“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ

  • 07.05.2024
  • 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Нуржан Исакова Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барат. Бул баалуу сыйлык ага Санжарбек Данияровдун коомдук фонду өткөргөн “Биринчи мугалим-2024” сынагынын жеңүүчүсү катары ыйгарылды.

Нуржан Исакова — айыл мектептеринин башталгыч класс мугалимдерине арналып 12 жылдан бери өткөрүлүп келаткан “Биринчи мугалим” сынагынын биринчи турунда “Эмгек миграциясы жакшыбы же жаманбы? Айылдык мугалимдин көз карашы” темасында дилбаян жазып, эң жогорку упай топтогон алты мугалимдин бири. Быйыл республикабыздын аймактарынан 141 мугалим дилбаян жазып жөнөткөн.

Сынактын бетме-бет өтүүчү экинчи туруна Нуржан Шамуратовнадан тышкары Баткен районундагы К.Тагаев атындагы мектептин башталгыч класс мугалими Аймыскал Ганыева, Жайыл районундагы Алексеевка айылындагы мектептин башталгыч класс мугалими Айгүл Жапарова, Тоң районунун Темир-Канат айылындагы К.Тилеков атындагы мектептин башталгыч класс мугалими Дүйшөнбү кызы Бермет, Түп районунун Бирлик айылындагы мектептин башталгыч класс мугалими Гүлзана Серкебаева жана Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы А.Казакбаев атындагы мектептин башталгыч класс мугалими Индира Уметалиева катышты. Бул мугалимдер бири-биринен бир, эки гана упай менен айырмаланганын белгилей кетели.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ

Күйөрмандардын көз алдында жана калыстар тобунун калыс баалоосунда оозеки өткөн экинчи турдун жүрүшүндө талапкерлер алдын-ала даярдалган суроолорго жооп беришти. Турмуштагы ар түрдүү кырдаалдар боюнча түзүлгөн суроолорго мугалимдер өз практикасында колдонгон ыкмаларынан мисал келтирип айтып беришти. Сынакка үчүнчү жолу катышып жаткан Нуржан Исакованын бай тажрыйбасынан алынган мисалдары, жаш болсо да так жана таасирдүү айтып берген Индира Уметалиеванын жооптору калыстардын көз жаздымында калган жок. Натыйжада ошондой эле бир аз гана айырма менен Нуржан Исакова баш байгеге, Индира Уметалиева экинчи орунга озуп чыгып, өрүкзарлуу Баткенден келген Аймыскал Ганыевага үчүнчү байгелүү орун тийди. Эми үч мугалим өз классындагы окуучулары менен Бишкек шаарына эки күнгө экскурсияга келип кетет.

“Биринчи мугалим” сынагы Санжарбек Данияровдун коомдук фонду тарабынан быйыл 12-жолу өткөрүлдү. Фонддун түзүүчүсү жана директору Асель Даниярованын айтымында, айыл мектептеринде эмгектенген башталгыч класс мугалимдери үчүн атайын арналып уюштурулган сынак жыл сайын кеңири кулач жайып, агартуу тармагынын күйөрмандар арасында болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болуп келатат.

— Биринчи мугалим дегенде эле бизди окуткан мугалим, анан албетте, Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалими” эсибизге келет. Балдардын билим пайдубалын түптөөдө башталгыч класс мугалиминин эмгеги зор. Мектеп босогосун жаңы аттаган баланын окуудагы жетишкендиктери аны окуткан мугалимдин эмгегинен түздөн-түз көз каранды. Мугалим балдарды өз билим деңгээлине жараша окутат. Биздин фонд жыл сайын өткөрүп келаткан сынактын түп максаты – биринчи мугалимдин билим тажрыйбасын байытуу. Бекеринен баш байге дүйнөлүк масштабдагы маданий очоктор жайгашкан Москва шаарына 10 күндүк саякат деп белгиленген жок. Себеби “Миң уккандан бир көргөн” демекчи, мугалим маданий-маалыматын арттыруучу дүйнөгө таанымал музей-театрларга барып, билим куржунун толуктап, толтуруп келсе, анан окуучуларына өз көзү менен көргөн кызыктарды айтып берсе деген максатыбыз бар, — дейт Асель Санжарбековна.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ

Сынактын катышуучулары жана меймандары үчүн жыл сайын белгилүү инсандар менен жолугушуу өткөрүү жакшы салтка айланган. Быйылкы мейман кыргыздын белгилүү драматургу, продюсер, «Кыргызсериалы» студиясынын негиздөөчүсү Жеңишкүл Өзүбекова болду.

Аталган фонд “Биринчи мугалим” сынагынан тышкары агартуу майданында көп жыл эмгектенип ийгилик жараткан башталгыч класс мугалимдерине эки жылдан бери “Урмат белгиси” төш белгисин ыйгарып келет. Быйыл да ал салт уланып, бир катар мугалимдер төш белги тагынды.

