ИНТЕРАКТИВДҮҮ ЫКМАЛАР МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН РУХАНИЙ-АДЕПТИК БААЛУУЛУКТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ 

  • 04.03.2026
  • 0

Бул макалада адабият сабагында интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуунун өзгөчөлүктөрү жана окуучулардын руханий-адептик дүйнөсүн байытуудагы ролу каралат. Автор көркөм чыгармаларды талдоодо инновациялык технологияларды колдонуу окуучунун инсандык сапаттарынын калыптанышына кандай таасир тийгизерин иликтейт.

ИНТЕРАКТИВДҮҮ ЫКМАЛАР МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН РУХАНИЙ-АДЕПТИК БААЛУУЛУКТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ 

Адабият — бул жөн гана предмет эмес, ал адеп-ахлактын үлгүсүн көрсөтүүчү курал

Азыркы глобалдашуу жана маалыматтык технологиялардын өнүгүү доорунда жаш муундарды тарбиялоодо руханий-адептик баалуулуктарды сактап калуу эң маанилүү маселелердин бири. Адабият — бул жөн гана маалымат берүүчү предмет эмес, ал адамдын жан дүйнөсүн калыптандыруучу, адеп-ахлактын үлгүсүн көрсөтүүчү курал. Окуучулардын адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу жана чыгарманын маңызын терең түшүндүрүү үчүн салттуу сабак өтүү формалары жетишсиз болууда. Мына ушул жерде интерактивдүү ыкмалардын зарылдыгы келип чыгат.Эксперттик изилдөөлөргө ылайык, интерактивдүү билим берүү окуучулардын окуу жөндөмүнө 70%дан 94%га чейин салым кошот. Эгерде салттуу сабакта окуучу даяр маалыматты гана алса, интерактивдүү сабакта ал «баалуулуктарды өзү жаратат». Талкуулар учурунда окуучулар бири-биринин оюн угууну, сыйлоону жана орток пикирге келүүнү үйрөнүшөт, бул өз кезегинде коомдук жүрүм-турумдун адептик ченемдерин калыптандырат.

 Окуучу угуучудан изденүүчүгө айланат

ИНТЕРАКТИВДҮҮ ЫКМАЛАР МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН РУХАНИЙ-АДЕПТИК БААЛУУЛУКТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ 

ИНТЕРАКТИВДҮҮ ЫКМАЛАР МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН РУХАНИЙ-АДЕПТИК БААЛУУЛУКТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ ИНТЕРАКТИВДҮҮ ЫКМАЛАР МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН РУХАНИЙ-АДЕПТИК БААЛУУЛУКТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ ИНТЕРАКТИВДҮҮ ЫКМАЛАР МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН РУХАНИЙ-АДЕПТИК БААЛУУЛУКТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ 

Талкуунун жүрүшүндө айрым педагогдор «интерактивдүү ыкмалар убакытты көп алат» деген пикирди айтышат. Бирок канча бет окуганынан көрө, чыгармадан кандай тарбия алганы  маанилүү экенин эске алуу зарыл. Мисалы Ч.Айтматовдун “Жамийла” повестиндеги козголгон маселелерди, идеяларды бири-бири менен салыштыруу менен баалуулуктарына жараша жазып, топтор же жуптар менен талкуулашат. Мында интерактивдүү ыкмалар окуучуну жөн гана угуучу эмес, изденүүчүгө айлантат. Окуучу өз алдынча чечим чыгарууга, каармандардын образына кирип, аларга баа берүүнү үйрөнөт жана талдоодо «Эмне үчүн?», «Кандай болмок?» деген суроолорду коюу аркылуу баланын ой жүгүртүүсү кеңейет. «Жамийла» повести аркылуу сүйүү, эркиндик жана коомдук нормалар тууралуу дискуссия жүргүзүү — бул жөн гана текстти окуп коюу эмес, бул чыныгы жашоого даярдык.

Мугалимдин чеберчилиги — «адамдык сезимди» ойготуу

Бүгүнкү күндө адабият сабактарын ролдук оюндар, дебаттар, ал тургай чыгарманын негизинде чакан видео-роликтерди (буктрейлерлерди) жасоо менен кызыктуу кылса болот. Бул окуучунун китепке болгон кызыгуусун жандандырат.

Жыйынтыктап айтканда, М.Горькийдин “Ар бир чыгарма тарбия үчүн жазылат” деген пикири адабияттын негизги максаты — адамды калыптандыруу, адеп-ахлакка үндөө жана дүйнө таанымын кеңейтүү экенин билдирет. Адабият сабагында интерактивдүү технологияларды колдонуу — бул окуучуну жөн гана китеп окууга эмес, жашоону түшүнүүгө, адамгерчиликтүү болууга багыттоо болуп саналат. Руханий-адептик баалуулуктар кургак насаат аркылуу эмес, жандуу баарлашуу жана чыгарманын ички дүйнөсүнө кирүү аркылуу гана калыптанат. Мугалимдин чеберчилиги — ар бир окуучунун жүрөгүндөгү «адамдык сезимди» ойготууда турат.

ИНТЕРАКТИВДҮҮ ЫКМАЛАР МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН РУХАНИЙ-АДЕПТИК БААЛУУЛУКТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ 

Элвиза НАРЫМБАЕВА, Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин директору, кыргыз  тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер