Ээнооз дезинформаторго жооп

  • 06.03.2026
  • 0

Фейсбукта ээнооз, ээнбаш авторлор билим берүү тармагында жүрүп жаткан заманбап жаңылануу процессин жокко чыгарып, Агартуу министрлигин негизсиз каралаган жалган маалыматтарды таратууда. Бир эле мисал, Жумагүл Садирова деген автор бир бүдүр далил келтирбей туруп, “эки күндүн биринде онлайн, суу жок, ремонт”, “Баламды бакчага, мектепке киргизейин десем орун жок”, * Сабактар балдарга түшүнүксүз, китеп жетишпейт”, “ким контролдойт, балдар кандай тамак жеп жатышат?!”, «тааныш болбосо,  кезек келбейт!», ж.б. нарративдерди жазып жатат.

Мугалимдердин эмгек акысы 1-апрелде 100 % көтөрүлөт деп алты айдан бери жарыя болуп жатканына карабастан, бул автордун кулагы керең, укмаксан. Өткөн окуу жылында 856 миллион сомго 4 миллион нускадан ашык жаңы муундагы окуу китеп чыкты, мектептерге жетти. 30 миң мугалим жаңы стандарттар боюнча окуду. 27 миң ата мекендик өндүрүштөн чыккан ноутбук мугалимдердин колуна берилди. Бул камкордукту дезинформатор автор көргүсү келбейт.

Зарылчылыкка жараша, саммит болгондо, санитардык абал курчуганда   онлайн учурлар болду, бирок эки күндүн биринде онлайн деп айтканы жомок,  болгондо да кейиштүү жомок. Аны окуган киши нерви кайнагандан башка эмне табат?

Бала бакча, мектеп жетишпей атканынын башкы себеби өлкөдө демографиянын жогору болуп жатканы менен бул автордун иши жок, министрди эле күнөөлөгөнгө маш. Ырас, балдар көп төрөлүп, бала бакчада, мектепте орун жетпей жатат. Бирок мамлекет карап отурган жок, бакчаларды, мектептерди ар жыл сайын куруп атат. Бала бакча менен камсыз кылуунун көрсөткүчү 51% чыкты. Ондогон жаңы мектептер курулду, мектепте акча жыйноого бөгөт коюлду.

Мектепте, бала бакчада санитардык көзөмөл болгон үчүн балдар талапка ылайык тамактанып жатпайбы. Мамлекеттик санитардык көзөмөл органдары эшек такалап отурабы бул автордун оюнча?

Мугалимдер мектептин ремонтуна тартылып жатат деп айткандан кийин анын далилин келтириш керек, антпесе бул бүтүндөй тармакты каралоого жатат. Айрым жерде аша чапкан көрүнүштөр болушу мүмкүн, анткени беш кол тең эмес, авторитардык стилдеги директорлор дагы эле толтура. Эгер мугалимди негизсиз ремонт иштерине жумшап жаткан болсо, анын жоопкерчилигин караш керек.

Ал эми пенсияга чыкса да мектепти менчиктеп алган директорлор жөнүндө айтканы дегеле суу кечпейт. Бирин-серин бир-эки мисалды жалпылаштыруунун кереги жок деп ойлойм. Бардык мектептерде директорлор конкурс жолу менен алмашууда, жаңы муундагы адистер келүүдө. Эч качан солк этпеген атактуу №61 лицейдин директору Ю. Низовский кеткенден кийин ал жерде канча директор алмашканын билсе экен.

Мына ушундай негизсиз каралоолорго, дезинформацияга машыккан айрым автор сөрөйлөрдүн калпын ашкерелеген маалыматтарды дагы даярдап жатабыз. Мындай караңгылыктын чеңгелинде калган, калкын кайра артка сүйрөгөндөрдүн тоскоолдугуна карабай, билим берүүдөгү жаңылануу процесси токтобойт. Бул жол, албетте, жеңил болбойт, анткени жылуу ордунан жылгандардын каршылыгы болот, ар бир өзгөрүүнүн ар кандай кыйынчылыгы болот.  Бул реформалардын жыйынтыгы азыр эмес, кем дегенде он жылдан кийин араң көрүнөт, анткени билим берүү азыр салып кирип алгыдай үй эмес же азыр айдап кеткидей машина эмес. Бул узак-узак процесс, келечектин камын көргөн процесс.

Кубатбек Чекиров, “Кут Билим” медиа борборунун директору

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер