ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНЫН ООШ-КЫЙЫШЫ

  • 20.10.2022
  • 0

Мектеп жетекчилерин конкурстук негизде тандап алуу сынагы улам илгерилеген сайын биздин редакцияга коомчулук колдоого алган бул демилгенин Жобосун өзгөртүү тууралуу сунуштар келип түшүүдө.

Бишкек шаарынан Чолпонбек Тиленбаев менен Алай районунан Бегалиева Толкун — конкурстан өтүп, бирок упайы боюнча экинчи орунда калган талапкерлер. Алар «Упай көрсөткүчү жагынан экинчи орунда калгандар башка ваканттык орундарга автоматтык түрдө директор болуп дайындалса болобу?» деген суроо менен кайрылышкан.

ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНЫН ООШ-КЫЙЫШЫ

Алгач талапкерлерди сиздерге тааныштыра кетсек. Чолпонбек агай — нукура педагог, билим берүү ишинин эң мыкты уюштуруучусу. Мектеп директорлугунан баштап, Билим берүү министрлигинин Мектептер башкармалыгынын жетекчисине чейинки даңктуу жолду басып өткөн ары тажрыйбалуу, ары билимдүү, ошол эле учурда ары компетенттүү адис.

ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНЫН ООШ-КЫЙЫШЫ

Ушундай эле мактоо сөзүн биз көрбөсөк да, телефон аркылуу сүйлөшүп калган дагы бир талапкер, алайлык алдыңкы педагог Толкун Бегалиева тууралуу айта алабыз. Быйыл эле өлкө башчысынын колунан мамлекеттик жогорку сыйлыкты алган эжей агартууда алдына чоң максаттарды коюп иштеп жатыптыр. Магистратураны артыкчылык диплому аяктаган элеттик мугалимдин педагогика жаатында илим изилдөө иштерин улантсам деген бийик ойлору бар экен.

— Биринчи турда биздин айылдан 10 чакырым алыс айылдагы башталгыч мектептеги директорлук орунга катыштым. Менден 1,5 упай көп алган талапкер директор болуп дайындалган болчу. Бирок ал 1,5 ай иштеп, өз арызы менен кызматынан кетиптир. Эгерде азыркы Жобону өзгөртүп алсак, мендей конкурстан өткөн талапкерлер ваканттык орундарга автоматтык түрдө директор болуп дайындалып, өлкө канча каражатты үнөмдөп калмак, — деп айтат Толкун Бегалиева.

ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНЫН ООШ-КЫЙЫШЫ

Талапкер Чолпонбек Тилленбаевдин суроосу да ушундай мааниде экен. Биз бул суроону алгач Улуттук тест борборунун директору Бактыгүл Шамшидиновага жолдодук.

— Биздеги Жобо боюнча мындай учурларда экинчи орунду ээлеген талапкерлер бош орунга автоматтык түрдө дайындала алышпайт. Ал мектепке жаңы конкурс жарыяланат, — деп жооп берди Улуттук тест борборунун жетекчиси.

Маселени дагы тереңирээк карап чыгуу үчүн өз суроолорубузду камдап, Билим берүү министрлигинин Мектептик билим берүү саясаты жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеиновага бардык.

— Азыркы Жобону өзгөртө албайбыз. Жеңүүчү өз арызы менен иштен кеткен учурда деле, ал орунга жаңы конкурс өткөрүлөт. Бизге кайсы бир райондо директорлук орунга бала бакчада иштеген тарбиячынын конкурска катышып өткөнүн айтышты. Каалоосу бар, тажрыйбасы жетиштүү жогорку билимдүү бардык жарандар директорлук орунга катыша алышат. Биз эч кимдин конституциялык укугун бузганга акыбыз жок, — деп жооп берди Айнура Сүйүндүковна.

Ошол эле учурда министрликтин адиси айрым аймактарда аз болсо да азыркы мамлекеттик мааниси зор өнөктүктө түшүнбөстүктөр болуп жатканын моюнга алды.

— Айрым райондордо жаш адистер тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, мурунку директордун пайдасына өз ордунан баш тарткан учурлар бар. Аламүдүн районунда башка айылдык жеңүүчү талапкерди «мурунку директорубуз өзү иштейт» деп мугалимдер жамааты, ата-энелер киргизбей коюшкан. Бул фактылар боюнча биз Улуттук коопсуздук кызматына кайрылдык, — деди министрликтин жетектөөчү адиси.

Жүздөгөн талапкерлер жетекчи болсом деп кыялданып, аракет кылып, түнү-күнү тест суроолоруна даярдык көрүп жаткан учурда бир аз иштеп, өз арызы менен жумуштан кетип калган директордун окуясы бизди да түрдүү ойго салды.

— Мен Алай районундагы «Көлдүк» башталгыч мектебинде бир жарым ай директор болуп иштедим. Анан турмуш шартыма байланыштуу өз арызым менен кызматтан кеттим. Анткени мен мурдагы мектепте англис тил мугалими болуп жогорку класстарда иштегем. Башталгыч мектепте англис тили болгону төрт эле саат экен. Өз предметимди, өз окуучуларымды кыя албадым, — деди Шайдулла кызы Таалайгүл өз чечими тууралуу.

ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНЫН ООШ-КЫЙЫШЫ

Таалайгүл ушул кыска мөөнөттө беш чакырым алыстыктагы кошуна айылда иштеп келсе, ушул эле башталгыч мектепке директорлукка талапкер болуп жаткан Толкун Бегалиевага эми конкурстан өтүп калса, он чакырым жол жүрүүгө даяр экенин айтат.

— Менин жеңил машинам бар. Он чакырым жердеги айылга барып-келип иштөө мага тоскоолдук болбойт, — дейт талапкер.

Ушул жылдын 21-22- октябрында Бишкек жана Ош шаарлары менен Баткен облусунда бош орундарга директорлорду тандоо сынагы өтүп, анын жыйынтыгында мурдатан мектептерди жетектеп келген бир топ талапкерлер керектүү баллды топтой албай, сынактан өтпөй калды.

Улуттук тест борборунун адистеринин пикиринде тажрыйбалуу талапкерлердин көпчүлүгүнүн компьютерде иштөө көндүмдөрү жакшы эмес, ушундан улам алар берилген убакытта 80 суроонун 20 суроосуна араң жооп берүүгө жетишип жатат.

Бирок жаш куракка шылтайын десең, талапкерлердин эң эле тажрыйбалуусу Чолпонбек Тиленбаев борборубуздагы француз тилин тереңдетип окутууну камтыган №26 гимназия-комлекске директорлукка ийгиликтүү өттү.
Демек, кеп жаш куракта деле эмес го чамасы.

— Экинчи турда Бишкек шаары боюнча 16 ваканттык орунга 127 документ келип түшкөн. Тестирлөөгө 82 талапкер чакырылды. Калганынын даярдаган документи комиссиядан өтпөй калды. Шаардагы №16 жалпы билим берүүчү мектепке эки талапкер ат салышып, экөө тең өтпөй калгандыктан, бул орунга кайра сынак жарыяланды. Ак-Өргөдөгү №77 орто мектепке 20дан ашуун адам документ тапшырып, анын 19у тестирлөөгө катышты, -деп айтат Улуттук тест борборунун жетектөөчү адиси Нургүл Осмоналиева.

Экинчи турда бир эле мектепке документ тапшырган эки талапкердин жыйынтык баллы бирдей болуп калган учурлар болуптур. Улуттук тест борборунун жетектөөчү адиси Ибраимова Жаркындын айтуусунда Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы жатак-мектептеги бош орунга азыркы убактылуу иштеп жаткан директору менен мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы тестирлөөгө катышып, экөөсү тең эки жолу катары менен бирдей жыйынтык көрсөткөн үчүн бул мектепке кайра конкурс өткөрүү чечими чыккан.

Конкурста албетте билим бааланат. Бирок турмушта дайыма эле ошондой боло бербейт окшойт.

— Ошто №50 П.Нышанов атындагы орто мектептеги директорлук орунга эң жаш талапкер кыз Нарымбаева Эльвиза жеңип чыкты. Анын ийгилигине кубанып жатсак, коридордо улуу курактагы эжелер: «Ушундан кийин биз менен кантип бир дасторконго олтурасын!» деп жемелеп жатыптыр. Биз «мындай кылганыңар туура эмес, Жобо боюнча тесттен ким көп балл алса, ошого буйрук чыгат» дедик, — дейт Улуттук тест борборунун жетектөөчү адиси Ибраимова Жаркын.

Экинчи турда Лейлекте дагы бир жаш мугалим алдыга озуп чыкты. Ал — атактуу педагог Гапыр Мадаминовдун уулу Исламбек Мадаминов.
Эми ал атасынын агартуучулук ишин улантып, Жаштык айылындагы №3 мектеп-гимназияны жетектейт.

Белгилей кетсек, өлкө Президенти Садыр Жапаров быйыл июль айында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Бул документке ылайык мектепте беш жылдан ашуун жетектеген эки миңге чукул директорлор кызматынан бошотулуп, ал орундарга ачык конкурс жарыяланган.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер