ЭНЕ ТИЛ ЭЛДИН ЖҮРӨГҮ
- 10.03.2026
- 0
Бектуруш САЛГАМАНИ

ЭНЕ ТИЛ
Кейибеймин пайдасы бир тийбесе,
кийим, оокат, пулга муктаж эмесмин.
Эгер уулум эне тилин билсесе,
эч убакта аны -Балам! – дебеймин.
Көралбастын, дос-туугандын алдында,
кубандырбайт кыпкап чепкен жапканы.
Кызым эне тилин унут калтырса,
кечип коём балалыктан анда аны.
Эч теңи жок энемдин бул белегин,
эгерим мен Курандан кем санабайм.
Улут тилин чанса неберелерим,
— Урпагым! – деп өппөйм, бетин карабайм.
Эстүү жандар тыюуларга ынабай,
эне тилде сүйлөп, жазып, ыр ырдайт.
Эне тилдин асабасы кулабай,
элдин туусу эч убакта жыгылбайт.
ЧУКОТКА ЫЙЫ
Буран – чукча досум абдан сыйлады,
бугу сойду. Самогонун жайнатты.
…Алды кызып. Анан орусча ырдады.
Айттым мен: — Өз тилиңде обон салсаңчы?
— Билбейм! – деди.
Ыйлады ыйын токтотуп.
Иче берди… Иче бердик… Иче бер…
Өлгөн тиолдин мүроорунө окшошуп,
турду мага бошоп калган шишелер.
…Улуйт бороон. Карагайлар уңулдайт,
уңулдашпай эле балким, ыйлашар.
Эч убакта мезгил артка бурулбайт,
эне тилин таппас эми чукчалар.
— Өз тилим жок. Өз тилимди билбейм мен!
Өлөмүн! – деп урду үстөлгө бет, башын.
Өксөйт, өксүйт.
Самогонун ичпестен,
өкүнөмүн ичкен өңдүү көз жашын…
…Жолд катар тилин эстеп элимин,
жел бешиктей жай терметкен поездде,
өзүмчө эле өксөп, сыздап, кейидим –
өздөрү бар, а тилдери жок элге.
КЫРГЫЗ ТИЛИ
Тыва, кумык, уйгур, саха, татарчаң,
түрк, гагауз, хакас, башкыр, казакчаң,
түркмөн, ногой, кара калпак, өзбекчең,
түбү барып кыргыз тилден жаралган.
Кыргыздар – эл эски, көөнө, байыркы,
кыргыз тили дайра – эзелтен жаңырчу.
А бөлөк бүт түркий тилдер – арыктар,
ал дайрадан бөлүнүшүп агышчу.
Кыргыз тили – карт чынар, көп замандар
кулата албай койгон бороон, шамал, кар.
Өңгө түркий тилдер – тамырларынан
өнүп чыккан көчөттөр, жаш дарактар.
Ким төгүндөйт? Жок да мунун талашы,
кыргыз тилдин бар океан – “Манасы”.
Баары башат алган кыргыз тили – бул,
бардык түркий тилдеринин бабасы!
МЕКЕН
Айыңды ырга салсам, күнүң калат,
жайыңды ырга салсам, күзүң калат.
Көгүңдү -Жылдыздуу! – деп айтсам жериң,
чөбүңдү мактап кирсем гүлүң калат.
Мөмөсүн айтсам жемиш дарагыңын,
мостоюп терек, талың калары чын.
Кудайдан соңку сенсиң сыйынарым,
Кудайдай жалгыз, ыйык Ата журтум!
Калсак биз кыш чилдеңден үшүп тажап,
көктөмүң гүл көтөрүп келип калат.
Куйкалап жайкы аптабың тажатканда,
коңур күз алма, коондун жытын чачат.
Кымбат – суук, нөшөр, бороон, ысыгың да,
кымбатсын бизге ушул турушуңда.
Жылуусуң балдарыңдын жүрөгүндөй,
көзүндөй кыздарыңдын сулуусуң да.
Сен бүтүн бойдон барсың көкүрөктө,
серпилет сени ойлосом көңүл өргө.
Сеники – бар тапканым, кала берсе –
сөөгүм да өзүңдүкү көзүм өтсө!..
КУАЛА-ЛУМПУРДА КАЛГАН ГҮЛ
…Текшеришти кужжатты*, баштыгымды.
Топ буюмдан бөлүшүп алды гүлдү.
Өскөн гүлдү тиктешип карапада,
өздөрүнчө сүйлөшүп, каткырышты.
— Бул не? – дешти.
— Гүл! – дедим. Жагып калып,
бир дүкөндөн келатам сатып алып.
— Кереги не?
— Жок биздин Кыргызстанда.
Көбөйтсөм дейм биз жакта барып багып!
— Сиздики бу карапа, бу гүлүңүз.
Топуракты биякка түшүрүңүз.
Биз өлкөнүн бир чымчым кум, турпагын,
бөтөн элге бербейбиз, түшүнүңүз!..
…Топураксыз кургайт да ара жолдо,
түштүм аны калтырып самолётко.
Жыты “бур-рр” деп ал гүлдүн көк мейкинде,
жаным кейип баттым көп жаман ойго.
Малайзиянын суктанып мыйзамына,
Мекениме жүрөгүм сыздады да.
Биздин “чоңдор” гүлдү кой, жерди, кенди,
бөтөн журтка пулдашып жыргашууда…
ТАЯК
— Жыл бою не келбедим? – деп кадалып,
карайм көздөн жаш, жүрөктөн кан агып.
Былтыр эле өзү басчу шартылдап,
калган экен апам таяк таянып.
Көзү нурсуз – карай берчү жолума,
бели ийилип, чөгө түшкөн бою да.
Басса-турса таяк – өбөк-жөлөгү,-
минтерлиги келбептир түк оюма.
Ичтен аяп үтүргө окшош апамды,
имериле карап четин таякты,
кудурети күчтүү аспап өңдөнүп,
кайра эстедим Муса алейхис-саламды.
— Мени төрөп жууп-чоңойткон адамга,
жарым кулач келген ушул таякча,
өбөк, жөлөк болалбаймбы? – деп аяп,
өзүмдү-өзүм турам сөгүп, аяп да…
ЭНЕ ТИЛ ТУУРАЛУУ
Эгер тилиң жоголсо жер бетинен,
эмнең калат ыйык көрөр сен эми?
Ачып салгын чегараңды четинен,
анда өлкөңдү коргоштун жок кереги.
Тилсиз ал жер сага Мекен, жер болбойт,
тилсиз сага журт болбойт ал эл дагы.
Уул-кызыңды бөтөн, келгин эл кордойт,
унутулуат салт, тарыхың мурдагы.
Тил – бул өлкө, маданият, каада-салт,
тилибизди сен, мен эмей, ким сактайт?
Эне тилин сүйүп сүйлөбөгөн калк,
эл катары биригип да жыргатпайт.
Атпай журт бир – эне тилде сүйлөсө,
Ата журтту болот коргоп, сакташка.
Айрылсаң сен тилиңден бул дүйнөдө,
ачып салгын чегараңды шарт анда…
КИТЕПКАНА
“…1220-жылдын Нооруз айында Чынгыз хан Отрар (Эдала) калаасын басып алып, тыптыйпыл кылды. Эң ачынарлыгы – Кулкожо Ахмат Яссавинин китепканасын да өрттөттү. Ал китепкана дүйнөдөгү эң чоң китепкана болуп, башка өлкөлөрдө бөтөн нускалары болбогон табылгыс, таберик китептер эле”. (Газетадан).
— Көчүң кайдан келатат, эй адам? – деп,
китепкана тургансыйт колун кезеп.
Китепкана көргөндө Чынгыз ханды
капыс эстеп, жүрөгүм “дирт-дирт” этет.
Каңдылардын ордосу – Отрарды,
камоого алып, жарым жыл бою чапты.
Кулкожо Ахмат Яссави өзү жыйган,
китепкана күл болуп, тозу калды.
Китептерден алдың да өчүңдү сен,
каргыш сага, Чынгыз хан! – деп үшкүрөм.
Китеп, храм, мечитти өрттөгөндүн,
куруп кетсин тукуму жер үстүнөн.
Жер астынын талашып байлыктарын,
жер үстүндө чыр-чатак ар күн сайын.
Дагы китепканалар өрттөлөбү?
Дагы сендей карөзгөй жан чыкпасын!
…Китепкана кезиксе кайсы жерден,
— Келатасың кайдан? — деп сурайт менден.
Көз алдымда өрттөлүп түркий калаа,
кара түтүн уюлгуйт көктү челген.
Комментарийлер