ГҮЛНУРА ДОКТУРБЕК КЫЗЫ: “АР БИР ОКУУЧУ – ӨЗҮНЧӨ ЧОҢ ААЛАМ”

  • 04.03.2026
  • 0

Мугалим болуу – бул диплом менен гана өлчөнчү кесип эмес. Бул – сабыр, мээрим, жоопкерчилик жана чоң жүрөк талап кылган тагдыр. Бүгүн биз кеп кылган каарман – Бишкек шаарындагы №43 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими. Ал – үч баланын мээримдүү энеси, үй-бүлөнүн тиреги, ошол эле учурда жүздөгөн окуучулардын келечегине багыт берген устат. Карьерасын, жеке жашоосун да бирдей алып бараткан мыкты айым.

ГҮЛНУРА ДОКТУРБЕК КЫЗЫ: “АР БИР ОКУУЧУ – ӨЗҮНЧӨ ЧОҢ ААЛАМ”

Балалык кыялдан башталган жол

Доктурбек кызы Гүлнура Нарын шаарында чоңойгон. Үч бир туугандын улуусу болгонго жоопкерчилик сезими ага бала кезинен эле сиңген. Мектепте окуп жүргөндө активдүү, демилгелүү, изденүүгө жакын окуучу болгон. Ар бир иш-чарага түнү менен уктабай даярданып, ал өзгөчө болсун деп жан үрөп аракеттенер эле. Айтымында, ал кезде интернет жок, маалымат издөөнүн жалгыз булагы – китепкана. Улуу адамдар менен маектешүү, телеберүүлөрдү көрүү, мына ушулар анын изденүүчүлүк сапатын калыптандырды.

Ошентип 8-класста окуп жүргөндө классташынан Нарын облусундагы “Аян” телестудиясында кастинг болорун угуп, өзүн сынап көрүү максатында барат. Кызыгуу менен барган жаш кыз кастингден өтүп, мектепти бүткүчө волонтер-журналист болуп иштеп калат. Сабактан чыгып эле студияга жөнөп, жаңылык даярдап, интервью алып, монтаж процессине аралашып жүргөн күндөр анын дүйнө таанымын кеңейтет.

Бир жолу ал ардагер мугалимдердин үйүнө репортаж тартууга барат. Карыянын бир бөлмөсү толо китеп экен. Ошондо ардагер мугалим  жаш журналистке илгери басылып чыккан “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигин белек кылып, “Биз карып окубай калдык, сен окуп, биздей мугалим бол” – деп батасын берет.

  • Ошол китептерди бүгүнкү күнгө чейин сактап жүрөм, көзүмө өзгөчө көрүнө берет. Интернеттен миң маалымат алсаң да, бир барак китептин таасири башкача. Буйруса, келечекте бир бөлмө китебим болот, – дейт жаш мугалим.

Жаш мугалимди жашоонун катаал сабактары эрте бышырды. Апасы балдарын жалгыз чоңойткондуктан, анын колуна кол, бутуна бут болгон. Телевидениеден тапкан азын-оолак акчасы үй-бүлөгө чоң жардам болгон.

ГҮЛНУРА ДОКТУРБЕК КЫЗЫ: “АР БИР ОКУУЧУ – ӨЗҮНЧӨ ЧОҢ ААЛАМ”

Кыялга карай кадам

Гүлнура Доктурбек кызы мектепти артыкчылык менен аяктаган соң турмуш куруп, тилеккке каршы, окуусун уланта албай калат. Ошондо апасына мугалимдери “Кыйын кызды окутпай койдун” деп кейишчү. Бирок жолдошу: “Сөзсүз окуйсуң”  деп убадасын берет. Ошентип тун уулу төрөлгөндөн кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “башталгыч класстарга билим берүү” факультетине тапшырат.

  • Окууга тапшырарда ойлонбой эле башталгыч класстын мугалими адистигин тандадым. Ал учурда экзамен менен алат эле, көп даярданбаганыма карабай биринчи турдан эле өтүп кеттим. Эч нерседен коркпой, өзүмдү эми тапкандай болдум. Баламды апам карап берип,  өзүм эң кызыктуу, сүйгөн окуума кириштим. Бул учурда жолдошум да колдоосун көрсөттү,  — деп эскерет ал күндөрдү.

Ошентсе да алты жыл күндүзгү бөлүмдө окуу оңой болбогонун айтат. Өзү шаарда окуп, улам айылга уулун көргөнгө барып, келиндик милдетин да аткарып, аны менен катар студенттик турмушту алып жүрөт. Экинчи наристеси төрөлгөн жылы мамлекеттик экзамендерди тапшырып, дипломдук ишин коргогон. Кээде кызын көтөрүп алып экзаменге кирген күндөрү да болгонун эскерет. Кыйынчылыктарга карабай, университетти кызыл диплом менен аяктаган. Себеби “Кылам, жетишем деген ишеним менен жашайт.

ГҮЛНУРА ДОКТУРБЕК КЫЗЫ: “АР БИР ОКУУЧУ – ӨЗҮНЧӨ ЧОҢ ААЛАМ”

Алгачкы сабак – алгачкы толкундануу

Анын алгачкы эмгек жолу Свердлов районундагы №87  мектептен башталып, ошол окуу жайда балалык кыялы орундалган. Биринчи сабак өтчү күндү өзгөчө күтүп, алгачкы сабагында ич-ичине батпай толкунданган. Тажрыйбалуу мугалимдер менен иштешип, алардан кесибинин сырларын үйрөнгөн. Кесиптештеринин колдоосунун аркасында жаңы чөйрөгө бат эле көнүп кеткен. Алгачкы окуучулары анын жүрөгүндө өзгөчө из калтырган. Мугалим деген сөздүн өзү эле чоң сыймык экендигин түшүнгөн. “Эми качан окууну бүтүрмөк элең” деп кейиген кайын энеси келининин билим чөйрөсүндө жүргөнүнө  сыймыктанып, өзү болсо бала менен кошо бала болуп чоңойгонун айтат. Балдарынын арасында мээримге муктаждарын көрүп, көзүнүн жашын тыя алган эмес.

  • Бир жолу Жаңы жыл алдында окуучуларыма аяз атага кат жазуу тапшырмасын бердим. Балдар оюнчук, китеп, кийим сурашкан экен. Арасынан бир кат терең ойго салган. Анда “Аяз ата, мен сенден эч нерсе сурабайм. Апам менен атамды элдештирип койчу. Биз чогуу бололу” – деп жазылган экен. Ошол катты окуганда ыйлап жибергем. Наристенин ичиндеги чоң муңду көрүп, мугалим болуу – бул жөн гана сабак өтүү эмес экенин дагы бир жолу түшүндүм , – дейт.

Заманбап мугалимдин изденүүсү

Мугалимдин айтымында, башталгыч класстын мугалими болуу оңой иш эмес: балдар менен кошо ойноп, күлүп, баарынын жан дүйнөсүн түшуүнүп турушуң керек. Ар бир окуучу өзүнчө аалам, алардын ар бири жекече мамилени талап кылат. Бир бала угуп түшүнөт, бирөө көрүп, дагы бири кармап үйрөнөт. Ар биринин жүрөгүнө жол табуу – мугалимдин милдети. Сабактарында окуучуларына “Силер – биздин келечексинер. Силер эң акылдуу балдарсыңар” деп дем берип турууну адатка айланткан.

12жылдыктын окуучулары дагы деле оюнга муктаж болгондуктан, сабактарын  “Мээ чабуулу” оюну аркылуу түшүндүрүп,  топторго бөлүп иштөө ыкмасын колдонот. Видео, сүрөттөр болсо балдардын сабакты кабыл алуусун жакшыртат. Ошондой эле жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн да үйрөнүп, сабактарда колдонууда. Себеби  заманбап ыкмалар балдардын билимге  кызыгуусун арттырып, өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт, сабакка активдүүлүгүн жогорулатат. Азыркы заманбап коомдо мындай программалар мугалимдерге абдан керек.

Мугалим кесиптештери менен тажрыйба алмашып, биримдикте иш алып барат. Жетекчиликтин колдоосу, жамааттын ынтымагы – ийгиликтин негизи экенин баса белгилейт.

ГҮЛНУРА ДОКТУРБЕК КЫЗЫ: “АР БИР ОКУУЧУ – ӨЗҮНЧӨ ЧОҢ ААЛАМ”

           

  • Кесиптешиң жакшы болсо, жумушуң жеңилдейт. Тажрыйбалуу эжелерден кеңеш алып, ыкмаларды бөлүшүп, бири бирибизге колдоо көргөзүп турабыз. Биздин кесипкөй жетекчибиз Нурия Алагушова да жаштарды колдоп, өсүп-өнүгүүгө багыттап турат. Ушундай коомдо иштеп жатканыма абдан сыймыктанам .  Мектебибиз мындан ары да гүлдөп өнүгүүсү үчүе өз салымымды кошом,  — дейт жаш мугалим.

ГҮЛНУРА ДОКТУРБЕК КЫЗЫ: “АР БИР ОКУУЧУ – ӨЗҮНЧӨ ЧОҢ ААЛАМ”

Мугалим – коомдун жүрөгү

Гүлнура Доктурбек кызы үчүн мугалимдик – бул жөн гана айлык алып иштечү иш эмес. Бул – миссия. Анткени бүгүнкү окуучу – эртеңки дарыгер, инженер, мугалим, жетекчи.

Үйгө келгенде ал кайра эне. Үч баланын апасы катары балдарынын да сабагына көңүл бурат. “Балдар менен иштөө мени үйдө да сабырдуу, түшүнүктүү болууга үйрөттү”, – дейт ал жылмайып.

Доктурбек кызы Гулнуранын өмүр жолу – өжөрлүктүн, максатка умтулуунун жана чыныгы мугалимдик мүнөздүн үлгүсү. Кыйынчылыктарга карабай окуп, сүйүктүү кесибине ээ болуп, бүгүн жүздөгөн балдардын келечегине багыт берип келет. Кесибине берилген, жүрөгүндө мээрими бар мындай мугалимдер турганда, келечегибизге ишеним чоң.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер