БИЗ КУМИР ТУТкан Мистекүл эже

  • 14.02.2025
  • 0

БИЗ КУМИР ТУТкан  Мистекүл эжеБалдар артисттерди, ырчыларды, блогерлерди эмес, окуткан мугалимдерин кумир туткан заман да болгон. Ооба, мугалимди карап түзөлүп, дал ошондой билимдүү, маданияттуу болууну эңсеп, далайларыбыз мугалимдик кесипти тандаганбыз. «Мугалим – бул жаш муун үчүн Күндүн мөмөлүү нуру, аны эч нерсе алмаштыра албайт» деп, белгилүү педагог К.Д.Ушинский жөн жеринен айтпаган чыгар. Ошо сыңары, биз башталгыч классты аяктап, 4-класска жаңы келгенибизде өзгөчө ажарлуу, жапшаш эже класс жетекчи болуп дайындалды. Буга чейин бизди мынча жаш мугалим окутуп көрбөгөндүктөн, бардыгыбыз үчүн бул өзгөчө жаңылык болду. Эмесе, билим берүү тармагында 50 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан МЕСЕЛИМОВА Мистекүл эже жөнүндө сөз кылалы.

Окуучуларга жасаган мамилеси, берген билими, койгон талабы, маданияты, акыл-насааты – бизди тез эле бир топ жашка чоңойтуп койгондой сыяктанды. Себеби мамилеси, талабы менен бизге өтө оор жоопкерчиликти мойнубузга илип койгондой көрүнүп калды. Буга чейин эркек балдар бир аз тентектиги үчүн мугалимден тил укса, эми алар тил укпастан, акырын «чымчып», бирок намыска тие турган, ошону менен көз ачылып кете турган сөздөр айтыла турган болду. Биз кичине деп жүргөн классташ балдарыбыз минтип класс жетекчибиздин айтуусу боюнча «бир үйдүн улуусу болуп, кийинки бөбөктөрүнө үлгү боло турган, өзү үчүн гана эмес, бөбөктөрү үчүн да жоопкерчиликтүү болуусу керектиги, мектептин намысын, анын ичинен класстын, классташтарынын намысын коргой турган жигит» экендигин угушуп, дароо түздөнүшүп, өзгөрүүгө, өздөрүн жоопкерчиликтүү сезүүгө өтүштү. Биз,  кыздар да эженин баскан турганына, сүйлөгөнүнө таң берип, айтпаса да, жоопкерчиликти моюнга алдык.

Аң-сезимибизди заматта өзгөртүп, «уят», «намыс», «жоопкерчилик» деген буга чейин биз анча таңазар албай жүргөн сапаттарды кулагыбызга гана куюп койбостон, ошо сезим менен ойгонуп, ошо сезим менен уктай турган абалга заматта жеткирип койду. Аң-сезимибизге ошондой төңкөрүш жасаган мугалимибиз – МЕСЕЛИМОВА Мистекүл эже эле.

Андан бери 50 жыл өттү. Доор алмашты. Бирок билимди, маданиятты, адамгерчиликти биринчи орунга койгон Мистекүл эжебиз али да болсо ошол кайратынан, ошол бийик сапатынан жазбай ушу күнгө чейин жаш муундарды тарбиялоонун үстүндө талыкпай эмгектенип келе жатат. Эжей Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Мындан тышкары, «КР билим берүүсүнүн мыктысы», «Кеменгер» ардак төш белгилеринин ээси.

Өмүр жолуна кылчайсак, Мистекүл Меселимова В.Маяковский атындагы кыз-келиндер окуу жайын 1976-жылы аяктап, эмгек жолун Балыкчы шаарындагы Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы (азыркы Ч.Айтматов) №5 орто мектепте математика мугалими болуп иштөөдөн баштаган. Бардык ишке жоопкерчиликтүү, талапты коё билген адис болгондуктан, тез эле мугалимдер жамаатынын сунушу менен директордун тарбия иштери боюнча орун басары, андан кийин окуу боюнча завуч кызматтарын аркалаган.

1991-жылы Чүй жергесине жер которуп келишип, Жайыл районунун Ак-Башат орто мектебинде математика мугалими болуп ишин уланткан. Ал жакта дагы көрсөткөн ийгиликтери үчүн 1992-жылдын 5-сентябрында Жайыл райондук эле билим берүү бөлүмүнүн чечими менен ошол эле мектепке директорлук кызматка дайындалып, ал кызмат ордун 2003-жылга чейин аркалаган. Ошо жылдары мектепте окуучулардын жетишкендиктери алдыңкы көрсөткүчтөрдүн катарында болуп, мугалимдери мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлгөн, мектеп ичи-тышы менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ак-Башат орто мектеби 1999-2000-окуу жылында «Жылдын мыкты мектеби» номинациясына ээ болуп, сыйлык алган.

Мугалим — билгенин үйрөтүп, жол көрсөтүп, аң-сезимге төңкөрүш жасай турган өзгөчө кесиптин ээси. Андыктан Мистекүл Меселимова эже азыр да тынч отура албай, Кара-Балта шаарындагы жалпы билим берүүчү кечки-сырттан окуу орто мектебинде математика сабагынан мугалим болуп иштеп, окуучуларга жөн гана билим бербестен, ушунча жыл топтогон тажрыйбасын кесиптештерине да үйрөтүп, үлгү болуп келе жатат.

Мистекүл Меселимова эжебиз быйыл кутман курак — 70 жашка толуп турат. 50 жылдык педагогикалык тажрыйбасында анын жүзү окуучуларынын да, кесиптештеринин да, жана Мекен алдында да жарык бойдон келе жатат. Биз дагы ушул эжеден билим гана эмес, тарбиялык чоң сабак алганыбызга сыймыктанып, башыбызды бийик көтөрө алабыз!

Бурулсун БАБАШЕВА,
КР Жогорку Ке
ңешинин
Аппаратынын кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер