ИЛИМ ЖАНА АЛЬПИНИЗМ ЖЫЛДЫЗЫ
- 23.03.2026
- 0
Биздин маектешибиз Айсада Коениг Учугонова илимди багындырган акылдуу гана эмес, табигый сулуулугу, сымбаты келишкен, альпинизм менен алектенген ажарлуу айым, сүйүктүү жар жана мээрман эне. Ал — Kыргызстанды эл аралык илимий коомчулукта тааныткан окумуштуу, биомедицина илимдеринин доктору, профессор. Европанын илимий даражасынын эң жогорку чеги Хабилитация титулуна ээ болгон биринчи кыргыз кызы. Учурда үй-бүлөсү менен Берлин шаарында жашайт. Алыскы Ак-Талаада өсүп-чоңоюп, дүйнөлүк атак-даңкка жеткен Чолок-Кайың айылынын сыймыктуу кызы менен кызыктуу маек курдук.

— Салам Айсада! Күнүмдүк жашооң кандай тартипте өтөт? Балким өзгөчө эреже бардыр?
— Мен жашоодо эркиндикти жана тартипти баалайм, балким ошондондур, биринчи орунга эркиндик жана тартипти коем. Менин күнүм алдын-ала так пландалган, бирок ошол эле учурда ийкемдүү графикке да орун бар. Эртең менен көбүнчө эрте туруп, спорт менен машыгам же тынч абалда иштейм. Күндүн негизги бөлүгү абдан динамикалуу өтөт: лабораториядагы изилдөөлөр, жолугушуулар, илимий макалаларды жазуу, ошондой эле конференцияларга жана лекцияларга даярдык. Кечинде үй-бүлөмө убакыт бөлүп, чогуу китеп окуйбуз.
— Үй-бүлө менен карьераны кантип айкалыштырасың?
— Көптөр үй-бүлө менен карьераны тең салмактоо керек деп ойлойт. Мен буга макул эмесмин. Менин оюмча, сен өзүң үчүн эң маанилүүсүн так түшүнө билишиң керек. Приоритет бул убакытты бөлүштүрүү эмес, бул баалуулуктарды аныктоо. Эгер ишиң маанилүү болсо, сен ага энергия бересиң. Эгер үй-бүлөң маанилүү болсо, сен аларга көңүл бурасың.
Көпчүлүк илимпоз аялдардын үй-бүлөсү жок деп ойлошот. Бул туура эмес. Менин сүйүктүү жолдошум, уулум бар. Алар мага тоскоол эмес, тескерисинче, менин эң чоң колдоочуларым жана мотивациям.
— Спортко да өтө чоң маани берериңди билебиз…
— Ооба, мен эртең менен узак аралыкка чуркоону сүйөм. Чуркоо маалында ойлонууга жана идеяларды жыйноого мүмкүнчүлүк табам. Жумасына 40–60 км чуркайм. Бул адатым мага дүйнөдөгү эң чоң жана эң ылдам марафондордун бири болгон Berlin Marathon’го катышууга жардам берди, мен 42,195 км аралыкка чуркадым. Бул марафонго дүйнөлүк рекордсмендер да катышат, мисалы, Себастьян Кимару Саве сыяктуу дүйнөлүк рекордсмендер да чуркашат, Былтыр Гарри Стайлс да чуркаган. Миллиондон ашык көрүүчү келип, өзгөчө сонун атмосфера түзүлөт. Быйыл да мен кайра бул марафонго катышуу мүмкүнчүлүгүн алдым. Буюрса, 27-сентябрга даярданып жатам.

Бир караганда илим менен спорт эки башка нерсе сыяктуу көрүнөт. Бирок алардын негизги принциптери бирдей. Экөө тең эмгекти, чыдамкайлыкты, туруктуулукту, эрктүүлүктү жана жоопкерчиликти талап кылат. Илимде да, спортто да жыйынтык дароо көрүнбөйт. Ар бир эксперимент ийгиликтүү боло бербейт. Ар бир машыгуу да идеалдуу өтпөйт. Бирок эң негизгиси — катадан сабак алып, кайра аракет кылуу.
Мен үчүн спорт менен илим өзүнчө дүйнө эмес. Тескерисинче, алар бири-бирин толуктайт. Илим акылды машыктырат, ал эми спорт мүнөздү бекемдеп, илимде керектүү болгон энергияны, менталдык жана физикалык туруктуулукту берет.
— Баарына кантип жетишесиң?
— Мен баарына жетишпейм (күлүп). Мен мага маанилүү нерселерге жетишүүгө аракет кылам. Көпчүлүк учурда биз ийгилик менен мультитаскинг, фокус менен концентрацияны, приоритет менен deadline’ды, тартип менен катуу режимди алмаштырып алабыз. Ийгилик — бул көп нерсе жасоо эмес, туура нерсени жасоо. Фокус — бул жүз нерсеге «жок» деп айтуу жана эң маанилүүсүн калтыруу.
Концентрация (deep work) — көңүлдү бир жерге топтоп, алаксыбоо, убакытты сапаттуу иштөөгө жумшоо. Мисалы, мен Pomodoro техникасын колдоном. Приоритет — бул deadline эмес, бул баалуулук. Эгер бир нерсе чындап маанилүү болсо, сен аны биринчи жасайсың. Тартип — бул катуу режим эмес. Бул күн сайын кайталанган жөнөкөй, кичинекей кадамдар. Ийгилик дал ошол күн сайын жасалган кичинекей кадамдардан жаралат.
— Аялдарга илимде кыйынбы? Кыздарга кандай кеңеш айтар элең?
— Илим жыныс тандабайт. Эркектерге да оңой эмес (күлүп). Аялдарга кээде кыйыныраак болушу ыктымал, бирок колунан келе турган иш. Мен кыздарга чоң кыялдарды түзгүлө жана өзүңөргө ишенгиле дегим келет. Билим — бул силердин эң күчтүү куралыңар. Кээде силерге: «Илим аялга мүмкүн эмес» же «Чоң ачылыштарды эркектер гана жасайт» деп айтышы мүмкүн, кээде өзүңөр да шектенип каласыңар. Мен да ушундай учурларды баштан өткөргөм. Тарыхты карасаңар, аялдардын илимде жоктугу көбүнчө аялдардын жөндөмү жоктугунан эмес, тарыхый шарттардан улам болгон. Узак убакыт бою Америкада да жана Европада да аялдарга билим алууга, айрыкча инженерия жана табигый илимдерде иштөөгө тыюу салынган. Бирок бүгүнкү күндө ал жакта кырдаал өзгөрдү. Аялдар физикада, биоинформатикада, астрономияда чоң ачылыштарды жасап, Нобель сыйлыктарын алып жатышат. Мисалы, Эмманюэль Шарпантье, Дженнифер Даудна, Мэй-Бритт Мозер, Джоселин Белл Бёрнелл ж.б. Бүгүнкү күндө дүйнөдө 66дан ашык аял Нобель сыйлыгынын лауреаты болгон. Бул өсүп жаткан тенденция.
Тарыхта аял, эркек арасынан эки жолу Нобель сыйлыгын алган биринчи адам — Мария Кюри. 1903-жылы ал физика боюнча Нобель сыйлыгына татыган. Башында комитет аны тизмеге киргизбей койгон, анткени ал аял болгон. Сыйлык негизинен күйөөсү Пьер Кюриге таандык деп эсептелген. Бирок Пьер Кюри каршы чыгып, анын салымын коргоп, акыры Марияны да лауреаттардын катарына коштурган. Мария өзү сыйлык тапшыруу аземине катышкан эмес. Кийин, 1911-жылы Мария Кюри Химия боюнча Нобель сыйлыгын жалгыз өзү алган. Ал кезде күйөөсү жок болчу, Пьер Кюри 1906-жылы кырсыктан каза болгон.
— Бүгүнкү окуучулар кандай болушу керек деп ойлойсуң?
— Мен бир нерсени баса белгилер элем: эртерээк өз алдынча ойлонууга үйрөнгүлө. Жөн гана экзамен үчүн окубагыла. Баа — бул жөн гана көрсөткүч. Чыныгы максат — түшүнүү, түшүндүрө билүү жана колдоно алуу. Эгерде сен окуганыңды түшүндүрүп бере албасаң, демек, сен толук түшүнгөн жоксуң. Эгерде колдоно албасаң, ал билимдин кандай пайдасы бар? Эң ийгиликтүү адамдар — бул өз окуусу үчүн жоопкерчиликти өздөрү алган адамдар. Эч ким сени мажбурлабашы керел.
— Билим берүү системасында эмне өзгөрүшү керек?
— Билим берүү системасы жаттап алууга эмес, ойлонууга үйрөтүшү керек. Бүгүнкү күндө маалымат жетиштүү. Эң маанилүүсү — критикалык ой жүгүртүү, кызыгуу жана өз алдынча иштөө жөндөмү. Окуучулар жөн гана маалымат алып калбастан, так суроо берүүгө, көйгөйлөрдү чечүүгө жана жоопкерчилик алууга үйрөнүшү керек. Бул процессте мугалимдер жана ата-энелер негизги ролду ойнойт. Алар даяр суроо-жооп бербестен, окуучуларды ойлонткон, шыктандырган суроолорду бериши керек.
— Сенин жолуңдагы эң кыйын кадам кайсы болду?
— Эң кыйын кадам бир эле учур эмес, ар кандай этаптар менен коштолду. Мен үчүн эң чоң бурулуш Кыргызстандагы жашоодон таптакыр башка чөйрөгө өтүү болду. Бир убакта жаңы тилди, жаңы маданиятты үйрөнүп, ошол эле учурда абдан атаандаштык күчтүү чөйрөдө өз ордумду табышым керек эле. Кичинекей айылдан чыгып, дүйнөдөгү эң күчтүү адистердин арасында иштөө — бул чоң сыноо. Айрыкча өзүнө ишенүү эң оор. Кээде күмөн санаган, чарчаган учурлар болот. Бирок артка карап көрсөм, дал ошол мезгил эң маанилүү болгон экен. Ал мени жөн гана окумуштуу катары эмес, инсан катары да калыптандырды.
— Сенин эң сыймыктанган учуруң?
— Мен үчүн сыймыктанган учур — бул сыйлыктар эмес. Мен кичинекей айылдан чыгып, өз жолум менен дүйнөлүк окумуштуулардын арасына кошулганыма сыймыктанам. Ошол эле учурда мен көбүнчө көзгө көрүнбөгөн, жөнөкөй, бирок маанилүү учурларга көбүрөөк кубанам. Уулумдун илимге, математикага, спортко кызыгып жатканын көрүп сүйүнөм. Үй-бүлөм менен убакыт өткөрүү, чогуу саякаттоо — мен үчүн чыныгы байлык. Бул жылы биз үй-бүлөбүз менен 100 өлкөгө барууга даярданып жатабыз.

— Кыргызстандын келечегин кандай көргүң келет?
— Мен Кыргызстанды билимдүү, күчтүү жана мүмкүнчүлүктөргө толгон өлкө катары көргүм келет. Бизде таланттуу жаштар абдан көп. Бирок ошол потенциалды ачуу үчүн илимий борборлор, туруктуу инвестициялар жана системалуу колдоо керек. Анткени инвестиция жок жерде илим өнүкпөйт. Мен ар бир бала дүйнөлүк деңгээлдеги билимге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун каалайм. Кыргызстанда заманбап лабораториялар ачылып, жаштар өз өлкөсүндө эле чоң илим менен алектене алса кандай сонун болмок.
Өзгөчө медицина тармагында өзгөрүү көргүм келет. Өзөк клеткалары жана жаңы технологиялар аркылуу адамдар чет өлкөгө барбай эле, өз жеринде сапаттуу дарылана алган система түзүлүшү зарыл. Бул багытта мен киндик канындагы өзөк клеткаларын чогултуу жана сактоо борборун түзүү боюнча сунушумду министрликке жөнөткөм.

— Сенин изилдөөң адамдарга кандай пайда алып келет?
— Илимий жолумда мен рак ооруларын изилдөө менен алектендим. Америкада, Калифорниядагы «Ракка каршы күрөш» борборунда генетикалык программаланган бактериялар аркылуу дарылоо багытында иштедим. Бул бактериялар рак клеткаларын гана бутага алып, дени сак клеткаларга тийбейт. Азырынча бул ыкма тест фазасында болгондуктан, стандартка айлана элек, бирок келечеги абдан чоң деп эсептейм.
Ошондой эле мен өзөк клеткалары жана клеткаларды кайра программалоо боюнча иштедим жана бул багытта патентим бар. Бул технологиялар азыр дарылоо кыйын болгон ооруларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мисалы, биз чачтын фолликуласынан өзөк клеткаларын алып, аларды нерв клеткаларына айландыруу же териден алынган фибробласттарды жүрөк клеткаларына — кардиомиоциттерге айландыруу боюнча долбоорлордун үстүндө иштедик. Ошондой эле нанохирургия тармагында иштедим.
Акыркы жылдары илим чоң секирик жасады. Мисалы, биз өнүктүргөн мультифотондук томография сыяктуу технологиялар тирүү организмде тери ичиндеги клеткаларды изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул мурда мүмкүн эмес болчу. Мындай ыкмалар клеткалардын метаболизмин, стресске болгон реакциясын жана картаюу процесстерин жогорку тактык менен көрсөтөт. Натыйжада косметологияда жана медицинада жаңы, далилденген жана эффективдүү ыкмалар пайда болууда. Жогоруда айтылган иштердин көбү менин 90дон ашык илимий макалаларымда чагылдырылган.

— Сен бүгүнкүдөй адам болушуңа эмне таасир берди?
— Биринчи кезекте мен Кыргызстанга жана өз үй-бүлөмө ыраазымын. Мен ошол жерде төрөлүп, биринчи кадамдарымды жасап, жашоонун эң негизги баалуулуктарын үйрөндүм: улууну сыйлоо, чыдамкайлык, жоопкерчилик, намыстуулук (күлүп). Бул сапаттарды китептен эмес, жашоонун өзүнөн үйрөндүм. Кайсы жерде болбоюн, ошол баалуулуктар мага дайыма жардам берет.
Ошол эле учурда мен Германияга да терең ыраазымын. Германия мага жөн гана билим берген жок, ал менин ой жүгүртүүмдү жана иштөө стилимди өзгөрттү. Мен тактыкты, дисциплинаны, убакытты баалоону, сапаттуу иштөөнү жана өз идеяларымды так айтып, коргой билүүнү ошол жерден үйрөндүм. Мындан тышкары, Германия мага коомдо адамды анын жашына же жынысына карап эмес, кошкон салымына жараша баалашарын көрсөттү. Мен Германияда өзүмдү эч качан чоочун сезген жокмун. Дал ушул чөйрө мага дүйнөлүк илимий коомчулукка кошулууга мүмкүнчүлүк берди.
Ошондой эле менин жолумда айрыкча жолдошумдун колдоосу абдан маанилүү. Ал ар бир сыноодо мени колдоп, күч берип келет. Менин эң чоң мотиваторум — уулум. Анын келечеги үчүн мен дагы да күчтүү, жоопкерчиликтүү болууга аракеттенем.

— Кызыктуу маек куруп бергениң үчүн терең ыраазычылык билдирем. Ийгиликтериң арбый берсин. Жаңы ийгиликтериңди биз менен үзбөй бөлүшүп тур.
Айнагүл КАШЫБАЕВА, «Кут Билим»
Комментарийлер