ЭМНЕ ҮЧҮН ОКУУЧУЛАР АНГЛИС ТИЛИНДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨШӨ АЛЫШПАЙТ?

  • 03.03.2026
  • 0

Кыргызстанда англис тили 3-класстан тартып окутулат. Ошого карабастан, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн олуттуу бөлүгү күнүмдүк баарлашууда, академиялык чөйрөдө же кесиптик коммуникацияда бул эл аралык баарлашуу тилинде эркин сүйлөй албайт. Мунун негизги себептери кайсылар? Кезинде Америкадан кесиптик чеберчилигин өнүктүрүп келип, учурда Бишкектин четиндеги айылдардын биринде англис тили мугалими болуп иштеп жүргөн Барчынай Акматовага кайрылганыбызда, ал англис тилиндеги  эркин баарлашуунун жоктугун сабактарда коммуникативдик методдорду колдонууга маани берилбей жатканы менен түшүндүрдү. Чын эле ошондойбу? Эмесе баарыбыз чогуу карап көрөлү.

ЭМНЕ ҮЧҮН ОКУУЧУЛАР АНГЛИС ТИЛИНДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨШӨ АЛЫШПАЙТ?

1. Грамматикалык-багыттагы окутуунун үстөмдүгү

Биздеги мектептерде чет тилдерин окутуу көбүнчө советтик мектептен калган грамматика-трансляциялык ыкмага таянат. Ошондуктан сабактарда эрежелерди жаттоо, текстти которуу, жазуу жүзүндөгү көнүгүүлөрдү аткаруу алдыңкы орунда турат. Бирок тил — бул эң оболу коммуникация каражаты экенин унутпасак. Коммуникативдик компетенция (Dell Hymes түшүнүгү) тилдин структурасын билүү менен гана чектелбестен, аны конкреттүү кырдаалда колдонуу жөндөмүн да  камтыйт. Практика көрсөткөндөй, окуучу грамматикалык тесттен жогорку упай алганы менен, реалдуу сүйлөшүүдө кыйынчылыкка туш болот. Бул тилди «объект» катары үйрөнүү менен «иш куралы» катары колдонуу ортосундагы айырмачылыкты айгинелейт.

ЭМНЕ ҮЧҮН ОКУУЧУЛАР АНГЛИС ТИЛИНДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨШӨ АЛЫШПАЙТ?

2. Сүйлөө практикасынын жетишсиздиги

Чет тилди өздөштүрүүнүн негизги шарты — системалуу сүйлөө практикасы. Stephen Krashen’дин «Input Hypothesis» теориясы боюнча тил табигый жол менен түшүнүктүү киргизме (comprehensible input) аркылуу өздөштүрүлөт. Бирок мектеп шартында класстар чоң (25–35 окуучу) болгондуктан, эки топко бөлүнүп окуган учурда да ар бир окуучуга сүйлөөгө убакыт жетишсиз, сабакта мугалим көбүнчө өзү сүйлөйт.
Натыйжада окуучу тилди активдүү эмес, пассивдүү кабыл алат. Пассивдүү сөз байлыгы көбөйгөнү менен, активдүү колдонуунун механизми калыптанбай калат.

3. Баалоо системасынын мүнөзү

Байкоолор көрсөткөндөй, мектептеги баалоо көбүнчө жазма тесттерге жана грамматикалык тактыкка багытталган. Сүйлөө жөндөмү формалдуу бааланбайт же экинчи планда калат. Демек, окуучу үчүн мотивация да жазма жыйынтыкка багытталат. Эгерде баалоо системасы коммуникациялык компетенцияны негизги критерий кылса, окутуунун форматы да өзгөрмөк.

4. Психологиялык факторлор

Көп окуучуларда «ката кетирүүдөн коркуу» синдрому бар. Сабактарда орун алган мындай тилдик тоскоолдук (language barrier) төмөнкү себептерден улам мисалы, классташтарынын сыны үстөмдүк кылганда, мугалимдин формалдуу талаптары өз чегинен ашып кеткенде күчөйт. Буга коомдогу «ката сүйлөбө» маданияты да кайсыл бир деңгээлде себеп болот. Психолингвистикада белгиленгендей, тил үйрөнүүдө эмоционалдык фактор (affective filter – Krashen) чоң роль ойнойт. Коркуу жана уялуу тосмосу жогору болгондо, тил өздөштүрүү процесси жайлайт.

5. Мугалим даярдыгы жана ресурстар

Айрым аймактарда чет тил мугалимдеринин деңгээли жетишсиз же заманбап методикага жеткиликтүүлүк чектелген. Коммуникативдик, task-based, CLIL сыяктуу ыкмалар теория жүзүндө белгилүү болгону менен, практикада толук колдонулбайт.
Мындан тышкары: аудио-визуалдык материалдар жетишсиз, тил чөйрөсү (language environment) жок, мектептен тышкаркы практикалык мүмкүнчүлүктөр аз.
Тил чөйрөсү жок жерде тил «кагаз жүзүндө» калып калат.

6. Социалдык-тилдик чөйрө

Орус тили Кыргызстанда кеңири колдонулганына карабастан, англис тили көбүнчө академиялык же формалдуу деңгээлде гана кездешет. Окуучу тилди күнүмдүк жашоодо колдонууга муктаж болбосо, ички мотивация төмөндөйт.
Gardner’дин мотивация теориясы боюнча, интегративдик мотивация (тилди коомго аралашуу үчүн үйрөнүү) күчтүү болгондо гана жыйынтык жогору болот.

Корутунду ордуна

Маселе окуучунун жөндөмсүздүгүндө эмес, системалык факторлордо жатат. Мектепте 11 жыл чет тилин окуп, бирок окуучунун ошол тилде эркин сүйлөй албашы төмөнкү себептердин жыйындысы:
1. Грамматикалык-теориялык басым;
2. Сүйлөө практикасынын жетишсиздиги;
3. Баалоонун туура эмес приоритеттери;
4. Психологиялык тоскоолдуктар;
5. Методикалык жана уюштуруучулук көйгөйлөр;
6. Реалдуу тил чөйрөсүнүн жоктугу.

Чечимдер төмөнкү багытта болушу мүмкүн:
• коммуникативдик методиканы толук киргизүү,
• сүйлөө компетенциясын негизги баалоо критерийи кылуу,
• мугалимдерди кайра даярдоо,
• тил клубдарын, дебаттарды, эл аралык онлайн-платформаларды колдонуу,
• окуучунун ката кетирүүсүнө толеранттуу атмосфера түзүү.

Акырында айтаарыбыз, тил — бул билим эмес, көндүм. Ал эми көндүм эч качан системалуу практикасыз калыптанбайт.

Пайдаланылган булактар

Krashen, S. (1982). Principles and Practice in Second Language Acquisition.
Hymes, D. (1972). On Communicative Competence.
Gardner, R. (1985). Social Psychology and Second Language Learning.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик билим берүү стандарттары.
CEFR (Common European Framework of Reference for Languages).

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер