ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР ТАЙМАШЫ: МЕКТЕП ОЛИМПИАДАЛАРЫНЫН РОЛУ ЖАНА РЕАЛДУУЛУГУ

  • 25.03.2026
  • 0

Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадалары Кыргызстандагы билим берүү системасында өзгөчө орунду ээлейт. Алар расмий түрдө билим сапатын жогорулатуу, интеллектуалдык потенциалды аныктоо жана таланттуу жаштарды колдоо механизми катары каралат. Бирок бул процессти тереңирээк талдаганда, олимпиадалар жөн гана билимди текшерүү куралы эмес, көп катмарлуу — уюштуруучулук, методикалык жана социалдык факторлордун кесилишинде турган татаал система экени байкалат.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР ТАЙМАШЫ: МЕКТЕП ОЛИМПИАДАЛАРЫНЫН РОЛУ ЖАНА РЕАЛДУУЛУГУИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР ТАЙМАШЫ: МЕКТЕП ОЛИМПИАДАЛАРЫНЫН РОЛУ ЖАНА РЕАЛДУУЛУГУ

Олимпиаданын максаты жана реалдуу функциялары

Олимпиаданын негизги максаты — зээндүү окуучуларды аныктоо, алардын чыгармачылык жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле мугалимдердин кесипкөйлүгүн баалоо. Аталган максат — билим берүү системасынын стратегиялык багыттарына туура келет. Бирок практикалык деңгээлде караганда, бир маанилүү функцияны аткарат, т.а. ал “элита тандоо механизми” десек болот. Маселен, билим сынагынын 2-баскычында 21 844 окуучунун ичинен болгону 1606сы гана үчүнчү этапка өтүп, анын жыйынтыгында 27-28-мартта өтүүчү республикалык олимпиадага эң мыкты деп тандалган 300дөн ашык окуучу келатат.  Бул  фильтрация системасы билим берүүдө атаандаштыкты күчөтсө да, жалпы сапатты толук чагылдырбай турганын көрсөтөт. Эксперттердин айтуусунда, олимпиада — бул бардык окуучулардын билим деңгээлин эмес, жогорку мотивациялуу жана өзгөчө жөндөмгө ээ топту аныктайт.

Башкаруу жана көз карандысыз уюм

Олимпиаданы өткөрүүдө эки негизги субъект бар: Агартуу министрлиги жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору. Бул модель ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган. Борбордун жетекчиси Чынара Батракееванын айтымында, сынак Жобонун негизинде өтөт. Негизги предметтер — математика, физика, химия, биология, тарых, география, англис тили жана кыргыз тили, адабияты, орус тили жана адабияты. Акыркы эки предметтер: кыргыз жана орус класстарда деп бөлүнөт.

— Негизи 17 предмет боюнча жарыш өтөт. Физика, химия, биология, математика, англис тили сабактары тереңдетилген жана базалык деп кошумча бөлүнөт. Тапшырмаларды түзүү, олимпиаданы өткөрүү  ар бир баскычта ар кандай функциялар бар. Мисалы, биздин борбордун функциясы райондук этаптан башталат. Бул этапка биз болгону тапшырмаларды түзүп беребиз. Атайын белгиленген убакытта эртең менен эрте  райондорго жөнөтөбүз, түштөн кийин жоопторун жөнөтөбүз. Кийинки облустук баскычында тапшырмаларды түзөбүз, аны жөн эле жөнөтүп койбостон, биздин команда, т.а. ар бир пунктка 17 администратор барат. Алар сынакты өткөргөнгө жардам берет, көзөмөлдөйт. Администратордун негизги функциясы – тапшырмаларды кайтарат. Өздөрү таратып берет, кайра кабыл алат. Республикалык баскычта болсо олимпиаданы өткөрүү толугу менен методикалык жактан, тапшырмаларды түзүү, аларга жооп берүү, өткөрүү, калыстар тобу да биз тараптан түзүлөт. Министрликтин функциясына бардык уюштуруучулук маселеси кирет: жатакана, балдардын келгени, кеткени, алардын коопсуздугу.  Кыскасы, ар бирибиздин функциябыз Жободо жазылган. Олимпиаданын жыйынтыгын чыгаргыча бардык иштерди биз аткарабыз. Учурда тапшырмалар түзүлдү, республикалык этапка даярданып жатабыз. 7 облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 328 окуучу катышат. Ар бир предмет боюнча калыстар тобунун курамы түзүлдү. Жакынкы арада буйрук чыгат. Министрлик тарабынан апелляциялык комиссиялар дагы түзүлөт. Эгерде катышуучу калыстар тобунун жыйынтыгына ынанбаса, арыз жазып, апелляцияга кирет. Апелляция жалаң гана жазуу турунда болот. Олимпиада 2 күн өтөт. 2-күнү практикалык турлар. Оозеки – англис тили, кыргыз, орус адабияттары болсо, лаборатордук иштер – физика, химия, биология сабактары боюнча өтөт. Информатика эки күн тең онлайн форматта, математика, тарых сабактарынан эки күн тең жазуу түрүндө өтөт. Жазуу турларда апелляциялар бар. Оозеки иштерге апелляция жок , — дейт Чынара Батракеева.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР ТАЙМАШЫ: МЕКТЕП ОЛИМПИАДАЛАРЫНЫН РОЛУ ЖАНА РЕАЛДУУЛУГУ

Көз карандысыз уюмдун ролу өзгөчө маанилүү. Мындай бөлүштүрүү коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана сапатты жогорулатууга багытталган. Баса, олимпиаданын бул жолку өзгөчөлүгү —  3-этапта окуучулардын алган баллдары Э-Күндөлүк  системасына жүктөлүп, автоматтык түрдө эсептелинип таза өтүүгө чоң өбөлгө түздү

Тапшырмалар: стандарттан тышкары ой жүгүртүү

Олимпиадалык тапшырмалар кадимки окуу программасынан айырмаланып, төмөнкү жөндөмдөрдү текшерүүгө багытталган: жаңы шартта билимди колдонуу; альтернативдүү чечимдерди табуу; логикалык анализ жана аргументация; чыгармачылык ой жүгүртүү. Бул — билим берүүдө акыркы жылдары актуалдуу болуп жаткан компетенттүүлүккө негизделген мамиленин түздөн-түз чагылдырылышы. Бирок бул жерде дагы бир көйгөй бар: мындай форматтагы тапшырмаларга даярдык бардык мектептерде бирдей эмес. Айрыкча айыл мектептери үчүн бул чоң чакырык болуп саналат.

Аймактык теңсиздик жана мүмкүнчүлүктөр маселеси

Олимпиаданын статистикасы окуучулардын кызыгуусу жогору экенин көрсөтөт. Бирок жетишкендиктерди анализдегенде төмөнкү факторлор чоң роль ойнойт: мугалимдердин квалификациясы; материалдык-техникалык база; кошумча даярдык мүмкүнчүлүктөрү; шаар жана айыл ортосундагы айырма. Мисалы, STEM багытындагы жетишкендиктер көбүнчө шарттары жакшы мектептерде жогору болот. Жыл сайын эле табигый предметтер боюнча “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары алдына эч кимди чыгарбайт. Ошол эле учурда акыркы жылдары «Алтын Казык» программасы, жаңы стандарттар жана технологиялык колдоо бул теңсиздикти азайтууга аракет кылып жатканын көрсөтөт.

Олимпиада: рейтингби же мотивациябы?

Агартуу министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелис Музулманов белгилегендей, олимпиаданы билим сапатынын түз көрсөткүчү катары кабыл алуу туура эмес. Бул абдан маанилүү ой. Чынында эле олимпиада — таланттуулардын жарышы. Ал жалпы билим деңгээлин толук чагылдырбайт, аны административдик басым куралы катары колдонуу туура эмес.

Эгер олимпиаданын жыйынтыгы менен мектептерге же мугалимдерге баа берилсе, бул — формализмге, жасалма көрсөткүчтөргө, жана адилетсиз атаандаштыкка алып келиши мүмкүн.

Ийгиликтин фактору

Жеке мисалдар көрсөткөндөй, олимпиададагы ийгилик кокустук эмес. Ал үч негизги факторго таянат: мугалимдин методикасы жана мотивациясы,  окуучунун эмгеги жана кызыгуусу, албетте,  ага түзүлгөн шарттар (техника, ресурстар, колдоо).

— Олимпиаданын 3-этабы окуучулардын предметтик даярдыгын тереңдетүүдө, алардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоодо жана билим берүү системасынын сапатын баалоодо маанилүү роль ойнойт. Облус боюнча райондук этапка жалпы 1221 окуучу катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Бул көрсөткүчтөр аймактардагы окуучулардын билимге болгон кызыгуусунун жана интеллектуалдык активдүүлүгүнүн жогорку деңгээлин айгинелейт. Предметтик олимпиадалар окуучулардын теориялык билимдерин гана эмес, практикалык ой жүгүртүүсүн, логикалык талдоо жөндөмүн жана өз алдынча чечим кабыл алуу көндүмдөрүн текшерүүгө багытталган. Мындай комплекстүү баалоо окуучулардын билим деңгээлине жана интеллектуалдык туруктуулугуна жогорку талаптарды коёт, — дейт Талас облустук усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова.

Бул жетишкендиктер билим берүү уюмдарынын системалуу ишинин, мугалимдердин кесипкөйлүгүнүн жана окуучулардын үзүрлүү эмгегинин жыйынтыгы болуп саналат. Үч этаптын жыйынтыктары аймактагы билим берүү мекемелеринин потенциалы жогору экенин далилдеп, окуучулардын илим-билимге болгон кызыгуусу жылдан-жылга өсүп жатканын көрсөттү.

Сөз соңу

Жалпысынан алганда, предметтик олимпиада — таланттарды табууда эффективдүү инструмент; билим берүүнүн сапатын жарым-жартылай чагылдырган индикатор; атаандаштык жана мотивация түзүүчү механизм. Бирок аларды  жалпы билим сапатынын жалгыз көрсөткүчү катары колдонуу, же административдик баалоо куралына айландыруу — туура эмес.

Эң туура мамиле — олимпиаданы элиталык билимди өнүктүрүүчү аянтча катары карап, ошол эле учурда жалпы билим сапатын жогорулатуу үчүн башка инструменттер менен айкалыштыруу.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер