жүрөт. Ушунун баары уюшкандыктын белгиси. Чындап келсе кыргыздын негизги түркүктөрүнө каршы Овертон терезесин кеңейтип, бирде сопсоо туруп кара кийип, бирде чак түштө музейге чечинип, бирде итке калпак кийгизип циркте жетелеп миң кубулган тышкы күчтөрдүн чабуулунун кийинки этабы.

«Ит өзүнүн иттигин түшүнсө уялганынан үрбөй калбайт беле?» деп ыраматылык Райымбек жездем көп айтчу эле. Анын сыңарындай кимиси чындап ошол күчтөрдүн кыянатчыл кызыкчылыгы үчүн улам бир жерден жылма сүйлөп жыландын башын чыгарып, кимиси жөн гана түркөйлүктөн улам курал болуп берип атканы анча айырмасы жок.

Жакында Гүлмира Үмөталиева аттуу замандашыбыздын «Кең адамга кең дүйнө, тар адамга тар дүйнө» деген жакшы сөзүн окуп калдым. Кимдир-бирөөлөр каалайбы-каалабайбы, Чыңгыз Айтматов эчак эле дүйнөлүк адабияттан өз ордун тапкан киши. Аны туу кылып көтөрүп чыныгы сыймык менен алып жүрүш же беш тыйынга баалап, өз короосунда тебелеп-тепсеш да кыргыздын өз эркинде. Албетте, ар бир адамдын пендечилиги, кызыкчылыгы, кыял-жоругу, артыкчылык-кемчиликтери болот. Анын жүгүн ар ким ар кандай көтөрөт. Аты чыккан кишинин жүгү андан бетер оор. Бирок анын мурасынан керектүүсүн алып, кереги жогун жалаяктай жайып элдин баарына атайылап көргөзмө уюштурбай эле нары калтырып кете бериш элдин канчалык жетилгендигин көрсөтөт. Эл катары биздин башыбызда ашык-кеми жок ошондой сыноолордун бири турат.

Айтматовду окубай койсо болобу? Албетте, болот. Элдин баары эле адабиятка кызыгууга милдеттүү эмес. Бирок анда пикир айтуунун да кажети жок. «Окуган эмесмин» деп туруп кайра ооз көптүрүп баа берүү – бери дегенде коомдук-психиатриялык диагноз.

Айтматовду сындаса болобу? Болот. Сындап да келишкен. Бирок ал үчүн эч болбосо тиешелүү чыгармасын окуш керек. Окуп эле тим болбостон, жалаң сюжетин кеп кылбай ички мазмунун да түшүнгөнгө аракет кылыш керек. Башкалардыкына салыштырыш керек. Ошондо анан аздыр-көптүр аң-сезимдүү позиция калыптанат.

Кыргыздын түбүнө окубай туруп ой айткандар, териштирбей туруп тескеп киргендер, кыйынсынам деп кыянаттык кылгандар жетет.

«Өз элин чапкан лөлү баатырлардын» баары акылман болуп эле, дүйнө окурманы келесоо болбосо керек. Айтматовду эл аралык коомчулук бекеринен тааныган эмес. Тээ Баланын тагдыры аркылуу бүтүндөй кыргыздын абалын чагылдырган «Ак кемеден» тартып, канчалык азаптуу кырдаал болбосун жаманын жашырып, жакшысын ашырганды үйрөткөн «Саманчынын жолуна» чейин кыргыз дүйнөсү аркылуу жалпы адамзаттык маселелерди кабыргасынан койгону үчүн тааныган. Союздун күчөп турган маалында «булгаары чапан кийген жаңы манап» Сегизбаевдерди айры менен кубалаган Танабайлардын адамдык чындыгы үчүн тааныган. Улам кийинки муунга бир ууртам суусун калтырып өзүн курмандыкка чалган Эмрайын, Мылгундардын бүтүндөй адам баласына үлгү болчу гуманисттик өрнөгү үчүн тааныган. Тээ «Манаста» эле кеп болгон «маңкурт» деген түшүнүктү дүйнөлүк терминге айландырып, улуттарды, маданияттарды, каада-салттарды четинен жапырып келаткан жаңы замандын негизги коркунучун дээрлик анатомиялык тактык менен сүрөттөп бергени үчүн тааныган. Тааныганы үчүн Нобел сыйлыгына көрсөтүлгөн. «Совет мезгилинин туундусу» дегендер убагында эбегейсиз эки системанын айгышкан кармашы туу чокусуна жетип турган кезде Чыңгыз Айтматов СССРдин №1 душманы деп эсептелген «Азаттыктын» кыргыз редакциясынын башчысы Азамат Алтай менен ачык эле жолугушуп, «биз бир тууганбыз, бул кыргыздар сүйлөшө турган сөз» деп КГБнын кызматкерлерин тоготпой таң аткыча сырдашып отурганын биле беришпейт. Түшүнгөн кишиге ушунун өзү жаатташып турган дүйнөдөгү кыргыздыктын жеңиши, улуулуктун салтанаты болгон.

Жашырганда не, ошол дүйнө элине салыштырмалуу кыргыздын өзү Айтматовду баалап деле жыргатпаптыр. Болгону анын атагын сөз арасында улуттук дымагын кандырыш үчүн гана колдонуп келиптир деген ой келет. Бул жерде илимпоз-адабиятчылар менен кесипкөй сынчылардын, айрым дарамети мыкты педагогдордун аракети тууралуу эмес, жалпы элдин кабылдоосу жөнүндө кеп болуп жатат. «Сени телевизордон көрдүк, сыймыктанабыз» деп, бирок «Кайсы оюм жакты?» десең түшүнбөй ийинин куушурган тааныштардын мамилесиндей нерсе тууралуу кеп болуп жатат. Андай элди ээрчитип кетиш оңой болот. Борбору чет өлкөдө жайгашкан диний уюмдар баш болуп, чет элдик пропаганда төш болуп чүлүктөп жетелеп кете беришет. Чүлүктөнүп жетеленип кете берген кишини маңкурт дейт.

Түшүнгөн кишиге Айтматов азыр да бизге ошону айтып атат.

Жыргалбек КАСАБОЛОТ

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер