ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИККЕ КАРАЙ ЖОЛ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

  • 25.02.2026
  • 0

Баланын келечеги бакча курагындагы тарбиядан көз каранды

Жемиш бактарынын бакубат өсүп, мол түшүм бериши алардын көчөт кезиндеги тамыр системасына жасалган камкордукка түздөн-түз байланыштуу. Тамыр канчалык активдүү иштеп, жетиштүү азык менен суу алса, дарак ошончолук бекем болуп, табигый кыйынчылыктарга туруштук берет. Ал эми тамыр кургап, жабыркап же туура эмес отургузулса, кийинки эмгек да күтүлгөн жыйынтыкты бербей калышы мүмкүн. Адамдын инсандык өнүгүүсү да ушул мыйзам ченемге баш ийет. Баланын алгачкы жылдары — анын “тамыр байлоо” мезгили, инсан катары калыптанышынын башаты. Эгер көчөт шамалга туруштук бере албаган алсыз тамыр менен өссө, ал биринчи катуу шамалда эле сынып калат. Ошо сыяктуу эле бөбөк кезинде жетиштүү педагогикалык жана эмоционалдык камкордук албаган бала кийин социалдык кыйынчылыктарга туруштук бере албай кыйналат. Ошондуктан элдик педагогикалык акылмандык да, илимий педагогиканын көрүнүктүү өкүлдөрү да мектепке чейинки курак адамдын келечегин аныктоочу чечүүчү курак экендигин белгилешкен. Буга байланыштуу кыргыздарда “Болоор бала башынан”, “Жаш кездеги билгениӊ ташка тамга баскандай, карыганда билгениӊ карга тамга баскандай”, “Уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген макалдар белгилүү. Орус илимий педагогикасынын классиги К.Д.Ушинский бул маселенин маанилүүлүгү тууралуу: “Адамдын мүнөзү өмүрдүн алгачкы жылдарында өктөм калыптанат да, ушунун алгачкы жылдары бул мүнөздө орун алгандар бекем орун алып, адамдын экинчи натурасы болуп калат… Адам кийин өздөштүргөндөр эч качан бала чакта өздөштүргөндөй тереңдикке ээ болбойт” — деп жазган. Л.Н.Толстой: “Мен азыр жашап жатканымдын бардыгын ошондо алганмын, алганда да калган бардык өмүрүмдө анын жүздөн бирин да албагандай, ушунчалык көп, ушунчалык тез алганым жалганбы? Беш жашар баладан мага чейин бир гана кадам. Ал эми беш жашар балага чейинки аралык жүрөк үшүтөрлүктөй алыc”. Балалыктын бул мезгилин А.С.Макаренко дагы так кесе баалап “…Тарбиянын башкы негиздери беш жашка чейин түзүлөт, ошондуктан силер беш жашка чейинки — бул бардык тарбиялык процесстин 90 пайызы, андан кийин да адамды тарбиялоо, адамдын кагылып-согулушу улантыла берет, бирок мында силер негизинен жемишти тата баштайсыӊар, ал эми анын силер бапестеп баккан гүлдөрү беш жашка чейин болгон” — деп жазган.

Нобель сыйлыгынын ээси экономист Жеймс Хикман адамдардын жөндөмдөрү кичинекей бөбөк кезинен жаралаарын, алар менен атайын системалуу иштөөнү канчалык эрте баштаса, ошончолук майнаптуу болорун экономикалык тил менен мектеп жашына чейинки балдарга жумшалган 1 доллардын кайтарымы 7-8 доллардан кем болбой тургандыгын белгилеген. Ал эми Япониянын дүйнөгө белгилүү “Сони” корпорациясынын ээси, гениалдуу инженер, Масару Ибука балдарды тарбиялоодо “Үч жаштан кийин кеч болот” деген философияны бекемдеген. Анын ушундай аталыштагы китеби бүт дүйнө тилдерине анын ичинде кыргыз тилине да которулган. Нейропсихологиялык изилдөөлөр бала төрөлгөндө мээси чоң кишинин мээсинин болжол менен 25 пайызды түзсө, үч жашка келгенде 80-90 пайызга чейин жетерин жана алгачкы жылдары секундуна жүздөгөн нейрон байланыштары калыптанарын тастыктап келет. Бул көрсөткүчтөр баланын мээсинде анын когнитивдик жана социалдык өнүгүшүнүн фундаменти активдүү курулуп жатат дегендик.

Булардын негизинде эгерде алгачкы үч жылда сапаттуу нейропсихологиялык база түзүлсө: бала мектепке даяр болот, чөйрөгө жеңил ыңгайлашат, окуу-таанымдык кызыгуусу жогорулайт, эгер бул мезгил жетиштүү колдоосуз өтсө балада өзүн-өзү жөнгө салуу кыйын болот, эмоционалдык туруксуздук жаралат, үйрөнүү, таануу ишине кайдыгерлик байкалат деп корутунду чыгарууга болот.

Бардык эле балдар активдүү өнүгүү мезгилин бакубат чөйрөдө өтөкөрүп жатышабы?

Ар бир баланын эрте курактагы активдүү өнүгүү фазасы мамлекет жана коом тарабынан уюштурулган расмий мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өтүүсү социалдык адилеттүүлүктүн, тең мүмкүнчүлүктүн жана адам капиталынын сапаттуу калыптанышынын маанилүү шарты болуп эсептелет. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, өнүккөн өлкөлөрдө 3–5 жаштагы балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камтылышы 80–95 пайызга жетип, бул тармак адам капиталын калыптандыруунун стратегиялык баскычы катары каралат. Европа жана Чыгыш Азия мамлекеттеринде мамлекеттик колдоо жана туруктуу саясаттын негизинде универсалдуу камтуу дээрлик камсыздалган. Ал эми Борбордук Азия анын ичинде Кыргызстанда да акыркы жылдары камтуу көрсөткүчүн жогорулатуу багытында активдүү реформалар жүргүзүлүүдө.

Республикабызда 2026-жылдын башындагы расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө мектепке чейинки курактагы балдардын саны 1 миллиондон ашат. 2015-2025-жж. аралыгында Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу туруктуу өсүү динамикасын көрсөткөнү менен, ал негизинен альтернативдүү жана кыска мөөнөттүү формалардын кеңейиши аркылуу ишке ашкан. Толук күндүк жана системалуу мектепке чейинки билим берүү менен камтуу көрсөткүчү 50 пайызга жетпей, 3-5 жаштагы балдардын олуттуу бөлүгү дагы деле институционалдык өнүгүү чөйрөсүнөн тышкары калууда. Министрлер кабинеттин башчысы Адылбек Касымалиевдин билдирүүсүнө ылайык, 2030-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камтуу деңгээлин 80 пайызга жеткирүү пландалууда. Мындай динамика өзгөчө жеке сектордун ишмердүүлүгү менен артып бара жаткандыгы маалым. Арийне, балдарды өнүктүрүү, тарбиялоо иши башкы коомдук муктаждык экендигин ал тармакка инвестиция салуу ишенимдүү жана туруктуу багыт экенин ичтен түшүнүп чын ыкластан иштеп жаткан бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү арбын эле. Ата энелер алардын окутуу, тарбиялоо программалары жаңычыл, заманбап талаптарга шайкеш экендигин, материалдык-техникалык базасы, анын ичинде толук компьютерлештирүү жагы мамлекеттик мекемелерге салыштырмалуу жогору экендиги белгилеп жүрүшөт. Ошону менен бирдикте олуттуу көйгөйлөр дал ошол жеке сектордо арбын кездешет. Биринчиден, айрым жеке бала бакчалар турак үйлөргө же атайын мектепке чейинки мекеме катары долбоорлонбогон имараттарга ылайыкташтырылып жайгаштырылат. Мындай объекттердин айрымдары социалдык-педагогикалык жана санитардык-гигиеналык стандарттарга толук жооп бербейт, ошондой эле балдардын курактык-психологиялык өзгөчөлүктөрү эске алынбастан, ар башка жаштагы топтор аралаш уюштурулган учурлар кездешет. Экинчиден, жеке сектордо уюштурулган айрым балдар бакчаларындагы бөлмөлөрдүн предметтик-мейкиндиктик чөйрөсү өтө эле примитивдүү болуп, психологиялык-педагогикалык талаптарга толук жооп бербейт. Заманбап педагогикада өнүктүрүүчү предметтик-мейкиндиктик чөйрө баланын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылган негизги шарт катары каралат. Ал баланын физикалык өнүгүшүн, таанып-билүү активдүүлүгүн, чыгармачыл аракеттерин жана адеп-нарктык калыптануусун колдоочу, улуттук маданиятка шайкеш уюштурулган материалдык объекттердин системасын билдирет. Монтессори концепциясында “даярдалган өнүктүрүүчү чөйрө” баланы курчап турган жана анын табигый өнүгүүсүнө, өз алдынча билим алуусуна көмөктөшкөн атайын уюштурулган мейкиндик катары түшүндүрүлөт. Демек, мектепке чейинки мекеменин ички чөйрөсү жөн гана эмеректер менен толтурулган бөлмө эмес, баланын инсандык калыптануусу жүрүүчү активдүү тарбиялык мейкиндик болуп саналат.

Интерьердин уюштурулушу, түс гаммасы, жарыктандыруу, предметтик композиция жана эстетикалык чечимдер баланын сезимине, кабыл алуусуна жана баалуулук системасына түз таасир этет. Ошондуктан интерьер функционалдык ыңгайлуулукту гана камсыз кылуу менен чектелбестен, баланын эстетикалык дүйнөтаанымын, маданий түшүнүгүн жана руханий табитин калыптандыруучу маанилүү педагогикалык чөйрө катары каралууга тийиш.

ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИККЕ КАРАЙ ЖОЛ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

Бүгүнкү бала бакчага келген балдар кимдер?

Адатта балдар бакчасындагы таалим -тарбия ишинин субьекттери тарбиячы, ата энелер жана балдар. Бүгүнкү күндө бала бакчанын босогосун аттаган баланын ата энеси, баланын өзү  мурдагы муундан кескин айырмаланат. Алар өз доорунун, азыркы  бул турмуштун өзүнүн күзгүсү, өз доорунун көчүрмөсү. Мурда жазылган илимий китептердеги баланын образы бүгүнкү чындыкка толук шайкеш келе бербейт. Убакыт өзгөрдү, турмуш ыргагы өзгөрдү, ошого жараша баланын дүйнөсү да өзгөрдү. XXI кылымдын балдары Коменский, Песталоцци, Ушинский, Пирогов, Пиаже, Корчак же Сухомлинский сыпаттаган балдардан олуттуу айырмаланат. Азыр психология-педагогикалык адабияттардагы баланын мүнөздөмөсү менен реалдуу жашоодогу баланын образынын ортосундагы ажырым улам күчөп бара жатат. Бүгүнкү бала бакчага келген балдардын ата-энелери – негизинен Z муунунун өкүлдөрү. Алар санариптик доордо чоңоюп, интернет, социалдык тармактар, мобилдик технологиялар менен кошо жетилген муун. Ал эми алардын балдары — Альфа мууну, башкача айтканда, толугу менен цифралык чөйрөдө төрөлгөн жана өсүп жаткан биринчи глобалдык муун. Демек, бүгүнкү балалык мурдагы муундардан сапаттык жактан айырмаланат. Эгер X жана Y муундары технологияга кийинчерээк ыңгайлашкан болсо, Z муун ата-энелер технологияны табигый нерсе катары кабыл алышат. Ал эми Альфа балдар үчүн санарип — бул жөн гана курал эмес, жашоонун өзү. Алар экран менен эрте таанышып, маалымат агымында өсүп, тез кабыл алууга, бирок кээде терең концентрацияга кыйынчылыкка дуушар болушат. Бул өзгөрүү эң оболу оюн маданиятынан байкалууда. Мурдагыдай короодо топ болуп ойноо сейрек кездешет; виртуалдык мейкиндик балдардын “коомун” акырындап алмаштырып жатат. Натыйжада жандуу баарлашуу, социалдык роль бөлүштүрүү, улуттук оюн маданияты жаңы формага өтүүдө.

Дагы бир маселе – бул адамзат жасалма интеллектти активдүү колдонууга өтүп жаткандыгы. Санариптик доордон кийинки жаңы этап — жасалма интеллект доору — коомдун бардык тармагын өзгөртүүгө даяр. Билим берүү системасы, айрыкча мектепке чейинки тарбия, бул өзгөрүүдөн четте калбайт. Эми бала маалыматты издебей эле, жасалма интеллект системалары аркылуу даяр жооп алып, виртуалдык ассистенттер менен баарлашып, технология менен өнөктөштүктө өсүүдө.

Ошондуктан бүгүнкү педагогика жаңы суроолорго туш болууда: санариптик Альфа муунун жасалма интеллект шартында кантип тарбиялайбыз? Интеллектуалдык иштердин бир бөлүгүн алгоритмдер аткарып жаткан учурда баланын сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана адамдык баалуулуктарын кантип сактайбыз? Мурдагы педагогикалык теориялар жетиштүүбү же жасалма интеллектти билим берүү процессине жоопкерчиликтүү жана этикалык интеграциялоону талап кылган жаңы илимий-педагогикалык мамиле керекпи? Балким, бүгүнкү балалыкты түшүнүү үчүн биз Z муундагы ата-энелердин санариптик дүйнөтаанымын гана эмес, алардын жасалма интеллектке болгон мамилесин да эске алышыбыз зарыл. Анткени жаңы доордо негизги маселе — технологияны колдонуу эмес, аны адамдын өнүгүүсүнө кызмат кылдыруу болуп калууда.

Татыктуу тарбиячылар даярдалып жатабы?

Балдар бакчасынын ишине эң башкы жана түз жоопкер субъект — бул тарбиячы. Мектепке чейинки стандарттарында белгиленген баланы дене бой жактан, когнитивдик, сабаттуулук жана коммуникациялык, социалдык-эмоционалдык, ошондой эле чыгармачылык-эстетикалык жактан өнүктүрүү милдеттери тарбиячынын уюштуруучулук чеберчилиги, методикалык даярдыгы жана инсандык сапаттары аркылуу гана чындыкка айланат. Сапаттуу тарбиячылары болбогон бала бакчада таалим-тарбия иши ойдогудай болушу мүмкүн эмес. Балдар бакчасы үчүн жаңы имараттарды курса болот, программаларды өзгөртсө болот, өтө көп каражаттарга да ээ болушу мүмкүн, өнүктүрүүчү предеметтик чөйрөнү жаңыласа болот, сабактардын мөөнөтүн узартып, жаңы муундагы окуу китептерин жаратуу да кыйын эмес, бирок компетенттүү иш билги тарбиячы жок жерде алардын таасири ойдогудай болбойт. Педагогика илиминин негиздөөчүсү Я.А.Коменский тарбиячы мугалимди бакчада  мөмө жемиштүү өсүмдүктөрдү аздектеп сүйүп өстүргөн багбанга, адам жашаган жайлардын баарын акыл менен курган архитекторго, кырып жана жылмалап олтуруп адам акылын жана жан дүйнөсүн багынткан скульпторго, караңгылык жана баскынчылыкка каршы күрөшкө дем берип баштаган полководецке салыштырган. К.Д.Ушинский “Тарбиячынын жаш муундардын жан дүйнөсүнө тийгизген таасирин эч нерсе менен теңдештирүүгө болбойт, аны окуу китептер да, адептик осуяттар да, мактоо жана жазалоо системасы да алмаштыра албайт”, — деп жазган. Айрыкча мектепке чейинки куракта тарбиячы жөн гана билим берүүчү адис эмес. Ал баланын ички дүйнөсүн эң жакын сезе алган, анын курагына жараша ой жүгүртүп, оюн тең бөлүшө билген, баланын тилинде сүйлөп, анын маанайын, коркуусун жана кубанычын аңдай алган чебер психолог. Дал ушул куракта бала тарбиячыны авторитет катары эмес, ишенимдүү адам катары кабыл алат; ошондуктан тарбиячынын боорукерлиги, сабырдуулугу жана эмоционалдык акылдуулугу тарбиялык процесстин негизги шарттарынын бири болуп саналат. Учурда бардык эле бала бакчалар квалификациялуу педагог кадрлар менен толук камсыз болгон эмес, көбүнчө башка кесиптен келгендер эмгектенишет. Бул мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына түздөн-түз таасирин тийгизүүчү олуттуу көйгөй болуп келе жатат. Ошол эле учурда педагогикалык кызматкерлердин курамына кирбеген тарбиячынын жардамчылары балдар менен күн бою түз жана туруктуу байланышта болушат. Алар үчүн атайын педагогикалык билим талап кылынбайт, бирок алардын балдарга эч кандай таасири жок деп айтууга болбойт. Тескерисинче, алар күнүмдүк кам көрүү жана баарлашуу процессинде баланын өнүгүүсүнө жана социалдашуу процессине тике таасир этет.

Тарбиячылар корпусун даярдоо милдети атайын орто жана жогорку окуу жайларда жүзөгө ашат. Бирок, бүгүн мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында университеттеги көп кесиптердин арасынан мектепке чейинки мекемелердин тарбиячысы кесибин тандагандардын аздыгы олуттуу ойлонууну талап кылган факт. Алсак, өткөн жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мектепке чейинки билим берүү” багыты боюнча бөлүнгөн бюджеттик орундардын олуттуу бөлүгү толук толбой, бош калган. Бул көрүнүш мектепке чейинки тармактагы кадрдык кризистин тереңдеп бара жатканын жана жаш адистердин бул кесипке кызыгуусу төмөндөп жатканын көрсөтөт. Ошону менен бирдикте мектепке чейинки билим берүү педагогунун кесиптик ишмердүүлүгүнө коюлуп жаткан жаңы талаптар менен орто кесиптик жана жогорку билим берүү уюмдарындагы кадрларды даярдоо системасынын реалдуу абалынын ортосунда терең карама-каршылык байкалууда. Педагогикалык колледждердин жана жогорку окуу жайлардын билим берүү программалары, ошондой эле профессордук-окутуучулук курам заман талабына ыкчам адаптацияланууда олуттуу артта калып жатканы ачык байкалат. Кадрларды даярдоо процесси көп учурда эски парадигманын логикасында уланууда: дисциплиналардын мазмунунда теориялык билимдерге басым жасалат, өзгөчө зарыл болгон рефлексия, долбоорлоо, фасилитация, медиация сыяктуу компетенцияларды калыптандыруу иши  жетишсиз бойдон калууда. Айрым окуу жайларда педагогикалык практика сааттарынын кыскарышы жана формалдуу мүнөздө уюштурулушу, күчтүү базалык аянтчалардын жана тажрыйбалуу насаатчы-методисттердин жетишсиздиги мектепке чейинки мекемелер менен билим берүү уюмдарынын ортосундагы байланыштын азайышына алып келүүдө. Педагогикалык практикаларды уюштуруудагы алешемдик студенттердин реалдуу кесиптик педагогикалык чөйрөгө терең сүңгүп кирүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей келүүдө. Натыйжада студенттер практиканын белгилүү бир программасына ылайык эпизоддук, бири-бири менен логикалык жактан байланышпаган тапшырмаларды аткаруу менен чектелишет. Мындан тышкары, орто кесиптик жана жогорку билим берүү системасындагы билим берүү программаларынын мазмунунда Кыргызстандын реалдуу билим берүү мейкиндигиндеги реалдуулуктар жетиштүү эске алынбай, көбүнесе Россиянын борбордук зонасындагы окуу жайлардын үлгүсүн эске салат. Айрым окуу жайларда сабактар көп учурда инерция менен жүргүзүлүп, айрым учурда мектепке чейинки билим берүү системасында узак убакыт иштебеген, ал тургай такыр иштебеген окутуучулардын күчү менен өтүлөт.

Булардын баары мектепке чейинки билим берүү көйгөйлөрү көп кырдуу факторлордон көз карандылыгын жана аны жакшыртуу системдүү мамилеге муктаж экендигин көрсөтөт.

ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИККЕ КАРАЙ ЖОЛ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

Aкматали АЛИМБЕКОВ,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору,

педагогика илимдеринин доктору

Бөлүшүү

Комментарийлер