ФИЗИКА — АКЫЛ ОРДОСУНДА

  • 30.01.2024
  • 0

 (7-11-класстар арасында өткөрүлүүчү таймаш)

 ФИЗИКА - АКЫЛ ОРДОСУНДА

     Максаты: Окуучулардын физика боюнча түшүнүктөрүн, билимдерин калыптандыруу, логикалык ой-жүгүртүүсүн өстүрүү жана таанып билүү жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу.

      Таймаштын жүрүшү: 1-баскычта алдын ала ар бир класстан алты оюнчудан турган команда түзүлүп, катталат мугалимге. 2-баскыч: Таймаш оюн. Таймаш жалпы төрт бөлүм 40 суроодон турат, ар бир бөлүмдө 10 суроо бар. Калыстар тобу тарабынан ар бир туура жоопко бир балл берилет. Эң көп балл топтогон команда жеңүүчү болот.

Бөлүмдөр: 1. Физика жандуу жаратылышта.  2. Логикалык суроо.  3. Энергия. 4.Ойлоп тапкыч окумуштуулар.

Жыйынтыктоо: Жеңүүчү команда аныкталып, диплом жана белектер берилет. Жалпы катышкан командаларга жакшы ой-пикирлер айтылат. 

  1. Физика жандуу жаратылышта  1. Эмне үчүн тирүү балыкты колго кармап туруу кыйын?

а) балыктын колго сүрүлүүсү аз, ошондуктан колдон жылмышып кетет

б) балыктын колго сүрүлүүсү көп, ошондуктан колдон жылмышып кетет

в) балыктын колго сүрүлүүсү таптакыр жок

г) балык кыймылда болот

  1. Эмне үчүн бир орунда туруп секиргенге караганда, чуркап барып секиргенде бир топ алыс барып түшөбүз?

Адамдын жерден түртүлүшүнүн натыйжасында келип чыккан кыймылга ______.

Суроо: боштукчаны толуктагыла.

а) потенциал боюнча болгон кыймыл кошулат

б) инерция боюнча болгон кыймыл кошулат

в) кинетикалык кыймыл кошулат

г) инерциялык эмес болгон кыймыл кошулат

  1. Помидор, бадыраң, капусталарды жана башка жашылчаларды туздоо кайсы физикалык кубулушка негизделет?

а) жаратылыш кубулуштарына негизделген

б) жылуулук кубулуштарына негизделген

в) диффузия кубулушуна негизделген

г) электр кубулушуна негизделген

  1. Эмне үчүн кудукка түшкөн канаттуу, андан учуп чыга албайт?

а) канаттуу кудукка түшкөндө баса албайт

б) канаттуунун көзү көрбөй калат

в) канаттуу жантык же тик жогору көтөрүлө албайт, ал спираль боюнча гана учуп

чыгат, ошондуктан кудуктун ичине түшкөн  канаттуу андан учуп чыга албайт

г) канаттуу кудукка түшкөндө канаты сынып калат

  1. Кандай максат менен күздүк буудайдын үрөнү, жаздык буудайдын үрөнүнө караганда топуракка бир топ терең себилет?

а) үрөндөрдү үшүк албашы үчүн

б) үрөндөр жакшы жайгашышы үчүн

в) зыяндуу нерселерден коргош үчүн

г) үрөндөргө нымдуулукту сактоо үчүн

  1. Радиоактивдүү нурларды каттоого жөндөмдүү жаныбарларды атагыла?

Радиоактивдүү нурларды  сезгич индикатор болуп …

а) сөөлжан эсептелет

б) жылан эсептелет

в) үлүл эсептелет

г) чаян эсептелет

  1. Кандай максатта Түндүк аймактарда кышында малинанын бадалдарын жерге ийип коюшат?

а)  мөмөсүн тергенге оңой болушу үчүн

б) жакшы өстүрүү үчүн

в) нымдуулукту сакташ үчүн

г) үшүк уруудан сактайт

  1. Эмне үчүн адамдар басканда колдорун шилтейт?

а)  жеңил басышы үчүн

б) оордук борбордун алгачкы абалын сактоо үчүн

в) жүрөккө пайдасы бар

г) үйрөнүп калгандыгы үчүн

  1. Эмне үчүн чымчыктар катуу суук учурунда үрпөйүп калышат?

а)  жүндөрүнүн арасындагы аба катмары болбойт

б) жүндөрүнүн арасындагы аба катмарын  жоготуу үчүн                                                        в) жүндөрүнүн арасындагы аба катмары жогорулайт

г) жүндөрүнүн арасындагы аба катмары төмөндөйт

  1. Эмнеге бадыраң айлана-чөйрөдөн дайыма 1-20 С га муздак болот?

а)  бадыраңдын 98% ти суудан тургандыктан жылуулукту сактайт

б) бадыраңдын 98% ти суудан тургандыктан, буулануу аз болот

в) бадыраңдын 98%ти суудан турат

г) бадыраңдын 98%ти суудан тургандыктан, тынымсыз бууланган суу бадыраңды муздатат.

2. Логикалык суроо

  1. Темирден катуу, бирок сынат, талкаланат — бул эмне?

а) айнек

б) алмаз

в) жыгач

г) коргошун

  1. Эмне үчүн Чоң-Алайда аш бышпайт?

а) себеби басым төмөн

б) себеби басым жогору

в) себеби басым өтө жогору

г) себеби тоолуу аймак

  1. Эмне үчүн тамчы шар формасында болот?

а) борбордон четтөөчү күчтүн таасиринен

б) бүткүл дүйнөлүк күчтүн таасиринен

в) борборго умтулуучу күчтүн таасиринен

г) оордук күчтүн таасиринен

  1.  Төмөнкү каралып жаткан нерселердин кайсынысы материалдык чекит болот?

а) өз огунун айланасында айланган Жер

б) Күндүн айланасында орбита боюнча айланып жаткан Жер

в) өз огунун айланасында айланган молекула

г) ядронун бөлүнүшү учурундагы атом

  1. Адамдын кайсы органы 80 градус ысыкка чыдайт?

а) мурду

б) тырмагы

в)  оозу

г) териси

  1. Дүйнөдөгү эң күчтүү насос?

а) өпкө

б) буу трубинасы

в) чаң соргуч

г) жүрөк

  1. Полиэтиленден жасалган бирдей эки идишти 00 С деги суу менен толтурушту.

Ал идиштердин бирин 00 С деги сууга, экинчисин 00 С деги музга коюшту. Бул идиштердин бириндеги суу тоңобу?

а) тоңот

б) тоңбойт (анткени суу менен муздун ички энергиялары өзгөрбөйт)

в) эрип кетет

г) муз болуп калат

  1. Эгерде “кар кишиге” тон кийгизсе, кар киши ээрийби?

а) албетте, ээрийт

б) кар кишиге тонду кийгизе электе ээрийт

в) жок, анткени тон жылуулук бербейт

г) ээриши мүмкүн

  1. Стакандагы cуу эмненин артында турат?

а) стакандын

б) айнектин

в) абанын

г) суунун

  1. Эмне себептен кардын бетин лыжа менен басканда карга батып кетпейт?

а) лыжанын аянты аз, басым чоң

б) лыжанын аянты аз, басым аз

в) лыжанын аянты чоң, басым аз

г) лыжанын аянты чоң, басым чоң

  1. Энергия   1. Токтун биологиялык аракети эмнеден көз каранды жана кандай чондуктагы ток адамды өлүмгө учуратышы мүмкүн?

Токтун биологиялык аракети жапа чеккен адамдын организими боюнча өткөн токтун чоңдугуна көз каранды жана________. Боштукту толуктагыла.

а) 0.025А ток адамды өлүмгө учуратат, ал эми  0.1А ток жана андан жогоркусу айыгып кетүү шал ооруга учуратат

б) 0.025А ток адамды айыгып кетүүчү шал оорусуна, ал эми  0.1А ток жана андан жогоркусу өлүмгө учуратат

в) бардыгы эч кандай коркунуч туудурбайт

г) абдан коркунуч туудурат

  1. Караңгыда кургак алакан менен мышыкты сыласак, кол менен теринин арасынан чыккан анча чоң эмес учкундарды байкоого болот. Мында эмне пайда болду?

а) мышыкты сылаганда магнит талаа болот

б) мышыкты сылаганда алакандар электрленет да, учкун разряддарын чыгарат

в) колубуз муздай баштайт

г) мышыкты сылаганда эч нерсе болбойт

  1. Адамдын денесине ток кандай өзгөрүүлөргө алып келет? Ток адамдын денеси аркылуу өтүп борбордук жана перифериялык нерв системаларга аракет этет, ал болсо:

а) өпкөнүн жана дем алуунун иштешин бузат

б) өпкөнүн жана  жүрөктүн  иштешин бузат

в) жүрөктүн  иштешин бузат

г) жүрөктүн жана дем алуунун иштешин бузат

  1. Таш тик өйдө ыргытылган. Бул учурда энергиянын кандай айлануулары жүрөт?

а) кинетикалык энергия көбөйөт; потенциалдык энергия азаят

б) кинетикалык энергия азаят; потенциалдык энергия көбөйөт

в) энергиянын айлануулары жүрбөйт

г) энергия өзгөрүүсүз калат

  1. Трансформатор биринчи жолу ким тарабынан пайдаланылган?

а) Кулон

б) А.С.Попов

в) К.Э.Циолковский

г) П.Н.Яблочков

  1. Ток күчүнүн чен бирдиги эмне жана электрондун заряды кандай?

а) вольт, оң

б) ампер, терс

в) кулон, катод

г)  джоуль, анод

  1. Электрондун түгөйү позитрон канчанчы жылы, ким тарабынан ачылган?

а) 1895-жыл  Вильгельм Рентген

б) 1931-жыл англиялык физик П.Дирак

в) 1925-жыл  Галилео Галилей

г)  1888-жыл  Джорж Истмэн

  1. Энергиянын өзгөрүшү эмне деп аталат жана кайсы тамга менен белгиленет?

а) күч, F тамгасы менен

б) ылдамдануу, a тамгасы менен

в) жумуш, A тамгасы менен

г)  каршылык, R тамгасы менен

9. Адамды электризациялоо менен тажрыйба жүргүзүүдө аны изоляцияланган отургучка коюшат. Эмне үчүн? Бул учурда бардык заряддар:

а) жерге кетип денеге тарабайт

б) жерге тарап денеге аз тарайт

в) жерге тарабай адамга зыян тийгизет

г) жерге кетпестен денеде калат

  1. Заряддалган электроскоп жана металл таякчасы бар. Таякчада электр тогу пайда болуусу үчүн эмне кылуу керек?

а) электроскоптун өзөкчөсүн таякча менен тийиштирбөө керек

б) электроскоптун өзөкчөсүн таякча менен тийиштирүү керек

в) электроскоптун өзөкчөсүн таякчадан алыстатуу керек

г) таякчаны электроскоптун өзөкчөсүнө  жакындатпоо керек

  1. Ойлоп тапкыч окумуштуулар   1. Бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчүн ачкан окумуштуу?

а) шотландиялык Джеймч Уатт

б) англиялык окумуштуу Исаак Ньютон

в) германиялык Иоган

г) англиялык Джон Лоуги Берд

  1. Буу кыймылдаткычын ким ойлоп тапкан?

а) германиялык Иоганн Гутенберг

б) шотландиялык Джеймч Уатт 1769-ж.

в) Вильгельм Рентген

г) Альберт Эйнштейн

  1. Телефонду ким, качан ойлоп тапкан?

а) Александр Греам Белл 1876-жылы

б) Альберт Эйнштейн 1915-жылы

в) А.С.Попов 1886-жылы

г) Исаак Ньютон 1723-жылы

  1. Фотоэффект кубулушу ким тарабынан ачылган?

а) Ампер

б) Мария Кюри

в) Г.Герц

г) Джоуль

5.Термометрди ким ойлоп тапкан?

а) Терман Титов

б)  Галилео Галилей

в) Лебедев

г) Алексей Леонов

  1. Заманбап ийилчээк фотопленканы ким (1888-ж.) ойлоп тапкан?

а) Джорж Истмэн

б) А.С.Попов

в) Ломоносов

г) Альберт Эйнштейн

  1. Фотографияны ким ойлоп тапкан?

а) Луи Дагер

б) Уилбер

в) Орвилл

г) Джон Лоуги Берд

  1. Кайсы окумуштуу тарабынан гальваникалык элемент түзүлгөн?

а) Робет Гук

б) Алессендро Вольта

в) Клайперон

г) Столетов Александр

  1. Радиоактивдүүлүк кубулушун ким ачкан?

а)  Джоульм Джеймс Прескотт

б) Лоренц Хендрик Антон

в) Гей-люссак Жозеф Луи

г) Беккерель Антуан Сезар

  1. Электр заряддарынын тартылыш законун ачкан окумуштуу?

а) Жуковский Николай  Егорович

б) Кулон Шарль Огюстен

в) Столетов Александр

г) Галилео Галилей

 

“Физика – акыл ордосунда” аттуу таймашынын суроолорунун жооптору

  1. Физика жандуу жаратылышта
  2. Логикалык суроо
  3. Энергия
  4. Ойлоп тапкыч окумуштуулар
Бөлүмдөр1234
1 ААББ
2БАББ
3ВВГА
4ВББВ
5АВГБ
6ВГБА
7ГББА
8БВВБ
9ВБГГ
10ГВББ

Юсупали уулу Залкарбек, Ош шаарындагы ОшМУнун “Билим” лицейинин физика предмети мугалими.

Бөлүшүү

Комментарийлер