ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МЕКТЕП ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНИП, АЛДЫГА УМТУЛУШ КЕРЕК”

  • 30.09.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” тандоосунун жыйынтыгы чыгарылып, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү  уюму “Жылдын мыкты мектеби – 2024” деп аталып, 300 000 сомдук сертификат менен сыйланды. Салтанаттуу азем Бишкек шаарындагы айтылуу №69 ОТКнын базасында өттү. Тандоого катышкан жалпы мектептер ыраазычылык кат менен сыйланышты.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МЕКТЕП ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНИП, АЛДЫГА УМТУЛУШ КЕРЕК”

“Ар бир катышкан мектеп жеңүүчү”

Иш-чарада министр Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөп, катышуучуларды куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МЕКТЕП ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНИП, АЛДЫГА УМТУЛУШ КЕРЕК”

— Сынактын максаты – республикадагы мыкты мектептердин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн аймактарда жайгашкан мектептерге жеткирүү жана жайылтуу, массалык маалымат каражаттарында мыкты иш тажрыйбаларынын видеопрезентациялары менен бөлүшкөн жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоого багытталган. Тандоого республиканын аймактарынан 122 мектеп катышты. Сиздерди бүткүл Кыргызстан тандады. Алардын ичинде силердин окуучулар, ата-энелер, мугалимдер, силердин команда бар. Мен үчүн ар бир мектеп жеңүүчү. Бүгүнкү күнү ата-энеси бере турган өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө караганда, мугалим  ата-энеден артык иштеп жаткан мезгил. Көп учурда баланы өнүктүрүүдөн, тарбиялоодон качкан ата-энелер дагы жок эмес. Сиздерди бизден башка дагы структуралар чакырып турушат. Ошого карабастан, ушул тандоого катышып, ар бириңер мыктылыгыңарды далилдедиңер. Баардыгыңыздарга ыраазычылык билдирем! Мен ар дайым айтам, ишенем, мектепти мектеп кылган –  лидер директор. Жетекчи команданы иштете билүүсү, мектептин муктаждыгын билүүсү, өзүн инсан, адис, кесипкөй катары көрсөтө билүүсү анын лидерлик сапаты. Башка жылдарга, доорлорго салыштырмалуу жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы колдоолор келип жаткандыгын жон териңиздер менен сезип турасыздар. Жаман директор, жаман мугалим болбойт, жаман кырдаал, кыялдар, маданияттар болот, — деди министр.

Сөзүн улап, ал билим берүү системасы толугу менен өзгөрүп жатканына токтолуп, “Алтын казык” программасында белгиленгендей, балага билим алганга багыт берген чөйрөнү түзө билүү, билимдин жана баланын тегерегинде бардык баалуулуктар туруш керек экенин айтты.

— Өзөктүк баалуулуктар – билим жана бала, баланын тарбиясы. Республика боюнча 2500 билим берүү мекемесинин ичинен 120дан ашык мектеп катышты. Өзүн сынап көрүү – чоң эрдик. Катышкандын өзү эле эрдик болуп саналат. Айылды агартып, өнүгүүнүн инсандык сапатынын үлгүсү – мугалимдер. Андыктан мектеп тынымсыз изденип, алдыга умтулуш керек, — деди Д.Кендирбаева.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МЕКТЕП ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНИП, АЛДЫГА УМТУЛУШ КЕРЕК”

Андан соң ал шаар менен айыл жериндеги мектептерге бирдей шарт түзүлөрүн, 10-11-12-класстарга билим тереңдетилип берилээрине, ата-энелер маселесине,  билим берүүнүн деңгээлине токтолду. Ошондой эле директорлор корпусуна кайрылып, иштеген кызматын сүйүүгө чакырды.

— Кызматыңарды жакшы көрбөсөңөр, кыйналбагыла. Балага багытталган билим берүү системасын түзөлү деп жатабыз. Учурда бардык талаптарды, мамилени өзгөртүүбүз керек.  Жаңы билим берүү стандартын жазып жатабыз. Бала кандай болуш керек деген моделди стандартка киргизүүнү иштеп чыгабыз. КРнын Президенти мектептерди өнүктүрүү үчүн өзгөчө салым кошуп жатат. Бүгүн эле 100 микроавтобустарды алдык. Бала окуган, бала жүргөн жер — өтө ыйык. Бала менен иштеген адамдын дагы жашоосу жаман болбошу керек. Мен баарыңыздарды ишенимге, изденүүгө, жаңы билим алууга чакырам. Балдардын тагдыры силердин колдо.  Ата-эне  балдарын аманат кылып берди, биз кыянат кылбай, Кыргызстан үчүн иштешибиз керек. Себеби Кыргызстандын келечеги — балдардын билимине байланыштуу, — деди Догдуркүл Шаршеевна.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МЕКТЕП ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНИП, АЛДЫГА УМТУЛУШ КЕРЕК”

Ошентип, калыстар тобунун сунушу менен эң мыкты деп табылган   мектептин бир кабинети  заманбап үлгүдөгү технологияларды колдонулуп, жасалгаланат экен. Катышкан мектептер мектеп системасына кандай жаңылык киргизген, окуучулардын ийгиликтери, долбоорлор аркылуу мектепке кошумча каражат тартуу, өзүн презентациялоо, окуучулардын олимпиадаларга жана ЖРТга катышуусу, жаш адистердин саны, ийримдердин иштери, коомчулук жана ата-энелер менен иштөө, семинарларды уюштуруу, мугалимдердин билимин жогорулатуу, ачык эшиктер, койгон максаттары билим берүү программасына шайкеш келеби деген критерийлердин баарына жооп бериши керек болчу. Алардын жасаган иш-аракеттерин калыстар тобу карап чыгып, балл коюп, жыйынтыгында жалпы балл чыгарылганын министрликтин жетектөөчү адиси С.Омурканова билдирди.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МЕКТЕП ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНИП, АЛДЫГА УМТУЛУШ КЕРЕК”

— Ар бир мектептин өзөгүн мугалим түзөт. Мугалимдик кесип – дүйнөдөгү эң жоопкерчиликтүү, түйшүктүү, гумандуу кесип. Андыктан, билим берүүгө салымын кошуп, мамлекеттин социалдык маданий жана билим берүүнүн өнүгүүсүнө түрткү болгон күч катары караса да болот. Мектеп, андагы мугалим – бүтүндөй бир муунду, келечекти калыпка салган кеменгер. Мыкты мугалим кайсы бир мезгилди оңдосо, кемчили бар мугалим, кайсы бир мезгилди талкалагандай болот. Ар бир баланын келечеги, жашоого карай кадамы, көз карашы, турмушка болгон даярдыгы мектептин жалпы эмгек жамаатына көз каранды. Ошондуктан  ар бир мектепте, мамлекеттин келечегине салым кошом деген мугалимдер эмгектенерин каалайт элем, — дейт С.Омурканова.

Мыкты көрсөткүч – мектептин сыймыгы, сыйлыгы

Тандоого катышкан мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдары новатордук ыкмаларын, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерин, анын ичинде электрондук билим берүү ресурстарын колдонууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар, профилдик жана автордук программаларды ишке ашырган, инсанга багытталган окутууну өздөштүргөндүктөрү тууралуу маалымат алмашууга багытталган.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МЕКТЕП ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНИП, АЛДЫГА УМТУЛУШ КЕРЕК”

Taндоонун негизги принциптери жол-жоболордун айкындуулугу, ачыктыгы, ага катышкан бардык мектептердин бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу болуп саналат.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МЕКТЕП ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНИП, АЛДЫГА УМТУЛУШ КЕРЕК”

Тандоо беш этаптан турду. Биринчи этапта  — райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, башкармалыктар мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон бештен ашпаган жалпы билим берүү уюмдарынын тизмесин камдап, уюштуруучу тарапка 1-мартка чейин жөнөтүлгөн. Экинчи этапта уюштуруучу тарабынан мыкты мектептердин тизмеси  жана темасы буйрук менен бекитилип, кайрадан райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө, башкармалыктарына 10-мартка чейин түшүрүлдү. Үчүнчү этап – ар бир катышуучу тарап тандоонун форматына ылайык видеопрезентацияларын социалдык тармактарга 10-апрелге чейин жүктөштү. Төртүнчү этапта социалдык тармактарга жүктөлгөн видеопрезентациялардын мыкты комментарийлерге жана эң жогорку сүймөнчүлүккө ээ болгон он мыкты мектептердин тимзмеси уюштуруучу тарабынан калыстар тобуна 15-майга чейин өткөрүлүп берилип, бешинчи финалдык этапта калыстар тобу баалоо критерийлерине ылайык, Кыргыз Республикасынын мыкты мектебин 25-майга аныктады.

 

Бул тандоого катышкан бир топ мектептер иргелип отуруп, бардык жактан күчтүү, креативдүү жактарын көрсөтө алган, мыкты экенин далилдеп, алдыга бир нече мектеп суурулуп чыкты. Албетте, ар бир  мектептин көркүн мугалим жана окуучу ачат. Ал эми мыкты мугалим жана мыкты окуучу билим уясын алдыга чыгарат эмеспи. Негизинен 15 мүнөттүк роликтин ичинде мектептин бардык ийгиликтери, жетишкендиктери толук камтылган. Бул деген мектептин көп жылдык үзүрлүү эмгеги.

 

Ошентип, тандоонун Жобосундагы бардык талаптарга жооп берген, эң көп баллга татыктуу болгон Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү  уюму “Жылдын мыкты мектеби – 2024” деп аныкталды.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МЕКТЕП ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНИП, АЛДЫГА УМТУЛУШ КЕРЕК”

— Республика боюнча 1-орунду камсыз кылып “Жылдын мыкты мектеби — 2024” наамына ээ болдук. Министрлик  тарабынан бериле турган 300 миң сомдук сыйлыгыбызга,  буюрса төрт класска эмеректерди алганы турабыз, — дейт №1 Т. Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби директору Н.Атамкулова.

Тандоого татыктуу болгон мектептин 38 жылдык тарыхы бар, район ичинде да  алдыңкы орунда турат. Анда иштеген педагогикалык жамаат өз күчүн, билимин сыноо максатында сынакка катышкан эле.

— 10-класстын мыкты окуучусу Эдилбекова Айтунук видеомонтаж жасады. Конкурска катышуу максатыбыз – мектептин ийгиликтерин, заманбап технологияларды колдонуу менен билим берүүдөгү жетишкендиктерин тааныштыруу болчу. Азыркы мезгилде биздин мектеп жамааты кубанып, сүйүнүп турган чагыбыз. Буга чейин дагы мектеп райондук, облустук “Жылдын мектеби -2023” сынактарына катышып, 1-орунду ээлеп, диплом менен сыйланганбыз, — дейт жетекчи.

Үмүт байлаган мектептер

Жеңишке жетпей калган мектеп жетекчилери мындан ары дагы билим берүүгө өз салымын кошуп, буга чейин кандай иштеп келишсе, мындан кийин андан дагы жакшы иштегенге умтулуп, аракет кылып, жылдан-жылга жакшы жыйынтыктарды беребиз деген үмүттөрүн билдиришти. Анткени, бул сыйлык — мектепке, мектеп администрациясына, эмгек жамаатына абдан чоң стимул берет.

— Конкурстун негизги критерийлери мектептин жалпы ишмердүүлүгүн чагылдырган видеопрезентация жасоо болчу, ошол тапшырмада биз мектептин ишмердүүлүгүн, материалдык абалын, мугалимдердин иштерин чагылдырдык. Мектеп жамааты менен биргеликте болгон күч-аракетибизди жумшап, видеопрезентацияны жөнөткөнбүз. Бул сынакка жалпы 122 мектеп катышкан. Бизге бул конкурс аябай чоң ийгилик алып келди. Бүгүнкү күнгө чейин иш жүрүп жатат. Актовый зал түп отунан оңдолуп жатат.

Мен ойлойм, ар бир жасалып жаткан жумуштан жаңы идея ойлоп таап, мектепти ар тараптан оңдосо болот. Орун албасак да, мектепте чоң жумуш бүтүрдүк! Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясында учурда 130 бүтүрүүчү болду, кийинки жылга 150гө толуктайбыз. Комиссиянын ар биринин койгон баасын карап, кемчиликтерибизди үч  жылдык стратегиялык планга коштук. Биздеги кемчиликти так көрсөтүшүптүр, — дейт Кара-Кулжа районундагы Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейинин директору Жылдыз Маметова.

“Өз мектебиңди колдо!”

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын өнүгүүсүнө кайдыгер болбогон жана салым кошууга умтулган чыгаан уулдарды жана жарандарды “Өз мектебиңди колдо!”/”Поддержи свою школу!” хештеги менен челленджге катышууга чакырган эле.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МЕКТЕП ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНИП, АЛДЫГА УМТУЛУШ КЕРЕК”

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МЕКТЕП ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНИП, АЛДЫГА УМТУЛУШ КЕРЕК”

Билим берүүнүн 100 жылдыгынын алдында Кыргызстандагы эң мыкты мектепти таңдоонун жыйынтыгын чыгаруу менен бирге өнүктүрүү жана билим берүү тармагында кызыкдар тараптардын тажрыйба алмашуусуна аянтча болгон билим берүү марафонуна катышкан демөөрчүлөр да кур кол келишбептир. Алсак, аттарын атагылары келбеген демөөрчүлөр Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Сары-Челек аймагына караштуу №5 Асанбек Капаев атындагы мектепке бирөө 600 000 сом, экинчи демөөрчү 200 000 сомдук сертификат сыйлыктарын беришсе, эстрада ырчылары да өздөрү окуган мектептерге чакан белектерин тапшырышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Балдардын жаа өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун тарбиялануучулары чакан концерттиик программа тартуулашты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын аймактарында жалпы билим берүү уюмдарынын саны  — окуу жылында 2377 бирдигин түзсө, алардын ичинен 2173 мамлекеттик жана муниципалдык мектептер.

Башталгыч мектептердин саны – 90;

Негизги мектептерлин саны-171;

Орто мектептердин саны – 1895.

Тандоого 2022-2023-окуу жылында жалпы 26 мектеп катышса, 2023-2024-окуу жылында 96 мектепке көп катышкан.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын мыкты мектептерин тандоо жөнүндө” 2024-жылдын 1-февралындагы №  156/1 буйругуна ылайык тандалып алынган жана массалык маалымат каражаттарында мыкты иш тажрыйбаларынын  видеопрезентациялары менен бөлүшкөн жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоо багытында уюштурулган иш-чара коомчулуктун кызыгын арттырган. Ош облусунун Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн сунушу менен Кыргыз Республикасынын мыкты мектептерин тандоосуна катышкан Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейинин бүрүүчүлөрү аталган мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого салым кошуу үчүн интернат-лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясын түзүп, 2024-2025-окуу жылына карата балдардын кошумча билим алуусуна багытталган чоң көрүүчү залын заманбап жасалгалоодон өткөргөн.

Төмөндө Кыргыз Республикасынын мыкты мектебин тандоосуна катышкан жалпы билим берүү уюмдарынын тизмесин жарыяладык. Өздөрү окуган мектептерге жардам бергиси келген демөөрчүлөр мектеп директорлору менен байланышса болот.

ЖББУнун аталышыОблусу/району/шаарыДиректорунун АААБайланыш номерибаллы
1Хашимжон Самиев атындагы ОМОш облусу, Ноокат районуТопвалдиева Гулнара0773 52 735215000
2Абдыманап Мамыров атындагы ОМОш облусу, Ноокат районуАйтматова Санахат022358495711000
3Кеңеш ОМ (окутуу кыргыз тилинде)Ош облусу, Ноокат районуМамазаитова Айнура07722928183400
4Б.Осмонов атындагы № 5 мектеп-гимназиясыЖалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаарыТургунбаева Алтынай05540707522400
5Р.Санатбаев атындагы № 9 инновациялык мектеп-гимназиясыЖалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаарыРустамова Бактыкан07715177199100
6Т.Кошматов атындагы № 10 мектеп-гимназиясыЖалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаарыЖумабаева Айсада07739679553100
7Р.Азимов атындагы № 13 ЖОББМЖалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаарыАбилова Зарипа05584007801500
8И.Сатыбаев атындагы № 19 ЖОББМЖалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаарыИбрагимова Гулнара07792276761700
9Эргеш Мейманов атындагы ОМНарын облусу, Ак-Талаа районуМамытканова Кыял07057545751300
10Орозбай Маканов атындагы № 20 ОМБаткен облусу, Кадамжай районуКолдошова Нурила07796792282000
11А.Пушкин атындагы ОМБаткен облусу, Кадамжай районуТурсуналиева Ранохон05563006031600
12Молдо Нияз атындагы мектеп-гимназиясыБаткен облусу, Кадамжай районуСаттаров Асылбек0772692329717
13Б. Айтматов атындагы мектеп-гимназиясыБаткен облусу, Кадамжай районуНазарова Зияда07796330831200
14О.Абдрахманов атындагы № 28 ОМБаткен облусу, Кадамжай районуИсакова Гулмира07736736331600
15М.Юсупов атындагы ОМБаткен облусу, Кадамжай районуРахманжанова Чынара0779140783568
16О.Турсуматов атындагы Бер-Булак ЖОББМЧүй облусу, Аламүдүн районуМамбетиманова Гулнара05556704004200
17М.Тилекеев атындагы Панфилов ЖББОМЧүй облусу, Панфилов районуБеликова Елена05580410701000
18К.Сулайманова атындагы Кайынды ЖББОМЧүй облусу, Панфилов районуГончарова Ирина0554463948469
19К.Жумагулов атындагы ЖББОМЧүй облусу, Панфилов районуУралиев Бакыт0708982860537
20В.Захарченко атындагы Чалдыбар № 1 ЖББОМЧүй облусу, Панфилов районуШүкүралиева Рита0553605406839
21А.Пушкин атындагы № 1 орто гимназия-мектебиЧүй облусу, Токмок шаарыДжумагулов Алмаз05500737791300
22В.Марков атындагы № 1 ОМЧүй облусу, Чүй районуТукубалиева Роза0555789617385
23Э. Керимгазиев атындагы ЖОББМЫсык-Көл облусу, Ысык-Көл районуТулекеева Назира07002421289100
24И. Абдуразаков атындагы ОМЫсык-Көл облусу, Ысык-Көл районуДжангабылов Арстан07090812792500
25О.Джумаев атындагы ОМЫсык-Көл облусу, Ысык-Көл районуДегембаева Гулзада07001484797600
26Тамчы айылындагы ОМЫсык-Көл облусу, Ысык-Көл районуЭшимканов Нурдан07001286769000
27Кожояр Казыев атындагы ОМБаткен облусу, Лейлек районуАбдиева Гулзат07701580651200
28Ж.Алтымышбаев атындагы ЖОББМЫсык-Көл облусу, Тон районуОрдобаев Туйгунбек07024739871400
29Б.Мамбетов атындагы ЖОББМЫсык-Көл облусу, Тон районуМолдаканова Чынара0509 111075
30Ж.Айтикеев атындагы ЖОББМЫсык-Көл облусу, Тон районуМуктарбек уулу Аваз0709535536422
31С.Эркинбаев атындагы ЖОББМЫсык-Көл облусу, Тон районуИскенова Айсулуу07090193701000
32М.Мамбетов атындагы ЖОББМЫсык-Көл облусу, Тон районуКабаева Токтокүл07054784031900
33С.Абдракманов атындагы ЖОББМЫсык-Көл облусу,  Жети-Өгүз районуЖетимишбаева Сапаркүл05004600883500
34М.Тынаев атындагы ЖОББМЫсык-Көл облусу,  Жети-Өгүз районуУмарова Бактыгүл07056379063200
35Б.Укуев атындагы ЖОББМЫсык-Көл облусу,  Жети-Өгүз районуТүгөлбаева Венера07045464061300
36Жунуш уулу Жапар атындагы ЖОББМЫсык-Көл облусу,  Жети-Өгүз районуКурманалиева Айдана05000775252100
37С.Сыдыков атындагы ЖОББМЫсык-Көл облусу,  Жети-Өгүз районуМуканбетова Чолпон07089109822400
38С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак-мектебиБаткен облусу, Баткен районуМаматов Камалдин0776611108
39Газ орто мектебиБаткен облусу, Баткен районуЗикиров Асан05018350831600
40Э.Эркебаев атындагы ОМБаткен облусу, Баткен районуАйбашова Айымсаат07793090251600
41Т.Садыков атындагы ОМБаткен облусу, Баткен районуМамжунусова Мухуда0779557121359
42Шарап Токсонов атындагы ОМБаткен облусу, Баткен районуДуйшоева Канзада07780459783000
43Н.Гянджеви атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексиБишкек шаары, Октябрь районуАлымкулова Каныкей05555444522500
44Т.Молдо атындагы № 71 ЖОББ мектеп-интернатыБишкек шаары, Октябрь районуАбдыкадыров Эркинбек07096404432100
45№ 9 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясыБишкек шаары, Ленин районуАрстанбекова Зейнеп0777645623
46№ 72 А.Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясыБишкек шаары, Ленин районуНазаркулова Дамира05547701272800
47№ 95 кытай тилин окутуучу мектеп-гимназиясыБишкек шаары, Ленин районуСардарбекова Айнура05503455753500
48№ 97 жалпы орто билим берүү мектебиБишкек шаары, Ленин районуЖээнетаева Зейнегуль07073043661700
49Л.В. Толстунов атындагы № 12 мектеп-гимназиясыБишкек шаары, Свердлов районуУметалиева Гульбарчын07009605502300
50А.Токомбаев атындагы № 24 гимназия-мектебиБишкек шаары, Биринчи май районуАбдураимова Анара05505910005200
51№ 29 гимназия-мектеби окуу-тарбия комплексиБишкек шаары, Биринчи май районуКадыров Бахтияр0550111277
52Т.Сатылганов атындагы № 42 ОМЖалал-Абад облусу, Аксы районуРыскулова Нуржамал07794558601500
53А.Кабаев атындагы № 5 ОМЖалал-Абад облусу, Аксы районуИсабаева Тынара07060160831500
54Ж.Мамытбеков атындагы № 10 ОМЖалал-Абад облусу, Аксы районуКубатбеков Ашым07717723001000
55К. Чекиров атындагы № 23 ОМЖалал-Абад облусу, Аксы районуКожояров Аркытбек0778189636331
56Ж.Мавлянов атындагы № 14 ОМЖалал-Абад облусу, Аксы районуЧилетова Айжан07034244431500
57Эсенкелди уулу Максатбек атындагы ОМОш облусу, Чоң-Алай районуЖалилов Нурбек0707449059607
58Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык ОМОш облусу, Чоң-Алай районуАкимов Алтымыш07797099702600
59Ленин атындагы ОМОш облусу, Чоң-Алай районуКожобеков Алишер0778942310590
60Ч.Айтматов атындагы № 28 ЖОББМЖалал-Абад облусу, Ноокен районуКамалова Арзыгул07735337362600
61Губкин атындагы № 14 ЖОББМЖалал-Абад облусу, Ноокен районуОрозова Арзыкан05540809692400
62Э. Алиев атындагы № 11 ЖОББМЖалал-Абад облусу, Ноокен районуЭрмеков Расул07738295162900
63Беки уулу Семетей атындагы № 15 ЖОББМЖалал-Абад облусу, Ноокен районуТоктосунов Мирулан07730607097100
64Токтогул атындагы № 40 ЖОББМЖалал-Абад облусу, Ноокен районуАбдулаев Жунусали05541601761200
65Т.Бабанов жатак-лицейиТалас облусу, Айтматов районуТайдинова Дамира0554315515270
66Ч.Айтматов атындагы ОМТалас облусу, Айтматов районуНуралиева Динара0704717124
67Токтогожоев атындагы Көк-Сай ОМТалас облусу, Айтматов районуЧодорова Аида05510120772600
68Р. Рысакова атындагы № 2 ОМТалас облусу, Талас шаарыКозубекова Нуржамал09995020205100
69Байсейит уулу Эшмамбет атындагы ОМТалас облусу, Талас району Анарбекова Сергил (м.у.а)0705206796
70Тапык Отунчиев атындагны № 2 мектеп-гимназиясыОш облусу, Алай районуОлокова Эркгүл077959676219000
71Жумакадыр Мойдунов атындагы № 11 орто  ЖББМОш облусу, Өзгөн районуЖакыпова Айнура05592711147200
72Рысбай Коңкошев атындагы номер № 12 ОМОш облусу, Өзгөн районуМаматалиев Маматсали07033598616600
73Жээнбек Маматжанов атындагы  № 58 орто мектеби.Ош облусу, Өзгөн районуТойкулова Мерикан077040403919000
74Камилжан Раимбеков атындагы мектеп- гимназиясы .Ош облусу, Өзгөн районуАпарханов Медер07736500875200
75Абдылда Таңгатаров атындагы номер 24 интернат- гимназиясы .Ош облусу, Өзгөн районуКеңешбаева Элмира07728380982600
76Жылкыайдар уулу Тилекмат Аке атындагы № 3 мектеп-гимназиясыЫсык-Көл облусу, Каракол шаарыТабалды кызы Эльнура07008731181900
77№11 мектеп-гимназиясыЫсык-Көл облусу, Каракол шаарыСойкоева Гулзат07036200171600
78Карга Мендегул атындагы № 15 ЖОББЫсык-Көл облусу, Каракол шаарыТемирбеков Табылды0772401701
79Т.Мойдунов атындагы № 1 ЖОББЖалал-Абад облусу, Тогуз-Торо районуАтамкулова Назгүл070740285515000
80Н.Кушматов атындагы № 9 мектеп-гимназиясыБаткен облусу, Сүлүктү шаарыАйдарова Кымызай0777425649679
81Баткен облустук гимназия жатак-мектебиБаткен облусу, Баткен шаарыАлдашова Айгүл07790163772300
82Ж.Бөкөнбаев атындагы ОМБаткен облусу, Баткен шаарыЫсманова Гүлжамал07703033305500
83А.Имаров-Кызыл-Топу атындагы ОМБаткен облусу, Баткен шаарыСатыбалдиева Ильва07791655661100
84Кызыл-Жол ОМБаткен облусу, Баткен шаарыСалимбай уулу Адилет02220110922000
85№ 4 мектеп-гимназиясыБаткен облусу, Баткен шаарыМурзаев Сүйүналы0507771346958
86Ш.Кочкорбаев атындагы ОМТалас облусу, Манас районуЭдиева Самара0500621424680
87У.Акынбеков атындагы ОМТалас облусу, Бакай-Ата районуШабданова Ратгүл07791413241500
88Д.Дуйшебаев атындагы ОМТалас облусу, Бакай-Ата районуСатымкулова Гулнара0709870152506
89Тойчубек уулу Жанадил атындагы ОМТалас облусу, Бакай-Ата районуАлишерова Барахат0550501982733
90Ч.Айтматов атындагы № 1 Ивановка мектеп-гимназиясыЧүй облусу, Ысык-Ата районуСартбаева Дарика07088400103700
91Н.Баранов атындагы №2 ЖББУЧүй облусу, Ысык-Ата районуТурганалиева Динара07055799201300
92Карыбек уулу Акматаалы атындагы ОМНарын облусу, Ат-Башы районуТөлөгөн кызы Мээрим07015454971500
93Курманжан Датка атындагы № 8 ОМОш облусу, Өзгөн шаарыМойдунова Махабат05599064705500
94У.Калиев атындагы Чолпон ЖОББМЫсык-Көл облусу, Ак-Суу районуТермечиков Марат0500075865
95М.Рахимова атындагы ЖОББМЫсык-Көл облусу, Ак-Суу районуТурдукулова Гульнур05513834657
96С.Киров атындагы гимназия-мектебиЫсык-Көл облусу, Ак-Суу районуСоколов Михаил0555191061
97С.Кульматов атындагы Жаңы-Арык ЖОББМЫсык-Көл облусу, Ак-Суу районуСуйундукова Чынара0702095484236
98Сосновка орто мектебиЧүй облусу, Жайыл районуРысалиева Бегайым05541701712600
99Н.Жундубаева атындагы МГНарын облусу, Кочкор районуОсмонова Кундуз07022221171400
100К.Мамбеталиев атындагы ОМНарын облусу, Кочкор районуШарапидинов Нурбек0707118688
101Б.Иманалиев атындагы ОМНарын облусу, Кочкор районуАкматова Насип0700865087622
102Осмон Айбашов атындагы ОМНарын облусу, Кочкор районуКубандык уулу Данияр0703097636364
103Шапак Рысмендиев атындагы ОМНарын облусу, Кочкор районуБообек уулу Болот0707687292265
104Керимбай уулу Сарыбай атындагы ОМНарын облусу, Нарын районуИсагакунова Сайкал0504962196666
105Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейиОш облусу, Кара-Кулжа районуМаметова Жылдыз07777085296300
106О.Сайдилканов атындагы автордук гимназия мектебиОш облусу, Кара-Кулжа районуЖуманазрова Мээркан05572242922200
107Э.Осмонов атындагы ОМОш облусу, Кара-Кулжа районуКармышакова Токтайым07701421303800
108Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектебиНарын облусу,  Жумгал районуСапарбекова Айзат0709253062190
109Рысалы Солтонбеков атындагы орто мектебиНарын облусу,  Жумгал районуАсанов Эржан 0704411888618
110Асылбек Молдокеев атындагы орто мектебиНарын облусу,  Жумгал районуЖолдубаева Жаркын07055581831100
11ёТаттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясыНарын облусу,  Жумгал районуАйдаралиев Мирлан07037500802000
112Калык Акыев атындагы орто мектебиНарын облусу,  Жумгал районуИсаева Айзада0708783357754
113Шопоков шаарындагы № 1 мектеп-гимназиясыЧүй облусу, Сокулук районуКозубекова Чынара0704159408687
114Шопоков шаарындагы Экология-Экономикалык мектеп-лицеиЧүй облусу, Сокулук районуБуртная Татьяна0555738637591
115К.Шопокова атындагы № 3 мектеп-лицейиЧүй облусу, Сокулук районуБусурманкулова Надежда0550749553840
116Военно-Антоновка мектеп-гимназиясыЧүй облусу, Сокулук районуЧукурова Тамара05559994851200
117А.Жакшылыков атындагы Сокулук №1 МГЧүй облусу, Сокулук районуЖуманазрова Ырыс07076161292400
118Токмок шаарынын № 11 ЖББО мект еп-лицейиЧүй облусу,  Токмок шаарыБалбакова Жамал0554058744

 

119Спартак жалпы орто билим берүүчү мектебиЧүй облусу, Москва районуАрсарбекова Аида0703142419

0997001630

584
120С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясыОш шаарыЖусубалиева Бактыгуль0777897514
121Т.Бердибеков атындагы ОМОш облусу, Кара-Суу району1500
122В.П. Чкалова мектеп-гимназиясыНарын облусу,  Нарын шаарыРахат Мукашович1000

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер