ECOTRUBE: КАЛДЫКТАН БАШТАЛГАН СТАРТАП
- 13.03.2026
- 0
Ош мамлекеттик университетинин студенттери жаштар ишкерчилигин колдоого багытталган «Студенттик стартап – 2025» республикалык конкурсунда жеңүүчү болуп, 598 миң сом өлчөмүндөгү мамлекеттик грантка ээ болушту.

Аталган сынакка өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттери тарабынан жалпы 72 стартап-долбоор сунушталып, эксперттик комиссиянын жыйынтыгында алардын ичинен 14 мыкты долбоор финалга чыккан. ОшМУнун студенттери иштеп чыккан «EcoTrube» долбоору полиэтилен калдыктарын кайра иштетүү аркылуу курулуш материалдарын, тактап айтканда түтүктөрдү өндүрүүгө багытталган. Демилге айлана-чөйрөнү коргоого, калдыктардын көлөмүн азайтууга жана жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө салым кошот.
Окуу жайдын Тарых жана юридика институтунун 3-курсунун студенти Самира Матазимова — Enactus командасынын капитаны. Анын айтымында, команда экологиялык көйгөйлөрдү изилдеп жатып, эң олуттуу маселелердин бири — полиэтилен пакеттеринин өтө көп топтолушу экенин аныктаган. Анткени полиэтилен табиятта дээрлик чирибейт жана узак жылдар бою айлана-чөйрөнү булгап турат. Ошондуктан бул калдыктардын көлөмүн азайта турган, ошол эле учурда коомго пайдалуу боло турган чечимди табуу зарыл болгон.
— Шаар көчөлөрүндө полиэтилен пакеттеринин жана пластикалык калдыктардын көптүгүн байкай баштадык. Айрыкча «ОшТазалык» ишканасына барганда сорттолбой турган полиэтилен калдыктарынын чоң көлөмүн көрүп, экологиялык көйгөйдүн масштабын дагы бир ирет түшүндүк. EcoTrube долбоорун баштоонун алдында бир катар изилдөөлөрдү жүргүздүк. Командабыз калк арасында сурамжылоолорду уюштуруп, полиэтилен калдыктары боюнча статистикалык маалыматтарды талдап, интернет булактарындагы маалыматтарды да изилдеди, — дейт ал.
Адистердин маалыматына ылайык, полиэтилен табиятта эң жай ажырай турган материалдардын бири болуп эсептелет — анын толук чириши үчүн 500 жылга чейин убакыт талап кылынат. Ошондуктан команда бул маселени чечүүнүн жолдорун издеп, полиэтилен калдыктарын кайра иштетүү идеясына келген.
Долбоордун негизги максаты — полиэтилен калдыктарын кайра иштетип, аларды пайдалуу продукцияга айландыруу.
Өнөктөштөрдү жана пикирлеш адамдарды издөө учурунда команда полиэтилен калдыктарын кайра иштетүү менен алектенген ишкер Халил аттуу адам менен таанышкан. Ал полиэтилен баштыктарын кайра иштетип, андан пластикалык түтүктөрдү жасап келген. Бирок керектүү жабдуулардын жетишсиздигинен улам анын ишмердүүлүгү убактылуу токтоп калган. Мындан улам эки тарап күчүн бириктирип, демилгени биргелешип өнүктүрүүнү чечкен.
Команда ар кандай хакатондорго жана сынактарга активдүү катышып, жыйынтыгында UNICEF жана Enactus Кыргызстан уюмдары тарабынан уюштурулган сынакта 1000 долларлык грант утуп алган. Бул каражатка майдалоочу жабдуу сатып алынып, өндүрүштү ишке киргизүүнүн алгачкы кадамы жасалган.
Чийки затты чогултуу системасын түзүү максатында команда мүчөлөрү базарларда жана коомдук жайларда тазалык иштерин жүргүзгөн адамдар менен сүйлөшүп, топтолгон полиэтилен пакеттерин сатып ала башташкан.
Учурда өндүрүштө күнүнө орто эсеп менен 300 килограмм полиэтилен кайра иштетилет. Долбоор башталгандан бери жалпысынан 60 тонна 794 килограмм полиэтилен колдонулган.
Капитандын айтымында, долбоор бир эле учурда бир нече маселени чечүүгө жардам берүүдө: шаарды полиэтилен калдыктарынан тазалоо, пакеттерди чогулткан адамдар үчүн кошумча киреше булагын түзүү жана түтүк өндүрүү үчүн керектүү чийки зат менен камсыз кылуу.
— Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө командабыз кайра иштетүү процессин да терең изилдеди: чийки затты даярдоо, өндүрүш жана түтүктөрдү калыптандыруу этаптарын өздөштүрдүк. Бул иште университеттин окутуучулары чоң колдоо көрсөтүштү. Айрыкча академиялык насаатчыбыз Эрлан Камалов долбоорду өнүктүрүүгө жана алдыга жылдырууга чоң жардам берди. Биз долбоорду жөн гана улантпастан, аны кеңейтүүнү максат кылдык. Ошентип, грантка арыз берип, жеңип алдык. Бул колдоо демилгебизди жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк берет, — дейт Самира Матазимова.
Команданын негизги максаты — университеттин колдоосу менен анын базасында студенттердин күчү аркылуу толук кандуу түтүк өндүрүшүн ачуу. Азырынча канализация системалары үчүн чыгарылып жаткан түтүктөрдү келечекте ичүүчү суу системаларына ылайыктуу кылып чыгаруу да пландалууда.

Белгилей кетсек, Enactus командасы EcoTrube долбооруна чейин «Retire» аттуу экологиялык долбоордун үстүндө иштеген. Анын алкагында колдонулган автоунаа дөңгөлөктөрү кайра иштетилип, андан пуфиктер жана эмеректин айрым бөлүктөрү жасалган. Дал ошол учурда шиналарды утилизациялоо маселесин изилдеп жатып, команда полиэтилен калдыктары көйгөйү тууралуу дагы кеңири маалыматка ээ болгон.
Айгерим Токтобаева,
«Кут Билим»
Комментарийлер