Эл ишенген Эл мугалими
- 13.03.2026
- 0
“Өз сабагын жана ишин мыкты билбеген мугалим бирөөнүн чөнтөгүнө кол салган ууру-кисабирге окшош. Анткени ал окуучулардын убактысын уурдап жатат” деген экен Нажимидин агай. Бул сөз анын жөн гана пикири эмес, жашоо принциби болгон. Ал ар бир ишинде муну далилдеп, өмүрүн элине, окуучуларына арнаган. Анын нар көтөргүс эмгеги айылынан чыгып, бүтүндөй өлкөдө жогору бааланган. Совет маалында Кыргызстандан «СССРдин Эл мугалими» наамы 2 гана кишиге буйурса, Нажимидин Мусаев ошол экинин бири аталып, “Эл мугалими” ардактуу наамды СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачевдун колунан алган.

“Нажимидин агай” китебин колума аларым менен эле таятам эсиме түштү. Таятамын да аты Нажимидин.Тамгалар менен жаңы таанышып жаткан чагымда, бир жолу апамдан сураганым эсимде. Ал убакта баскычтуу телефон колдончубуз, экранды күйгүзсөң “чтобы разблокировать экран, нажмите # “ деген жазуу чыгат, а мен аны түшүнбөй, “Апа эмнеге таятамдын атын телефонго жазып коюшкан” деп сурагам. Апам күлүп, сөздүн маанисин түшүндүргөн эле.
Нажимидин — бул ысым «ишенимдин жылдызы» деп чечмеленет экен. Китепти окуп бүткөндөн кийин агайга аты ушунчалык жарашканын түшүндүм. Ата- энеси да атайын арнап, элдин ишенимин актаган эр азамат болсун деп коюшса керек. Аруу тилектери орундалып, эли ага өз балдарын, алардын келечегин ишенип жатпайбы. Ал ар бир ишин элинин эртеңкиси үчүн жасап, чын дилинен иштеген экен. “Мамлекет эсебинен өзүмө да бир нерсе калсын, бир нерсе кымтып калайын” деген күнү болбоптур, “бир мык да үйүнө ташыбаптыр”. Бул фраза китепти окуп бүткөнгө чейин 2,3 жерде ар башка адамдын атынан кездешет. Балдары же туугандары айтса, баарибир өзүнүкүн мактайт да, деп ойлойсуң, бирок, ар башка адамдын оюнун бир жерден чыгышы бекеринен болбосо керек.
“Кызыр назарын салган бейм…”
Нажимидин Мусаев Ноокат аймагындагы Исфайрам дарыясы менен Абшыр-Атанын ортосунан орун алган Караван айылында 1933-жылы колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Ал ата-энесинин көптөн күткөн, тилек менен келген жалгыз уулу. Сегиз наристеси токтобой, жүрөгү канап турган ата-эне тогузунчу перзентин Кудайдан жалбарып тилеп алышат. Апасы Бактыкан кош бойлуу кезинде ага ак сакалдуу карыя жолугуп: «ичиңдеги уул болот, кудай кааласа, ушул уулуңдан көп жакшылыктарды көрөсүң», — деп көздөн кайым болуптур. Ырым-жырымга ишенген эне баласы төрөлгөндө аны бир мусапыр аялга берип, “андан сатып алдык” деп чоңойткон экен. “Балким, ошондо Кызырдын назары түшкөндүр… Кийин да түркүн кызык окуялар болуп турчу” деп эскерет Бактыкан апа. 5-6 жашында үйдө ойноп отуруп: “апа, эшикте бирөө келди” дейт, апасы чыгып караса чын эле бирөө келген болот. “Бир жакка барганда жөн отургун, башкалар бул касиетиңди билбей эле койсун” деп тыйып койчу экен.

Жаштыгынан зирек, тетик өскөн бала турмуштун оор сыноолорун да эрте көрөт. Эми гана там-туң басып, атанын мээримине тойбой турган мезгилинде атасынан айрылып, апасы экөө кыйынчылык менен оокаттарын кылышат. Мектепти жаңы гана аяктап, аскердик милдетин өтөөгө камданып жатканда капыстан келген катуу оору аны төшөккө таңат. Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканада жатып, шыпаа таап айыгып чыгат. Энеси болсо кырманчыларга тамак бышырып берип күнүн көрчү экен.
Нажимидин Мусаев ден соолугу жакшы болгон соң, үч жылдык аскердик милдетин өтөп келет. Келээри менен эле райондун жетекчилеринин көзүнө илинип, Каганович атындагы колхозго эсепчи (бухгалтер) кылып алышат. Кыргызча, орус да абдан сулуу жазчу экен. Андан көп өтпөй компартиянын Ноокат райондук комитети анын билимге болгон ынтызарлыгын байкап, 1963-жылы Ташкентке Жогорку партиялык мектептен окуп келүүгө жолдомо беришет. Ошентип Ташкентте 4 жылдык студенттик күндөрү өтөт. Дээринен лидерлик сапаты, уюштуруучулук жөндөмү бар көрүнөт, Нажимидин агай Ноокат районундагы Э.Тельман атындагы колхоздун башкармасынын орун басары, партиялык уюмдун катчылыгы кызматын аркалайт. Айыл чарба иштерин илгерилетип, түрдүү улуттар менен иштешип, ар кандай демилгелерди көтөрүп райондун алдыңкы , мыкты кадрларынын катарына кошулат.

Нажимидин агайдын жолун жолдоп, катарлаш жүргөн шакирти А. Эгембердиев мындайча эскерет. “Мен 1976-жылы Ноокат районунун “Россия” колхозунда иштечүмүн. Нажимидин авам Э.Тельман атындагы колхоздо партиялык комитеттин секретары болчу. Кийин мени жанына чакырып, “акырындап такшаласың”- деп агалык насаатын айтып, чогуу иштеп калдык. Нажимидин авам, талапты катуу койгон, өзү да жоопкерчиликтүү инсан эле. Ошол эле учурда сөзгө чечен, азилдешип сүйлөгөн, калайыкты күлдүргөн аскиячыл касиети бар эле”
“Эшигин көрүп төрүнө өт”
1977-жылы апрелде колхоздун партия комитетинин секретары болуп иштеп жүргөндө Нажимидин агай үчүн күтүлбөгөн сунуш болуп, айылдык техникалык окуу жайына директор болуп дайындалат. “Ат айланып казыгын табат” дегендей өзү туулуп өскөн, киндик каны тамган айылына жаңы көчүп келип ишин баштайт. Колхоздун ишинен билим берүү тармагына багыт алып, лицейге директор болуп келгенден кийин, окуу жайды түп-тамырынан өзгөртүп, жаңы нукка бурууга бел байлайт.
Биринчи иш күнү эле окуу жай менен таанышып чыгып, үйүнө да кеч келет. Жубайы Батма апа куттуктап келген конокторун узатып, агайдын түйшүк тартып турганын көрүп, “кандай анан, жаңы конушуң жактыбы? Же ишиңин илдекери чыгып жатабы” деп сурайт
-Илдекер деле жоктой… кыйлага жанды кыйнаш керек болуп жатат… дейт.
-Кыйнайсың да, ошо кыйнайм деп айылыңа келгенсиң, деги сен жаныңды кыйнабай жүргөн жан белең, эми дагы айылың үчүн бир кыйналып кой…деп анын өжөр мүнөзүн эске алып, дем берет.
Окуу жайдын абалын жакшыртуу үчүн жанын кыйлага кыйнады. Эртең мененки 6 да жатакананын маңдайында жалгыз турду. Кыбыраган деле эч ким жок, көнгөн адат, тартипсиздик жана башаламандык дароо билинди. Саат 7 ден өтүп баратса да басып келген жан жок. Кароолчу улам балдарды ойготууга эшиктерди кагып коёт, нөөмөттө турган эжекеден алигиче дайын жок. Сегизге чамалап мугалим шашып келип, дене көнүгүүлөрүн жасоого чогулта баштады. Балдар эртең мененки тамактарын али иче элек, а сабактар болсо 8:30 да башталат. Жатакананын абалы болсо жан кейиштүү. Бөлмөлөрдөгү тактайлар ураган, төшөнчүлөрдүн ичи менен сыртынын айырмасы жок, бозоргон кир. “Мындай болбойт, кыргызда эшигин көрүп төрүнө өт” дейт. Биринчи ишти жатаканадан башташ керек. Жашоо шарты жакшы болсо ата-энелердин, окуп жаткан студенттин да көнүлү жай болот “- деп жатакананы оңдоо үчүн чечим кылды. Эрте мененки тамакты балдар менен чогуу ичти. Балдарга аралашып көпкө жүрдү, көп кемчиликтерди көрдү…
— Тамактар балдардын санына жараша даярдалабы? -деп ашпозчудан сурады.
-Жок, бул жакта “талонный порядка” бар, күндөгүдөй эле даярдай беребиз, деди ашпозчу
— Бүгүн 300дөй гана бала тамакка олтурду го?
-Биздин милдет оокат даярдаш, ал эми канча окуучу жейт, аны менен ишибиз жок- деген жооп угат. Бөлүнгөн каражаттын сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланылышы камсыз болбой жатканы айдан ачык эле. Бул жерде бир мандем бар деп шекшип калды Нажимидин агай. Шекшигени ушул “талонный порядкада” бармак басты көз кысты болгон кептерди кулагы чалды. Бирок, азыр биринчи кезекте жатаканага көнүл буруу керек эле. Тамак аш маселесин кийинки планга калтырды.
Нажимидин Мусаев көпкө күткөн жок кат менен партиянын райондук комитетинин биринчи секретарына кайрылат. Анда окуу жайдын кем-өксүктөрү, техникалык керектөөлөрү айтылат. Каты кабыл алынып, курулуш материалдары жана каражаттар бөлүнөт. Бир бөлүгүн да бейчаки ишке коротпой жатакананын оңдоо иштерин жүргүздү. Полдорго жаңы килемдер салынып, кээ бир бөлмөлөр жаңыдан салынды. Ошентип окуучулардын жатар жайы кийинки окуу жылдын башталышына даяр болду.
Жаңы окуу жылы, мугалимдер арасында күбүр шыбыр:
-Директор линейкада кайсыл жатакананы айтты?- деп сурады али кабарын уга элек мугалимдердин бири.
-Көргөн жоксуңарбы, жатаканаларды укмуш оңдоп коюптур, дейт ага жооп кылып башкасы.
Дагы бирөөсү сөзгө кошулуп: иштесе болот турбайбы, акча жок деп эле жүрө бериптирбиз. Акча тапса болот экен. Аны үчүн издениш, чуркаш керек. Каерге, кимге кайрылышты билиш керек экен да, дешип жамаатта, Кызыл-Кыяда чоң сөз кетет. Баарынан да балдардын кылганы кызык болду. Жатакананын жаркырап калганын көрүшүп аң-таң калып, өзүлөрү эле ботинкелерин колдоруна кармап киришчү болот.
Кезекте ашкана маселеси турган болчу. Анын чоо-жайы да ортого чыкты. Көрсө балдардан арткан этти жана тонналаган нандарды жакын жердеги дүкөнгө өткөрүшөрүн билип алды. Түшкөн пайда жумушчулар ортосунда бөлүнөрүн да укту. Нажимидин агай өндүрүш иштери боюнча орун басарын кабинетине чакырып, ашкана ишин, тамак аштын кандай даярдаларын, каражатты кайсыл жакка коротуу керектигин мындан ары өзү чечерин билдирди. Ошентип Нажимидин агай сол капчыкка түшүп жаткан акчалардын башын бууп салат.
Нажимидин агайдын күн-түн тыным албаган эмгегинин акыбети кайтып лицейдин карамагына 100 гектар айдоо жери бөлүнөт. Бул жерге картошка, пияз, капуста, баклажан, сабиз өңдүү жашылчалар эгилип, жүзүм, алма жана башка мөмө-жемиштер өстүрүлөт. Мындан сырткары, 82 баш мүйүздүү ири мал, анын ичинде 30 саан уй жана жумушчу аттар багылат. Талаа эмгеги окуу жайдын кошумча киреше булагы гана эмес, окуучулар үчүн чыныгы турмуш сабагына айланат. Окуучулар өздөрү иштеп, малдарды карап 1984-жылдын жыйынтыгында окуу жайынын эсебине 138 миң сомдон ашык акча түшүп, ар бир окуучунун 118 сомдон салымы катары эсептелет. Эң башкысы — бул каражат туура жана максаттуу бөлүштүрүлө баштайт. Талаадан түшкөн кирешени сарамжалдуу пайдалануунун аркасында окуу жай төрт маал ысык тамак уюштурууга жетишет. Советтик доордун кыйынчылык мезгилинде окуучуларын 4 маал ысык тамак менен камсыздоо жомоктой сезилди көбүнө.
Ошентип Нажимидин агай башкарган бул окуу жай – жер менен тил табышкан, эмгекти ыйык көргөн жаштарды тарбиялаган берекенин очогуна айланды. Бул жерде билим гана эмес, маңдай тердин баркы, нан жыттанган эмгектин кадырын үйрөтүп жатышты… “Бүгүнкү күндө айыл жергеси, дегеле өлкөбүз үчүн бул кесиптер өтө маанилүү. Мен ушул берекелүү жолдун улантуучусу болгонума сыймыктанам”,- дейт окуу жайдын бир кездеги студенти Өмүрбеков.

«Сенин Олимпиадаң — Чаткалдын чөп чабыгында!»
“Айлар акты, жылдар өттү” дегендей Каравандай чакан айылдан башталган билим чыйыры, андагы ийгиликтер бүтүндөй Советтер Союзун дүңгүрөтөт деп ким ойлоптур? Күжүрмөн эмгек менен темирдей тартиптин натыйжасында, Каравандагы №8 кесиптик-техникалык окуу жайы СССРдин аймагында 75 миң окуу жайдын арасынан суурулуп чыгып, экинчи орунду ээлейт. Бул жөн гана көрсөткүч эмес, бул — Нажимидин Мусаевдин уюштуруучулук феноменинин жеңиши эле. Анын кадыр-баркы ушунчалык, атүгүл борбор шаар Фрунзеден атайын издеп келишип, чоң кызматтарга чакыргандар болуптур. Бирок, ал Каравандан кеткен эмес.
Замандаштары аны «адам таануунун устаты» катары эскеришет. «Ал киши ар бир кызматкердин ички дараметин күзгүдөй көрүп, кимдин эмнеге жөндөмдүү экенин жаңылбай тапчу»- дейт кесиптеши А. Исмаилова. Нажимидин агай жетекчи гана эмес, кол алдындагылардын муктаждыгын жүрөгү менен сезген камкор ата, ар бир адамдын тилин таба билген улуу дипломат болгон. Балдарды бир эле билимге гана сугарбастан, алардын адамгерчилиги, таалим-тарбиясына чоң көңүл бурган.
Бир жолу Кызыл-Кыядагы «Дюбек» кафесинде ичип алып, чыр салып жаткан жаш жигитке көзү түшөт. Жакын барып караса, бир топ жыл мурда өзү тарбиялап учурган окуучусу экен. Ачууга алдырган жигит агайды көрө коюп, заматта жазыла түшүп:
Саламатсызбы, агай! — деп учурашат.
Агайдын жүзү кумсарып, тике карап минтип жооп берет:
— Мен сенин агайың эмесмин.
— Агай, мени тааныган жоксузбу? — деп таң кала сурайт.
— Ооба, мен сени тааныдым. Бирок, мен сенин мугалимиң эмесмин. Анткени мен сага мындай болууну, үйрөткөн эмес элем, деген экен Нажимидин агай. Бул окуя агайдын «тарбия» деген түшүнүккө канчалык терең маани бергенин далилдейт. Ал окуучусунун ар бир терс кадамы өзүнүн кемчилигиндей сезген дешет кесиптештери.
Нажимидин агайдын жетекчилик жөндөмү менен аталык мээрими бир аркандын эки учундай бекем чырмалган. Ал өз балдарын таттуу сөз менен эмес, ак эмгек менен такшалтканын байкайбыз. Уулу Кудуреталинин эсинде атасынын: «Башкаларга үлгү бол, сени көрүп окуучулар өрнөк алышсын»,- деген сөзү өмүрлүк девизге айланган. “Башкалар, директордун баласы да талаада иштемек беле деп, таң калчу. Атам болсо бизди башкаларга караганда да көбүрөөк иштетчү. Бир жолу, Москвада жайкы олимпиада оюндары башталганы калган, атам болсо бизди алыскы Чаткалга чөп чабыкка барасыңар деди. Мен: “Ата Москвада олимпиада ачылганы турат, аны көрбөйбүзбү?”- деп жалдырасам. “Сага олимпиада Чаткалда болот” деп бир сүйлөгөн”. Мына ушундай «темирдей» тартип балдарын турмуштун бороонуна туруштук бере алган инсан катары калыптандырган.
Коомдун жүгүн артып, кимдин кандай муктаждыгы болсо сап башында жардам бергенин айылдаштары танбайт. Нажимидин агайдын демилгеси менен 20 муктаж үй-бүлөгө үйлөр салынган. Айылдык мечиттин пайдубалы куюлуп жатканда, таза суу айылга жеткенде да анын тынбай чуркаган эмгегин көп эскеришет. Агайдын өмүрлүк жары Батма апа анын жөнөкөйлүгүн өзгөчө жылуулук менен эскерген: «Таң агаргандан күн батканга чейин ал иш үстүндө жүрчү. Чөнтөгүнө курут менен конфет салып алып, жөө үйүнө кайтып келе жатып, алдынан чыккан балдарга таратып бермей адаты бар эле.”
Кесиптик билим берүүнүн устаты Нажимидин Мусаев «Билим берүүнүн отличниги” наамына арзып, “Октябрь революциясы”, “Ардак белгиси” ордендери, ж.б. медалдар менен сыйланган. Бүгүнкү күндө Нажимидин агай менен Батма апанын беш уулу, үч кызы ата жолун татыктуу улап, эл кызматында. Өмүрүн билимге арнаган агартуучунун ысмы өзү негиздеген лицейге берилип, кызы Махабат Мусаева атасынын билим чырагын өчүрбөй жагып келет.
Хафиза Сыдыкова,
Ноокат району
Комментарийлер