ЭКРАНГА КӨЗ КАРАНДЫЛЫКТЫ АНЫКТОО ҮЧҮН КОЛДОНУЛУУЧУ ЭКСПРЕСС ТЕСТ

  • 22.03.2024
  • 0

Учурдагы жаңы “оору” – күн сайын экранга көз карандылык жалпы пандемияга окшойт. Сиздин балдарыңыз же өзүңүз “Экранга көз каранды” болууга канчалык жакынсыз? Экранга көз карандылыкты аныктоо үчүн экспрес-тестирлөөдөн өтүү керек.

ЭКРАНГА КӨЗ КАРАНДЫЛЫКТЫ АНЫКТОО ҮЧҮН КОЛДОНУЛУУЧУ ЭКСПРЕСС ТЕСТ

А. “Экранга көз карандылыкты аныктоого арналган чакан тест”

    Жооп: “ооба” же “жок”.

Электрондук система – уйкуга чейин сиздин соңку жана ойгонгондогу биринчи шеригиңиз.

Электрондук системаны өчүргөндө, сиз өзүңүздү жалгыз калгандай сезип, тынчсызданган абалга келесиз.

Кайсы жерде болбосоңуз да, сиз интернетке кошулууну ар дайым уланта бересиз.

Сиз автоматтык түрдө сүйлөмдүн аягында “түрдүү быйтыкча белгилерди (смайликтерди)” тересиз.

Сиз күнүнө жок дегенде беш чатта активдүү болосуз (сүйлөйсүз, жазасыз, бөлүшөсүз).

Сиздин күнүмдүк жаңы маалыматтарды салып турган жеке блогуңуз бар.

Сиз түндө ойгонгон кезде социалдык желедеги ленталардагы жазууларды текшересиз.

Интернетте көп убакыт өткөрүүдөн жумушуңуз же машыгуу убактысы зыян тартабы?

Интернетсиз жашоо ичиңизди бышырып, бош же кызыксыз болорун сезүү сизде ар дайым болобу?

Тест натыйжалары:

“Ооба” жообу сегизден көп болсо – электрондук системаны чектен ашыкча пайдалануунун таасирлеринен сиз белгилүү бир проблемаларга туш болосуз. Электрондук сиситемаларды чектен тышкары пайдалануунун сиздин жашооңузга канчалык зыяндуу жана терс таасир этерин түшүнүүңүз керек. Аны бир аз убакытка таштоого тырышыңыз жана сиз желеде “жоголуп кетпей” маселелерди чечиңиз.

“Жок” жообу сегизден көп болсо – электрондук системага көз карандылык тууралуу кабатырланууга негиз жок. Бирок туш келген жагдайда, интернеттин сиздин жашооңузга таасирин күзөтүңүз жана ага көп убакыт жумшоого тырышпаңыз.

Окутуу менен тарбиялоонун салттуу жана инновациялык усулдары менен ыкмаларынын ыңгайлуу катышын камсыз кылуу кажет, балдардын ата-эне менен байланышын арттыруу, окуучунун активдүү, өзүн-өзү таануучулук жеке инсандыгын тарбиялоого багытталган билим алуучу менен окутуучу жеке маалыматтык коопсуздукту уюштура алат.

В. Экспресс тест

“Киберкоммуникативдүү көз карандылыкка арналган суроо-жооп”, Facebookдагы көз карандуулукка арналган тестти Доктор Сесил Шу Андреассен жасаган (Норвегия). Тест тапшырмасынын мааниси: Киберкоммуникативдүү көз карандылык деңгээлинин диагностикасы.

Баалануу сапаты: Киберкоммуникативдүү көз карандылык.

Жаш өзгөчөлүк категориясы: 10+

Нускама: Ар бир суроого эң ыңгайлуу деген жоопту тандаңыз. Ачык, ары так жооп берүүгө тырышыңыз.

Жооп түрлөрү: “ар дайым”; “өтө көп”, “көп”; “кээде”; “өтө сейрек”.

Суроолор:

  1. Сиз күнүнө эки сааттан ашык үзгүлтүксүз “онлайн” режимде жүрүүнү канча жолу кайталайсыз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Социалдык желени пайдалангыңыз келерин канчалык көп сезесиз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Социалдык желе тууралуу ойлоого жана андагы кыймыл-аракет планын жасоого канча убакыт жумшайсыз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Жеке маселелерден оолак болуу үчүн социалдык желени канчалык көп пайдаланасыз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Сиз баракчаны канчалык көп жаңыртып турасыз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Эгер сиз социалдык желедеги “баракчага” кире албай турган болсоңуз, сиз өзүңүздү канчалык ыңгайсыз сезесиз жана ачууланасыз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Баракчадагы окуяларга кайсы жерде орун алганына карабай байкоо жасоо муктаждыгын канчалык сезесиз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Сиз “достор” тизмесине бейтааныш адамдарды канчалык көп кошосуз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Бирөө сизди социалдык желеден алыстата турган болсо, канча жолу кыйкырып, каршылык билдиресиз же ачууланасыз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Компьютерде отурбасаңыз да сиз “спс” же “пжл” сыяктуу кыскартылган сөздөрдү көп колдоносузбу?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Социалдык желелердин альбомуна фотосүрөттөрдү канчалык көп кошуу керек деп ойлойсуз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Социалдык желедеги жаңыртууларды телефонуңуздан канчалык көп текшересиз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Сиз бардык социалдык желелерден жаңылыктарды канчалык көп аласыз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Социалдык желеде өткөрүлгөн түндөн кийин жумуштан (мектептен) канчалык көп каласыз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Социалдык желелерге көп кирүү сиздин маанайыңызды жакшыртат.
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Досторуңуз менен социалдык желедеги жаңылыктарды канчалык көп талкуулайсыз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Социалдык желеде өткөргөн убактыңызды канчалык азайтууга тырышасыз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Желедеги социалдык макамды канчалык көп өзгөртөсүз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Сиздин сүйүктүү желеңиздин жумуш жасабоосуна байланыштуу сиз канчалык көп зыян тартасыз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

  1. Сиз “Ооба! Туура!” деп, кийинки кабарлама менен макул болуп отуруп, башыңызды ийесиз?
Ар дайымӨтө көпКөпКээдеӨтө сейрек
54321

 

Суроолордун ачкычы:

Жооптор беш баллдык шкала боюнча берилет: “ар дайым” – 5 упай; “өтө көп” – 4 упай; “көп” – 3 упай; “кээде” – 2 упай; “өтө сейрек” – 1 упай. Упайдын максималдуу жыйынтыгы 100.

 

Суроолордун жоопторунун интерпретациясы.

“0-49 упай” – Киберкоммуникативдүү көз карандылыктын төмөн деңгээли;

“50-79 упай” – Киберкоммуникативдүү көз карандылыктын орточо деңгээли, социалдык желелер сиздин жашооңузга таасир этет жана кээ бир проблемаларды жаратат.

“80-100 упай” – Киберкоммуникативдүү көз карандылыктын жогору деңгээли, социалдык желелерди пайдалануу сиздин жашооңузда маанилүү проблемаларды жаратат.

Даярдаган:

Кыялбек АКМАТОВ,

педагогика илимдерини доктору,

“Кыргызстан Маариф” коомдук фондунун

директорунун академиялык

маселелер боюнча орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер