ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ АРКЫЛУУ КЕЛЕЧЕКТЕГИ ПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТАГЫ КОМПЕТЕНТТҮҮ МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДООНУН НЕГИЗДЕРИ

  • 19.02.2026
  • 0

Карагозуева Г.,
педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Республикалык
педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана
кайра даярдоо институту

Азыркы учурдагы өсүп келе жаткан жаштарды рухий жактан
байытууда башкы ролду мектеп, жогорку окуу жай, үй-бүлө, айлана-
чөйрө контексттеринде кароого болот. Ал эми рухий жактан байытууда
эң негизги милдеттеринин бири компетенттүүлүккө тарбиялоо болуп
эсептелет. Азыркы мезгилде Кыргызстанда маданияты жана
экономикасы өнүккөн, адам ыйманы жана сылыктыгы камсыз болгон
демократиячыл коомдун максатын ишке ашырууда дүйнөлүк
практиканын алдыңкы өрнөктөрүн өздөштүрүү менен бирге биздин
өзүбүздүн улуттук баалуулуктарга таянуу абзел. Мына ушул чыныгы
мугалимдик мураска өзгөчө көңүл буруунун өзү эле инсандык сапат
болгон — Ата журтун сүйүүнүн, сыйлоонун, толеранттуулуктун,
акылдуулуктун, мобилдүүлүктүн, гумандуулуктун, сабаттуулуктун
орчундуу белгиси болот.
Учурдагы коомдук өнүгүүдө компетенция факторлору өзгөчө
мааниге ээ болуп, алардын ролу мамлекеттин билим берүү жана
маданий саясатынын негизги багыттарынын бири катары каралууда.
Ушуга байланыштуу биздин өлкөдө адамзат тарыхындагы келечек
куруучунун маданий принциптерин чагылдырган эң маанилүү илимий
жыйынтык — моралдык кодекс иштелип чыккан. Бул документ
адамдарды жана өсүп келе жаткан муунду моралдык рухта
тарбиялоонун, ошондой эле алардын теориялык, интеллектуалдык жана
практикалык компетенцияларын өнүктүрүүнүн негизин түзөт.
Учурда компетенциялык мамиле, компетенттүүлүк жана
функционалдык сабаттуулук багытында иш алып баруу үчүн
методикалык кеңештерди уюштуруунун жана өркүндөтүүнүн
зарылдыгы жаралууда. Болочок педагогдордун этномаданий
компетенттүүлүгүн калыптандыруу, жүрүм-турум маданияты боюнча
сабактарды системалуу өткөрүү, окуучуларды окутууда кетирилген
кемчиликтерди жоюу жана ар бир инсандык потенциалды өнүктүрүү
бүгүнкү күндүн талабы болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”
концепциясы мамлекеттин коомдук-саясий, социалдык-экономикалык
жана маданий-руханий өнүгүүсүнүн стратегиялык багыты катары маанилүү орунга ээ. Ал кыргыз элинин байыртан келе жаткан
мамлекет куруу, башкаруу, коргоо жана өнүктүрүү тармагындагы
тарыхый тажрыйбаларынын уландысы болуп саналат. Ар бир доордо өз
мезгилинин сынчылары, ойчулдары жана даанышмандары элдик акыл-
эс менен айкалышкан ой-пикирлерин жаратып келишкен. Элдин
жыйнаган руханий мурастары — эпостор, макал-лакаптар, учкул сөздөр,
санат ырлар жана санжыралар кыргыз коомунун руханий демин
бекемдеп, келечекке туура багыт берүүчү негизги руханий уңгуну түзүп
келет.

ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ АРКЫЛУУ КЕЛЕЧЕКТЕГИ ПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТАГЫ КОМПЕТЕНТТҮҮ МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДООНУН НЕГИЗДЕРИ
2021-жылдын 4-майындагы №200 Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтому билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча
«Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында»
белгиленген максаттарга толук шайкеш келет жана «2021–2040-
жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү»
мамлекеттик программасында камтылган негизги багыттар менен өз
ара тыгыз байланышта турат. Мезгилдин талабы катары артыкчылык
билим берүү системасында адам ресурстарын өнүктүрүүгө өбөлгө
түзүүчү инновациялык процесстерге, ошондой эле өзүнүн өнүгүүсүнө,
мобилдүүлүгүнө жана эмгек рыногунда атаандаштыкка
жөндөмдүүлүгүнө жоопкерчилик ала алган инсандарды
калыптандырууга багытталууда. Бул жагынан сапаттуу жана
атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү системасын өнүктүрүү өлкөнүн
социалдык-экономикалык өсүшүнүн маанилүү шарты болуп саналат.
Билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги булагы жана
активдүү катышуучулары катары мамлекет менен катар коом да
маанилүү роль ойнойт. Коомдун билим берүү процесстерине катышуусу
билим берүү сапатын жогорулатуу жана келечектеги муундун
компетенттүү, жоопкерчиликтүү жана жогорку адистик деңгээлдеги
өкүлдөрүн тарбиялоого өбөлгө түзөт.
2040-жылга карата билим берүү системасы: 2040-жылы билим
берүү системасы адамга кандай гана куракта болбосун өзүнүн
интеллектуалдык, чыгармачылык, гумандуулук жана эмоционалдык
дараметин ачууга мүмкүндүк берет, окуучулардын сергек жашоо
мүнөзүн жана бакубатчылыгын камсыздоо жана жашаган жеринин
географиясына, гендердик таандыгына, динине, ден соолугунун
абалына, материалдык абалына жана башка факторлорго карабастан,
өлкө боюнча жарандардын ар кандай категориясы үчүн бирдей билим
алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздайт.
2040-жылга карата билим берүү системасынын максаты — болуп
мамлекеттин жана коомдун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн
интеграциялоо, ошондой эле башкаруу системасын модернизациялоо
аркылуу жеңил ыңгайлашуучу жана кыймылдуу социалдык-экономикалык чөйрөнү өзгөртүүгө жөндөмдүү адамдын
чыгармачыл жана саламат потенциалын калыптандыруу саналат.
Алдыга коюлган максатка жетишүү негизги үч милдетти
чечүүгө багытталган саясаттын тиешелүү чаралары аркылуу ишке
ашырылат:
1. Адилеттүү, бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо;
2. Сапатты камсыздоо;
3. Натыйжалуу башкаруу жана каржылоо.
Профессионалдык компетенттүүлүктүн негизинде окутууда
инновациялык технологияларды колдонуу компонеттери:
педагогикалык кадрларды даярдоо жана кесиптик чеберчилигин
жогорулатуу сапатын жакшыртуу, мугалимдердин окуп үйрөнүүдө
факторлордун, контексттин негизинде аныктоо, сабак берүүнүн
усулдары, инсанга багытталган окутуунун, стратегиялары, модели,
окуучулардын жетишүүсүн баалоо аркылуу орто мектеп окуучулары
үчүн сапаттуу окутуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Ал эми
педагогикалык кадрларды даярдоо жана кесиптик чеберчилигин
жогорулатуу ишинин сапатын жакшыртуу, окуучулардын жетишүүсүн
баалоо сапатын жакшыртуу, окуу пландарын, программаларын жана
стандарттарын өркүндөтүү ишине мугалимдерди катыштырууда
төмөнкүдөй багыттарда жүргүзүлүп келе жатат:
Жагымдуу жагдай түзүү (квалификациялуу адис ресурстары, окуу- методикалык материалдар ж.б. менен камсыз кылуу).
Системаны гармонизациялоо (окуу максаттары жана окуу
пландары менен шайкеш келтирүү).
Илимий компетенцияларын жана факторлор аркылуу колдонуу.
Баалоо жүргүзүүнүн сапатын жакшыртуу (иштеп чыгуу,
администрациялоо, долбоорлорду, маалыматтарды талдоо,
натыйжаларды пайдалануу).
Улуттук илимий изилдөө процесстин көндүмдөрүн колдонуу.
Инновациялык технологияларды колдонуу.
Болгон билимдерди активдештирүү жана жеткиликтүүлүтү
камсыз кылуу.
Калыптандыруучу баалоо методдорун колдонуу практикасын кеңейтүү
Мектептеги предметик мугалимдерин окутуп-үйрөтүү. Баанын (белгинин) жаңы шкаласын иштеп чыгуу.
Окуучуларды баалоо жагында мугалимдерди даярдоо жана
кайра даярдоо программаларын иштеп чыгуу. Компетенттүү мугалимдер өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын
жогорулатуунун башкы күчү катары өзгөчө орунду ээлейт. Алар
өздөрүнүн педагогикалык чеберчилигин арттыруу менен октуучулар үчүн инсанга багытталуучу методика боюнча мугалимге жардам иретинде кошумча материалдарды колдонуусу зарыл. Бул окутуунун сапатына көз салуу, мектептеги предметтик мугалимдердин ишин жана андагы өзгөрүүлөрдү башкаруу негиздерине байланышкан маселелер ырааттуу түрдө каралат. Ошол эле учурда педагогикалык багытындагы компетенттүү мугалимдерди өстүрүү багытында, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мектептеги билим берүүгө багытталган натыйжалуулугун арттыруу жаатында да иш жүргүзүү.
Илимий билимди жана маалыматты интерактивдүү колдонуу жөндөмүн
баалоо болуп саналат; илимге тиешелүү маселелер менен алектенүү
жана негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн ой жүгүрткөн жаран
катары илимий идеялар менен иштөө зарыл. Процесстер менен иштөө көндүмдөрү илимий сабаттуулукту
өнүктүрүүдө жана баалоодо, контекстке байланыштуу маселелерди
чечүүдө маанилүү. Мугалимдерге негизги предметтер боюнча илимий
концептуалдык түшүнүүгө жардам берүү: айлана-чөйрөнүн таасири
жана климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстары, заманбап илимий-
техникалык жетишкендиктер жана чакырыктар, катаклизмалар,
саламаттык жана оорулар. Идеяларды концептуалдык өнүктүрүү үчүн
узак мөөнөттүү түшүнүккө жетишүү, сабакты пландаштыруунун
маанилүүлүгү жана айрым артыкчылыктары төмөнкүлөрдү камтыйт:
• Сабактан күтүлүүчү натыйжаларга дал келген сабактын
түзүлүшүн иштеп чыгуу;
▪ Окуу убактысын натыйжалуу пайдалануу;
▪ Материалды колдонуу мүмкүнчүлүгү;
▪ Окуучулардын жетишкендиктерин объективдүү баалоо.
Педагогикалык багыттагы компетенттүү мугалимдер окутула турган
предметтер боюнча колдонулуп жаткан окуу пландарын терең талдоо
жана андан аркы жаңыртуу багытында системалуу иш жүргүзүшөт.
Алар окуу материалдарын экспертизадан өткөрүп, билим берүү
тутумуна инновациялык өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдерди
кабыл алышат, көйгөйлөрдү мазмундук өзгөчөлүгүнө жараша жөнгө
салуу ыкмаларын баалашат жана усулдук сунуштарды иштеп чыгышат.
Предметти окутууда инновациялык технологияларды колдонуу төмөнкү
негизги компоненттерди камтыйт:
– педагогикалык кадрларды даярдоонун жана алардын кесиптик
чеберчилигин жогорулатуунун сапатын өркүндөтүү;
– мугалимдердин функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча
иштин натыйжалуулугун жогорулатуу;
– мугалимдердин окутуу жана үйрөнүү максаттарын так аныктоо;
– сабак берүүнүн жана инсанга багытталган окутуунун жаңы усулдарын
өздөштүрүү;
– билим, көндүм жана мамилелерди (БКМ) калыптандырууга
багытталган стратегияларды, инновациялык технологияларды жана моделдерди колдонуу;
– окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун жаңы ыкмаларын ишке
киргизүү.
Мунун баары мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу
аркылуу орто мектеп окуучулары үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү
билим берүүнү камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Мектептеги усулдук бирикмелердин жетекчилери, мугалимдер
педагогикалык лидерлик, насаатчылык, менторлук жана билим
берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү боюнча өздүрүнүн кесиптик
чеберчилигин жогорулатышат. Бул максаттарга жетишүү үчүн:
максаттык кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарынын мазмунун
жаңыртуу; кесиптик чеберчиликти жогорулатуу (КЧЖ) тутумун андан
ары өркүндөтүү үчүн анын ички түзүмүн талдоо; КЧЖ курстарындагы
окутуучуларды чыгармачыл мугалимдик өнөргө үйрөтүү жана аларга
усулдук жардам көрсөтүү аркылуу алардын дараметин арттыруу;КЧЖ
курстарынын эс тутумун өркүндөтүү максатында бул эс тутумду жөнгө
салуучу ченемдик-укуктук актылар менен таанышып чыгат.
Педагогикалык багыттагы компетенттүү мугалимдерди даярдоо
сапатын жакшыртууда даярдоо программаларын өркүндөтүү жаатында
максаттык багыт: предметтик мугалим — багыттары боюнча иш
жүргүзөт. Кайра каралган программаларда инсанга багытталган окутуп- үйрөтүү принциптери, БКМ, стратегияны, инновациялык технологияны, моделди классты башкаруунун практикалык көндүмдөрү, окуучулардын жетишкендиктерин калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоо
усулдары, сабакты пландоо көндүмдөрү жана сабактын максаттарын
аныктоо камтылат. Азыркы учурда ушул жааттагы кызматташтыктын
педагогикалык практиканы биргелешип пландоо жана өткөрүү, мектеп
мугалимдери тарабынан университеттердин педагогикалык
факультеттеринде кыска мөөнөттүү, практикалык курстардын
өткөрүлүшү сыяктуу негизги чөйрөлөрү аныкталган. Педагогикалык багыттагы компетенттүү мугалимдерди мектепке
тартуу жана анда кармап калууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн
саясий сүйлөшүүлөрдү да жүргүзөт. Насаатчылык, менторлук,
мониторинг жүргүзүү жана педагогикалык лидерлик маселелери
боюнча билим берүү тармагындагы предметтик мугалимин окутуу,
мугалимдердин кесиптик өсүшүн натыйжалуу, үзгүлтүксүз жана
тутумдуу түрдө колдоо максатында негизги жардам окуучулардын
жетишүүсүн баалоо сапатын жакшыртуу иретинде берилет.

ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ АРКЫЛУУ КЕЛЕЧЕКТЕГИ ПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТАГЫ КОМПЕТЕНТТҮҮ МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДООНУН НЕГИЗДЕРИ
Педагогдордун ишмердигин жаңыча баалоо ыкмаларын (мунун
ичинен калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоону) колдонуу
жагынан көмөк көрсөтүү керек. Мында мурунку программалардын
жүрүшүндө түзүлгөн жер-жерлердеги мүмкүнчүлүктөр жана ресурстар
ушул компоненттин андан ары өнүктүрүлүшү үчүн колдонулат.
Мугалимдер үчүн окуучулар менен кайтарым байланышты түзүп, окуучулардын үзгүлтүксүз окуп үйрөнүүсүнө түрткү бере турган
калыптандыруучу баалоо боюнча окутуп-үйрөтүүчү материалдарды
сунуштайт. Калыптандыруучу баалоонун азыркы усулдары
мугалимдерди даярдоо жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу
курстарынын бөлүгү катары жайылтылууда.
Предметтер жана класстар үчүн калыптандыруучу баалоонун
алгылыктуу стандарттарын аныктоо максатында башталгыч жана орто
класстардын мугалимдери менен иш жүргүзүлүүдө. Бул стандарттар
окуучулардын тийиштүү предмет боюнча билимдерин, билгичтиктерин
жана көндүмдөрүн өнүктүрүү жөндөмүнө, аларды ар түрдүү
кырдаалдарда колдоно билүү жөндөмүнө негизделет. Жаңыча баалоодо
буга чейинки фактыларды жаттап алууга эмес, жогорку деңгээлде ой
жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасалат. ББИМ менен
биргеликте олимпиадаларды өткөрүү тутумун жакшыртууга таасир
этүүгө умтулат.
Мугалимдерди окуу пландарын, программаларын, стандарттарын
өркүндөтүү ишине тартуу алкагында кесиптик чеберчилигин
өркүндөтүүгө жигердүү катышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Программадагы
өзгөртүүлөр фактыларды жаттап алууга эмес, БКМ, стратегияны,
инновациялык технологияны, моделди, жөндөмдөр менен
билгичтиктерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Мугалимдер арасында
баарлашуу боюнча иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзүп, аларга жогорку
деңгээлде ойлоо көндүмдөрүн өнүктүрүүчү билим берүү максаттарын
жана ченемдерин аныктоо жагынан техникалык жардам бере алат.
Окуу пландарынын максаттарына жана стандарттарга таянып,
предметтик мугалимдер менен биргеликте тийиштүү предметтер
боюнча кошумча окуу материалдарын даярдоо жагынан да иштешет.
Компетенттүү мугалимдердин секциялык ишин жандандыруу
жана өнүктүрүү алардын өз предмети боюнча идея жана тажрыйба
алмашуусуна, көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоосуна, ошондой эле
билим берүүнүн маанилүү маселелерин биргеликте чечүүгө өбөлгө
түзөт. Бул максатта окутуу процессине байланыштуу маалымат
алмашуунун натыйжалуу механизмдери — инновациялык
технологияларды колдонуу, кесиптик журналдардагы материалдар
менен таанышуу жана тажрыйба бөлүшүү сыяктуу кызматташтык
формалары кеңири пайдаланылат. Окутуу процессинин
натыйжалуулугун арттыруу жана анын туруктуулугун камсыздоо үчүн
кесиптик чеберчиликти жогорулатуу (КЧЖ) курстарынын жогорку
деңгээлдеги усулдук жана уюштуруучулук даярдыгы камсыздалууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер