Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА: Жаңы доорго жаттама эмес, жаратман муун керек

  • 05.02.2026
  • 0

Кыргызстанда мектеп тармагы заманбап жаңылануу жолуна түшүп, улуттук билим берүүнүн модели курулуп жаткан чакта, өлкөбүздүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Кут Билим” гезитине берген маегинде масштабдуу трансформациянын эң башкы багыттары боюнча жүрүп жаткан иштердин маани-маңызына токтолду.

 

Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА: Жаңы доорго жаттама эмес, жаратман муун керек

                                                        Президенттин демилгеси

— Кыргызстан 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүп, масштабдуу модернизация жүргүзүүдө. Алгачкы жарым жылдыктын негизги жыйынтыктарын кандай баалайсыз? Кайсы чечимдер өзүн актады, кандай кыйынчылыктар чыкты?

— Ар бир өзгөрүү, айрыкча агартуу тармагындагы өзгөрүүлөр өтө-өтө оор процесс. Бир мезгилде эле биз күткөн жыйынтык боло калбайт. Биз узак жылдар бою эңсеп келген өзгөрүүлөр  президентибиз демилгечи болгон “Алтын Казык” программасынын алкагында ишке ашып баштады.

Биз толугу менен мамлекеттик жаңы муундагы стандарттарды кабыл алдык. Предметтик стандарттарды кабыл алдык. Мурда советтик, пландуу, командалык экономикага ылайыкталган, тынч отурган, уккан, даяр жумушка бара турган адистерди даярдап келсек, бүгүн тескерисинче издене турган, ойлоно турган, атаандаштыкка кудуреттүү, өзүн өзү өстүрө турган, дүйнөлүк эмгек рыногунда, билим рыногунда өзүнүн ордун таба турган балдарды даярдоого багыт алган стандарттарды кабыл алдык. Ага удаа эле дүйнөлүк алдыңкы тажрыйба менен айкалышкан жаңы муундагы атамекендик китептерди чыгардык. Жаңы окуу жылында 1-2, 3-5-класстар толугу менен жаңы муундагы, кыргыз жана орус тилиндеги окуу китептерин алууда.

Бул оңойго турган жок, анткени өзгөрүүнү баардыгы эле каалай бербейт экен. Көнүп калган адаттан арылуу азап. 100 жыл болобу, 30 жыл, 10  жыл болобу, салып койгон жолун бузуп, жаңы жол салуу ар бир адам үчүн оор. Ар бир адам мектепке эле берип койсо жомоктогудай бала чыга келет деп ойлойт. Ар бир ата-эне өзү жетпей калган ийгилигин балдарга таңуулап, балдардан чыгаргысы келет. Ар бир ата-эне балам эч нерседен кем болбосо экен дейт.

Бирок, биз дүйнөлүк статистикага, аналитикага таянсак, акыркы үч иликтөөгө таянсак, биздин балдарыбыздын билими эмгек рыногуна таптакыр даяр эмес. Ошон үчүн он эки жылдык мектепке көчүү боюнча “Алтын казык” программасы түздөн түз президенттин демилгеси. Анткени президентибиздин өзүнүн сөзүндө айтылгандай, Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмуна кирген, анын эрежелерин кабыл алган, Бирикен Улуттар Уюмунун катарына кирген жана ошондой эле дүйнөдөгү агартуу багытындагы ири уюмдардын, ЮНЕСКО же башка болобу, конвенцияларын кабыл алган.

Бирок ошол дүйнөлүк мейкиндикке кирип туруп, дүйнөлүк эмгек рыногу биздин босогобузда турганда, биз артта калганбыз. Эгер экономиканы ондойбуз десек, мамлекетте туруктуу өнүгүүнү камсыз кылабыз десек, эң биринчи сапаттуу адам капиталын даярдоо кызматын жакшыртуудан башташыбыз керек деген тапшырма берилген. Президентибиздин түздөн-түз колдоосунун аркасында мына он эки жылдык билим берүү системасына өттүк. Албетте, өтө оор, анткени миң-миллион кишини калыптанып калган социалдык нормалардан арылтуу, маданий көндүмдөрүнөн арылтуу, жаңыга бир заматта буруу мүмкүн эмес.

Экинчи оор маселе, бул биздин мугалимдерибиз. Мугалимдерибиздин дээрлик көпчүлүгү союз учурунда калыптанып калган, союздук чөйрөдө өскөнбүз. Биз союздун билим берүүсүн жаман деп айтпашыбыз керек. Мына президентибиз жаңы жыл алдындагы сөзүндө айтты: советтик билим берүү системасы өзүнүн тарыхый миссиясын миссиясын аткарды, а бүгүн биз жаш муундарды жаңы доордун өнүгүү талаптарына ылайык өстүрүүбүз керек. Оордугу ошол, бүтүндөй мамлекеттик билим берүү саясатын өзгөртүп иштеп чыгуу, калыптандыруу, талдоо, ишке киргизүү,  заманбап предмет стандарттарды калыптандыруу, талдоо, иштөө, мугалимдерге жеткирүү, ошонун негизинде жаңы муундагы китептерди эл аралык алдыңкы тажрыйба менен айкалыштыруу,  ага багытталган биздин принциптерибизге инструмент катары дал келтирүү оңой иш эмес.

Ошол эле учурда президентибиздин өлкөнү туташ санариптештирүү программасынын алкагында биз дагы санариптик билим берүү платформаларын тез киргизүү багытында иш алып баруудабыз. Бул чоң каражатты талап кылат, мугалимдердин чоң даярдыгын талап кылат,  чоң мазмундук өзгөрүүлөр талап кылынат.

Биринчи жылы уюштурууда кемчиликтер кетпей койбойт. Биз аны чогуу түздөп алып бара жатабыз. Биз башында айтканбыз, бир жылда биз күткөн фантастикалык жыйынтыкты бербейт деп, анткени бул мазмундук өзгөрүү. Анын үстүнө билим берүүнүн өзгөрүшү бир жылда билинбейт, ал адамдын көндүмүн, алган билимин турмушта пайдалануу ийгиликтүү болушу-болбошу жок дегенде 15-25 жылдык аралыкта билинет, анткени билим берүү системасы өндүрүш эмес, курулуш эмес кандайдыр бир тетикти өзгөртүп койгондой. Азыр эле жыйынтык бере калбайт. Ошон үчүн бүткүл дүйнөдө билим берүү системасынын сапатын аныктоодо узак мөөнөттөгү көрсөткүчтөрдү коёт, анткени билим сапатынын аныктай турган жыты да жок, салмагы да жок, өңү да жок.

Дагы бир маанилүү иш — азыр кесиптик окуу жайларды он эки жылдык билим берүү системасына айкалыштыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Дээрлик  30 жылдан бери бул кесиптик окуу жайларына көңүл бөлүнбөй калган. Кайсы учурда көңүл бөлүнбөй калган? Мамлекеттик завод-фабрикалар жоголуп менчиктештирилип таш талканы чыкканда бул окуу жайга болгон муктаждык, бул окуу жайды колдоого болгон ресурстук каржылоолордун бардыгы токтогон. Дагы жакшы, биз ушул тармакты сактап калганбыз, ошону жандандыруу жүрүп жатат.

Президентибиз курултайда дагы баса белгилеп айтты өзүнүн демилгесин. Кыргызстандагы адам капиталын өнүктүрүү менен алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошууга багытталган “Алтын казык” программасы демилгесинин башында өзү тургандыгын айтты. Ошол эле учурда, мектепке мыкты мугалимдин келишине шарт түзүү үчүн айлыктарын жогорулатуу, социалдык колдоо, ипотека, мазмундук колдоо, санариптик колдоо, ноутбуктардын берилиши, китептердин чыгарылышы, бюджеттин кескин түрдө көбөйүшү бул тармакка мамлекеттик колдоонун айкын далили болуп эсептелет.

Биздин коңшу өлкөлөр, анын ичинде барсак-барбасак деп ойлонуп жүргөн Өзбекстан 12 жылдык мектепке бизден кийин өттү, Түркмөнстан он үч жыл мурун өткөн, Казакстан өтүп атат.  Биздин мурдагы советтер союзунун алкагында жашаган өлкөлөрдүн көпчүлүгү өтүп кетти. Ошентип биз эмгек рыногунан артта кылбаганга аракет кылдык. Бир мындай туура эмес түшүнүк бар, сөзсүз эле чет өлкөгө барып окуш керек, ошон үчүн эле керек он эки жылдык мектеп деген.

Жок, андай эмес, бул жерде кесипке эрте багыт берүү — максат. Бүгүнкү күндө балдарын камчылап, акча төлөп ЖРТга даярдагандар  көбөйдү. ЖРТнын жыйынтыгы менен балл алып, окууга өтүп жатышат. Бирок окууну таштап кеткендер андан көп. Мына бизде эсептөө палатасы текшергенде алтымыш миллион сомдон ашык суммага мамлекеттик гранттык орундар берилип, бирок же диплому жок, же окуудан жок кетип калган балдар аныкталды, бул кесипти туура тандабагандыктын кесепети.

Ошон үчүн биз жетинчи класстан баштап кесипке багыт берүү иштерин күчөтөбүз, жоюлуп кеткен гимназия жана жаңы типтеги мектептердин ордуна тереңдетилген предметтик билим берүү системасына өтөбүз.  10-11-12-классты улантпайм дегендер толугу менен кесиптик-техникалык окуу жайга кетип, кыска аралыкта окуп, жакшы жумуш таап алышына көмөктөшүүбүз керек.

Сиз көрдүңүз, Закир деген жигитти кабыл алдым. Дүйнөдөгү атактуу компанияда иштеп, өзү жасалма интеллект боюнча адис экен. Чет өлкөдө иштегенине жыйырма жылга жакындаптыр. Ал мага кеңешчи болуп айтып атат. Биз азыр баарын үндөбөшүбүз керек программист бол деп, анткени жасалма интеллект программанын баарын өзү жазып калды. Демек, биз эмнеге багыт алышыбыз керек? Бүгүнкү күндө кол менен жасаган жумуштардын баркы өсөт өсөт. Алар ким? Сантехниктер, электриктер, курулушчулар, ашпозчулар. Аны жасалма интелект жасай албайт,  ошон үчүн биз ушул эки багытты алып кетип бара жатабыз.

Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА: Жаңы доорго жаттама эмес, жаратман муун керек

                                  Өнүккөн өлкөлөрдүн жолу менен

— 12 жылдык билим берүү – структуралык эле өзгөрүү эмес, мазмундук масштабдуу жаңылануу. Трансформациянын өзөгү улуттук баалуулуктар. Ушул көз караштан алганда жаңы моделден чыккан бүтүрүүчү кандай сапаттарга ээ болуп чыгат?

— Бүгүнкү күндө биз өтө актуалдуу көндүмдөрдү, жумшак көндүмдөрдү калыптандыруунун үстүнөн иштөөнү өзөктүк баалуулук кылып койдук. Жумшак көндүмдөр алар эмне? Адамдар менен сүйлөшө билүү, социалдык жоопкерчиликти көтөрө билүү же болбосо, экологиялык жоопкерчиликти сезе билүү, лидер болуу, элди туура ынандырып ээрчите билүү. Биз сынчыл ой жүгүртүү дейбиз жана аналитика дейбиз, ошол болуп жаткан окуяга, кырдаалга баа берүү  менен туура чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруунун үстүнөн иштейбиз. Андан тышкары, бул биздин жаңы мамлекеттик стандарт “Улуттук дем-уңгужол” доктринасынын, “Кыргыз жараны” концепциясынын негизинде түзүлдү. Эң биринчи мекенчил болуш керек. Кандай биз бактылуу элибиз, мекенибиз бар. Ошол мекенибиздин байлыктарын баалай билели.  Эң биринчи байлык эл, элибиздин көп улуттуу болгону. Кеп ошол көп түрлүү маданиятты кабыл алып, ошол көп маданияттуу эл менен тил табыша билгенде.  Бизде ар кандай социалдык статустагы адамдар жашайт, ошолордун баалуулуктарын сыйлоо, өзүбүздүн мекенибиздин жаратылыш байлыгын көзүбүздүн карегиндей сактоо, агрессиясы жок жашоо, эң башкысы бирөөнүн эсебинен жашабай, бирөөнүн чөнтөгүнө кол салбай, бирөөнү алдабай жашоо: бу жерде ушул сапаттар алдыңкы орунга коюлду.

Мына жаңы китептерди ар ким сындай берет экен, тигил өлкөнүкүн алды, бүл өлкөнүкүн алды деп, бирок биз бир нерсени билишибиз керек. Адам башына түшкөндө аман жашаш үчүн, ийгиликке жетиш үчүн ойлонуп отурбастан дүйнөлүк жетишкен технологияларды алат. Бул процесс кадимки эле тарыхый көрүнүш, анткени биз велосипедди кайрадан ойлонуп олтурбай, өзүбүздүн шартка ылайыкташтырып, ресурстарды сарамжал колдонуу менен дүйнөлүк өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасындагы жолду тандап алдык.

Мына ошол жаңы китептерди карасаңыз, биринчи класстан баштап берилди. Президентибиз ырымдап балдардын атын коюп берди. Ошол китептердеги каармандар мээримдүү болсун, бактылуу болсун деп. Ошол окуу китептерин карасаңыз, эң биринчи эле “окуу”, “изден”, “ ойлон” деген сөздөр бар. Мына бүгүн маалыматты башкаруунун даражаларын көбүбүз билбейбиз. Биз «билем», «түшүнөм» деген гана эки нерсе менен чектелебиз, бирок «пайдаланам”, “талдайм”,  жакшы менен жаманын талдап көрөм, ошонун ичинен пайдалуу маалыматты алып туруп, башка менен бөлүшөм деген окутууда атайын мыйзам ченемдүү талаптар бар, аны көбүбүз билбейбиз.

Бүгүнкү күндө мына Фейсбукту карасаңыз, обу жок, болбогон нерселерге кийлигишүү, адамдын жеке  жашоосуна кийлигишүү, беделине шек келтирүү же болбосо бир тараптуу заар маалымат, кастык тили тарап жатат. Мына ошондуктан биз жаңы муундагы балдарды толеранттуулукка тарбиялашыбыз керек. Бүткүл дүйнө соо эмес азыр, дүйнө оорукчан.  Бардык жерде кармашуу, мына бүгүн эле Гутерриштин билдирүүсүн окудум. Мыйзам үстөмдүк кылбай, күч үстөмдүк кылып жатат дүйнөдө деди.  Дүйнөдө кабыл алынган, планетанын туруктуу өнүгүшүнө багытыталган расмий мыйзамдар үстөмдүк кылбастан, айрым өлкөлөрдө күч колдонуу менен маселе чечүү, адам өмүрүнө зыян келтирүү болуп жатат.

Ошондуктан биз балдарды эң биринчи мекенчил бол, өзүндүн атуулдук милдетиңди аткар, жакшы ата бол, жакшы эне бол, өзүңдүн ишинде жакшы жоопкерчиликтүү инсан бол, өзүңдүн мамлекетиңе биринчи кезекте кызмат кылганды унутпа, коррупцияга аралашпай жашаганды, өз мээнетиң менен эмгек кылганды бил деп тарбиялашыбыз керек. Мына ушундай сапатка ээ жаратман, иштерман инсандардын баалуулуктарын бердик.

Эми бул китептердин, бул билимдин, бул реформанын жыйынтыгын биз бир топ убакыттан кийин көрөбүз. Мына биринчи класска кирдиби, ушундан баштап он жети жашка чыккан баланын көндүмдөрү кандай болуп өзгөргөндүгүн ошондо көрөбүз. Буга баарыбыз кызыктар болушубуз керек, башка жол жок бизде.

Жаңылануунун борборунда мугалим турат деп көп айтылууда. Апрель айында эмгек акы 100 пайыз көбөйөт деп президент баарыбызды кубандырды. Миңдеген мугалимдер курстарга барып окуп жатат. Анткени, окутуунун ыкмалары да өзгөрүшү керек. Авторитардык мамиле азыр иштебейт. Бирок биздин көп мугалимдерибиз эски авторитардык советтик системанын продуктусу,  көнүп калышкан. Көндүм болуп калган комфорт зонадан чыгуу да оңой болбойт эмеспи.

— Адаттан арылуу азап. Бул оору. Мамлекет, көрдүңүзбү, көп маселени удаа-удаа чечип келатат, бир жылдан бери “Учкун” тынымсыз иштеп жатат. 856 миллион сом жумшалды жаңы муундагы окуу китептерин чыгарганга. Мугалимдерге жаңы ноутбуктар берилип жатат.

Түркмөнстанга расмий сапары менен учуп баратканда президент менен кездешип калдык. Ошондо айтты: ушул мугалимдер менен врачтар менин жүрөгүмдө турат,  жакшы эсептегиле, жакшы шарт түзүшүбүз керек, деп. Биздин Министрлер Кабинеттин чечими алгач элүү пайыз айтылган.  Ошондо президент айтты: мен ушул эки кесипке чын жүрөгүмөн көп эле акча бергим келет. Анткени, колдобосок талап да кое албайбыз. Мыкты мугалимдер келбейт. Мугалимдер кризисин жеңе албайбыз, деди. Анан мына курултайда жүз пайыз көбөйөт деди.  Эми мунун эки жагы бар. Биз ошондо жүз пайыз болбосо да, билим берүү сапатын жок дегенде отуз-кырк пайызга көтөрө алабызбы деген чоң жоопкерчилик бизде турат. Ипотеканы дагы жеңил пайыздар менен берүү, таптакыр башка жерден келгендерге үй маселесин чечип берүү жагын да тапшырып жатат. Бирок мугалимдер чоң жоопкерчиликти сезишибиз керек.

Мен өзүм дагы өмүр бою агартуу системасында иштеп келатам, анын ичинде он жылдан ашык айылдык мектепте мугалим болдум. Иштеп жүргөндө «Мыкты мугалим» республикалык сынагында баш байге утуп алгам. Ал учурда бизге берген сыйлыгы үч миң сом болсо, мына азыр бир бөлмө квартира берип атат. Эмгек бааланган заман деген ушул да.

Зомбулук көрсөтүү — алсыздык

— Балдарга зомбулук маселесинде коом экиге бөлүнүп калбадыбы. Эчтеке болбойт, сабасын мугалим дегендер болуп жатпайбы. Зомбулук көрсөтүү бул алсыздык. Анткени, ошол сабалган, жектелген балдар кайра ошол көндүмдү кайталайт.

Азыркы күндө нейрофизиология илими дүйнөдө укмуштуудай өнүктү, биз артта калдык. Мээ адамдарга жасалган мамиленин моделин түзүп алат. Сиз аны соктуңузбу, ал дагы бирөөнү согот. Анын эмнеси бар экен, эжей мени сокту, мен да бирөөн согуп кое берем. Сиз аны сөктүңүзбү, ал дагы бирөөнү сөгөт. Сиз балага төрт жолу жаман сөз айттыңызбы, автоматтык түрдө мээге код жазылат дагы кайталоо процессине өтө баштайт.

Генетикалык акылдуу элдерде «уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» дейт. Дагы бир таамай сөз. «Аш койгон ашын алат, таш койгон ташын алат». Бул мээнин өзгөчөлүгү.

Экинчиден, мен түшүнөм мугалимдерди,  балдар тил албаса эмне кылмак эле деп айтабыз. Бүгүн ушундай бир жаман тенденция бар, акимдер да, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү да ЖРТдан натыйжа бербесең, кызматыңдан кетесин деп баардыгын коркутуп алган. Жок, андай болбошу керек. Биз бүгүнкү күнү айрым гана балдар эмес, ар бир баланын ийгиликтүү болушу үчүн аракет кылып жатабыз.

Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА: Жаңы доорго жаттама эмес, жаратман муун керек

Мугалим бул касиеттүү кесип. Эң оор, стресс учурда мына биз иштедик. Бир жыл бою айлык албаган учурлар болду. Кайдагы айлык. Мамлекет колунда эмне болсо, ошону берчү. Самын, көгөргөн ун, «Алена» деген меш. Кайдагы жылуу мектеп. Эски шейшептерди самынга чылап туруп терезеге каптап койчубуз.

Азыркы балдар башкача, оор мүнөз деп айтып жатышпайбы. Ал убакта массалык депрессия болчу. Ата-энеси туташ депрессияда, экономика депрессияда, мугалимдер депрессияда, көбү кетип атат. Талаадан картошка терип жешет. Стрессти ошондо көр. Ууруну ошондо көр. Казанды уурдап сатат үйдөн. Айры-балтадан эчтеке калбайт. Малды уурдап сатышат. Азыркы мезгил андай эмес. Таптакыр андай эмес. Азыр адамдын жалган амбициясынын курмандыгына айланып атабыз.

Мен республикалык сынакка катышып жатканда биринчи психологиялык суроо «сенин кредоң эмне» деп келген эле. Адис катары ыйык туткан баалуулугуң эмне? Мен ошондо кесиптик кредом педагогикалык кызматташтык деп айткам. Ата-эне менен коммуникация, кызматташтык. Коомчулук менен кызматташтык. Бала укмуш угат. Бала мектепке келгенде предметти билбейт. Чын эле билбейт. Бирок окуткан мугалимин кандай кабыл алса, ошол предметтин артынан ээрчип кетет.

Экинчиден, мектеп эмгек биржасы эмес. Бул үч чоң нарк айкалышкан жер: Чоң мугалимдик касиет, чоң жүрөк, чоң мээрим. Анан, албетте, аракет. Көптөр айтат, эмне үчүн эркектер мугалим болуп келбейт, ошондуктан мамлекеттик саясатта эркектерди тарткыла деп. Мен ошондо эмне үчүн деп сурайм. Жазалаш үчүнбү, коркутуш үчүнбү? Жок. Бул жерде иштөө оор, чындыгында оор. Балага багытталган, ар бир баланын өзгөчөлүгүнө багытталган педагогикалык технология менен иштейбиз.  Балдарды жазалоо  эч качан ийгиликке алып келбейт.

Ата-эне өзү кыялданып жетпей калган өксүктөрүн балдар аркылуу толтурганга аракет кылат, мен милиция болгум келген, сен милицияга тапшыр, мен таможный болбой калгам, ошол жакка тапшыр дешет. Бүгүнкү күндө мезгил келди, коомдук турмушта, мамлекеттик саясатта позитивдүү девианттарды, үлгү боло турган адамдарды социалдык тармактарда даңазалаш керек. Бул врачтар, мугалимдер, сантехниктер.  Алыкул Осмоновдун ыры бар го:

“Маляр келди, бир чоң үйдү майлады,

Көңүлдөгү капалыкты айдады,

Ошол адам эң жөнөкөй,

Бул дүйнөдө адамзаттын каймагы” дегендей.

Көрдүңүзбү, мына ошондон башташыбыз керек. Акыркы мезгилде президенттин саясатынын, анын үстүнө Камчыбек Кыдыршаевичтин чечкиндүүлүгү, башын канжыгага байлаган тобокелчилигинин натыйжасында кылмыштуу топтордун жоголушу биздин балдарга жалган образдарды түп тамыры менен жокко чыгарды. Рекет болуу, улуусу кичүүсүнө ыдык көрсөтүү тетиги мектепке чейин жайылып кетпеди беле. Ким болосуң, мугалим болосуңбу десе, — жок, врач болосуңбу — жок. Билесиз кимди айтаарын. Ошол үчүн бара-бара бул дагы өзүнүн ордуна келет го деп ойлойм, коомдун менталдык маданиятынын, үй бүлөнүн менталдык маданиятынын үстунөн биз абдан кылдат иштешибиз керек. Айрыкча журналистер дагы иштеши керек.

         Эмоционалдык чарчоого кабылган мугалим эмне кылат?

Сиз мына улуу муундагы, мурдагы муундагы мугалимдердин кыйынчылыкка көтөрүмдүүлүгүн айтып кетпедиңизби. Эми парадокс ушундай, азыр жашоо деңгээли абдан жогорулады, жакшырды дегендей. Комфорттуу шарттар түзүлүп жатат. Бирок ошого карабастан азыркы мугалимдерде эмоционалдык чарчоодон, стресстен чыга албаган учурлар кейиштүү аяктап кетип атпайбы. Ошол үчүн эмне кылыш керек? Кандай заманбап ыкмаларга окутуш керек?

— Биринчиден, ошол жердеги мектеп администрациясы, жетекчилиги өтө сезимтал, командага багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүшү зарыл. Бүгүн директорлорго дайыма айтайм: силер жөн эле директор эмессиңер, силерди жөн эле бекитип койгон жокпуз. Өзүм ошол маселени чечем, ошол жамааттын көйгөйүн билем, педагогикалык проблемаларды жана технологияларды билем, мектептин өнүктүрүү жолун билем деп өзүмдүн ниетим менен конкурска катыштым деп келдиңер. Ошол үчүн эң биринчи иретте жагымдуу психологиялык атмосфера түзө билүү керек, бул лидерлик көндүм. Ошол кырдаалды жөнгө салууда кыраакы болуп, чыңалуунун алдын алуу — бул сөзсүз түрдө коллектив менен бирге чечиле турган иш.

Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА: Жаңы доорго жаттама эмес, жаратман муун керек

Мен күндө толтура арыз алам, ар дайым мектеп жетекчилерине көп дооматтар келет. Бир тараптуу чечип салуу, мугалимди басмырлоо, алардын эркиндигин чектөө, чыгармачылыгына жол бербөө адаттары кала элек. Айрым учурда, ит күлүгүн түлкү сүйбөйт дегендей, чыгармачыл,  эркин мугалимдердин баякыдай эле оозун басууга аракет кылган жетекчилер жок деп айта албаймын. Бирок биз бул маселенин үстүнөн эми дагы катуу киришип жатабыз. Эң биринчи иретте, чындыгында, коллективдүү, жагымдуу, жайдары, ошол мугалимге багытталган саясат болбой, бири-бирин тирештирип, кагыштырып директор өзүнүн авторитетин салып, районо өзүнүн авторитетин салып, миң кыйындыгын көрсөтөм десе, ошол жерде сөзсүз конфликт көп болот.

Социалдык технология бар. Мисалы,  музду чапсаңыз эмне болот? Чачырайт же болбосо сынып жок болот. Ал эми экинчи жолу бар: ошону жылытып, көлкүлдөтүп эритип туруп, каалаган форманы берсе болот.

Экинчи, стресске туруктуулук. Деги эле адистерди даярдоодо, айрыкча бизде Кыргызстанда, адистерди өнүктүрүү институттары жокко эсе. Эгер болсо, өткөн замандын гана күч менен башкаруу технологиялары калган. Керек болсо бүгүнкү күндө балдар баага окуйт, «4»,»5″ алдым деп. Билимге эмес, көндүмгө эмес, баага окушат.  Ошондон да кайтышыбыз керек да.

Баланын функционалдык билимин баалоо системасын да өзгөртөбүз. Экинчиден, мисал үчүн ошол адистерди өнүктүрүү кызматы жокко эсе. Даярдоо кызматы жок. Эми айрым менин кесиптештерим сын пикир айтышы мүмкүн. Анткени өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон муктаждык дагы жок болду бүгүнкү күндө. Стресс менеджмент жок. Кайсыл жерде бар? Адистерди даярдаган окуу жайларда стрессти башкаруу сабагы барбы? Команда менен иштей билүү, команданын муктаждыгын билүү жана ар кандай кырдаалда алдын алуу окутулабы? Мен көргөн жокмун.

Ошон үчүн бүгүнкү күндө реформанын өзөктүү бөлүгү — мугалимдин өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон даярдыгынын үстүндө иштеп жатабыз. Жакынкы күндө, буюрса, толугу менен трансформация кылабыз. Мугалимдерди методикалык коштоо менен камсыз кылабыз. Жүз саат мугалим өзү окуйт. Биз үндөбөйбүз. Биз санариптен көрүп турабыз кайсы курсту тандаганын. https://ustat.edu.gov.kg/ сайтында илинип турат. Ошондо өзүнүн предметтик курстары бар. Предметтен тышкары дагы лидерлик болобу, санариптик болобу же тилдик болобу, курстар берилет. Ошого умтулган мугалимдерди көрүп турабыз. Бүгүнкү күндө мыкты деп айта албайм, кайсы бир деңгээлде Эдил Жолдубаевичтин сөзү абдан бир каршы бир пикирди жаратпадыбы. Бар андайларыбыз, жок эмес. Санариптик мугалим деген платформага өткөндө ар бир мугалимдин деңгээли көрүнүп турат.

 

Заманбап өнүктүргөн окуу китептер

 

Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА: Жаңы доорго жаттама эмес, жаратман муун керек

Жаңы муундагы окуу китептеринин өзгөчөлүгүнө дагы токтоло кетсек. Жаңы стандарттарга шайкеш келген, заманбап стандарттар менен окута турган ушул жаңы окуу китептери чыгууда. Ага өткөн жылдан бери мамлекеттик казынадан болуп көрбөгөндөй каражаттар бөлүнүп жатат. Мурдагы окуу китептеринин ашыкча теорияга шыкалган,  заманбап жашоонун көндүмдөрүнө үйрөтпөгөн кемчилиги бар эмес беле? Ал эми азыр заманбап жаңы окуу китептеринин эң башкы өзгөчөлүктөрү кайсы?

— Дүйнөнүн, башка өлкөнүн билим берүү системасын көрүп келгенде, биздикине салыштырып айырмасы кандай экенин көрөбүз,  туурабы? Биздин көпчүлүк окуу китептери, жазуучунун позициясында жазылган. Окуучунун позициясында эмес.  Мындай, репродуктивдүү деп коёт, кайталанган, 30 жыл болсо деле ошол, 20 жыл болсо деле ошол. Эми акыркы китептерде аны өзгөртө баштадык. Баланын изденүүчүлүк касиетин калыптандыруу маанилүү да. Мисал үчүн көп предмет эртең жоюлушу мүмкүн. Аны жасалма интеллект жөн эле аткарып берет.

Блум таксаномиясынын даражалары деп коёт. Маалыматты пайдаланууда биринчи — билем, түшүнөм, пайдаланам, анан талдайм, мына анализ, синтез, кайтарым байланыш, өзүң бир жаңы бир бүтүм чыгарам деген.

Өзгөчөлүгү,  мына процессти айтып атат, компетенттүүлүккө багытталган. Аягындагы натыйжа — сен ой жүгүртүп туруп, бир чечим кабыл алууга даяр болосуң. Мурунку китептерде сен жөн эле маалымат алуучу болчусуң.

Биздин дүйнөлүк деңгээлде окуп жаткан кыргыз жигиттер айтып жатпайбы. Биз баарын билебиз, кайсы өлкөнүн президенти ким экенин, кайсы өлкөнүн борбору, кайсы өлкөнүн аймактары. Глобалдык масштабда баарын билебиз, а локалдык масштабда иштей албайбыз дешет. Мына кыргыз тили 1-класстан 12-класска чейин окулат, эң көп саат кыргыз тилге берилген. Бирок окуу жана түшүнүү көндүмдөрүбүз боюнча тизменин эң аягында туруп атабыз. Ошол эле орус тили, ошол эле англис тили. Баланын өзүнүн чыгармачылыгына умтулууга, изденүүгө, жоопкерчиликке кошо тарбиялабайт. Репродуктивдүү деп коёт. Ал эми билим берүү үч даражадан турат: репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү деп коёт. Бул китептер жанагы продуктивдүү менен чыгармачылыктын ортосунда. Адамдын ошол изденүүчүлүк менен чыгармачылыгын ойготууга багыт берген китеп. Мурун бул кайталанма болчу. Технология бүт өзгөрдү. Баалуулуктардын бардыгын өзгөртүүдө.

Биз эмне үчүн табигый так илимдер боюнча дүйнөлүк ийгиликтүү китептерди алып келип, биздин шартка ылайыкташтырдык. Формулалар бүткүл дүйнөдө бирдей. Физика кубулуштарды окутуп атат. Биология кайсы жерде болбосун флора-фаунанын өзгөчөлүгүн окутат. География планетадагы өзгөчөлүктөрдү окутуп атат. Химия болсо бүтүндөй формула аркылуу бүт өзгөрүүлөрдү, кубулуштардын бардыгын окутат. Биз дүйнө менен бир алкакта кетишибиз керек. Эгерде, эртең бизде климаттын өзгөрүшү болобу, суу жетишпейби же жаңы муундагы курулуштарды жасайбызбы, жаңы муундагы ойлоп табуучулардын чыгышы ушул китептерге, ушул предметтерге байланыштуу болот.

Репродуктивдүү мугалим, баягы эле эски ырын кайталай берет. Экинчиси,  продуктивдүү натыйжалуу мугалим, ал изденет. Эң жогоркусун креативдүү мугалим дейт, ал жаратман, иштерман, чыгармачыл. Балдар бизден кыйын, анткени жасалма интеллект менен иштегенди билет. Мугалим артта калбаш керек, тынымсыз өсүү, жаңылануу жолунда болушу кажет. Артта калса уялбаш керек. Биз жардам бергенге дайым даярбыз. Мен деле сурайм, баарын биле албайм да. Азыр менин эң чоң жардамчым жасалма интеллект. Дүйнөдө кандай маалымат болсо, chatjpt  же gemini  болобу,  бүт дүйнө пайдаланып атат, ансыз азыр болбой калды.

 

Маектешкен К. Чекиров

Бөлүшүү

Комментарийлер