БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НУКУРА ЛИДЕРИ
- 29.12.2025
- 0
Кыргызстандагы билим берүүнүн анык лидери азыркы агартуу тармагынын жетекчиси Догдуркүл Кендирбаева экенин эч ким тана албайт. Анткени билим берүү ишиндеги эгемендүү өлкөбүздүн келечегин аныктаган эң олуттуу өзгөрүүлөр Догдуркүл Шаршеевна ушул жооптуу кызматка келген күндөн башталды.
Жооптуу кызматка келген алгачкы күндөн көп өтпөй Догдуркүл Шаршеевна өлкөбүздүн келечегин аныктаган “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасын демилгелеп, аны ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылар кабыл алуу багытында талбай эмгектенди. Анын жетекчилиги астында 12 жылдык окутууга багытталган жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыгып, кабыл алынды.
Бул албетте, жаңы министрдин эң көрүнүктүү жеңиши!
Андан соң Мамлекеттик стандарттын негизинде предметтик стандарттар иштелип чыгып, мектептик билим берүүнүн 12 жылдык моделинде ишке ашырылуучу окуу предметтеринин тизмеси аныкталды. Аларга ылайык кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуткан башталгыч жана негизги мектептер үчүн базистик окуу пландары түзүлүп, анда мамлекеттик компоненттин окуу предметтери негиздүү көрсөтүлгөн жана ар бир предмет боюнча бир жумалык окуу жүгү каралган.
Быйылкы 2025-2026-окуу жылында 12 жылдык моделине этап-этабы менен өтүп жаткан кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуткан башталгыч жана негизги мектептер үчүн базистик окуу пландары бекитилди.
Министрдин көрөгөчтүгү менен республикада англис тилин жана STEM багытындагы предметтерди окутууга өзгөчө көңүл бурула баштады. Агартуу тармагынын жетекчисинин батыл аракеттеринин натыйжасында STEM предметтеринин мугалимдеринин баары атайын даярдыктан өтүшүп, жаңы үлгүдөгү ноутбуктарга ээ болушту. Эмки жылдан ушундай эле ноутбуктарга калган агай-эжейлер ээ болору айтылууда. Бул албетте, жакшы жышаан, билим берүүнү өзгөрткөн мыкты көрүнүш!
Өз ишмердүүлүгүн мугалимдиктен баштаган министр айым эч качан мугалимдерди унутпады. Алардын кесиптик чеберчилигин арттырууга өзгөчө маани берүүдө.
“Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында жаңы кабыл алынган мамлекеттик стандарт, предметтик стандарт жана окуу программаларынын негизинде мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн жаңы 88 программалар жаңыланды.
Министрдин жеке демилгеси менен министрлик ушул жылдын июль-август айларында “Жаңылыктын жарчысы” аттуу педагогикалык форум өткөрдү. Ага жалпы республика боюнча 1500 аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, методисттер, мектеп директорлордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары катышканы белгилүү. Сингапурдан келген тренерлер тарабынан өткөрүлгөн окутууларга башталгыч класстардын, математика, табигый илимдер жана англис тили предметтеринин 241 мугалими катышты. Андан тышкары, республика боюнча 30030 мугалим, анын ичинен 1-2-класстар үчүн — 9 555 мугалим, 5-7-класстар үчүн математика — 5950, табигый илимдер — 7910, ал эми англис тили окуу китеби боюнча 6615 мугалим окуудан өттү. Жалпы республика боюнча жаңы окуу китептеринин мазмуну, окутуу ыкмалары боюнча 26041 мугалим билим алууга жетишти.
Окутуулар онлайн жана офлайн форматында улантылып, 17 898 мугалим 12 жылдык окууга өтүүдө жаңы окуу китептерин окутуу боюнча окуудан өтүштү жана 91 электрондук курстар өткөрүлдү.
Бул албетте, зор жетишкендик!
Агартуу тармагынын жетекчисинин талбаган аракети менен 2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекеттен 744 млн сом бөлүндү. Эгерде акыркы 8 жылда жалпысынан 3 742 461 окуу китеби басылып чыкса, 2025-жылы 4 391810 окуу-методикалык комплекси (УМК) басылып чыгат. Бул көрсөткүч 8 жылда чыгарылган көлөмдөн 17 пайызга көптүк кылат!

Догдуркүл Шаршеевнанын агартууга алып келген жаңылыгын айта берсек, сөз жетпес! Анын баарын, өз көзүбүз менен көрүп, жүрөгүбүз менен сезип жатабыз!
илимге өмүрүн арнаган илимпоз, аялуу балдардын колдоочусу
Быйыл өзүнүн 75 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде белгилеген Кыргызстандагы семиотика илиминин негиздөөчүсү, Кыргызстан эл аралык университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Зина Караевна
КАРАЕВА аялуу балдардын да колдоочусу болуп эсептелет.
Өзүнүн жарым кылымдан ашуун педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 33 жылын бир окуу жайда талыкпай иштеген тилчи илимпоз башкалардай аялуу балдарга өз жардамын бир-эки жолу бербеди. Бул ишти боорукер илимпоз системалуу түрдө жасап жүргөнүнө биз, журналисттер, күбөбүз.
Жакында эле Токмоктогу жатак-мектептин окуучуларына 100 жууркан, 100 жаздык, жаңы жылдык таттууларды алып барып, тарбиялануучуларды кубанычка бөлөдү. Албетте, эжей мунун баарын өзү жасап жаткан жок. Кесиптештеринин, студенттеринин, эң башкысы, өзү эмгектенген Эл аралык университеттин колдоосу аркылуу аткарууда. Анын айтымында, бул иште эң эле маанилүү нерсе берилген жардамдын өлчөмүндө же санында эмес.

— Эң чоң өзгөрүүлөр ошол жардамды алып бараткан студент жаштардын жүрөгүндө жүрүп жатат. Алар жардамга муктаж аялуу балдар бар экенин билишет. Коомго салым кошууга үйрөнүшөт. Бул абдан маанилүү! — дейт Кыргызстан эл аралык университетинин филология бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Зина Караева.
«Илим ийне менен кудук казгандай» деп бекеринен айтылбаса керек. Зина Караевна ушул котормо өнөрүнүн артынан түшүп, Ала-Тоодой ийгиликтерди жараттты. Улуу эпостордон баштап, кенже эпосторго чейин англис тилине которууга жетишти. Ушул теманын тегерегинде докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактап, Кыргызстан эл аралык университетинин алдында котормочулук мектепти түптөдү. Университетте семиотика илимин ар тараптан изилдеген жаш окумуштуулардын зор армиясы өсүп чыкты. Илимпоздун жетекчилиги астында далайы кандидаттык, докторлук диссертациясын жактап жатышат. Күркүрөгөн күздө илимпоздун 75 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык симпозиум илимпоздун ишинин натыйжасын колго салгандай көрсөттү. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн АКШ, Түркия, Грузия, Япония, Кытайдан, жаныбыздагы Казакстандан эжейдин шакирттери келип, мазмундуу докладдарын окушту, берген таалими үчүн ыраазычылыгын билдиришти.
Биз, кутбилимчилер, Зина Караевнадай айтылуу илимпозду, мына ушундай ар тараптуу ишмердиги үчүн быйылкы жылдын эң көрүнүктүү адамы деп таптык.
НАСААТЧЫ МУГАЛИМ,
«КУТ БИЛИМДИН» КҮЙӨРМАНЫ
Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы улуттук инновациялык мектеп-лицейдин Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова агартуучулар гезитинин эң активдүү окурманы болуп саналат.
Артты кылчайып карасак, чыгармачылык менен изденип иштеген башталгыч класстын мугалими Гүлүмкан эжей менен биздин байланыш көп жыл илгери башталыптыр. «Кут Билимдин» 50 жылдыгына карата ошондогу окуучулары менен «Кут Билимге 50 жыл!» деп түшкөн сүрөтү бизде дагы деле сакталып турат. Андан бери канча жыл, канча убакыт өттү, бирок алдыңкы мугалим биз менен байланышын бир күн да үзбөдү. Тескерисинче, жылдан-жылга өөрчүп-өнүгүп жатат. Эжей өзү да ар убак «Мен билим берүү ишинде кандай ийгиликтерге жетишип жатсам, ошонун баары «Кут Билим» аркылуу болду» деп калат. Бул ашык-кеми жок айтылган туура сөз!
Бала, мектеп, сабак дегенде ичкен ашын жерге койгон мугалим Гүлүмкан Асанкадырова 1998-жылы «Кут Билимдин» алдында «Кут Билим сабак» усулдук басылмасы чыга баштаган күндөн тартып анын эң активдүү окурманына жана авторуна айланды. Биз, редакцияда иштеген журналисттер, көл жээгинде жайгашкан Балыкчы шаарында педагогдук кесипке жан оту менен берилген окутуучу бар экенин анын эч кимдикине окшобогон мыкты сабак иштелмелери аркылуу билгенбиз. Ыраазы болгонбуз. Кийин эжей борборго көчүп келип, кыргыздын туңгуч эне тил мектеби — айтылуу номур беште иштей баштады. Ушундан тартып, элдин балдарынан билген билимин эч аябаган агартуучуну жакындан билип калдык. Чыгармачыл мугалим да бизге бат-бат каттап, редакциянын кат куржунун байытып турду. Жалаң өзүн ойлобостон, башка кесиптештеринин сабак иштелмелерин да бизге байма-бай сунуштады. Жыл сайын гезитибизге жыйырмадай мугалимди жаздырып, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүндө «Кут Билимдин» да орду бөтөнчө экенин өз тажрыйбасы аркылуу көрсөтүп берди. Өзү да «Кут Билим» гезити уюштурган мыкты сабак иштелмелери боюнча сынактарга үзбөй катышып, көбүндө жеңүүчү болуп табылды.
Бул сөзсүз, аракетчил мугалимдин кесиптик чеберчилигинин курчушуна өзүнүн оң таасирин тийгизди. Бир жамааттын ичинде калбай, эмгекчил эжейдин аты чыгып, бүтүндөй билим берүү тармагына таанылды. Көп сыйлыктарды алды. Эң башкысы, мугалим, тарбиячы, насаатчы, өз билгенин кагазга түшүрө билгени мыкты калемгер катары калыптанды. Лидерлик сапаттары өстү. Гүлүмкан Асанкадырова 2013-жылы «Кут Билим» гезитинин 60 жылдыгына карата Тайир Аширбайдын демилгеси менен уюштурулган республикалык илимий-практикалык конференцияга өзүндөй калемгер мугалимдер тобу менен бирге катышып келди. Лейлек билим сапары, лейлектик агартуучулардын ар бир мектепте Исхак Раззаковдун осуяттарын жайылтканы, ал жердеги өтүлгөн ажайып ачык сабактар, тубаса педагог Гапыр Мадаминовдун айткан кеп-кеңештери шаардык мугалимге зор таасир тийгизет. Ушул сапардан соң мугалимдер тобу көргөн-билгенин айтып, ал кездеги билим берүү министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаевага киришкен. Ошондогу жолугушууда азыркы министрдин: «Агартуу тармагындагы эң көп ишти сиздердей демилгечи мугалимдер аткарат» дегени кийинки улуу иштерге жол ачты. Азыр ойлосо, бир канча район-облустарга барыптыр. Ар биринде биринен-бири калышпаган тажрыйба алмашуу семинарлары өткөрүлдү. Быйыл эле Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Узен Атаканов жетектеген Мамбетов атындагы мектепке барып келишти. Бир топ жыл илгери «Кут Билимдин» багыттоосу менен Гүлүмкан эжей да өзү эмгектенген билим ордосунда ушундай мазмундагы семинарды уюштуруп бергенин кошумчалай кетели.
Тубаса педагог ушул күндөрү он эки жылдык программа менен кабыл алынган окуучуларга окуганды, жазганды үйрөтүп жатат. Мурдагыдай эле анын ишинде танапис жок. Ар дайым изденүү жолунда. Жаш педагогдордун эң ишенимдүү насаатчысы.
— «Алтын казык» программасы биз, мугалимдер үчүн, асмандагы алтын казык жылдызындай эле жолубузду аныктаган туура багыт болду, — дейт элине эмгеги сиңген мугалим Гүлүмкан Асанкадырова.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер