ЭМГЕК АКЫ ЖАНА КОЭФФИЦИЕНТ: ТЕҢДИКПИ ЖЕ АДИЛЕТТҮҮЛҮКПҮ?

  • 25.03.2026
  • 0

2026-жылдын 1-апрелинен тарта билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысынын 100 пайызга жогорулашы — көптөн күткөн жана социалдык жактан маанилүү чечим. Бул кадам мугалимдердин статусун көтөрүүгө багытталганы талашсыз. Бирок дал ушул чечимдин алкагында колдонулган коэффициент маселеси коомчулукта, айрыкча мугалимдер арасында олуттуу талкуу жаратты.

Бир караганда суроо жөнөкөй: бардыгына теңби же адилеттүү бөлүштүрүүбү?

ЭМГЕК АКЫ ЖАНА КОЭФФИЦИЕНТ: ТЕҢДИКПИ ЖЕ АДИЛЕТТҮҮЛҮКПҮ?

Мугалимдердин негизги дооматы түшүнүктүү — баары бирдей сабак өтүп, бирдей жүктү көтөрүп жатышса, эмнеге айлык ар башка? Бул суроо социалдык теңдиктин логикасына туура келет. Бирок маселенин экинчи, тереңирээк катмары бар — ал эмгектин мазмуну, татаалдыгы жана мамлекет үчүн стратегиялык мааниси.

Бүгүнкү дүйнөдө билим берүү системасы эмгек рыногунан обочо жашай албайт. Кайсы тармакка суроо-талап жогору болсо, ошол адистердин баасы да жогорулайт. Математик, программист, инженер же химик мектепте иштебей эле жеке сектордо бир нече эсе көп киреше таба алат. Демек, мамлекет мындай адистерди билим берүү системасында кармап калуу үчүн кошумча стимулдарды — анын ичинде коэффициенттик айырмачылыкты — колдонууга аргасыз.

Бул жерде сөз жөн гана экономика жөнүндө эмес.

Бул — УЛУТТУК КООПСУЗДУК маселеси.

Азыркы заманда мамлекеттин коопсуздугу курал-жарак менен гана өлчөнбөйт. Ал — технологиялык көз карандысыздык, киберкоопсуздук, илимий жана инженердик потенциал менен түздөн-түз байланышта. Ал эми бул потенциал мектептен башталат.

STEM багытындагы мугалимдер — келечектеги программисттерди, инженерлерди, аскердик технологияларды иштеп чыгуучуларды, киберкоопсуздук адистерин даярдаган негизги звено. Башкача айтканда, бүгүн класста турган мугалим — эртең мамлекеттин коргонуу мүмкүнчүлүгүн түзүп жаткан адам.

Белгилүү STEM-эксперт, Бишкек шаарындагы №21 жалпыга билим берүү мектебинин директору Жеңиш уулу Азим белгилегендей, бүгүн билим берүү “эмнени билесиң?” деген суроодон “кантип колдоносуң?” деген деңгээлге өттү. Анын пикиринде, STEM — бул жөн гана предметтердин жыйындысы эмес, бул окуучуну пассивдүү угармандан активдүү жаратуучуга айланткан ой жүгүртүү маданияты. Мындай ыкмада окуучу теорияны жаттабайт, аны реалдуу маселелерди чечүүдө колдонот.

Дал ушул жөндөмдөр — анализ, сынчыл ой жүгүртүү, практикалык чечим кабыл алуу — бүгүнкү коопсуздук чөйрөсүндө эң керектүү компетенциялар болуп калды.

Ал эми практик мугалим, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Я.Я.Ваккер атындагы жалпы билим берүү мектебинин физик-математик мугалими Бактыгүл Акматованын айтымында, STEM билим берүүнүн күчү — окуучуну даяр жоопко эмес, өз алдынча жыйынтыкка алып келүүдө. Сабактар турмуш менен байланышканда гана билим “иштеген куралга” айланат. Мисалы, энергия мыйзамын түшүндүрүү менен чектелбестен, аны күн энергиясы аркылуу практикада текшерүү же математикада күнүмдүк чыгымдарды эсептөө — бул жөн гана сабак эмес, жашоого даярдык.

Мындай ыкма менен тарбияланган окуучу — буйрукту аткарган эмес, кырдаалды анализдеген, чечим кабыл алган инсан. Бул сапаттар коргонуу жана коопсуздук системасы үчүн өзгөчө маанилүү.

Статистика да маселени курчутуп турат: расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылы мектептерге 1222 жаш адис бөлүштүрүлгөн. Ошол эле учурда мугалимдердин жетишсиздиги 947ни түзгөн. Эң чоң тартыштык так илимдер боюнча.

Жаштар татаал адистиктерди тандабай жатканы да кооптуу белги. Мисалы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин химия факультетинде бюджеттик орундардын толбой калуусу. Бул жаштардын татаал адистиктерге барууга кызыгуусу төмөн экенин айгинелейт. Эгерде бул тенденция уланса, өлкө узак мөөнөттө технологиялык жактан артта калуу коркунучуна кептелет.

Ошондуктан “баарына бирдей” саясат кыска мөөнөттө адилеттүү көрүнгөнү менен, узак мөөнөттө бир катар тобокелчиликтерди жаратат:

— STEM багытындагы кадрлар азаят

— билим берүүнүн сапаты төмөндөйт

— инновациялык экономика жайлайт

— коргонуу жана коопсуздук тармагына кадр даярдоо начарлайт

Демек, коэффициент маселеси — бул жөн гана айлык эмес, бул кадр саясаты.

Бирок бул жерде маанилүү нерсе — баланс. Ар бир мугалимдин эмгеги баалуу жана коом үчүн маанилүү. Гуманитардык багытсыз да, тарбиясыз да, тилсиз да коом өнүкпөйт. Ошол эле учурда мамлекет стратегиялык мааниге ээ болгон тармактарды өзүнчө колдоого тийиш.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү талкуу “ким канча алат?” деген суроодон алда канча кеңири. Бул — билим берүүнүн багыты, кадрлардын сапаты, технологиялык көз карандысыздык жана улуттук коопсуздук тууралуу маселе.

Теңдик — маанилүү принцип. Бирок айрым учурларда адилеттүүлүк — тең бөлүштүрүү эмес, мамлекет үчүн эң зарыл болгон багыттарды туура баалоо.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер