БИР ЭЛЕ УЧУРДА БИР НЕЧЕ КЫЛЫМДА ЖАШАГАН ИНДИЯ
- 23.01.2026
- 0
Индияга канча барсаң да, качан барсаң да таң калдырбай койбойт. Барган сайын биринчи көргөндөгү таасирлериңден ашып түшкөн, асты кем калышпаган жаңы таасирлер каптап, өлкөнүн, элдин мүнөзүнүн жаңы көрүнүштөрүнө күбө болуп кайтасың. Чет элдик журналисттер үчүн Индиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган иш-сапардын маалында өлкөнүн байыркы тарыхынан чакан сабак алуу менен катар, келечекке умтулуп бараткан коомду көрүүгө мүмкүн болду. Индиялыктар жөн эле келечекке умтулуп жаткан жок, алар космостук ылдамдык менен технологиялык жаңыланууга учуп бараткандай таасир калды. Индия колониалдык өлкөдөн дүйнөдөгү тездик менен өнүгүп келе жаткан алдыңкы экономикага айланып, IT-тармагындагы лидерликке жетти. Ошондо жазуучу Арундати Ройдун “Индия бир эле учурда бир нече кылымда жашайт” деген сөзү өтө орундуу экенин аргасыз эстейсиң. Анткени жаңы технологияларды өздөштүрүп, санариптешип бараткан коомдо байыркы замандан бери келаткан ишенимдер, рухий, маданий салттар эриш-аркак жашайт.

Сапарыбыз президенттин Нью-Делидеги расмий резиденциясы Раштрапати-Бхавандан башталды. Англис архитектору Эдвин Лаченстин долбоору боюнча 20-кылымдын башында курулган “Ак-Сарай” адегенде Британ бийлигинин колониалдык Индиядагы өкүлүнүн үйү, ал эми 1950-жылдан тартып Индия президентинин расмий резиденциясы болуп келет. Аянты 20 миң чарчы метрге жетип, дүйнөдөгү эң ири президенттик резинденция болгон бул имарат бир жарым миллиард калкы бар өлкөнүн масштабына куп жарашып турат.
Учурдагы президент Друпади Мурму айым Раштрапати-Бхаван резиденциясында Индияга келген мамлекет башчыларды, бийик деңгээлдеги делегацияларды кабыл алат. Резиденциянын расмий иш-чаралар өтүүчү бөлмөлөрү, алардын жасалгасы, баалуу тарых жана маданий буюмдар коллекциялары абдан таасирлентти. Айтмакчы, мамлекет башчыларга келген белектердин ири топтому жайгаштырылган Нью-Делидеги Премьер-министрлер музейин да көрдүк.
Индиянын биринчи премьер-министри Джавахарлал Нерудан тартып, бардык өкмөт башчылардын өмүрүн, ишмердигин чагылдырган бул музей заманбап технологияга негизделген интерактивдүү экспонаттарды колдонот. Алар менен катар Нерунун жупуну, жөнөкөй эмеректер коюлган бөлмөсүн, Кыргызстанга көбүрөк таанымал Индира Ганди урунган жеке буюмдарын көрүүнүн өзү жашоосу тарыхка айланган адамдар жөнүндө жандуу элес калтырды. Индия 1947-жылы көз карандысыздыкка жеткенден бери өлкөдө 14 премьер-министр иштеди. Алардын жетекчилиги алдында 20дан ашуун расмий тили бар, миңдеген диалекттерде сүйлөгөн калк глобалдык процесстерде өз ордун ээлеп келет. Мындай комплекстүү коомдогу динамиканы чагылдырган компаниялардын бири – Asia News International (ANI) агенттиги. Компаниянын кеңсесине барып, жүздөгөн кызматкерлердин тынымсыз ишине күбө болдук. Бул агенттик дүйнө боюнча миңдеген телеканалдарды жаңылык менен камсыздап, англис, хинди жана башка аймактык тилдерде контент жаратып келет. Саясат, маданият, спорт, көңүл ачуу жана башка маалыматтарды көп тилдерге которуу, тастыктоо, видео кабарларды даярдоодо ANI жасалма интеллектти кеңири колдонот.
Индия өкмөтү интернет инфраструктурасын жакшыртып, калкты санариптик тейлөөгө өткөрүү үчүн жарыялаган Digital India – Санариптик Индия демилгеси тууралуу Электроника жана Маалымат технологиялары министрлигинин катчысы менен жолугушууда кеңири сөз болду. Бул жаатта Борбор Азия өлкөлөрү өздөштүрчү үлгүлөр тууралуу суроо-жооптор бир топко уланды.

Делиде стартегиялык анализ жүргүзгөн алдынкы борборлордун бири — Observer Research Foundation (ORF) дүйнөлүк тренддерди талдап, өкмөт үчүн сунуштарды иштеп чыгат. Борбордун эксперттери менен Индиянын көп багыттуу дүйнөлүк келечектеги орду, АКШ, Кытай менен көп тармактуу мамилелери тууралуу кеңири сөз болуп, өлкөнүн Борбор Азия мамлекеттери менен мамилелери да кызуу талкууланды.
Ал эми Индиянын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушууда биздин аймак менен болгон гуманитардык байланыштар, билим берүү, маданий дипломатиянын болочогу тууралуу ачык талкуу болду. Министр орун басары Индиянын медицина тармагы коңшу өлкөлөрдөн (анын ичинде Кыргызстандан) көптөгөн кардарларды тартып жатканын айтты. Ошол эле кезде жүздөгөн Индиялык жаштар медициналык билим алуу үчүн Кыргызстанга келип жатканын айтсам, Индиянын өкүлү аргасыз күлдү. Миллиарддан ашуун калкы бар Индия үчүн эң негизги көйгөй – Экономикадагы жеңиштердин жемишин, билим берүүнү карапайым элдин катмарларына жеткирүү. Бирок калың эл – жүк эмес, тескерисинче экономикалык өсүштү шарттаган көрүнүш деп саналып, демографиялык дивиденд катары сыпатталат.
Делиде кызыктуу жолугушуулар менен катар шаардын музейлерин, эстеликтерин кыдырып бүтүп, Индиянын технологиялык хабы, старт-ап борбору Хайдарабад шаарына келдик. Бул жакта бизге Индиянын таптакыр башкача жүзү ачылды. Телангана штатынын борбору болгон Хайдарабаддын технология тармагындагы таасири Индия гана эмес дүйнөгө тарап жатат.
Биз барган T-Hub Индиядагы старт-аптарга жан берген кубаттуу борбор. Анда жаш ишкерлер долбоорлорун сынактан өткөрүп, өкмөткө, чоң корпорацияларга чыгып, инвесторлор менен жолугушуп, далай ийгиликтүү бизнестердин тушоосу кесилген. Соңку жылдары эле жаш ишкерлер үчүн бир жарым миллиард доллар инвестиция тартылган. T-Hubка жанаша жайгашкан T-Work түркүн жаңы табылгаларды ойлоп тапкан ишкерлерге аны материалдык түрдө жаратып, сынактан өткөрүүгө жардам берет. 3D-принтерлер, ар кандай тетиктер, лабораторийлер аркылуу жүзөгө ашырылган медициналык жабдууларды, роботтор же дрондор болобу, айтоор ар кандай идеялар ишке ашырылчу жер экен.
Ишкерлер демекчи, Хайдарабадда Индиядагы алдыңкылардын бири саналган Indian School of Business (ISB) жайгашып, ага ондогон мамлекеттерден студенттер келип билим алат. Ушунун баарысы биригип, Хайдарабад гана эмес, бүтүндөй Индиянын ийгилигинин себепкери болсо керек. Программанын жүрүшүндө жеке менчик Skyroot компаниясы менен тааныштык. 2018-жылы старт-ап болуп башталган компания 2022-жылы Vikram-S аттуу ракетаны космоско алып чыгууга жетиптир. «Биздин максат — космоско чыгуунун баасын арзандатуу», — дейт Skyroot компаниясы.

Борбор Азиядан барган журналисттер жалаң эле жогорку технологиялар эмес, Индия турмушунун башка өңүттөрүн да көрө алдык. Делидеги кол өнөрчүлөрдүн Дили-Хаат базарчасы, Хайдарабаддагы ага үндөшкөн Шилпарамам маркети зергерлерден тартып, түркүн карапа буюмдарын, жибек менен Кашмир тыбытынан атактуу пашмина жоолуктарын жасаган чеберлердин чордону. Бул жерлерде соода менен катар Индиянын ыр-бийлери коюлуп, майрамдык маанайга бөлөдү.
Хайдарабаддын Полиция академиясы, европалык, жапон, персиялык, индиялык укмуш экспонаттар топтолгон Салар-Жаңг музейи, архитектурасы менен өзгөчөлөнгөн Чар-Минар монументи, урандыларында укмуштай тарыхты катып отурган Голконда чеби, анан да Индия киносунун сыйкыры жаратылып келген Раможи Фильм шаарчасы – ушунун барысы көп үндүү, көп түстүү, эмгекчил өлкө жөнүндө эстен кеткис элестер болуп калды.
Ооба, Индия шаарларынын көчөлөрүндө кайыр сурап, туристтерге майда-барат сатуу менен күн көргөн балдар да бар. Ошону менен катар Индиялык IT-адистери Гуугл, Майкрософт сыяктуу дүйнөдөгү эң ири корпорациялардын технология тармактарын башкарууда. Ооба, шаар көчөлөрү “тук-тук” деп аталган рикшалар менен автолордун ызы-чуусуна батып турат. Ошону менен катар жаштар космоско ракета учурууда. Эч нерсеге таң калбайм деген күнү Агра шаарындагы Таж-Махалды көрүп таң каларың анык. Махабаттын музыкасын чертип жаткансып, асманда калкылдап тургансыган аппак Таж-Махал көрөм деп барган ар бир адам менен сырын бөлүшүп, жүрөгүн тазартат. Мына ушундай Индия бул жолу да жылуу тосуп, барыбызды дос кылып узатты. Иш-сапарды уюштурган Индиянын Тышкы иштер министрлигине, Индиянын Кыргызстандагы элчилигине ыраазычылык билдирем.
Акчолпон Койчиева, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Комментарийлер