ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА КРЕАТИВЧИЛЕР ЭКИНЧИ ЖОЛУ БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

  • 12.11.2024
  • 0

Түркиянын Анталья шаарында өткөн XVI Эл аралык Олимпиадага барган “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин 36 окуучусу мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, жалпысынан 56 медаль утуп, онго чукул биринчи жана экинчи даражадагы дипломдорго ээ болуп, Гран-прини жеңип алышты.

ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА КРЕАТИВЧИЛЕР ЭКИНЧИ ЖОЛУ БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

Мыкты команда

Олимпиаданын катышуучулары бул жылы 12 предмет боюнча күч сынашты. Ошондой эле сынактын спорт, сүрөт тартуу, улуттук өнөр көрсөтүү ж.б. түрлөрүнө да окуучулар активдүү катышып, жалпы командалык эсеп менен быйыл дагы Баш байгени жеңип,  Түркияга эс алууга жолдомо утуп алышты. Эсиңерге сала кетсек, өткөн жылкы сынакта да ушул мектептин 20 окуучусу катышып, он алтысы  1-, 2-, 3-орундарды камсыз кылышкан. Анда дагы баш байгени багындырып, Кыргызстандын желегин бийик желбиретип, даңкын чыгарышкан.

Жыл сайын бул интеллектуалдык сынакка ондон ашык мамлекетен келген окуучулар жана студенттер сынактын бардык түрлөрүнөн таймашат.

ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА КРЕАТИВЧИЛЕР ЭКИНЧИ ЖОЛУ БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

Бул Эл аралык билим олимпиадасы таланттуу, жөндөмдүү окуучуларды бир аянтчага чогултуп, анда ар бир катышуучу жаңы билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнө терең сүңгүп, татаал маселелерди чечүүгө жана дүйнө жүзүндөгү эң мыктымын деген акылдуулар менен атаандашууга мүмкүнчүлүк алат. Мындай иш-чаралар окуучуларга лидерлик сапаттарды өрчүтүүгө, топ ичинде иштешүүнү үйрөнүүгө жана көйгөйлөрдү чечүүдө жаңыча ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүүгө шарт түзөт. Бул сыяктуу сынактар балдардын ар бирине өз потенциалын ачууга жана жаңы бийиктиктерди багынтууга жол көрсөтөт. Эл аралык олимпиадаларга катышып, ийгиликке жетишкен жаштар мекенибиздин келечектеги лидерлери, жаңычыл илимпоздору жана чыгармачыл инсандары болуп өсүп жетилери шексиз.

Олимпиада мультипредметтик болгондуктан, катышуучулар өздөрү каалаган предметтердин түрлөрүн тандаганга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлүп, ар бир окуучуга жеткиликтүү жана кызыктуу болгонун балдар менен чогуу барган мугалимдер айтышты.

ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА КРЕАТИВЧИЛЕР ЭКИНЧИ ЖОЛУ БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА КРЕАТИВЧИЛЕР ЭКИНЧИ ЖОЛУ БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

Былтыркы эл аралык олимпиадада аталган мектептин окуучулары мыкты ийгиликтерге жетип, Гран-прини жеңип алганын дагы бир жолу белгилеп кетсек ашыкча болбойт. Анткени олимпиаданын ачылыш аземинде алардын жеңиши өзгөчө белгиленип, сахнага чыгып, таланттарын дагы бир жолу көрүүчүлөргө тартуулашты.

ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА КРЕАТИВЧИЛЕР ЭКИНЧИ ЖОЛУ БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

Белгилей кетчү жагдай, ар бир предмет боюнча ээленген орундардын эсеби чыгарылып, жыйынтыгында алдыга оозуп чыккандарга командалык орундар берилет. “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин окуучулары жалпы 56 медаль утуп, бир мектептин гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн намысын коргоп, эң мыкты команда наамын алышты. Ал эми география, тарых, биология, түрк тили, химия предметтеринен командалык 1-орун, физикадан 3-орунга ээ болушту. Мындан тышкары спорттук оюндарга активдүү катышып, байгелүү орундарды ээлегендиги үчүн 1-орун берилди. Тагыраагы, кум жээгиндеги футбол, суу оюндары, сууга сүзүү  боюнча да алдыларына эч кимди чыгарышкан жок. Таланттуу окуучулар көркөм гимнастикадан, комузда кол ойнотуудан, көркөм окуудан, пианинодо классикалык музыкаларды тартуулоодо, тал чыбыктай ийилген кыздардын бийлеген улуттук бийлери калыстар тобунун купулуна толуп, 1-2-орундарды ээлешти. Ал эми “Эл достугу” сынагында окуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА КРЕАТИВЧИЛЕР ЭКИНЧИ ЖОЛУ БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

Алдыңкы орунду бербей келаткандын сыры эмнеде?

Эмне үчүн сынактын ар бир түрүндө мектеп окуучулары алдыңкы орунга жетишкен деген суроо берилбей койбойт. Анткени биринчи жылы ушул олимпиадага катышып, жогорку деңгээлди көрсөткөндө калыстар тобу “бир мектептен ушундай күчтүү команда чыкпайт, Бишкектин күчтүү мектептеринен чогултуп келишкен окшойт” дешиптир. Бирок чындыгын билгенде, өтө таң калышкан экен.

ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА КРЕАТИВЧИЛЕР ЭКИНЧИ ЖОЛУ БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

Быйылкы жеңиш өткөндөн үч эсе жогору болгону бир эле мектеп жамаатын эмес, жалпы журтчулукту, ата-энелерди кубантты. Мектепте комуз, шахмат, арт-студия сабак катары окутулат. Бий, таэквондо, дзюдо ж.б.у.с. бир топ ийримдер иштейт. Күнүгө сабак башталганча мугалимдер, окуучулар дене көнүгүүлөрүн жасашат. Бул дагы командалык духка өзгөчө таасир берип келет. Аталган мектепте улуттук баалуулуктарга да өзгөчө басым жасалат. Ошол эле кезде турмушка даярдоо көндүмдөрүн бала бакчадан башташат. Атына жараша заты демекчи, бул мектепте окуучулардын бардык жактан өнүгүп-өсүшүнө, заман менен арымдаш болуу үчүн шарттар түзүлгөн. Маселен, табигый предметтерди окутууда атайын лаборатория иштейт. Немис тилин окутуу боюнча борбор бар. Мына ушундай улуттук заманбап мектептин моделин ишке ашырган тажрыйбалуу, дасыккан адис, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими», КР Даңк медалынын ээси Гүлнара Дайырбекованын талыкпаган эмгегинин үзүрү десек ашыкча болбостур.  Гүлнара Мелисовна өзүнүн тажрыйбасын катып жатып албай, жалпы республикага жайылтып келатат.

Заманбап жетекчи

Гүлнара Дайырбекова — мыкты мотиватор. Жамааттын алдыда жүргөнүнүн сыры — мектептеги башкы фигура  болгон мугалимдердин эмгегин жетекчи дайыма баалап турат. Мыкты мугалимдерди  сынактын жыйынтыгы, берген билимдин көрсөткүчү боюнча чет өлкөлөргө, жакынкы кошуна мамлекеттерге, Бишкектеги эс алуу жайларга жолдомо берип, мындан да мыкты иштегенге шыктандырып келгенин кантип айтпай коёбуз. Бул деген жетекчинин бизнеске эмес, өлкөнүн келечегинин өнүгүп-өсүшүнө өзгөчө басым жасаарын белгилеп кетким келет. Эң башкысы, жетекчинин адамгерчилик сапатынын жогору турганы дайыма жамаатты алдыга сүрөйт. Дайыма ал жамааты менен бирге жүрөт.

ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА КРЕАТИВЧИЛЕР ЭКИНЧИ ЖОЛУ БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

“Креатив-Таалим” ББКнын негизделгенине быйыл сегиз жылдын жүзү болот. Мектеп ачылгандан баштап жетекчи башында туруп, педагогикалык жамаат олимпиадага даярданып,  жетинчи жыл болгондо, т.а. өткөн жылы  билимди жана тарбияны кошкон сынакка катышууну туура деп чечишкен.

Мектептин негиздөөчүсү Г.Дайырбекованын айтымында,  “Кыргыз тилинде билим алып, улуттук маданиятын билген, дүйнөлүк деңгээлде атаандаша ала турган, өз алдынча ой жүгүртүүгө жана чечим кабыл алууга жөндөмдүү инсандарды тарбиялоо» — «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин негизги миссиясы.   Ага ылайык бул олимпиадага жөнөтөөрдөн мурда алгач бир нече этаптар менен даярдык көрүшкөн. Алсак, олимпиадага баруучу окуучуларды тандоо максатында атайын тапшырмаларды түзүп мектеп ичинде олимпиада өткөрүлгөн; олимпиадага барууга сунуш кылынган окуучулардын ата-энелери менен чогулуш өткөрүлүп, ага баруу максаттары, анын шарттары тааныштырылган; мугалимдердин арасынан олимпиадага баруучу окуучулар менен иштей турган атайын топ иштеген; предметтик олимпиададан сырткары да болуучу иш-чараларга ылайык даярдыктар көрүлгөн, башкача айтканда улуттук аспаптар менен аткарылуучу чыгармалар, бийлер, видеолор, иш-чарада кийип чыгуучу кийимдери  даярдалган; атайын оратордук чеберчилик боюнча тренер чакырылып, окуучулар курстан өтүшкөн.

—   Олимпиаданын жыйынтыгы ийгиликтүү болгонуна дагы бир себеп — окуучулар арасында “Билим сереси” аттуу  интеллектуалдык таймаштын жыл ичинде системалуу өтүлүп, билими терең окуучуларга мотивация болгонунда десе да болот. Анткени олимпиадада жеңишке жетишкендердин көпчүлүгү ошол таймаштан жеңгендер экенин белгилей кетсе болот. Бул жеңиш Кыргызстандагы окутуу кыргыз тилиндеги мектепте окуп жаткан балдарга мотивация болот деп ишенебиз. Англис тилдүү мектептер катышкан эл аралык дүйнөлүк олимпиадада биздин балдар англис тилинен 2-3-орундарды ээлегендиги бизди кубандырды. Демек, кыргыз тилинде билим алып жаткан балдар орус жана англис тилдеринде окугандар менен тең тайлаша тургандарын тастыкташты, — дейт окуу жайдын негиздөөчүсү Гүлнара Дайырбекова.

Аталган мектепте командалык дух абдан күчтүү. Эл алдында сүйлөөгө, өзүн алып жүрүүгө, оюн айта алууга, башкалар менен мамиле түзүүгө “Билим фестивалы”, “Билимдер жомоктор дүйнөсүндөгү” өткөн иш-чаралардын пайдасы тийип жатканы көрүнүп турат.

Демек, окутуу кыргыз тилиндеги мектепте бир эле предметтерге эмес, окуучунун ар тараптуу билим, тарбия алышына өзгөчө маани бургандыгынын далили десек болот. Анткени олимпиадага катышкан ар бир окуучу предметтен сырткары спорт оюндарына дагы, каада-салтты көрсөтүүдө, тамак-ашты жасоодо камчы салдырбай аткаргандары катышуучулардын, калыстар тобунун сүймөнчүлүгүнө арзышты.

Кыргызстандын намысын бийик көтөргөн мыктыларга, аларды даярдаган мугалимдерге, ийгиликтерди жаратканга бардык шарттарды түзүп берген окуу жайдын жетекчилерине алкыш!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер