Дуалдык билим: жаш педагогодорду такшалтат
- 24.12.2025
- 0
Учурда дуалдык билим берүү системасы жогорку окуу жайларга да кирди. Аны алгачкылардан болуп Бишкек мамлекеттик университети ишке ашырууда. Аталган окуу жайдын педагогикалык факультетинде магистратурада 2-курста билим алып жаткан Аяна Караева бул окутуунун негизинде бир убакта иштеп да, билим алып да келет.

Аяна Бишкек мамлекеттик университетинин бакалавр бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү. Ал кесиптик ишмердүүлүгүн 2-курста “Нурланова” логопедиялык борборунда логопед-деффектолог болуп иштөөдөн баштап, бүгүнкү күнү да ушул жерде эмгектенип, директордун орун басары кызматына чейин жетти.
- Менин окутуучуларымдын бири — Айзат Нурлановна — мендеги кызыгууну байкап, стажировкага чакырган. Ал менин насаатчым болуп, кесиптик калыптануу жолумда башынан аягына чейин коштоп жүрдү. Теория менен практиканын айкалышын, билимдин иш жүзүндө колдонулушун көрсөттү. Айзат Нурлановна өзүнүн билимин жана тажрыйбасын мага кең пейилдик менен бөлүшүп, бүгүнкү күнгө чейин колдоо көрсөтүп келет. Ошондой эле балдар жана ата-энелер менен туура иш алып барууну үйрөтүп, кесиптик баалуулуктарымдын калыптанышына чоң салым кошту. Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок, бирок алар мага чоң күч берип, тырышчаактыкка үйрөттү, бышырды. Менин кесиптик жолум жаш кезимден башталган. Чынында, баары адамдын өзүнө, анын ишке болгон берилгендигине байланыштуу. Менде чоң кызыгуу жана шыктануу болгону үчүн азыркы ийгиликке жете алдым. Эрте баштаганыма эч өкүнбөйм — бүгүн эмгегим жемишин берип жатат, — дейт студент.
Жаш адис учурда жети баланын сүйлөө жөндөмүн жакщыртуунун үстүндө. Практикасында жакшы жыйынтыкка, заманбап тилде айтканда, “ийгиликтүү кейсти” ишке ашырган учурлары көп болгон. Ал балдар менен убагында көп убакыт иштешип, азыр алар кадимки бакча, мектепде окуп жатышат.

Аяна Караеванын айтымында, дуалдык билим кесибин терең өздөштүрүүгө — балдар жана алардын ата-энелери менен туура иш алып барууга, диалог түзүүгө, так, керектүү маалымат берүүгө жардам берди. Университетте алган билимди жумушунда колдонуп, артыкчылык-кемчиликтерин билүүгө мүмкүнчүлүк берди. Башкача айтканда, кесиптик жана карьералык өсүүнүн бекем пайдубалы боло алды.
- Дуалдык окутуу студенттер үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк, анткени ал теориялык билимди гана эмес, алынган билимди дароо иш жүзүндө колдонууга шарт түзөт. Балдар жана ата-энелер менен иштөөнү үйрөтүп гана тим болбостон, кесиптик этиканы сактоого, жоопкерчиликке жана команда менен иштөөгө тарбиялады. Дуалдык окутуу мени адис катары эле эмес, инсан катары да калыптандырды. Бул мезгил аралыгында мен адис катары гана эмес, инсан катары да өсүп, өзүмдү ачтым. Быйылкы жылдан тартып мен директордун орун басары болуп эмгектенип жатам, — дейт.
Аяна жогорку окуу жайдагы окуу менен эле чектелип калбай, дайыма изденүүнүн үстүндө жүрөт. Университеттеги билим жетишсиз болорун студент кезден эле түшүнүп, кошумча адабияттарды анализдеп, окуп, курстарга байма-бай катышып турганды адатка айланткан.

“Көп нерсе үйрөндүм…”
Дал ушул окуу жайдын 4-курсунун студенти Айбийке Айбек кызынын №87 «Баластан» атайын бала бакчасында логопед болуп иштеп жатканына төрт айдын жүзү болду. Ал тажрыйбасыз болгондуктан, документ иштерин толтурууда алгачкы күндөрү кыйналганын, бирок ошол учурда кесиптештери жол көрсөтүп, баарын түшүндүрүп бергенин айтат.
Айбийке эртең мененки сегизден түшкү бирге чейин иштеп, иш убактысына жараша 15миң сомдун тегерегинде эмгек акы алат.
- Окуу менен жумушту айкалыштыруум — дуалдык билим берүү системасынын алкагында ишке ашууда. Мен үчүн бул система абдан ыңгайлуу, анткени университеттен алган билимимди дароо практикада колдонуп, кесиптик көндүмдөрүмдү өнүктүрүүдөмүн. Албетте, дагы да тажрыйбам аздык кылат да, кээде теорияны практикада кантип колдонуу керектигин билбей калам. Андай учурда кесиптештерим жол-жобосун көргөзүп турат.

Жумушка кабыл алынардан мурда медициналык көзөмөлдөн өтүп, окуу жайдан алган маалым каттын негизинде кирдим. Буйруса, жарым жылга жакын убакытта көп нерселерди үйрөнүп, өзүмдү дагы да өстүрүүдөмүн, — дейт студент.
Дуалдык окутуу — педагогикалык билимди өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты

БМУнун педагогикалык факультети 2024-2025-окуу жылынан бери дуалдык билим берүү программасын ишке ашырып келет. Бүгүнкү күнү элүүдөн ашык студент жумушка орношуп, аны менен катар окуусун да улантып келе жатат. Аталган факультеттин деканы Мира Мураталиеванын айтымында, азыркы учурда окуу жайдын педагогикалык факультети дуалдык окутуу формасын киргизүүнүн активдүү баскычында турат. Бул иш нормативдик талаптарды, билим берүү стандарттарын жана педагогикалык кадрларды даярдоонун мыкты тажрыйбаларын эске алуу менен системалуу жана этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
Дуалдык окутууну ишке ашыруунун негизги механизмдеринин бири — университет, студент жана билим берүү уюму (практика базасы) ортосунда үч тараптуу келишимдерди түзүү болуп саналат. Мындай кызматташуу форматы ар бир тараптын милдеттерин жана жоопкерчилигин так аныктоого, окуу пландарын жана графиктерин макулдашууга, ошондой эле студенттердин максаттуу жана көзөмөлдөнгөн практикалык даярдыгын камсыздоого мүмкүндүк берет.
— Биз дуалдык билим берүүнү убактылуу эксперимент катары эмес, факультеттин жана жалпы университеттин узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы катары карайбыз. Келечекте биз студенттердин санын көбөйтүүнү, билим берүү мекемелери менен өнөктөштүктү тереңдетүүнү пландоодобуз. Окутуунун дуалдык формасы педагогикалык билим берүүнүн жаңы сапаты — практикалык жактан багытталган, ийкемдүү, замандын чакырыктарына жооп берген сапаттын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенем. Дуалдык модель боюнча даярдалган бүтүрүүчүлөр кесипке жакшыраак даярдыкта, аң-сезимдүү киришет, бул Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын модернизациялоодо өзгөчө маанилүү. БМУ мындан ары да педагогикалык кадрларды даярдоонун эффективдүү инструменти катары дуалдык билим берүүнү ырааттуу түрдө ишке ашыруу менен бирге улуттук билим берүүнү өнүктүрүүгө жана өлкөбүздүн кесиптик келечегин калыптандырууга салым кошо бермекчибиз, — дейт Мира Мураталиева. Ошондой эле декандын айтымында, дуалдык окутууну ийгиликтүү ишке ашыруу университет менен өнөктөш уюмдардын ортосунда жогорку деңгээлдеги координацияны талап кылат, университет бул процесстин методикалык, илимий жана уюштуруучулук коштоосун камсыздоодо негизги ролду ойнойт.
Педагогикалык билим берүү факультетинин окутуучулары студенттерге илимий-методикалык жетекчилик жүргүзүп, окуу дисциплиналарынын мазмунун практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырат, окутуунун жыйынтыктарын талдайт жана билим берүү процессинин сапатын камсыз кылат. Өз кезегинде өнөктөш билим берүү уюмдары студенттердин кесиптик калыптанышы үчүн шарттарды түзүп, аларды реалдуу педагогикалык ишке тартуу менен келечектеги адистерди даярдоонун маанилүү катышуучулары болуп эсептелет.
Мындай кызматташтык мугалимдерди даярдоонун сапатын гана жогорулатпастан, университеттин практика менен байланышын чыңдап, билим берүү программаларын ийкемдүү кылып, реалдуу муктаждыктарга багыттайт.
Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”
Комментарийлер