Билим уясына — 60 жыл: Караколдогу №11 мектеп жаңы доорго кадам таштоодо
- 09.03.2026
- 0
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №11 жалпы билим берүү мектеби үчүн 2025–2026-окуу жылы тарыхый мааниге ээ. Быйыл билим уясынын түптөлгөнүнө туура 60 жыл толуп жатат. Ошондой эле мектепке Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү инсандарынын бири Жангороз Каниметовдун ысымы ыйгарылып, билим берүү мекемеси республика боюнча тандалган 23 мектептин катарында инновациялык мектеп статусун алуу алдында турат. Бул үч маанилүү окуя мектеп жамааты, окуучулар, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер үчүн өзгөчө сыймыктуу учур болуп саналат.

Тарыхы терең билим ордосу
Каракол шаарындагы №11 мектеп 1966-жылы М.Горький атындагы орто мектеп катары негизделген. Ошол мезгилден бери бул билим уясы миңдеген окуучуларга билим берип, коомго татыктуу инсандарды тарбиялап келе жатат. Мектеп ачылган алгачкы жылдардан тартып окуучулардын билим сапатына жана тарбиясына өзгөчө көңүл бурулуп, мугалимдердин кесипкөйлүгү менен шаардагы алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири катары таанылган.
1991-жылы 15-августта мектепке мектеп-гимназия статусу берилип, 1991–2009-жылдары М.Горький атындагы №11 мектеп-гимназиясы деп аталып келген. 2009-жылы аттестациялоодон кийин билим берүү мекемеси “Каракол шаарынын №11 жалпы орто билим берүү мектеп-гимназиясы” деп өзгөртүлгөн.
2026-жылы кабыл алынган тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү чечимдердин негизинде билим берүү мекемесине Жангороз Каниметовдун ысымы ыйгарылып, мектеп “Каракол шаарынын Жангороз Каниметов атындагы №11 жалпы билим берүү мектеби” деп атала баштады.
Мектеп жетекчилери
Мектеп тарыхында бир нече жетекчилер эмгектенип, билим берүү мекемесинин өнүгүшүнө чоң салым кошушкан. Алар:
Валентина Пода (1966–1976)
Иван Илющенко (1976–1978)
Надежда Мусина (1978–1999)
Кулиза Осмоналиева (1999–2016)
Гульзат Сөйкөева (2016–2024)
Ал эми 2025-жылдан тартып мектепти Жоомарт Карыбаев жетектеп келет.
Бүгүнкү күндө мектеп администрациясы жана мугалимдер жамааты билим берүү сапатын жогорулатуу багытында биргелешип иш алып барышууда. Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, социалдык педагогдор жана чарбалык иштер боюнча жооптуу кызматкерлер мектептин туруктуу ишмердүүлүгүн камсыздап келишет.
Билим берүүдөгү жетишкендиктер
Алтымыш жыл ичинде мектеп көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Окуучулар райондук, облустук жана республикалык олимпиадаларда, илимий жана маданий сынактарда байгелүү орундарды багындырып келишет.

Мисалы, 2024–2025-окуу жылында мектептин бүтүрүүчүсү Касиет Догдурбаева Жалпы республикалык тестирлөөдө 232 упай топтоп, алтын сертификатка ээ болгон. Ошондой эле сегиз бүтүрүүчү 200дөн жогору упай топтоп, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларына студент болушкан.
Бул жетишкендиктердин артында эмгекчил жана тажрыйбалуу мугалимдер турат. Алардын катарында математика мугалими Гульмира Мамбетисаева, физика мугалими Бактыгүл Аденова, химия мугалими Венера Кандыкараева сыяктуу педагогдор окуучуларды ийгиликке жеткирүүдө чоң салым кошуп келишет.
Тарбия жана чыгармачылык багыттагы иштер
Мектепте билим берүү менен катар тарбия иштери да жогорку деңгээлде жүргүзүлөт. Окуучулар мекенчилдикке, адамгерчиликке жана ынтымакка тарбияланып келишет.
Айрыкча “Манас таануу” багыты боюнча мектеп командасы облустук жана республикалык деңгээлдеги сынактарга катышып келет. Ошондой эле эстетикалык багыттагы бир катар ийримдер иш алып барып, окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүлүүдө. Мектептин жаш шахматчылары эл аралык мелдештерге катышып, байгелүү орундарды багындырып келишет.

Инновациялык мектепке карай кадам
Бүгүнкү күндө мектеп республика боюнча тандалган 23 билим берүү мекемесинин катарында инновациялык мектеп статусун алуу алдында турат. Бул багытта мектеп администрациясы “Ысык-Көл – Трансформациялык лидерлик жана инновацияны башкаруу” аттуу окуу семинарларына катышып, билим берүү тармагындагы жаңы реформаларды өздөштүрүүдө.
Долбоордун алкагында мектеп имараты жаңыланып, STEM багытындагы кабинеттер жана заманбап лабораториялар менен жабдылышы күтүлүүдө. Мындан тышкары, мектеп аймагындагы бир нече билим берүү мекемелери кластердик мектеп катары колдоого алынып, жаңы лабораториялык жабдуулар менен камсыздалган.
Мугалимдер жамааты — мектептин негизги күчү
2025–2026-окуу жылынын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы боюнча мектепте 72 класс-комплект бар. Жалпы 2901 окуучу билим алып жатат. Билим уясында жүздөн ашуун мугалим жана 15 техникалык кызматкер эмгектенет.
Педагогдор заманбап окутуу ыкмаларын колдонуп, жаңы технологияларды сабактарга киргизүү аркылуу окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырууга аракет кылып келишет.
60 жыл — тарых жана жоопкерчилик
Алтымыш жыл ичинде бул мектеп миңдеген окуучуларга билим берип, коомдун ар кыл тармагында эмгектенген адистерди тарбиялап чыгарды. Мектептин тарыхы — мугалимдердин талыкпас эмгегинин, окуучулардын жетишкендиктеринин жана ата-энелердин колдоосунун жыйынтыгы.
Бүгүнкү күндө Каракол шаарынын Жангороз Каниметов атындагы №11 жалпы билим берүү мектеби билим берүүнүн жаңы багыттарын өздөштүрүп, заман талабына ылайык өнүгүүнү улантып жатат.
60 жылдык маараке — бул өткөн тарыхка таазим кылуу менен бирге келечекке болгон ишенимди бекемдеген маанилүү учур.
Мектеп жамааты мындан ары да билимдүү, маданияттуу жана мекенчил жаштарды тарбиялап, коомго татыктуу инсандарды даярдоону башкы максат кылып келет.

Айбек Асанбеков,
окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары
Комментарийлер