ЭСКИ БАКТАГЫ АЯН Же Захриддин Бабырдын Кербендеги түшү
- 17.01.2025
- 0
Тарыхый аңгеме
Кыркаланган майда адырлардын артында ырайымсыз мелтейе батып бараткан күн ызгаардуу. Анын чала өчкөн чычаладай муздак нуру ичиркентет. Кенен жайыктан катуу шамал жүргөндө ката элек жука кар бириндеп учуп, айлана бозоро тегирмендин чаңындай тумандайт. Ыргала желген аттардын үстүндөгүлөр чепкендерин кымтыланыша алыстагы бийик тоону үмүттөнө карай теминише, камчы урушат. Бирок эки күндөн бери тыным албай, бирде сайга кире шагыл таштарга мүдүрүлө, бирде суу кече ичиркене силкине, бирде саздарда баратып, кагайган камыштарды жүгөндөрүн карсылдата чала жалмалагандан башка чөп же жем көрбөй тулкулары кундактай тартылган ачка аттардын жүгүрмөк түгүл желгенге акыбалдары келбей ыргала араң басышат. Тоо беттей качышканда жоон топ болушса, аттары жүрбөгөндөр артта кала берип, үч атчан эле калган. Бирок артта калгандарды күтүп, аттарды да дем алдырганга алардын убактылары жок. Аркада Шейбаны хандын жан алгычтары кууп келатышат.Эгерде качкандардын кайсыл жолго салышканын билишсе, алар эбак эле кууп жетмек.Бирок качкандар алыстан алардын караандары көрүнгөндө багыттарын өзгөртүшө, жылга-жыбыттарга бекине жүрүшкөндөн улам гана алигече табыша элек. Тезирээк тоо аралап кетишпесе баары бир таппай коюшпайт.Шашылышпаса, алдыларынан тосо чыга калуулары да мүмкүн.
Калың төө чепкенин жоолук менен бекем байланган адам бирде артына кылчайса, көбүнесе жакындап келаткан тоолорду чыдамсыздана карайт. Ал адам шамал жүргөн сайын жакаларын кымтыланат. Бирок кардын уюлгуган учкундары ызгаар менен кошо жакасынан кирип мойнуна, беттерине жабыша эрип, ичиркенте коюн колтуктарына сарыгат. Күүгүм кирип баратса да туулганын чокусундагы алтын жалатылган бунчук батып бараткан күнгө чагылыша жылтылдайт. Ал эмирликтин белгиси. Омор шейхтин мураскору Захриддин Бабыр Аксыкенттин жанындагы согушта жеңилип, кошууну бытырап туш-тушка таркап, өзү бир ууч нөкөрлөрү менен тоо тарапка качып келаткан.
Күрөнүн түбүнөн ончакты түтүн үй көрүнгөн чакан кыштакка жеткенде анын аты да басканга алы келбей туруп калды. Катуу-катуу темине камчылаганда кара тери куюла, муундары калтыраган жаныбар ордунда тегеренгенден башкага жарабады. Артында келаткан экөөсү жете келгенде, бири атынан түшүп, аны эмирдин алдына тартты.
— Падышах, тезирээк буга минип жөнөңүз. Аркада бирөөлөрдүн дабыштары чыгууда.
— Атыңды мага берип коюп өзүң кантесиң, даруга1?-деди эмир ага.
— Атыңызды бир аз дем алдырып алып артыңыздан жете барабыз.
Бабыр жаңы атка минер менен ал деле чарчаганын дароо сезди. Ал кыштактан четтеп, ичке сайды өрдөп жөнөдү. Артындагы эки атчан бута атымдай аралыкта келатышты. Кырга чыкканда аларды күтүп турду.
-Падышах, Карнонго2 түз кирип барбай, тигил жылгада күтө туруңуздар,- деди даруга түшө калыштагы кароол чокунун артындагы жылганы көрсөтүп. Бул жакта бир айдан бери боло элекмин. Чалгындап, жегенге бир нерсе таап келейин.
Бабыр менен анын нөкөрү аттарынан түшүп, жылгага жетелешти. Даруга көпкө кечикти. Кеч күүгүм болгондо үч нан таап келди.
-Күндүз бейтааныш бир топ атчандар келип, конушкан экен, алардын ким экенин биле албадым,-деди ал актангандай.Аттарга бир боодон чөп тапсамбы дедим эле, бирок бейтааныштарды сүзүп албайын деп тааныштардыкына кирбедим. Алардын ким экенин билгиче, кыштакка кирбейли. Кокус Ыбырайым бектин бизди издеп жүрүшкөн адамдарыдыр. Кыштактын аркы четинде калың бак бар.Таң аткыча ошерде күтө туралы.
Үч атчан кыштакты тоо жагынан айлана калың бакка келишкенде, жылдыздар тегиз чыгып калган. Бактын арасындагы тулаңдын үстүн кылаңгыр эле кар баспаса, бутка оролот. Аттардын жүгөндөрүн чыгара чидерлеп коё беришип, өздөрү сугатчылар, корукчулар паанек кылган сарайчага кирип,от жагышканда, Бабырдын денеси талыкшый, ачкалыгын да унутуп бир азга үргүлөп кетти. Бирок негедир тез кайра чоочуп ойгоно, кирпик арасынан экөөн шектене карады. Анткени уйку соонун арасында апасы: “этият бол” деп шыбырагандай боло түшкөн.Чын эле апасы түшүнө кирдиби же коркконго кош көрүнөт болуп ага ошондой сезилдиби? Неси болсо да нандан бир туурам жеп, чайдан ичип, очоктун четине кыйшайган менен кайра уктай албады. “Ишиң жүрүшүп турганда достон көп нерсе жок,-деди оюнда. Ал эми ыкыбалың кеткенде алардын көбү каска айланары жалганбы? Бул экөөсүн бир айдай мурда эле жолуктурган. Анда Самаркандды кайра алганга кол жыйнап жаткан. Эмичи? Эми Самарканд түгүл атасынын ордосу Аксыкентке кириши да кыйын. Кирген менен деле канча турат? Чындап ыкыбалы кеткендин ити да качат. Жана Бандаалы даруга үйлөрүнүн түтүндөрүнүн жыты уруп турган кыштакка барып келгиче эт бышымдай убакыт өттү. Үч нан таап келгенге ушунча убакыт кетеби?”
Ал акырын туруп сыртка чыкты. Аты сарайдын жанында эле оттоп жатыптыр. Ал окуранганда койнундагы нандын сындырымын оозуна тыгып, жалынан, омуроосунан сылады.Тыңый түшүптүр. Ал атын минип, бактын тоолор жагына бастырды. Суук жанагыдан пастаптыр. Айдын жарыгында маңдайында чокусу аскалуу бийик тоо шаңкайса, айланасындагы токойлор кийиз каптагандай карарат. Түндүк тараптагы сайдагы токойлор түнөрүп өзгөчө калыңдыгы байкалат.
Ал бул тарап жөнүндө көп уккан менен, мурда келген эмес, анткени аңчылыкка анча ыклас кылбайт. Бирок кээде Анжиан менен Намангандын ортосундагы камыштуу саздардагы жырткычтарды уулагандарга кошулат. Эми ал жактарда да эркин жүрө албайт. Саздардан өрдөк-каздар чоочуй тегиз учканда күндүн көзү көрүнбөй калчу. Ал эми камыштардын арасында камандар, жолборстордон тартып, нелер гана жок! Ошон үчүн ал жактарда жалгыз-жарым эч ким жүрбөйт. Бирок ыраматылык атасы кептер баккандан сырткары нөкөрлөрү менен тоо тарапка ууга чыкканды да жакшы көрчү. Ал тоо тараптан жапайы кептерлерди алып барып, өзү баккандарга да аралаштырды. Алардан башка бакма паренделери канча экенин эч ким билчү эмес. Баамында, жардын кырындагы кептеркана паренделерди көтөрө албай кулаган. Ал урагандан кийин анын ордун издеген кептерлер жарды бир жумадай чаңыткан. Алар бири-биринен орун талаша тегиз конгондо бийик жардын алакандай да ачык жери калчу эмес.
Омор шейх тоо тарапка каттаган сайын аттарга сылай жүктөлгөн аркар, кулжа, кийиктердин ышталган эттери менен кошо дайыма көзгө атар мерген, балбандарынан да ээрчите барып, жигиттерине кошчу.Алардын бири-Ибраим Саруу эле.Атасы өлгөндөн кийин ага жигит болуп, өлгүчө кайгуулдарды, толгомочуларды2 жетектеп жүрдү.Акыркы жылдарда кошуундун сол канатынын башчысы болду. Жаа тартып, найза ургандан эч кимди алдына салчу эмес.Анын чөйчөктөй көлдүн жанындагы токойлуу айылдардын биринен барганын билет, бирок жеринин аты эсинде жок. Ал кимди болбосун адамдык, жоокердик сапаттарына жараша гана баалайт, башкасы кызыктырбайт. Ибраим Сарууну сол канаттын башчысы кылып дайындаганда мырза тектүүлөрдүн көбү нааразы болушуп,ага каршы кутумдук да уюштурушту. Алабарман неме алардын тилине кирип жердештерин ээрчите кеткен учурлары да болду.Бир ирет жигиттери менен Исфаранын чебин ээлеп алып, ага каршы бир айдан ашык согушту. Азык-түлүктөрү, жебелери калбаганда гана атактуу кожону ортого салып, мойнуна курун салып келип кайра кошулду. Ошондо бектердин,аскер башылардын көбү ошол замат анын башын алууну талап кылышкан, бирок ал ага көнбөгөн. Өзү келгендин башын алуу оңой, бирок андай шерди кайдан табасың? Бирок канча аскер бөөдө өлдү, канчасы жарадар болду. Анын көзгө атар бир жаачысы чепке жакындаганды аттан түшүрө атып турду.Аны ойлосо азыр да кыжыры келет. Бирок жаңылгандын жазыгын бир кечирсең, эселенген ынтаа-ыклас менен кызмат өтөйт. Кийин ал эч качан сатпады, андан жакын бектер жигиттери менен аны таштап кеткен учурларда да жанында жүрдү.Тирүү болсо, эч качан сатмак эмес.
Айылына каттаганда дайыма бир топ жигитти ээрчите барчу.Бир тууган үкөсү Саматты ошентип кошуунга кошкон. Экөө тең узун бойлуу, чүңүрөйгөн кой көздөрү жалтануу, коркуу дегенди билбеген, аттарына үзөңгүгө бут салбай секирип минген, ылаачындай шамдагай жигиттер эле. Айламыш өзөнүндөгү кечүүдөгү кармашта Шахсувал деген баатыр могол аны оор кылыч менен чапканда туулгасы жарылып, жарым мизи башына бата түшөт, бирок ал атынан ооп барып, кайра түздөлө моголдун сол чекесин шылый чабат. Өлүп баратса да душманынан кысасын чыгарганга жараган андай эрлер сейрек кездешет.
Ал Фаргананын тоо жактарындагы элдеринен гана кошуун жыйнаса, Шейбани ханга Самарканд менен Бухарадан, а түгүл Дашты-Кыпчак жактан келгендер да кошулуп, күн санап аскерлери көбөйүүдө.Дагы көбөйөт. Бектеринен, нөкөрлөрүнөн ага кошулуп жаткандар азбы? Өзбектер менен согушта жеңилгени көп болду. Мына ошондой кармаштардын биринде Ибраим Саруу да өлдү.Аны ошондо жаңы эле оң канатка башчы кылган. Ал жетектеген аскерлер чоң өзөндөн өтүшкөндө камыштардын арасында жашынып турган шейбаначылар3 качырып киришет. Ошондо аскерлеринин бир бөлүгү кечүүдөн өтө элек экен. Эгерде аскерлерин сапка тизип, камданганга үлгүрсө, мүмкүн жеңилмек эмес.Бириндегендерди чакчелекей түшүргөндөн оңой нерсе барбы. Курчоодо калышса да алар жандарын аябай согушат. Ошол согушта Ибраим аталган үч бегинен ажырады, алар: Ибраим Саруу, Ибраим Тархан, Ибраимжан. Андай болот деп ким ойлоптур. Мүмкүн, ага улуу жараткан мындан ары жолу болбосун ошентип эскерткендир. Эми эмне кылат? Качанга чейин тоо-таштардын арасында качып жүрөт? Анте берсе, аны баары бир кармап, башын алышат. Хан тукумдарынан эч ким калмайынча өзүнө тынчтык болбосун Шейбани3 жакшы билет.
Эптеп Анжианга жетсе, агаларына, кыйышпас бектерине кошулуп, бириндеп кеткен нөкөрлөрүн жыйнайт.Бирок канчага чейин анда камалып отурушат? Андан көрө башка жактан бактысын издегени оң эмеспи? Түндүк тарапка кетсеби? Жок. Ал жактын кышы оор, суугу күчтүү. Элдерин да жакшы билбейт.Андан көрө жери Фаргана менен Самарканддай берекелүү түштүккө кеткени оң. Ооба, ооба, тезирээк туш тарапка бириндеп кеткен нөкөрлөрүн жыйнап, жазда ашуу ачылары менен Ооганстан тарапка ооп кетпесе болбойт. Ал жактын элдери кандай кабылдашат, аба ырайы кандай, ал да белгисиз. Ялла, дүйнөдө Ош менен Самарканддай берекелүү, мелүүн жер бар бекен! Төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып чыкса да, эми Самарканд менен Оштой жерди таппайт. Ал чындык. Бирок ага кеткенден башка арга да калбады. Эмнеси болсо да ал жакта сары изине чөп чалып кууп, башын алууну гана көксөгөн элдешкис душманы жок. Жаа тартып, найза сайган баатырларды гана эмес, зериктирбей көңүлүн ачуучу Сейит Жусуп улакчыдай шайырлардан, ыйык китептерди көчүрүп таркатканга мушрилерден4, фирмандарын кагазга түшүрүүчү хаттаттардан5, жаңы көргөндөрдү кошуундагыларга түшүндүргүдөй мавлян фадиландардан5,аалымдардан да ала кетүү зарыл. Алыста жүргөндө ата мекенин эсине салып тура тургандар болбосо кантип чыдайт? Анда ар бир күн азапка айланат.Сейит Жусуп улакчы чекелерин кызыл менен бууган жердештери менен ызы-чуу сала улак тартышка киргенде Алай жайлоосунда же Куршаптын жайыгында жүргөндөй боло түшсө, ал эки жеңин чыканагына чейин түрүп алып, комузда кол ойноткондо Сулайман тоодогу же Өзгөндүн бак-шактуу кароол дөбөсүндөгү салкын кечтерде отургандай эргип, сергий түшөрү шексиз. Бирок аларды эми жыйнай алабы? Деги Сейит өзү аман болду бекен?
Көңүлүнө мындай ойлор келгенде көзүнүн жашы ирмеле түштү.
Ал атын чидерлеп, коё берип, мындай оор ойлордо сарайга жакындаганда Бандаалы менен Бабасайрамдын күбүрөшүп жатканын кулагы чалды. Канча тыңшаган менен эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканын баамдай албады.Бирок жакшы ойдогулардын шыбырашпасы бышык. Ал сырттан кирип келгенде экөөсү жалтактай тура калышты. Канча кыйналса да Бабыр ошол түнү уктабоону чечти.Жаасын саадагы, дамас кылыч менен жанына таштап, оң жамбашындагы канжарын башына жазданды. Андан тигилер шектенишпейт.Жүрүштөрдө аскерлер түгүл бектер деле кылычын же бычагын жазданып жатышат.
Аны бу экөөсү өлтүрө албайт, ал талашсыз; бир жагынан ага жүрөктөрү даабайт,экинчиден, артта калган нөкөрлөр анын бул экөөсү менен кеткенин билишет. Алар шектенип калышса, экөөсүнүн терисин тирүүлөй сыйрышат. Бирок душмандарына байлап беришсе, Шейбани хан менен Танбал убада кылгандарды алышып, “караңгыда адашып кеттик эле, өзү колго түшүп калыптыр” деп коюшат.Чындыкты башы алынган аркы дүйнөгө эле айта барбаса, бу дүйнөдө экөөнөн башка ким билет?
Төө чепкенин чечпей, үстүнө атынын калың көрпөчөсүн жаптырган менен анын чыйрыкканы кетпеди. Кээде көзү илинип кетет да кайра ойгонуп, очоктогу отко каланат. Арча дөңгөчтүн чогуна биртке жылынып кыйшайары менен кайра чыйрыгат. Туруп очоктун четиндеги чайнекте кайнап турган суудан ичип, кайра жатат. Ошентип жатып заарга маал көзү илинип кеткен экен түшүнө бир ажайып нерсе кирди.Түшүндө жомоктогудай жапжашыл чоң өрөөндө жигиттери менен баратыптыр. Оң жагы да, сол жагы да калың кол.Ар түрдүү ажайып дарактардан бейиштин куштарындай паренделер аны коштой учушса, туш тараптан сансыз адамдар кулдук уруп келип жатышат.Араларында чылдай каралары да бар. Элдин да, улам кеңейип бараткан өрөөндүн да аягы көрүнбөйт. Бир убакта оң ийнине бүркүттөн да чоң аппак куш келип конду. “Бул кадимки кумайык тура,-деди ал куштун алтындай жаркыраган тумшугун жана тырмактарын сылап. Кумайык деген кандай сонун ат! Балалуу болсом сөзсүз атын Кумайык коём”.
Ал кубана ойгонгон менен быкшыган очокту көргөндө кайра көңүлү чөктү. Дааратка турганда бети көпчүй түшкөнүн байкады.
-Даруга, жегенге, үстүмө кийгенге бир нерсе таап келбесең болбойт,-деди ал намаздан кийин.
Бандаалы шашыла атын минип, кыштакка кетип, тез эле сары тон, бир миске таруу ботко таап келди. Ботко тоңуп калыптыр, аны чокко коюп жылытып жеп, сары тонду кийгенден кийин денеси жылыды.
-Карнонго киргеним жок, четтеги бир үйдөн гана кайттым,-деди Бандаалы. Түнкү атчандар кимдер экенин ал билбейт экен.
Бабыр ойлонуп калды.Бул жерде отура беришсе, ачкадан же сууктан өлүшөт.Андан көрө тобокелге салып жолго чыгышса, бирөө жарымды жолуктуруп, андан кыштакка конгондор кимдер экенин сурашат. Түндө артта кала бергендерди таап алышса, иштери оңолот.Кокус, аларды издеп жүргөндөрдүн колдоруна түшүп калышса, маңдайына сызылган ошол болсо, эмне кылат? Датын кимге айтат? Алланын буйругуна айла жок.
Ал бул оюн айтканда, экөө шыр макул болуша, жеңилдене бири-бирин карашты.Бабыр атына минип, тоо жакты айландыра карады.Ал бул жакка эми экинчи келбейт.
-Бул эмне деп аталат?-деди ал сепилдей тегерек, үстү аскалуу тоону камчысы менен көрсөтүп. Ал кайсыл жерге барбасын биринчи кезекте жер-суунун аттарын сурачу.
-Бул Көк-Сарай деген тоо,-деп жооп берди Карнондун даругасы. Илгерки бир заманда бир хандын сепили болгон экен. Ал эми тигил тоо- Бозбу деп аталат.
Бабыр арт жагына кылчайганда, даруга:
-Ал токойлуу сай Падыша-Ата.Дин исламды таркаткан бир шайык ошерди мекендеп жүрүп өлгөн.
Бабыр дагы бир ирет айландыра карап, бата кылгандай оң колу менен ээгин сылады.Ал дин исламдын ляшкерлери көмүлгөн Сапед-Буланга келгенде ал жөнүндө кулагы чалган. Ошол учурда бакты аралай шашыла бастырып келаткан атчан көрүндү.Анын кутумдардын арасында жүргөн Жусуп даруга экенин тааныганда Бабур селт эте атынын башын тоо жакка бурду. Бирок Жусуп алдынан тосо, шашыла атынан түшө, ийилди.
-Сен менин бул жакта экенимди кайдан билдиң?
-Аксыкенттен мага бирөө жолугуп, бул жакта экениңизди айтты эле, аны камап салып шашыла сизге жөнөдүм.
-Сенден башка ким билет?
-Шейх Баязид бек. Ал сизди тезирээк келип, тактысына отурсун деп жатат.
Бабыр ат үстүнөн жыгылып кете жаздады.Эзелки атаандашы ага жакшылык кааламак беле.Бандаалы кечинде көпкө неге жоголуп, эртең менен анын айткандарын тез эле таап келгенинин себебин эми түшүндү.Көрсө, ал Карнонго кирип, Жусуп даругага жолугуп, экөөсү бир ишеничтүү адамды Аксыкентке чаптырып, ал жактан аскерлер келгиче аны алаксытып турууну чечишкен тура.Анда Карнонго түндө келгендер кимдер? Эгерде алар Ыбырайымдын адамдары болушса, кечинде эле ошолордун колдоруна салып беришмек.Не десе да болору болду. Бул үчөө мени эч жакка качырышпайт. Аксыкенттен чыгышкандар келгиче дагы эт бышымдай убакыт бар. Ага чейин акыркы мусулмандык парызымды өтөп алайын. Ал атынан түшкөнгө аракет кылганда, мурдагыдай үчөөсүнүн бири да колтуктан алганы жүгүрбөдү. Ал бул жерде жоктой же тагдыры биротоло чечилгендей ачык эле сүйлөшө башташты. “Тигилерди убара кылбай өзүбүз деле байлап барсак болмок”,- деди бири. “Муштумдай башың көп көрүнүп жатабы?-деди экинчиси. Падышахтын адамдары жол-белде топ-топ болуп тозуп жүрүшөт. Алардын колуна түшсөк, эмне болоруңду билесиңби? Биз падышахты каерде кармап турганыбызды билдирдик, калганын өздөрү чечишсин. Эки-үч жүздүк аскер болмоюнча падышахты алып кете алышпайт”.
Бабыр арыктагы суунун тоңбогон жерин таап, даарат алып, эки рекет намазын окуп, анан жарыкчылыктагы күнөөлөрүн кечирүүнү сурана кудайга жалынганда жашып барып, көзү караңгылай түштү. “Жан деген ширин” деп жазат кийин ал өзүнүн даңазалуу эмгегинде ал учур жөнүндө. Чын эле тирүүлөр үчүн жанынан кымбат нерсе барбы.Бирок малдан башка эч ким жөн эле жанынан айрылгысы келбейт.Жырткычтар жаны үчүн өлгүчө кармашат. Мен карышкырча жок бекем, деди оюнда Бабыр. Мен да булар менен кармашам, баары бир тирүү колго түшпөйм. Ал курундагы канжарын оңдонуп, атын көздөй басканда топ атчандын дүбүртү угулду. “Кантип тез жетип келишти,-деди ал оюнда.Болжолумда дагы эт бышымдай убакыт бар эле го. Көзү дагы караңгылап, жер айланып кетти.
-Авлийа6 падышах!-деген тааныш үн чыкты ошол кезде. Биз сизди алып кеткени келдик.
Бабыр көзүн ачса Кутлук сейит Мухаммед, Жакып кожо баштаган ишенимдүү нөкөрлөрү шашыла аттарынан түшүп, ага таазим кыла баш ура салам айтып жатышыптыр.Жаракчандары жыйырмадан кем эмес. Аман калганын түшүнгөндө Бабыр дагы жашыды.
-Мени бу кутумдардан куткарып калганыңарды өлгүчө унутпаймын,-деди ал көздөрүн аарчый. Качып кете электе бул үчөөсүн тезирээк байлагыла.
Аксыкенттен качып Анжианга барышкандан кийин атасы Омор шейх менен көңүлү жакын Акрар кожо кайдан болбосун падышахты таап, ушерге алып келгиле деп Кутлук Сейит Мухаммедди, атактуу Убайдылда кожонун баласы Жакып кожо баштаган чоң топ аскерди бул тарапка жөнөтөт. Алар Бабыр менен келатып аттары жүрбөй артта калышкан Камбаралы менен Баянкулудан падышахтын тоо тарапка качканын угушуп, кечинде Карнонго келип жатышып, жакын айылдарга ат чаптырып анын дарегин сураштырышат.Бандаалы даруганын ниети түз болгондо кечинде эле аны таап, түндөп Анжианга алып кетишмек экен.Бирок аны кармап берип байыгысы, ордодон кызмат алгысы келген даруга алардан жашынып, Жусуп экөөсү ишеничтүү бирөөнү Аксыкентке чаптырып, Бабырды алдап бак четиндеги сарайга алып кетишет. Ага чейин “падышах” деп ийилип турушса, Аксыкенттен көп аскер келээрге жакындаганда аны тоготпой, аны кантип сатууну талкуулай башташпадыбы оңбогурлар.
Карнондон чыккандар жакын ортодогу айылдардан, жолоочулардан сураштырып, түндө эски бактын четинен от чыккан, күндүз эки-үч адамдын карааны көрүнгөн дегенди угушуп, бул жакка чаап жөнөшөт.Дагы бир аз кечигишсе, не болмок, мүмкүн Улуу моголдор империясы түзүлбөй да калмак беле, анда анын ордун ким ээлемек, аны бир кудайдын өзү билет.
-Урушта туруш жок,-деди Бабыр аларга. Тезирээк жолго чыкпасак, кутумдардын колдоруна түшүп калабыз.Алар Булак-Башыдан өтүп Заркенге жакындап калган болуш керек. Кана жөнөйлү.
Жакып кожо Бабырдын атын шашыла жетелеп келип, алдына тартты. Ал үзөңгүгө бут койгону калганда кайра артына кайрылып, сарайдын кычыгындагы топурактан кочуштап алып, ичинен кыска дуба айтып:
— Менин каным ушерге чачылабы дедим эле, бул жер мага акжолтой болуп, алла силерди жиберди.Бул жерди шайыктар байырлайт экен түндө мага алардан аян да келди. Бизге буйрубаган Аксыкенттин аты да, касиети да ушул жерге оосун!-деп уучундагыны бактын арасына чачып жиберди.
-Падышах, буларды не кылабыз?-деп Жакып кожо байланып жаткан үчөөсүн көрсөтүп. Карга аралаша тоголонгон толоюн Бандаалы дем ала албай, кара көк боло энтиксе, берки экөөсүнүн жүздөрү түгүл, байланган колдору да кылаңкыр кардан чыккан чөптөрдөй кубарып, жашылданган көздөрү гана жалдырайт. Бабыр аларды карабады, бир нерсе дебеди, арык жакка кесе кол шилтеп, ачкалыгы, үшүгөнү эстен чыгып, муундары чыйрала атына ыргып минди.Ал Кутлук Сейит Мухаммед менен Жакып кожону көргөндө эле заардагы аян өңүндө да болоруна ишенген. Ал аты бирде кар алдындагы арыктарды байкабай жаза басып, бирде эски бактын чириген бутактарына чалына мүдүрүлгөнүн да байкабады. Анын жүрөгү алып-учуп, көз алдынан кетпей жаткан жашыл өрөөндү көздөй шашып баратты…
1.Даруга- шаардын же кыштактын башчысы
2. Толгомо- согуштук ыкма
3. Карнон- Кербендин мурдагы аталышы
4. Шейбани- өзбектердин ханы
5.Мушри- китепти көчүрүп жазуучу, көчүрмөчү
6. Хаттат- катчы
7. Фадилан- окумал, билимдүү
8.Кумайык- сыйкырдуу куш
9. Авлийа- ааламдын ээси
Папан Дүйшөнбаев
Комментарийлер