«ЭЛ АГАРТУУДА» МАЗМУНДУК ӨСҮШ
- 26.12.2025
- 0
Өтүп бара жаткан жыл «Эл агартуу» илимий-педагогикалык журналы үчүн маанилүү окуяларга бай болду. Журнал эл аралык илимий мейкиндиктеги аброюн бекемдеп, мазмундук жактан өсүүгө жетишсе, ошол эле учурда орду толгус жоготууга да учурады.
АТАЙЫН ЧЫГАРЫЛЫШТАР
«Эл агартуу» журналы эки айда бир жолу жарык көрөт. Өтүп бара жаткан жылы журналдын негизги сандары менен бирге эки атайын чыгарылышы басылып чыкты. Журналдын №2-3 саны Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, профессор Каратай Сартбаевдин окууларына арналган «Заманбап билим берүүдө санариптик технологияларды колдонуунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары менен чыгарылды. Бул санда педагогика, филология жана башка тармактар боюнча кыркка жакын окумуштуу-илимпоздун макалалары жарык көрдү.
Ал эми №5-6 саны Агартуу министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун 80 жылдыгына арналган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу – таалим-тарбияда» аттуу илимий-практикалык симпозиумдун материалдарына топтолду. Бул чыгарылышта заманбап билим берүүнүн талаптарына шайкеш келген элүүдөн ашуун илимий-методикалык макала орун алды.
Журналда мындан сырткары сабакты окутуунун заманбап усулдарынан тартып, фундаменталдык илимий изилдөөлөргө чейинки ар кыл багыттагы материалдар жарыяланат. Бул макалалар педагогдордун күнүмдүк ишинде пайдаланууга ылайыктуу, практикалык мааниси жогору эмгек катары окурмандардын кызыгуусун арттырууда.
АГАРТУУНУН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ
Кыргызстандын билим берүү мейкиндигинде «Эл агартуу» журналы өзгөчө орду, терең мазмуну жана туруктуу салты менен айырмаланган абройлуу басылма катары таанылып келет. Ал мугалимдер, окумуштуулар, методисттер жана билим берүү тармагындагы адистер үчүн ишенимдүү өнөктөш, тажрыйба алмашуунун жана илимий ой жүгүртүүнүн аянтчасы болуп саналат.

Журнал илим менен практиканы айкалыштырып, улуттук баалуулуктарды, эне тилди, тарбиянын руханий-нравалык негиздерин да өзөгүнө айландырып келет. Кыргыз агартуу салты, залкар педагогдордун мурасы заманбап көз карашта талданып, окурманга сунушталууда.
ЭЛ АРАЛЫК РЕЙТИНГДЕГИ ОЛУТТУУ ӨСҮШ
Россиялык РИНЦ платформасы тарабынан чыгарылган илимий журналдардын 2024-жылдагы көрсөткүчүндө “Эл агартуу” журналынын эки жылдык импакт-фактору 0,196га көтөрүлүп, беш жылдык көрсөткүчү 0,086 түздү. Учурда журналдын РИНЦтеги жалпы баллы — 8. Республикада чыгып жаткан 58 илимий журналдын ичинен импакт-фактор боюнча 18-орунга көтөрүлдү. Бул соңку эки жылда редакция тарабынан журналдын деңгээлин жогорулатууга багытталган системалуу иштин натыйжасы болуп эсептелет.
МЫКТЫ АВТОРЛОР
Журнал менен жыл бою байланышын үзбөй, илимий, методикалык жана педагогикалык багыттагы актуалдуу макалаларды жазып, биз менен кызматташып турган авторлорубуздун ысымдарын сыймык менен атайбыз. Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Уланбек Мамбетакунов биздин мыкты автор гана эмес, журналдын мазмундук жактан өсүшүнө өз салымын кошуп келе жаткан өнөктөшүбүз дагы. Уланбек Эсенбековичтин демилгеси менен келе жаткан жылы журналдын экинчи саны мектепке чейинки билим берүүгө арналат. Учурда илимий макалалар топтолууда. Бардык каалоочулардан илимий изилдөөлөрдү күтөбүз.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору С.Сакиева дагы биздин активдүү авторлордун катарын толуктайт. Анын А.Орозбаева менен бирге жазган “Каратай Сартбаевдин илимий-методикалык эмгектеринин табияты” жана “Грамматиканы окутуу: жетишкендиктер жана көйгөйлөр” аттуу макалалары филолог илимпоздор үчүн чоң табылга болуп бере алды.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучу Элнура Алекова дагы бир канча жылдан бери бизден кол үзбөй кызматташып келе жаткан автор. Анын “5Е модели: англис тили сабагында жана башка предметтерде натыйжалуу колдонуу жолдору” аттуу макаласы мектеп мугалимдери үчүн мыкты жол көрсөткүч болду.
Дене тарбия жана спорт академиясынын, Кыргыз-Орус Славян университетинин жана КУУнун окутуучулары Н.Бектурганова, И.Светова, А.Джаманбаева дагы дене тарбия мугалимдеринин кесиптик ишмердүүлүгүндө кезиккен негизги кыйынчылыктар тууралуу жазган макалалары менен быйылкы жылдын активдүү авторлорунун катарын толукташты.
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун кызматкерлери А.Жаркумбаева менен А.Жумаеванын “Санарип доордо ата-энелик нейропсихологиянын трансформациялык мааниси”, А.Жумаеванын «12 жылдык билим берүүдө компьютердик сабаттуулукту калыптандырууда GOOGLE FORM жана SOCRATIVE тиркемелеринин актуалдуулугу», Нургүл Тайыр кызынын “Медиадидактикалык каражаттар менен жасалма интеллектти билим берүү процессинде пайдалануу”, педагогика илимдеринин доктору Т.Сияев жана КББАнын илимий кызматкери Т.Базаркуловдун “5Е үлгүсү менен окутуунун методологиялык негиздери” аттуу макалалары бүгүнкү күндөгү билим берүүнү трансформациялоонун чордонунда турган темаларга арналган.
ОРДУ ТОЛГУС ЖОГОТУУ

Тилекке каршы, өтүп бара жаткан жылы «Эл агартуу» журналы чоң жоготууга учурады. Журналдын мурдагы башкы редактору, белгилүү журналист, педагог-методист Чолпонбек Тайтелиев узак оорудан кийин 2025-жылдын 1-декабрында, 50 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Чолпонбек Абдырахманович 1997-жылдан тартып «Эл агартуу» журналында иштеп келген. Ал 26 жыл бою журналда үзүрлүү эмгектенип, анын ичинен 11 жыл башкы редактор катары иштеп, басылманын мазмундук сапатын жогорулатууга зор салым кошту.
Ал билим берүү тармагынын көйгөйлөрүн, окутуунун жаңы багыттарын чагылдырууда жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүп, педагогикалык журналистиканын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири болду. «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисинин жана бир катар Ардак грамоталардын ээси болгон.
Чолпонбек Тайтелиевдин жаркын элеси, кесипкөйлүгү жана адамдык асылдыгы агартуучулар коомчулугунун эсинде түбөлүк сакталат.
“Эл агартуунун” кутун арттырып, арышын кеңейткенге ортоктош болгон кесиптештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз жана башка авторлорду да кызматташууга чакырабыз.
Чолпон Кийизбаева, “Эл агартуу” журналынын башкы редактору
Комментарийлер