ЭМНЕ ҮЧҮН БАЛДАРДЫ ЖАЗАЛАП ОКУТУУГА БОЛБОЙТ?
- 20.01.2026
- 0

«Тартип болбосо – билим болбойт». Бул сөздү мектепте да, үйдө да көп угабыз. Айрыкча бала сабакка көңүл бурбай, үй тапшырмасын аткарбай койгондо, айрым мугалимдер менен ата-энелер жазалоону эң натыйжалуу ыкма катары көрүшөт. Бирок чын эле коркутуу, урушуу, басым жасоо баланы билимге жетелейби?
Биз суроо салган көпчүлүк мугалимдер мындай дешет:
– Класста отуз окуучу отурганда баарына өзүнчө мамиле кылуу кыйын. Эгер катуу кармабаса, окуучулар мугалимди укпайт.
Ал эми СССРдин тушунда мектепте окуп же иштеп калгандарынын пикири да өзүнчө кызык.
— Союз учурунда мугалимдин кадыр-баркы өтө жогору эле. Азыр анын бири жок. Мугалим урат эле. Туура эле кабыл алат элек. Азыркы ата-эне да, окуучу да башка, салыштырып болбойт. Балдардын ден соолугу да мурункуларга салыштырмалуу начар, нерви жука. Ошондуктан мугалимдер да этият болушу керек…— дейт Чынаркан Абдраева.
Ушуга окшош пикирлерди айрым ата-энелер да колдошот. Алардын көбүндө: «уруш укпаган бала тың чыкпайт», «бизди да катуу тарбиялашкан, ошон үчүн адам болдук» деген түшүнүк алигиче күчтүү. Мындай ойлорду Фейсбуктан да күн сайын окуп жатабыз. Бирок, биз, коомчулук, маселенин экинчи тарабы да бар экенин унутпасак.
Педагогика жана психология илимдери жазалоонун терс кесепеттерин көптөн бери айтып келет. Белгилүү психолог Лев Выготский баланын өнүгүүсү коркуу аркылуу эмес, колдоо жана ишеним аркылуу жүрөрүн белгилеген. Ал эми заманбап изилдөөлөр жазалоо баланын жүрүм-турумун убактылуу гана өзгөртүп, ички мотивациясын өлтүрөрүн далилдейт.
Азыр мугалимдердин арасында да башкача ой жүгүрткөндөр көбөйүп жатат. Айрым педагогдор мындай дешет:
– Бала тилдеп урушкандан кийин тынчып калганы менен, сабакка болгон кызыгуусу жоголот. Эми ал билим алуудагы жоопкерчиликтен эмес, мугалимдин өзүнөн корко баштайт.
Психологдордун маалыматына таянсак, чоңдордон көп жеме уккан балдар өзүнө ишенбеген, пассивдүү же тескерисинче агрессивдүү болуп чоңоёт. Мындай балдар
жаңылуудан коркуп, суроо берүүдөн, оюн айтуудан тартынат. Натыйжада билим алуу процесси формалдуу болуп калат.
Учурда ата-энелердин да көз карашы жакшы жагына акырындык менен өзгөрүүдө. Кээ бир ата-энелер баласын жазалагандан көрө сүйлөшүү, түшүндүрүү, бирге чечим издөө натыйжалуу экенин моюнга алышууда. «Балама кыйкырганда эмес, тынч сүйлөшкөндө гана мени угат» деген пикирлер арбын.
Албетте, бул жерде чектөөсүз эркиндик жөнүндө сөз жок. Тартип, жоопкерчилик сөзсүз болушу керек. Бирок тартип коркутуу менен эмес, эрежени түшүндүрүү, ишеним артуу, туура үлгү көрсөтүү аркылуу калыптанганда гана натыйжалуу болот. Заманбап педагогика муну «позитивдүү дисциплина» деп атайт.
Бүгүнкү күндө көп өлкөлөрдө мектептер физикалык жана моралдык жазалоодон толук баш тартып, инсанга багытталган окутууга өтүшкөн. Аларда мугалим буйрук берүүчү эмес, багыт көрсөтүүчү, колдоочу катары каралат. Бул ыкма билимдин сапатын жогорулатып гана тим болбостон, баланын психологиялык саламаттыгын сактоого жардам берет.
Демек, суроо ачык бойдон турат: биз тартиптүү, бирок коркок балдарды тарбиялайбызбы же ойлонгон, жоопкерчиликтүү, өз оюн ачык айткан муунду өстүрөбүзбү? Балдарды жазалап окутуу – жеңил жол сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок келечек үчүн эң туура жол – түшүндүрүү, ишеним жана урматка негизделген тарбия экени талашсыз.
Биздин ойдун тууралыгын жарым кылымга чукул өмүрүн билим берүүгө арнаган Гүлнара Мукамбетованын төмөнкү пикири тастыктап турат:
— Окуучуну уруп, опузалап билим берүү туура эмес .Мен 45 жыл агартуу системасында иштедим. Бир жолу да баланы чапкан эмесмин. Катуу кыйкырып, коркуткан да жокмун. Менин оюмча, уруп-согуп тарбиялоо баарынан мурун билим берүүнүн алсыздыгын көрсөтөт.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер