БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАҢЫ ДООР: 12 ЖЫЛДЫК СИСТЕМА ЖАНА «АЛТЫН КАЗЫК» ПРОГРАММАСЫНЫН БАГЫТЫ
- 27.11.2025
- 0
Кыргыз билим берүү мейкиндиги акыркы жылдары тездик менен өзгөрүп, улуттук өнүгүүнүн жаңы барагын ачып бара жатат. 12 жылдык билим берүү стандартынын киргизилиши жана «Алтын Казык» трансформациялоо программасы – бул өзгөрүүлөрдүн багытын, ыргагын жана мазмунун аныктаган чечүүчү факторлор болуп калды. Эки чоң демилге билим берүүнүн булагын кайрадан ойготуп, «булактын көзүн ачкандай» акырындык менен өз жемишин бере баштады.

Өзгөрүүгө умтулган уламыштуу жол
Азыркы билим берүүдөгү реформа – жөн гана техникалык жаңылануу эмес, бул коомдун келечегин кайрадан түзүүгө багытталган интеллектуалдык жана моралдык аракет. Реформа «баарыбызга жакшы ой, кең ниет жана алдыга кадам таштоо» зарыл экенин эскертип турат. Жаңы системанын жүрөгүндө – баланын өнүгүүсү, мугалимдин деми, ата-эненин ишеними жана коомдун билимге болгон жоопкерчилиги жатат.
“Алтын Казык» – аталышы да, мазмуну да терең программа. Ал багыттоочу жылдыз сымал, баланын мүмкүнчүлүгүн ачып, жөндөмүн өстүрүүчү, келечегине жол көрсөткөн чоң долбоор. Бүгүн ал көптөгөн мектептерде интеллектуалдык серпилиштин жана чыгармачыл изденүүнүн башкы булагына айланып баратат.
Жаңы китептер – жаңы дем
Быйыл мектептерге келген жаңы окуу китептери өзүнчө эле бир майрам болуп калды. Окуучулар жаңы кагаздын жытына суктанып, ар бир баракты кызыгуу менен барактап, эки эсе кубанычта. Ата-энелер да «жаздырбайт, жазма дептери өзүнчө экен» деп, жаңы система көзгө көрүнгөн, кармап көргөндө сезилген деңгээлде өзгөргөнүнө ыраазы болуп жатышат. Кочкор районуна жалпы отуз миң үч жүз кырк китеп таратылды.
Китеп менен катар мугалимдерге берилген ноутбуктар – алардын ишин бир топ жеңилдеткен олуттуу жардам. Бир кезде чоң түйшүк болгон план, материал, презентация жана отчеттор азыр ылдам жана ыңгайлуу форматта аткарылып, мугалимдин убактысы үнөмдөлүүдө. Демек, буга чейин документке кеткен күч эми түздөн-түз балага, билим берүүгө жумшалып жатат.
Өзгөрүүнүн табиятында – кыйынчылык жана өсүү бар
Кандай гана реформа болбосун, ал чоң бурулуш жана курулуш менен тең. Курулуш жүргөн жерде изденүү да болот, жаңылыштык да болот. Бул – табигый мыйзам. Мектептердеги айрым же техникалык кемчиликтер – өткөөл мезгилдин алгачкы толкундары гана. Муну реформанын кемчилиги катары эмес, анын жүрүп жаткандыгынын белгиси катары кабыл алган туура.
Методикалык кызматтардын ролу да ушул учурда өзгөчө маанилүү. «Жер-жеринде атайын Агартуу министрлиги тарабынан окутулган методисттер жардам берүүнү улантып жатат» – бул реформага болгон мамлекеттик колдоонун да, бирдиктүү натыйжага жетүү умтулуунун да далили.
Мирзат МАМБЕТОВА, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы
Комментарийлер