ЧЫМЧЫКТЫН ДА УЯСЫ БУЗУЛБАСЫН!

  • 14.05.2021
  • 0

Баткендеги кыргыз-тажик чек ара коогалаңынан ондогон турак үйлөр кыйрап, мектептер, бала бакчалар өрттөлдү. Мекенибиз 36 жаранынан, анын ичинде 12 жаштагы окуунун отличниги, келечекте программист болсом деген улуу тилеги бар Мадина аттуу аймончоктой окуучу кызынан айрылды. Ата-энелери менен чогуу үйлөрүн таштап качкан миңдеген жаш балдардын жан дүйнөсү​ жабыркады.

Баткендик баланын изги тилеги

Адатта балдар жай турмушта таттуу сатып жегенди, же достору менен эртеден кечке бейкапар ойногонду ойлошот эмеспи. Бирок дайыма эле ошондой боло бербейт экен. Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде күн кечирген он эки жаштагы баткендик Адил Абдурахимовдун март айындагы өлкө башчысына кайрылуусу көпчүлүктүн эсинде чыгар.​ «Урматтуу Садыр Жапаров! Менин атым Адил. Мен Баткендин Көк-Таш айылынан болом. Былтыр биздин үйдү тажиктер өрттөп кетишкен. Мен бул жакта жашагандан корком. Бул жакта жашоо бизге абдан коркунучтуу болуп калды. Чек араны тосуп берсеңер!» — деп айткан Адил өзүнүн президентке жолдогон кайрылуусунда.
Чек ара тилкесинде жашаган жаш бала алдыдагы кооптуу кырдаалды жүрөгү менен сезген экен…
Жума башында өлкө башчысы баткендик окуучу баланы кабыл алып, анын көптөгөн изги тилектеринин ишке ашуусуна дем берди.

ЧЫМЧЫКТЫН ДА УЯСЫ БУЗУЛБАСЫН!

Баткендик мекенчил баланын атасы ушу тапта Орусияда камакта отурат. Тажик тарап анын Тажикстанга кайтарылып берүүсүн талап кылып жатыптыр.
«Менин чоң атамды да тажик согушчандары өлтүрүп кетишкен. Атамды да түрмөгө камаганы жатышат. Президент атамды бошотууга жардам берем деди. Садыр Жапаров абдан боорукер адам экен»,- дейт Адил.
Баткендик окуучунун кыялдарынын ишке ашуусуна кыргызстандык бир топ ишкерлер, анын ичинде белгилүү алып баруучу Ассоль Молдакматова көмөктөшүүдө.
«Адилдин илгертен футбол ойногонго үйрөнсөм деген тилеги бар экен, буюрса ишкерлердин колдоосу менен Бишкектеги футбол мектебинде окуй баштайт. Анан англис тилин, шахматты үйрөнөм деген ою бар», — дейт Ассоль Молдакматова.

Чек ара тилкесиндеги мектептер кадимки окуу режимине өтүштү

Адилге окшогон жаш балдардын тилеги орундалып, эки өлкө бийликтеринин аракеттери аркылуу Баткен жергесине тынчтык орноду.
Биз кечээги коогалаңда билим берүү мекемелери эң көп жабыркаган Лейлек районунан телефон аркылуу кабар алдык.

— Лейлекте абал тынч. Кадимки жашоо режимине өттүк. Азыркы учурда мектептерде, бала бакчаларда окуу кадимки режимде жүрүүдө, — дейт Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жемуратов.

ЧЫМЧЫКТЫН ДА УЯСЫ БУЗУЛБАСЫН!

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын айтуусунда, чек ара коогалаңында, тагыраак айтканда, 30-апрель жана 3-май күндөрү чек ара тилкесине жакын жайгашкан 16 мектепте жана 14 бала бакчада окуу процесси убактылуу токтоп калган.

— Абал турукташкандан кийин, 4-майдан тартып «Максат» орто мектеби менен «Сейтек» бала бакчасынан тышкары баардык билим берүү мекемелери реалдуу окуу режимине өткөрүлдү. Ал эми «Максат» орто мектебинин окуучулары ата-энелери менен бирге райондун башка айылдарына убактынча жашоого барышкандыктан, ошол жердеги мектептерге окууга тартылды. Мен өзүм 10-майда «Максат» орто мектебине барып, мугалимдер менен педкеңеш өткөрдүм. Учурда мектепте окуу ишин онлайн уюштурууга райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Назипа Сатыкуловна жардам берүүдө, — дейт Улукбек Жемуратов.

Өз үйүнүн эмес, мектебинин күйүп кеткенине ыйлаган эжей

Чек ара коогалаңында талкаланган «Максат» орто​ мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Чынар Салимбекованы​ ​ жаңылыктардан көрүп, эжейдин кайратына баа бергем.​ Кыйраган мектебин көрсөтүп, эжейдин көзүнө жаш алганы мени катуу таасирленткен.

ЧЫМЧЫКТЫН ДА УЯСЫ БУЗУЛБАСЫН!

— Мектептин биринчи кабаты толук бойдун жабыркады. Документтер күйүп кетти. Экинчи кабаты жарым жартылай талкаланды. 11-майдан тартып окуучулар онлайн окуп жатышат, — дейт Чынар Сулаймановна.

Чек ара тилкесине жакын жайгашкан бул мектеп 2015-жылы ишке берилгенин эске сала кетейин.

— Биздин мектеп 225 окуучуга ылайыкталып салынган. Учурда 208 окуучу билим алууда. Кечээги каргашалуу окуяларда балдардын жан дүйнөсү жапырт жабыркады. Мугалимдер да стресстик абалда калды. Жети мугалимдин, анын ичинде менин да үйүм күйүп кетти. Үч техкызматкерибиз да үйсүз калды. Азыр биринчи иретте үйлөрү күйүп кеткен окуучуларды лагерге жөнөтүп жатабыз, — дейт лейлектик каарман мугалим.

ЧЫМЧЫКТЫН ДА УЯСЫ БУЗУЛБАСЫН!

Кылымдап курулган мамилени заматта кыйратып албайлы

Кыргызда «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деп айтылат. Кылымдар түпкүрүнөн келаткан бул накыл сөздүн тоолуу өлкөбүзгө чектеш баардык кошуна мамлекеттерге​ тиешеси бар деп ойлойм. Анткени жаныңдагы кошунаң менен жакшы мамиледе болмоюн, ыраактагылар менен алака кура албайсың.
Ушул өңүттө алып караганда, кыргыз-тажик мамилелери кылымдар сыноосунан өтүүдө деп айтууга болот. Чындыгында биз, эки боордош өлкө, буга чейин көп иштерди бирге жасадык. СССР курамындагы башка совет республикалары менен биргеликте фашизмге каршы турдук. Бүлүнгөн шаарларды чогуу тургуздук. Кийин эгемендүүлүк жолуна түшкөндө да бири-бирибизден кол үзбөдүк. Тажикстандагы жарандык согуштун аякташын билдирген тарыхый келишимге да Бишкекте кол коюлганын билебиз.
Бул айтылгандар мамлекет аралык мамиленин өрнөктүү далили болсо, эки кошуна мамлекеттерде жашаган адамдардын өз ара мамилелеринин тамыры мындан жүз эсе терең экени айтпаса да түшүнүктүү. «Башкасын коюп, Манасты айт» демекчи, «Манас» эпосунда да Эр Манастын зайыбы «ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу»​ Каныкейдин өз аты Санирабига экени айтылып, ал тажик кызы болгону баяндалат. Ушу күндө да эки элдин достугун далилдеген мисалдар эсепсиз. Алыс барбайын, кесиптешим, публицист Жолдош Турдубаев Тажикстандын кыргыздар жердеген Жерге-Тал районунан болот. Азыркы кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Мирзохолим Каримов да тажик элинин уулу болуп эсептелет.

Өзүм тууралуу айтсам, биздин үй-бүлөнүн да Тажикстан менен өзүнчө байланышы бар. Атам 50-жылдары Тажикстанда ички иштер органында иштеген тушта эң улуу байкем Душанбе шаарында жарык дүйнөгө келген.​ Өзүм болсо журналист катары кезинде Александр Македонский шаар тургундарынын баатырдыгына баа берген байыркы Хожент шаарында, андан көп жылдардан кийин жапжашыл парктары Бишкекти эске салган Душанбеде болгом. Эки элдин тарыхынын, маданиятынын окшоштугуна өз көзүм менен күбө болуп, чыгыш маданиятынын көп түрдүүлүгүнө бир эсе суктангам.

Кайталап айтайын, мындай мисалдар ар бир адамда бар. Лейлектик чыгармачыл мугалим Тайир Аширбайдын апасы Тажикстандын өзбек тилдүү мектебин алтын медаль менен аяктаса, атасы болсо Хожент шаарындагы С. М. Киров атындагы пединститутту окуп бүтүргөн. Кызыгы Тайирдин жубайы да тажикстандык этникалык кыргыз болот. Агартуучулардын баарына текши таанымал өлкөбүздүн чыгаан педагогу Гапыр Мадаминовдун апасы да -​ тажик кызы. Лейлек районуна коңшулаш Тажикстандын Согдий облусунун мугалимдери алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү үчүн​ облус борбору Хожент шаарына эмес, Гапыр агай эмгектенген Арка айылындагы №3 эксперименталдык гимназияга үзбөй каттап турушканынан кабарым бар. Эки өлкөнүн агартуучуларынын мындай карым-катышы, албетте, кубанарлык көрүнүш.

Учурда бизге, эки коңшулаш элге, анан да элдин атынан тарбия ишин жүргүзгөн тарбиячыларга, мугалимдерге, мектептерде эки элдин эзелки достугун, тынчтыгын, ынтымагын бекемдеген сабактарды өтүү аба менен суудай зарыл болуп турат.
Жаш балдардын жүрөгүндө кастыктын эмес, достуктун үрөнүн себели, ардактуу кыргызстандык, тажикстандык агай-эжейлер!

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер