ЭЖЕБИЗДИН ЭМГЕГИН ЭЛ ЭСКЕРЕТ

  • 11.02.2026
  • 0

                   

               

ЭЖЕБИЗДИН ЭМГЕГИН ЭЛ ЭСКЕРЕТБелгилүү илимпоз жана коомдук ишмер, саясий илимдердин доктору, философия илимдеринин кандидаты, профессор,  “Дордой” ассоцациясынын вице-президенти, Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун төрайымы, меценат Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева айым көзү тирүү болгондо 29-январда 70 жашка чыкмак.  Ал болгону алтымыш бир жаштын чайын иче баштаганда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. 

Эжебиз өлкөбүздүн мекенчил, мээнеткеч, жогорку илимий деңгээлдеги кызы катары таанылып,  Кыргызстандын гуманитардык илимдер тармагына, көркөм өнөрүнө, музей, билим берүү, агартуу тармактарына демөөрчү катары эбегейсиз салым кошкон.

Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева 1956-жылы 29-январда Бишкек шаарында белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиевдин  үй-бүлөсүндө туулган.

Нарын шаарындагы №2 В.П. Чкалов атындагы орто мектепти алтын медаль менен аяктаган. 1977-жылы КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) тарых факультетин кызыл диплом менен бүткөн.

1986-жылы Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын философия жана укук таануу институтунун аспирантурасын бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейинин улук илимий кызматкери, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун окутуучусу, Кыргыз айыл-чарба институтунун ага окутуучусу болуп иштеген. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын философия жана укук таануу институтунун илимий жана улуу илимий кызматкер болгон. Нарын мамлекеттик университетинин доценти болуп иштеген.

2008–жылдан Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин алдындагы Мамлекеттик Дипломатиялык Академиянын профессору болгон. 2016-жылы 24-ноябрда саясат таануу адистиги боюнча “профессор” окумуштуулук наамы ыйгарылган.

Негизги илимий эмгектери эл аралык мамилелердин жана ааламдаштыруунун саясий жана философиялык маселелердин, анын ичинде демократия, адам укуктары жана гендер тармактарындагы саясий процесстерди изилдөөгө багытталган.

100дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде – жети монографиянын жана жогорку окуу жайлар үчүн окуу китептердин автору болгон. Ал жарыялаган эмгектердин ичинде “Глобалдаштыруу контекстиндеги оптималдаштыруунун феномени”, “Улуттар Шериктештиги мүчө-өлкөлөрдүн саясий процесстеринин фактору катары: Азиялык өлчөм”, ошондой эле Индия, Египет, Кувейт, Монголия, Орусия, Казакстан ж.б. мамлекеттердин илимий жана саясий журналдарында басылып чыгарылган илимий макалалар бар. Ал калемдеш болгон “Саясат таануу” окуу китеби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖОЖдордун студенттери үчүн “Саясат таануу” предмети боюнча окуу китеби катары сунушталган. Андан тышкары ал калемдешип жазган “Адам укуктары. Демократия. Бийлик” окуу куралы — оригиналдуу энциклопедиялык сөздүк катары кызмат кылууда.

Кыргызстандын бир нече университеттерде лекция окуган.

Илимий эмгектеринин кыскача тизмеси: «Феномен оптимизации в контексте глобализации» (2007), «Содружество наций как фактор политических процессов в странах-участницах: азиатское измерение» (2008), «Экономическая политика Содружества наций» (2009), «Процессы интеграции и демократизации в современном мире» (2010), «Государственные системы современности: сравнительный анализ» (2011) (Соавтор — Т.О. Ожукеева, А.Ш.Кадыралиева), «Глобальное измерение демографии, миграции, экологии» (2012),»Акторы мировой политики» (2012), «Саясат таануу / Политология» (2014). (Соавтор — Акунов А.А.), «Политология» (2015). (Соавтор — Акунов А.А., Кангелдиев А.Н.),»Адам укуктары, демократия, бийлик» энциклопедиялык сөздүк (2015). (Соавтор — Акунов А.А.)

Көптөгөн жылдар бою калктын аз камсыз болгон катмарына, кыймыл-аракети чектелген балдар менен энелерге, таланттуу жаштарга, улуттук-прикладдык көркөм өнөргө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келген.

Гүлмира Сулаймановна коомдук ишмер, меценант катары дагы таанылып, кайрымдуулук иштерди аткарган.

2001-жылдан бери Нарын шаарындагы “АS” Көркөм өнөр галереясын жетектеген. Аталган галереяда жергиликтүү кыл калемчилеринен тышкары АКШ, Франция жана Улуу Британиянын көркөм сүрөт чеберлеринин көргөзмөсү уюштурулуп келген. 2002-жылдан бери «Бал таттуу» коомдук уюмунун жетекчиси болгон. Таланттуу жаштарга өзгөчө көңүл буруп: анын демилгеси жана меценаттык демөөрчүлүгү менен 20 жылдан бери жыл сайын мектеп окуучулары үчүн жаш таланттардын “Жаш таланттар” облустук жана “Мен – жылдыз” республикалык кароо-сынактары жана фестивалдары өткөрүлүп турган. Бул конкурстун жеңүүчүлөрү, жаш таланттар анын колдоосу менен Австралия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Түркия ж.б. өлкөлөрдүн эл аралык чыгармачылык конкурстарына катышууга мүмкүнчүлүк алышып, Гран-при жана башка байгелүү орундарды жеңип алышкан.

Гүлмира эжебиздин жаш таланттарга камкордуктун түрү катары ырааттуу уюштурган кароо-сынактарынын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү учурда кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү болуп, өлкөбүздү дүйнөгө таанытып жүрүшөт. Алардын катарында төкмө акындар Жеңишбек Жумкадыр, Асылбек Маратов, Баян Акматов, Болот Назаров, Нурсултан Малдыбаев, Кутман Садыбакасов, белгилүү ырчылар  Кенже Көбөкова, Гүлзар Өскөнбаева, Мунарбек Чопиев, Жазгүл Жумаканова,  Түгөлбай Эсенбек уулу жана башкалар бар.  Ошондой эле далай өнөрлүү ырчы, манасчы,  бийчи, шахматчы, спортчу жана башка таланттар эжекебиздин батасын алып, эл аралык конкурстарда жана мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп келишкен.

   2006-жылдан тартып ал кыргыз айымдарынын ичинен чыккан туңгуч окумуштуу этнограф Какен Мамбеталиева атындагы Эл аралык коомдук фондду түзүп жана жетекчиси катары ырааттуу иштеп келди. Бул фонд Кыргызстандагы жана Борбордук Азия мамлекеттериндеги этномаданий жана этносоциалдык жүрүмдөрдүн көйгөйлөрү, Борбордук Азиядагы көп этностук коомдун маселелери боюнча бир республикалык жана эки эл аралык конференцияларды уюштурган жана алардын материалдарын бир нече китеп кылып жарыялаган. Аталган фонд таланттуу окумуштуу, педагог К.Мамбеталиеванын илимий мурасын сактоо, коомдук тармактардагы изилдөөчүлөргө кайрымдуулук колдоо көрсөтүү, тектеш коомдук илимдерге, анын ичинде этнография, антропология, тарых жана башка тармактардын ич ара тыгыз байланышын чыңдоо максаттарында ар тараптуу иштерди аткарып келди.

2006-жылы Мустафа Кемал (Ататүрк) Эл аралык илимий жана маданий кайрымдуулук фондунун сыйлыгынын лауреаты жана алтын медалынын ээси болгон. Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган. Гүлмира эжеге Нарын шаарынын жана Нарын облусунун, Нарын жана Ат-Башы райондорунун ардактуу атуулу деген ардак наамдар ыйгарылган.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен да сыйланган.

Меценат эжебиздин илим-билим, маданият, искусство, дене тарбия жана спорт тармактарына үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келгенин ушул кезге чейин далай инсандар ыраазычылык менен айтып, эскерип келишет.

— Гүлмира Сулаймановнанын негизги илимий эмгектеринин диапозону өтө кеңири болду: эл аралык мамилелер, азыркы дүйнөлөшүү жүрүмдөрүнүн шартындагы саясий жана философиялык көйгөйлөр, ошондой эле демократия, адам укуктары жана гендердик саясаттагы жаңы баскычтар жана башка илимий маселелер анын эмгектеринде ургаалдуу чагылдырылган. Кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун төрайымы катары ал этнография, археология, антропология адистеринин башын бириктирген эл аралык жыйындарды бир нече ирет уюштурду. Жаш тарыхчылар, ‑ арасында археолог Темирлан Чаргынов, этнографтар Айнагүл Жоошбекова, Нурабидин Маразыков, Гүлзада Жумашова сыяктуу таланттуу инсандар дал ушул кайрымдуулук корунун сыйлыктарынын ээлери болушкан. Археолог, профессор Кубат Табалдыев Ат-Башы районунун Кошой-Коргон шаар нугунун жанында жаңы музей курулганда, анын археологиялык бөлүмүн түптөөгө кол кабыш кылганын бир ирет айтып калды. Бул  музей (ажайыпкана) Карахандар доорунда Улуу Жибек жолунун таманында гүлдөп-өскөн Атбаш шаарынын маданий мурасын чагылдырган Ат-Башы өрөөнүндөгү маанилүү музей болуп калды. Айрым башка жерлерде музей курмак түгүл, эски шаар калдыктары таламакейге айланып жаткан чакта, бул Кошой-Коргон чалдыбарындагы иш-аракет, ошондой эле, Нарын облусундагы Какен Мамбеталиева атындагы чөлкөм таануу музейинин  колдоого алынышы өлкөбүз үчүн өрнөктүү иш болуп калды, — деп эскерет айылдаш иниси, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин.

-Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиеванын кыргыз элинин маданиятына кошкон салымын баалоо  мезгил талабы. Анткени ал Тенир-Тоонун аймагында, тактап айтканда Нарын шаарында  көркөм сүрөт галереясын уюштурган.   Нарын обулусунун ар кайсы аймактарындагы  кароосуз калган клубдардан чан басып жаткан, эч ким көнүл бөлбөгөн картиналарды чогултуп, жыйнап, акыры тенир тоолуктарга эстетикалык таалим-тарбия берүү максатында көркөм сүрөт галереясын ачкан. Галереяда май боёк менен тартылган картиналардан тышкары графикалык да эмгектер,  карандаш менен тартыган бир шилтемдер  топтолгон. Теңиртоолуктарга бул зор маданий көрүнүш алардын  кыргыз маданияты менен бирге  кыл калем чеберлеринин чыгармачылыгындагы, жалпы эле кыргыз көркөм сүрөт өнөрүндөгү ар кыл тенденцияларды кабылдоого шарт түзгөн. Рухий көрөңүгө өбөлгө болгон. Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал кыл калем чеберлери, Кыргыз эл сүрөтчүлөрү: Жоомарт Кадралиевдин, Нарын Турпановдун, Таалай Усубалиевдин, Жылкычы Жакыповдун, Сапар Төрөбековдун, Каныбек Давлетовдун, Асан Турсункуловдун, Юристанбек Шыгаевдин, Талант Өгөбаевдердин галареядагы  картиналары кимди болсо кайдыгер калтырбайт. Атактуу кыл калем чебери Эмил Токталиевдин картиналары менен  Алмазбек Кудайбергенов жана Момунбек Акматбековдун эмгектери не деген гана мээнетти талап кылбады экен? Бөтөнчө, Н.Турпановдогу кыргыз табияты, Ж.Кадралиевдин каармандары, С.Төрөбековдун этюддарын карап отуруп кыргыз жергесинин булуң-бурчуна саякатка чыгасыз! Баарын тизмектеп отуруу максат эмес. Бирок жогорудагы сүрөтчүлөрдүн баарынын эмгектери Гүлмира Сулаймановна менен жолдошу Аскар Мааткабыловичтин жеке каражаттарына сатылып алынып, галереянын пайдубалы түптөлгөн.  Г.Мамбеталиева — “кыргыздын П.М.Третьякову-орус ишкери жана меценаты, коллекционери”. Ал биринчи ирет айым-меценат!!!Кыздары кыйын кыргыздын дегенге далил. Баарынын эле мындай иш колунан келе бербейт! Таазим, Сизге Гүлмира Сулаймановна!!! Галереяда  биздин сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен тышкары АКШ, Франция, Германия жана Улуу Британиянын көркөм сүрөт чеберлеринин көргөзмөсү уюштурулуп келген,-дейт айылдаш иниси, КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун ага кызматкери, көркөм сүрөт өнөрү боюнча эксперт Сапалкан Арипов.

Советтик доордогу жана эгемен өлкө болгону  бир катар жаңычыл эмгектерге да  Гүлмира эжеке демөөрчү болуп, басмадан чыгартты. Айрым акын-жазуучулардын китептерин чыгарууга да каржылык жардам көрсөткөн.  Өзү кыргыздын көрүнүктүү журналисти, далай жылдар облустук “Нарын правдасы”  гезиттин  редактору жана редакторунун биринчи орун басары болгон Сулайман Мамбеталиевдин кызы болгондуктан, атасынын калеминен жаралган “Жашоо чыйырлары”, “Баян”, “Көңүл кайрыктары”, “Кылымдар кыйыры”  китептерине дагы демөөрчү болуп, окурмандарга тартуулаган.

Кыргызстан гана эмес Борбор Азияга, Шериктеш мамлекеттерге таанылган “Дордой” ассоцациясынын ушундай эл аралык даражага жетишине Гүлмира Сулаймановнанын дагы зор салымы бар экенин жалпы коомчулук жакшы билет.

Албетте, Гүлмира эжекенин бул сыяктуу ар кыл багыттардагы демөөрчүлүгүн жана илимий-педагогдук жана башка багыттардагы ишмердигин жан дили менен жана ырааттуу колдоп, аларды каржылашкан инсандар – анын өмүрлүк жубайы, демөөрчү, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Эмгек баатыры Аскар Салымбеков жана алардын уулдары Улукбек менен Кубат экендигин ыраазылык менен баса белгилөө керек.

2017-жылы 25-апрелдин таңында Бишкекте узакка созулган оорунун айынан дүйнөдөн кайтып,сөөгү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында 27-апрелде жерге берилген.

Нарын шаарындагы №2 В. Чкалов атындагы орто мектептин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин, Нарын мамлекеттик университетинин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы  Казы Дыйканбаев атындагы Мамлекеттик Дипломатиялык Академиянын эң мыкты окуган окуучулары менен студенттерине Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева атындагы стипендияларды ишкер уулу Улугбек Салымбеков ар жыл сайын тапшырып жүрөт.

Маркум профессор Гүлмира Мамбеталиеванын ысымы  Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылынын түштүк-чыгышындагы «Кой-Таш» эс алуу жайына берилип,  Нарын районундагы Эчки-Башы айылындагы эс алуу паркына аты ыйгарылган.

Кабыл МАКЕШОВ,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер, айылдаш иниси

                  

Бөлүшүү

Комментарийлер