ЭЛ АРАЛЫК ДИПЛОМАТИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТКАН КӨП КЫРДУУ АДАШ ТОКТОСУНОВА 75 ЖАШТА

  • 03.12.2025
  • 0

Саясий илимдеринин доктору, философия илимдеринин кандидаты, белгилүү коомдук ишмер Адаш Токтосунова 75 жаш юбилейин өзгөчө форматта, т.а. анын демилгеси менен уюштурулган илимий-практикалык конференция БУУнун 80 жылдыгына арналды. Ушундай нукта өткөргөн юбилярдын иш-чарасы башкаларга өрнөк болду. Анда сөз башынан болсун.

ЭЛ АРАЛЫК ДИПЛОМАТИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТКАН КӨП КЫРДУУ АДАШ ТОКТОСУНОВА 75 ЖАШТА

Бактылуу балалык

Кыргызда жакшы кеп бар эмеспи, “Бешиктеги баланы бек болоорун ким билет” дегендей, биздин каарманыбыз кичинекей кезинен эле өтө идиректүү, сезимтал кыз болуп чоңойгон.  Мектепте окуп жүргөндө дагы  мыкты окуган окуучулардын катарында болгонун бир туугандары айтышат. Окуучу кезинде эле алдына чоң-чоң максаттарды кое билген. Өзүнүн балалык кезин ал бактылуу убакытка теңеп, эч нерседен кем болбой чоңойгонун мындай эскерет.

— Эстеп көрсөм эң бактылуу убакыт менин кичинекей кезимдеги учур экен. Ал мезгилди менин замандаштарым жаман жагын көп айтышат.  А мен бактылуу болчумун. Ата-энем  тогуз балалуу болушкан. Удаа-удаа жалаң кыздар төрөлгөндө, ырымдашып менин атымды Адаш деп коюшкан. Чынында эле менден кийин үч баатыр төрөлдү. Папам чоң кызматтарда иштеди. И.Раззаковдун учурунда, т.а. 1951-жылы папамды эң биринчи Нарын шаарынын 1-секретары кызматына жөнөтүшкөн, — дейт Адаш Искендеровна.

Чоң атасынын таасири

Адаш Токтосунованын айтуусуна караганда, анын чоң атасы өтө билимдүү адам болуптур. Медреселерде, Казань шаарындагы ислам университетинде билим алгандардан окуп, үйрөнүп, жашоо-турмуштун ысык-суугуна күйгөн адам экенин дайыма эсинен чыгарбайт. Ал фарс, араб, түрк, өзбек, кыргыз, орус тилдеринде жакшы  сүйлөчү экен. Себеби чоң атасы жер кыдырып, ар кайсы жерде окуп, билим алган. Ошондуктан Адаш эже чоң атасынын таасиринде чоңоюптур.

ЭЛ АРАЛЫК ДИПЛОМАТИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТКАН КӨП КЫРДУУ АДАШ ТОКТОСУНОВА 75 ЖАШТА

— Атама абдан таң калат элем. Баарыбызга мектепке кийчү форманы өзү тигип берчү. Бардык тамак-аштарды жасачу. Тогуз бир тууганды тең окутту. Баарыбыз жогорку билимдүүбүз. Мамам чоң атамдан көп нерсени үйрөнгөн. Атам куранды жакшы билчү. Бир орус досум айтып калат, “сенин чоң атаң суфий болчу” деп. Исламда суфийлер материалдык байлыкка кызыкпай, элге билим тараткандар болгон. Советтер Союзу учурунда Компартия исламды да, христианды да кабыл алган эмес. Баарыбыз атеист элек. Чоң атам 6-7 китеп жазып, аны катып койгон: “Муну бирөө тапса, уулум жумуштан түшөт” деп, — эскерет Адаш эже.

Илимпоз, саясатчы, коомдук ишмер

Жаштайынан илимге кызыккан Адаш эже өз күчү менен жогорку окуу жайга өтүп, болгондо дагы француз тили факультетинде окуп, аны ийгиликтүү аяктагандан кийин бир катар жооптуу кызматтарды аркалап, андан кийин илимдин аркасынан түшүп, Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасына тапшырып, аны дагы ийгиликтүү бүтүрөт.

ЭЛ АРАЛЫК ДИПЛОМАТИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТКАН КӨП КЫРДУУ АДАШ ТОКТОСУНОВА 75 ЖАШТА

— Москва мамлекеттик университетинин философия факультетине өткөнүмө өзүм таң берем. Кол жеткис окуу жайга кантип барганыма азыркыга чейин таң калам. Аны бүтүп, философия илимдеринин кандидаттыгын жактагандан кийин кайра  үйгө келдим. Ал учурда эки балалуу болдук. Жолдошум аскер кызматындагы адам болгондуктан кайсы жакка жөнөтсө ошол жакка кетмей эле. Мен Москвадан келгенден кийин жолдошумду Нарынга чоң кызматка жөнөтүштү. Мен “Нарынга барбайм, себеби докторлук ишти жазышым керек” дедим. Нарында жогорку окуу жай жок болсо, алган билимим өлөт, болгону мектепте мугалим болуп калам деген өжөрлүгүмдү жолдошумдун жетекчиси угуп, Ошко которушту.  Ошентип, Оштогу политехникалык институттун филиалында иштеп калдым. Окутуучулук кесип мага абдан жакты, — дейт биздин каарманыбыз.

Кыргыз Республикасынын эл акыны Менди Мамазаированын айтуусунда,  Адаш Искендеровна кыргыз кыз-келиндеринин арасынан илимпоз, саясатчы, аял, адам катары дагы аябай баалаган инсан болуп эсептелет.

— Гениалдуу адамдар өтө жөнөкөй болушат. Адаш Токтосунова жөнөкөй, ар бир адамга өзүнө жараша мамиле кыла билген, эмгекчил, чынчыл, акыйкатчыл, бирөөнүн эмгегин жебеген мыкты инсан. Көп иштерди жасады. “Маданияттар диалогу” деген коомду негиздеген. Ушул коом аркылуу Кыргызстандын маданиятын, ата-бабадан калган маданий мурастарды элге жеткирүүдө көп иш аткарды. Конференцияларды, фестивалдарды уюштурду. 41 жашында ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы бөлүмүнө дайындалып, аны он жылдан ашык жетектеди.  Ошол кездерде ал Кыргызстанды эл аралык деңгээлге чыгарып, саясий жагынан дагы бекемдөөгө чоң иштерди аткарды. А.Токтосуновадай ал жерде эч ким иштеген жок. Акыркы кездерде Ысык-Көлдөгү Чоң-Сары-Ой деген жерде жайгашкан эс алуу  үйүндө белгилүү окумуштууларды, экологдорду чогултуп жергиликтүү элге табиятка аяр мамиле жасоо боюнча семинарларды, мастер-класстарды уюштуруп келет. Анын жазган “Табият сырлары” китеби жарыкка чыкты, — дейт акын эже.

Нукура интеллигент

Замандаштарынын, аны менен бирге иштегендердин пикиринде, Адаш Искендеровна башынан бир топ кыйынчылыктарды өткөргөн. Ошого карабастан, ооруну да жеңип, балдарды дагы тарбиялап өстүрүп, окутуп, ар биринин ордун таап берген, иш билги, өжөр, камкор эне,  он неберенин мээримдүү чоң апасы.

ЭЛ АРАЛЫК ДИПЛОМАТИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТКАН КӨП КЫРДУУ АДАШ ТОКТОСУНОВА 75 ЖАШТА

— Нагыз кыргыз интеллигенциясынын, илимдин, билимдин өкүлү. Эл аралык алкакта да ал жигердүү, эске калаарлык, керек болсо кыргыз элинин тарыхында каларлык эмгектерди өтөдү. “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995-жылы “Манас жылы” деп жарыялаганга кам көргөн бирден бир Адаш Искендеровна болгон, — дейт белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиев.

ЮНЕСКОго арналган он жыл

ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы болгонго чейин эле ал бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалап келди. Бирок абройлуу уюмда алгылыктуу иштерди аткарды. Өзүнүн айтуусу боюнча, ЮНЕСКОдо күнү-түнү иштеген.

ЭЛ АРАЛЫК ДИПЛОМАТИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТКАН КӨП КЫРДУУ АДАШ ТОКТОСУНОВА 75 ЖАШТА

— Бул киши педагог, филолог катары эмес, коомдук ишмер, эл аралык иштерге катышкан адис катары белгилүү болуп, таанымал болуп калды. 1990-жылдары Парижге барып, ЮНЕСКОнун бир окуу жайларында стажировка өтүп, окуп келип, өзүнүн профессионалдык деңгээлин өтө жогору көтөргөнгө мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып кетти. Жыйынтыгы 1990-жылдардан 2006-жылга чейин ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы секретариатын жетектеп келди. Француз тилинде эркин сүйлөйт. Көп кырдуу адам, — дейт коомдук ишмер Токон Мамытов.

Чыңгыз Айтматов жана форум

Замандаштарынын пикиринде, Адаш Токтосунова коомдук ишмер катары дагы кезегинде кыргыздын атактуу уулу Ч.Айтматов менен бирдикте дүйнө жүзүндөгү менмен деген окумуштуулардын башын бириктирген форум, андан соң Ысык-Көл форумун өткөрүүдө зор эмгек өтөгөн. Анын уюштуруучулук касиетинин күчтүүлүгү, терең билими, кесипкөй адис катары  эл аралык маданияттын Кыргызстандын маданий турмушуна чоң таасирин тийгизерин билип, чоң алкышка татыктуу болгону коомчулукта айтылып келет.

Адаш Токтосунова планетардык масштабдагы Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун колдоосу менен эл аралык деңгээлдеги “Борбор Азиядагы дүйнөлүк маданият” аталышындагы журнал чыгарган. Анда  каада-салтты жана маданияттык байланыштарды тереңдетүүгө зор кызмат өтөдү. Журналга дүйнө жүзүндөгү бардык окумуштуулар материалдарын жөнөтүп турушкан.

Илимпоздун 60тан ашык публикациялары чыккан, ошондой эле  этномаданиятка, динге байланышкан бир катар илимий китептерди да жазган.

ЭЛ АРАЛЫК ДИПЛОМАТИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТКАН КӨП КЫРДУУ АДАШ ТОКТОСУНОВА 75 ЖАШТА

Адаш Искендерова эл аралык дипломатияда Кыргызстандын, кыргыз элинин маданиятынын жүзүн таанытууга  абдан көп аракеттерди жасаганын, саясат таануучу катары дагы бир топ илимий эмгектери бар экенин, жазган монографиясында Кыргызстандын маданиятын дүйнө коомчулугуна жакшы жагынан өрнөктүү иштерди жасап, аны таанытууга аракет жасаганын КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев баса белгиледи.

—  Жаратылышка өзгөчө маани берет. Аяр, жуурулушкан мамилени кантип кайтарып келебиз деп  лагерлерди уюштуруп, тиешелүү билимдерди кызыктуу мастер-класстарды уюштуруп келет. Иш билги, өжөрлүк сапаттары менен, эксперттик көз караштары менен, мамиле түзүүдө, максаттарды белгилегенде чоң устат мугалим болуп берди. Идеянын негизинде жүргөн адам.  Таштанды басып калган жерди алып, аны гүл бакка айландырып салган. Анын замандаштары ар бир жасаган ишине тамшануу менен айтып келишет, — дейт төрага.

Ошентип каарманыбыз  Союз кезинде илимден өз жолуп тапса, эгемендүүлүк жылдарда Кыргызстандын тышкы байланышын чыңдоодо опол тоодой  салымын кошту. Илимде да ийгиликке жетишти. Бүгүнкү күндө ал тарбиялап өстүргөн  шакирттери анын ишин улантып келе жатат.

Кутман курагыңыз кут болсун, Адаш Искендеровна! Көп жашаңыз!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер