Эмоциялык экология: мугалимге беш кеңеш

  • 19.01.2026
  • 0
Мугалим менен болгон акыркы окуя агартуудагы бир топ маселени кайрадан күн тартибине алып чыкты. Анын бири — мугалимдердин эмоциялык экологиясы. Эмоциялык экология бузулган учурда, мугалим окуучусуна сабагын түшүндүрө албайт, окуучулары менен тил табышуусу өтө кыйынга турат.
Мугалимдер окуучулардын, ата-энелердин, администрациянын нааразычылыгына кабылып, терс эмоцияларды көтөрүүгө аргасыз болот. Талап, жоопкерчилик, айлыктын аздыгы, жылдар бою кайталанма майда жумуш да мугалимди эмоционалдык жактан чарчатат. Буларга жеке турмушундагы көйгөйлөр да кошулат.
Эмоциялык экология — бул мугалимдин ички дүйнөсүн таза кармоо маданияты. Айрыкча, азыркыдай класстагы сабак учуру интернет желесине таркап кете турган учурда эмоциялык экология тууралуу маалымат ар бир мугалимдин үстөлүндө турган колдонмо же телефонуна жүктөлгөн тиркеме болушу керек болуп калды. Бул мугалимдин кесипкөйлүгүн өстүрөт жана окуучулардын психикалык-эмоционалдык абалын жакшыртат.
Мен өзүмдүн тажрыйбамдын негизинде кесиптештериме эмоциялык экологиябызды таза сактоо үчүн айрым кеңештерди сунуштайм:
1. Тегерегибизде негативдүү фактолор (сизге терс таасирин тийгизген адамдар, окуялар, жагдайлар) болбой койбойт. Негативдүү факторлордун торуна түшүп калбаш үчүн мен фокусту көбүнчө өзүмдүн чоң максаттарыма, мени өстүрө турган жумуштарга коем. Болгон убактымды, ресурсумду ошолорго жумшоого бүт дитимди төшөгөндүктөн, айланамдагы күнүмдүк негативдүү факторлор мен үчүн анчалык мааниге ээ болбой калат.
2. Бирөөлөргө таарынуу ден соолугуңузга, эмоциялык экологияңызга өтө терс таасирин тийгизет. Сиздин шагыңызды сындырган, көңүлүңүздү кирдеткен адамдарга таарынуу — ал киши сизге жасаган кыянаттыктан да зыяндуу. Мени таарынуудан сактаган нерсе бул: маселе бирөөнү таарынткан адамда болот. Ушундан улам мен бирөөнү таарынтып албайын деп этияттанам. Кээде байкабастыктан таарынтып алышым мүмкүн. Аны билип калсам, анын алдынан сөзсүз өтүп коем. Себеби бирөөнү таарынтып алуу менен аны эмоциялык жактан ууландырабыз. Бирөөнү таарынтып алган адамдын ыйманы болсо, өз абийиринин алдында кыйналат.
3.Таарынычтын ызасы жанга батып, ачуу акылды башкарган учурда терең дем алып, эмоциялык балансты калыбына келтирип, анан сабакка кириңиз. Таарыныч менен ачууну класска алып кирбеңиз. Сиздин эмоциялык ууланып турган абалыңыз окуучуларга таасирин тийгизип, конфликттүү кырдаалдын жаралышын шарттап коет.
4. Мугалим изденип өсүп турганда гана өзүнө болгон ишеними, сабагына болгон сүйүүсү күчүндө болот. Тажатма, кайталанма күндөрүн өзү өзгөртөт. Мен изденүүгө күнүнө жок дегенде 15 мүнөт бөлөм. Смартфонумдан эле күндө белгилүү бир убакытта интернеттен жумушума керектүү маалыматтарды окуп, кээде ютубдан адабий талдоолорду, түрдүү темадагы лекцияларды көрөм.
Учурда жасалма акыл чыкканы мугалимдерге абдан жакшы болду. Жасалма акылга сабагыңыздын материалын салып, аны балдарга кызыктуу боло турган интерактивдүү сабак катары иштеп чыгып бер деп промт жазсаңыз болот. Бала ойноп жатып жакшы үйрөнөт. Оюн, мелдеш, дискуссия ж.б. аралашкан сабактарга артыкчылык берсеңиз, сиз да энергияңызды көп коротпойсуз, балдар да теманы оңой үйрөнүп сиңирет. Интерактивдүү сабактар эмоционалдык жактан мугалимге да, окуучуларга да оң таасир берет, көп чарчатпайт да.
5. Хоббиге убакыт табыңыз. Йога менен машыгыңыз. Бийлеңиз. Ырдаңыз. Сайма сайыңыз. Курак кураңыз. Өзүңүзгө кийим тиккенди үйрөнүңүз. Сүрөт тартыңыз. Театрга барганды адат кылыңыз. Терең кинолорду көрүңүз. Жаңы технологияларды үйрөнүңүз ж.б. Хобби адамды эс алдырат, жашоону кызыктуу кылат. Мен көбүнчө китеп окуйм, окуган китебим тууралуу макалаларды да карап чыгам, курбум менен талкуулап, таасир-оюмду бөлүшөм. Окуган китебимди, андан алган таасиримди сабак учурунда студенттериме айтып берем. Мен окуган китептерге студенттерим да кызыгып калат. Кызыкчылыктардын жалпы болушу бири-бирибизди жакшы түшүнүшкөнгө жардам берет.
Жеке тажрыйбама негизделген сунуштарым пайдалуу болгон болсо, пикириңизди жаза кетиңиз. Өзүңүздүн тажрыйбаңыздан бөлүшсөңүз да жакшы болот.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева
Бөлүшүү

Комментарийлер