Асель Даниярова быйыл дагы бир жагымдуу саамалык кошулганын, фонддун ишин колдогон достору “Фонддун шериктеши” төш белгисин даярдап беришкенин сүйүнчүлөдү. Бул төш белгиге фонддун ишине туш тараптан колдоо көрсөткөн өнөктөштөрү татыктуу болду. Алардын бири Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы Макмал мектебинин башталгыч классынын мугалими, сынактын 2019-жылдагы финалисти Жанара Бекташова ага ишеним артылып, эксперт болгонун, натыйжада “Фонддун шериктеши” сыйлыгын алгандагы сүйүнүчү менен бөлүштү.

— Мен сынакка 2019-жылы катышып, финалга чыккан элем, бирок пандемияга байланыштуу биздин экскурсия 2022-жылдын 20-майында болду. Классымдагы окуучуларым менен Бишкек шаарына келип кеткенибиз окуучуларымдын эле эмес, алардын ата-энелеринин, бүтүндөй айылдын эсинен али кете элек. Айрыкча, балдардын ата-энелери ыраазычылыктарын билдирип, өздөрү студент кезде араң көргөн жерлерди балдарына мектеп курагынан көргөзүп тааныштырганы үчүн фонддун директоруна, мугалим катары мага ыраазычылыгын айтып бүтпөйт. Окуучуларымдын бактылуу көз ирмемдерин көрүү, кубанычын тең бөлүшүү – менин мугалимдик ишиме мурда болуп көрбөгөндөй стимул болду, — дейт Жанара.

Быйылкы сынакта үчүнчү байгелүү орунга жетишкен Аймыскал Ганыева сынакка быйыл биринчи жолу катышты. Мурда каалоосу күч болгон менен катышууга сааты чыкпай келсе, быйылкы дилбаяндын темасы чоң түрткү бергенин айтты.

— Миграция темасы мага өтө жакын, ички сезимимдеги трагедияны жазуу мага өтө кызык болду. Классымда 20 окуучу болсо, алардын ичинен жок дегенде 8-10 баланын ата-энеси мигрант. Экинчи турдагы суроолорго канааттандырарлык жооп бердим деп ойлойм. Мугалим – бул агартуучу, жаратман адам, анын ишиндеги ийгилиги алдыга койгон бир кадамдан башталат. Мен мектептен эле мугалим болууну кыялданчумун, бирок ата-энемдин мени окутканга шарты болбой жүргөндө, турмушка чыктым. Барган жеримдин колдоосу менен эки балалуу болгондон кийин гана кыялым ишке ашып, БатМУну сырттан окуп аяктадым. Арасында төрөп, кайра ишке чыгып жүрүп, азыркы даражага жеттим. Учурда алты балам бар. Кайын журтумдун, жолдошумдун колдоосуна чексиз ыраазымын, — дейт баатыр Баткенден келген мугалим Аймыскал Ганыева бактылуу жылмайып.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ

“Урмат белгисин” алган Остроумова Светлана Леонидовна Тогуз-Булак айылынан келди. Кыргызча суудай сүйлөгөн Светлана айым сынакка эки жолу катышканын, фермер жолдошу Үмүтбек экөө учурда бир эркек, эки кызды тарбиялап жатканын айтты. Улуу кызы Мария КРСУнун студенти, ортончу уулу жана кичүү кызы Алия мектеп окуучусу.

Ал эми сынакта такылдап так, кыска ынанымдуу сүйлөп, өзүн ишенимдүү алып жүргөнү менен калыстар тобунун көңүлүнө төп келген Индира Уметалиева —  Кемин районундагы А.Казакбаев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими. Эмгек стажы 10 жыл мугалим быйыл сынакка биринчи жолу катышты.

— Сынак мага эмне берди? Биринчиден, калыстар тобунун, катышуучулардын айткандарын угуп, тажрыйба топтодум десем болот. Сынак мага бир нерсеге ишенип, аракеттенүү, изденүү керек экенин көргөздү. Миграция темасы мага жакын эле. Менин эң жакшы окуган окуучумдун ата-энеси эки ажырым жолго түшүп, окуучу кызым эмгек мигранты апасы менен кошо кеткенине ичим ачышып, дилбаянда ошол окуяны баяндагам. “Биринчи мугалим” сынагын уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен бирге, бул сынактын катышуучулары арбын болушун каалап кетким келет, — дейт Индира Уметалиева.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ

Кемин районунун Алмалуу айылындагы Тентике Өмүралиев атындагы мектептин мугалимдери Канышай Төлөбекова жана Асель Асаналиева — келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш адистер. Алар быйыл «Биринчи мугалим» сынагына алгачкы жолу катышты. Алыс-жакындан келген кесиптештери менен таанышып, тажрыйба үйрөнүүгө ушундай сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген Санжарбек Данияровдун коомдук фондуна ыраазычылык билдиришти.

P.S. “Кут Билим” гезитинде байма-бай чагылдырып келатканым үчүн мага да Санжарбек Данияровдун фондунун көп жылдан берки өнөктөшү катары “Фонддун шериктеши” төш белгиси ыйгарылганын сыймыктануу менен кошумчалап кетейин. Биринчилерди дайыма бирге колдоп, бирге сүрөп, ийгиликтерин бирге чагылдырып жүрө берели дегим келет.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер