ЧОҢ ТУРМУШКА ЖЕТЕЛЕГЕН ЭЖЕЙИМ
- 01.08.2025
- 0
Ар бир адамдын өмүр жолунда кезиккен бир ыйык адамдар болот. Алар сенин жашооңо кыска убакытка кириши мүмкүн, бирок бүтүндөй тагдырыңа багыт берип кетет. Алар сөзү менен эмес, мамилеси менен окутат. Алар китеп окутуп гана тим болбостон, жүрөгүңө жарык чачып кетишет. Мен үчүн ошол ыйык адамдардын бири – башталгыч класстагы мугалимим, класс жетекчим Рыскүл эжей.
Рыскүл Салиева,
Балыкчы шаарындагы №6 С.Каралаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими

Балжууран балалык… бирок көңүл кыраакы болчу…
Жашоом жеңил башталган эмес. Апам менен атам эки жакта. Чоң энемдин боорукер колунда өстүм. Ал колдон келгендин баарын кылды, бирок баланын жандүйнөсү – өзүнчө дүйнө. Ал дүйнөдө «апа» деген сөз болбогон кезде, жүрөктө боштук жаралат. Кичине куракта бул боштукка сөз таба албайсың, бирок аны сезесиң. Башка балдар апасы менен мектепке келе жатканда, мен өзүм жалгыз барам. Башка баланын апасы эски бут кийимин жаңылап берсе, мен бут кийимди жамап кием. Сыртынан караганда, эч кимге билинбесе да, ичинен кыйынчылык көп болчу. Мектепте кээде сабакты түшүнбөй калчумун, кээде болбой эле көңүлүм чөгүп кетчү. Бир эле сумканы үч жыл көтөрдүм. Ручканы жоготуп жиберсем, “эми аны каяктан табам?” деп кайсалактайм.
Мындай шартта чоңойгон бала көбүнчө ичке тартылып, унчукпай калат. Мен ошондой элем. Эч кимге сыр бербеген, эч кимге маселе жаратпаган, бирок ичинен жардамга муктаж баланын образы — ошол кезде мен элем. Мен жөн гана «күн өтсө экен» деп тиленчүмүн. Бирок бир күн, ошол эле мектеп – мага жашоону сүйдүрө баштады. Анткени мен ал күнү Рыскүл эжейге жолуктум.
Ал келди – менин жашоом өзгөрдү…
Биринчи сабак. Биринчи күн. Биринчи көз караш. Эжей мени карап жылмайды. Колумдан кармап:
— Кел, балам, сенин ордуң бул жерде, — деди.
Ошол учурда мен өзүмдү биринчи жолу адам катары сезгем. Биринчи жолу “мен да керектүүмүн” деп ойлогом. Бул жөнөкөй көрүнгөн ирмем – менин бүткүл тагдырымдын бурулушу болгон. Ошол күндөн тартып менин ички дүйнөм жайлай баштады.
Эжей менин шартымды түшүндү. Аны айттырбай билип турду. Ал мени эч качан кемсинткен жок. Жөнөкөй, унчукпаган баланын ичинде кандай терең дүйнө жатканын ал сезчү. Адамдын билимге эмес, сүйүүгө муктаж экенин биринчи түшүнгөн мугалимим ошол болчу.
Бир жолу сабак бүткөн соң, эжейдин сумкасын көтөрүп, колун кармап эшикке узатып бара жаттым. Ошол ирмемде менин көзүмө жаш келген. Себеби ошол кол апамдын колундай жылуу болчу. Ошол жылуулукту эч ким берген эмес, эч ким кайтара алган эмес. Бирок эжей унчуккан жок. Ал жөн гана мени кармап, жылмаюу менен карады. Ал окуткан сабактар — адамдык жөнүндө болчу
Эжей сабакты түшүндүргөндө татаал формула айтчу эмес. Ал жашоону үйрөтчү. «Коштошууда жылмай, кечирим сураганда жүрөгүң менен айт, башка кишинин бут кийимин карабай, жүрүшүн түшүн» деген сабактар болчу алар. Ал “эң мыкты” дегенди жалаң бештик деген эмес — эң жакшы адам болууну айткан. Өзү алсыз балдарга өзгөчө көңүл бураар эле. Анткени ал мыкты педагог эле.
Эжей кетти… Бирок мен өзүм өзгөрдүм
4-класска келгенде Рыскүл эжей башка мамлекетке кетти. Бул кабар мен үчүн чоң жоготуу болду. Бирок ал мага өзү менен кошо үмүт, ишеним жана адамдык из калтырып кетти. Мен эми башкалардан качпайм. Мен азыр «менин да колуман келет» деп ойлой баштагам. 5-класстан 11-класска чейин башка мектепте окудум. Сабагым жакшырып, мен өзүмдү таптым. Ийгиликтерге жеттим. Ал эми бүгүнкү күндө мен өзүм дагы мугалиммин.
Эми мен ошол колду кармап турам…
Бүгүн мен мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейм. Өзүм да класс жетекчимин. Ар бир окуучуга караганда, өзүмдү көрөм. Өзгөчө — унчукпай отурган, эски сумка көтөргөн, көзү түшүп турган бир баланы көрсөм, аны дароо тааныйм. Анткени мен ошондой элем. Эми мен ага Рыскүл эжейдин көзү менен карайм. Ал балага “мен сени көрүп жатам, мен сага ишенем” деп кароо — бул мен үчүн милдет эмес, миссия.
Мен азыр өзүмдү ошол убактагы Рыскүл эжей катары көрөм. Эми мен бирөөнүн тагдырын жарыктандырышым керек. Эми мен ошол сумканы көтөргөн баланын колун кармап, эшикке чейин жетелешим керек. Анткени мени да бирөө жетелеген. Ал — мугалим эмес, адам кылган инсан болгон.
Урматтуу Рыскүл эжей! Сиз менин жүрөгүмдөгү жарыксыз. Сиз мага мээрим бердиңиз, сүйүү бердиңиз. Сиз мени түшүндүңүз. Мени уят кылган жоксуз — тескерисинче, мени коргодуңуз. Сиз мени жеңүүгө үйрөттүңүз. Бүгүнкү мен — сиздин эмгегиңиздин уландысы. Сиз окуткан бала азыр өзү класс жетектеп жүрөт. Сиз кармаган кол эми өзү башка баланын колун кармап жүрөт.
Сиз мага бир өмүр жетчү сабак бердиңиз. Эми мен ошол сабакты өмүр бою улантам.

Нурсултан Тейишов,
Бишкек шаарында №93 жалпы орто билим берүү мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары
Комментарийлер