БЕКТЕМИР МУРЗУИБРАИМОВ: МАСШТАБДУУ ИНСАН, ОКУМУШТУУ, ПЕДАГОГ ЖАНА КООМДУК ИШМЕР
- 02.12.2025
- 0
Редакциядан: Келээрки айда КРнын Улуттук Илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагы боюнча сыйлыгынын лауреаты, химия илимдеринин доктору, профессор, Жогорку Кеңештин үч жолку экс-депутаты, Бектемир Мурзубраимовдун туулган күнүнүн 85 жылдыгы белгиленет. Буга байланыштуу агай тууралуу «Бектемир Мурзубраимов замандаштарынын көзү менен» (2025) деген китептен профессор А.Алимбеков тарабынан иргелип түзүлгөн айрым пикирлерди жарыялайбыз.

Замандаш тууралуу учкай кеп
Замандаш — бул биз менен бир мезгил жана мейкиндик өлчөмүндө бирге өмүр кечирип, бирге иштеген пикирлеш адамдар. Ар кандай адам тагдыр жолуна ылайык ар кандай чөйрөдө түрдүү коллективде, адамдар тобунда жеке жана жалпы алака катышта жашап иштейт. Ушундан улам тигил же бул инсандын бейнеси тууралуу сөз кылганда кесиптик багыты, инсандык баалуулуктары тамырлаш адамдардын пикирлери бөтөнчө мааниге ээ болоору талашсыз. Адамды адам гана тааныйт, адам гана баалайт. Анткени, адамды курчап турган адамдар тобу тынымсыз өз ара бири бирин үйрөнүү, бири бирине таасир этүү процессиндеги жандуу социалдык система. Бул ыңгайда бул күндөрү өзүнүн 85-жылдык юбилейин белгилеп жаткан Бектемир Мурзуибраимов «бир тармактын» же «бир мекеме чегиндеги» инсан катары кароого болбой турган масштабдуу инсан. Социалдык психология илиминде «масштабдуу инсан» деген түшүнүк бар. Масштабдуу инсандар турмушта тутунган максаттарынын, ишмердүүлүгүнүн сандык жана сапаттык чектери менен айырмаланат. Соңку кыргыз тарыхындагы масштабдуу инсандардын бири деп эсептөөгө толук негиз бар. Анткени, ал Ошто катардагы мектеп мугалиминен тартып эки университеттин ректорлугана чейинки кызматтарды басып өттү, Ош шаардык кеңешине, Жогорку Кеңешке үч ирет депутат болуп шайланып, элдин мүдөөлөрү үчүн эмгектенди. Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын академиги катары демилгелүү илимпоз, активдүү жаран катары өмүр кечирип келет.
Улуттук маданий салтыбызда жалпыга өрнөк өмүр кечирип келе жаткан инсандар эл оозуна алынып, алар тууралуу аңыз кептер, дастандар, акындардын ырлары токулуп келген. Учурда бул салт өмүр жолу, кесиптик тармактары бири-бирине чиеленишкен инсандардын акыл таразасы, парасат баасына негизделген түрдүү өңүттөгү кыска пикирлер, кеңири баянга негизделген очерктер, илимий макалалардан турган китептер аркылуу уланууда. Ушул өңүттөн алганда Б. Мурзубраимов тууралуу жазылган тексттер саны жагынан арбын, ал эми жанрдык жактан көп кырдуу. Алардын топтому үстүбүздөгү жылы «Бектемир Мурзубраимов замандаштарынын көзү менен» (2025) деген аталышта толукталып экинчи ирет өз алдынча көлөмдүү китеп болуп басылып чыкты. Китеп масштабдуу инсан, адамдар аркылуу гана масштабдуу боло тургандыгы тууралуу акыйкатты дагы бир ирет ырастайт. Китепте улутка башы көрүнгөн таланттуу илимпоздор, жазуучу акындар, коомдук ишмерлер, кулун чагынан бирге өскөн курбулары, ордолуу Ош шаарындагы университеттердин жетекчилери, окутуучу-профессорлор жамааты жана ошондой эле Кыргызстан Эл ассамблеясынын ишмерлери, окуучу шакирттери бир сөз менен айтканда, калктын бардык катмарынын өкүлдөрүнүн түрдүү жылдар бүктөмүнө таандык агайдын инсандык ибараты, илимий -педагогикалык, уюштууруучулук таланты, коомдук ишмердүүлүгү тууралуу чын-дилден чыккан калыс баалары, каалоо-тилектери орун алган. Тексттер контекстинде замандаштарынын Бектемир Мурзуибраимов менен бирге окуп, бир жамаатта санаалаш, тилектеш болуп иштегени, андан алган нускалары, сабактары, таасирлери үчүн канааттануу, сыймыктануу, ыраазычылык сезимдери да ачык байкалат.
Алимбеков Акматали, Кыргыз –Түрк «Манас» университетинин, профессору, педагогика илимдеринин доктору
БЕКТЕМИР МУРЗУИБРАИМОВ ТУУРАЛУУ ЗАМАНДАШТАРЫНЫН НАЗАРЫ, БААСЫ
Оор шарт, мезгилдин кыйындыгына карабай, ал кездеги окуучулар тырышчаак, намыскөй болчу. Ошо намыскөй, жакшы окуган балдардын көч башында Бектемир жүрөр эле. Мектепте окуп жүргөндө химия жана биологиядан сабак берген мугалимибиз, маркум Рыскул Давлетовдун минтип айтканы күнү бүгүнкүдөй эсимде: “Окуса, Бектемирдей окуш керек. Мурзубраимовдон келечекте чоң окумуштуу химик чыгат”. Көрсө, Рыскул агай жаңылган эмес экен.”
Кадыров Сатыбалды, классташы, акын
Студент учурубузда группанын старостасы Бектемир, комсоргу мен болчумун… Бектемирдин биринчи студент болуп келгендеги узун бойлуу, арыкчырай, назик, тырышчаак балалык курагы дайыма эсимде. Ал эч кимге кошулбай, өзүнчө жүргөндү жакшы көрчү. Өз ой санаалары менен жашоону жактырчу. Өзгөчө пахта талаасында жүргөн күндөрдө Бектемир таң азандан пахтазарда болуп, ак алтындын ак буласын арбын жыйнап, биз турганча, кырманга кайтып калчу. Мунун эмгекчилдиги аны табият менен ошондо эле энчилештирип жүргөн өңдөнөт. Окуудагы ойчулдугу, тез кабыл алгычтыгы, зээндүүлүгү баарыбыздан башкачараак эле.
Каримова Бурул, биология илиминин доктору, профессор тайпалаш курсташы
Студент кезинде Бектемирдин окуу залынан дайыма китеп окуп отурганын көрөт элем. Ал кезде институттун окуу залы кыштын күнү деле түнкү саат 23.00 чейин иштөөчү. Китепканачылар кээде Бектемир жана ага окшогон бир топ студенттердин айынан окуу залын 20-30 минута кечирээк жабышкан учурларга туш келгени эсимде.
Ал студент кезинен эле окууга да, жашоого да өтө олуттуу караган адам, тели-теңтуштарына да, өзүнөн улуу – кичүүлөргө да кичи пейил, сылык, мамиле жасоого аракеттенет. Сергектик, салабаттуулук анын табиятына, инсандык мүнөзүнө айланып кеткен. Бул касиеттер анын канчалык зоболо – мансабы артса да, эч деле өзгөргөн жок.
Апышев Бекенбай, педагогикалык илимдеринин кандидаты, доцент
Мен көп жылдар бою анын иш кызматын, кулк-мүнөзүн, инсандык касиеттерин жакшы эле билгендей болдум. Алар кайсылар? Биринчиси чыныгы достукту бекем кармагандыгы. Экинчиси алпурушкан турмуштук сыноолордо кебелбес эрки менен чыдамкайлыгы. Үчүнчүсү-үй-бүлөлүк, мугалимдик, илимпоздук жагынан мыкты тарбиячы экендиги. Ал эми калган нерсе акыл – эс менен бүтө берчү көрүнүштөр. Мына биздин Беке ушундай киши.
Пайзылда Ирисов, белгилүү адабиятчы, профессор
Бектемир – адам катары атуул сыпатына аты-заты айкашкан лөк, ой чабыты нарктуу, кароолу түз, санаасы сарамжал, иштиктүү чечимге маш. Ушул тапта анын тажрыйбасы мол. Өзүн билгенге өзөгүн төшөйт, тайыздарды түзөп, достошууга мажбурлайт, нарксыздарды зергерче жаскап, топко бириктирет. Анын дал ошол усулу жат-кас адамдарын өзүнө багындырууга да кызмат кылат шекилди. Бир карасаң, баягы үзөңгү кагышма, жолталашма ыроо “ага – достор” же күнөс күткөн достор үзүрүн татый түшкөндөй үйүр тартып, үйүр эле эмес, кызмат кылып, колтукташ айкөл жасоого баш уруша калышат. Арийне, мындай касиет көрүнгөн адамдын, ал тургай, улуктардын үлүшүнө буюра бербеген насип деп, кесе айтуу парз.
Сулайманов Мырза, филология илимдеринин доктору, ОшМУнун профессору
Бектемир Мурзубраимович – көп кырдуу, бир сырдуу адам. Анын ички дүйнөсүн толук билүү мүмкүн эмес. Маселени чечүүдө, же бир ой бүтүмүнө келүүдө жети өлчөп, бир кесет. Дагы тереңдете айтсам, он эки жолу өлчөп, анан жыйынтыкка келет. Анын бул касиети – адамдарды терең билүү, үйрөнүү жана алардын чыныгы жүзүн көрүүгө алган багыты. Терең ойлонуп, шашылбай чечилген маселе кемчилдиктин аз кетишине алып келет. Ошондуктан ал башкарган тармактарда нааразычылыктар өтө аз болгон.

Матикеев Курманали, география илиминин доктору, ОшМУнун профессору
Бектемир Мурзубраимович – чоң окумуштуу. Докторлук диссертациясы кыргыз химиясындагы олуттуу изилдөөлөрдөн болуп эсептелет. Анын бул эмгеги щелочтуу өтмө катарындагы жана сейрек кездешүүчү металлдардын туздарынын амид-кислоталар менен кошулуусу, алардын структурасындагы жана касиеттериндеги өзгөчөлүктөрдү, биологиялык жактан активдүү болгон биостимуляторлорду алууга багытталган. Натыйжада, изотерма, политерма сыяктуу усулдар менен 8ге жакын илимге белгисиз бирикмелер алынган. Бул изилдөө дыйкан жана мал чарбасы, адамдардын жашоо тиричилиги үчүн практикалык мааниси чоң.
Үсөн Асанов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын академиги
Француз физиги Жолио-Кюри: “Илим элге керек. Аны өнүктүрбөгөн өлкө кимдир бирөөгө аргасыз көз каранды болуп калат”, − деген экен. Илимдин коом турмушундагы ролун терең түшүнгөн Б.Мурзубраимов илимий иликтөөсүн эч токтоткон жок. Аспирантураны өз мөөнөтүндө аяктап, диссертациялык эмгегин өз учурунда коргоо ал учурда бир топ оор эле. Ошол себептүү ал жылдары республиканын кайсы бир гезитине борбордогу аспирантурасы бар мекемелердин сындалганы азыр да эсимде. Бектемир мырза алардан айырмаланып, диссертациясын убагында коргоп, илимдин кандидаты деген даражада Ошто өз ишмердигин улантты. Анын натыйжасы докторлук диссертация жана бир нече илимдин кандидаттарын өстүрүп чыгаруу болду.
Шериев Жээналы, белгилүү адабиятчы, профессор
Б.Мурзубраимовдун ысырапкорчулукка байланыштуу макалалар жыйнагынын артыкчылыгы мында: академик философтор, саясат таануучулар, социологдор, башка социалдык илимпоздор изилдей турган чоң илимий татаал маселени жөнөкөй жана карапайым тилде жалпы калкка жеткире чагылдырган. Арийне, жыйнактагы ойлор, тезистер өтө эле теориялык тил менен эмес, элге кеңири жеткен публицистикалык маанайда баяндалгандыктан, калктын ар кандай катмарынан үн кошуулар өтө арбын болду.
Исаев Кусейин, философия доктору, социология профессору, Кыргыз эл мугалими
Наш уважаемый Бектемир Мурзубраимович Мурзубраимов, личность незаурядная, атлант нашего времени. Если назвать одним словом главное качество этого человека, то это слово порядочность. У этого слова есть значимая и важная часть – это “по”, что встречается во многих хороших словах, и все они обозначают черты характера великих людей, которые поступают и живут по совести, по закону, по-человечески, по любви, по правилам, по уму, по-братски, по чести, по-хозяйски. Все смыслы этих и других подобных слов вливаются в слово порядочность. Быть порядочным – это значит жить по совести. О таких людях, как Бектемир Мурзубраимов, говорят “правильный человек”. Правильный – это значит, что человек живет по правилам, данным Богом и принятым в обществе. Как ни банально звучит, современной молодежи не хватает примеров самоотверженного служения своему отечеству и народу. Страницы биографии Бектемира Мурзубраимова являются для молодежи ярким примером безупречного служения своему народу и родине.
КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиктери: Жоробекова Ш.Ж., Эркебаев А.Э., Бөрүбаев А.А., Жуматаев М.С. ж.б.лар.
Б. М. Мурзубраимов — элине кызмат кылуу миссиясын Жараткандын өзү ыйгарган чыгармачыл инсан. Ал кайсы гана түзүмдү жетектебесин, кайсы иш менен алектенбесин — анын ысымы дайыма өсүү, сапаттуу өзгөрүүлөр жана инновацияларды ишке ашыруу менен байланышат. Ал жөн гана жетекчи эмес, ал — алдыга жылуунун дем берүүчүсү, идеяларды ишке ашырууга шыктандырган, жоопкерчиликтүү жана жаратман инсан.
ОшМУда бирге иштеп учурда Бишкекте жашашкан илимпоз, педагог кесиптештери: Абдылдаев М.А., Ибрагимов С.И., Тагаев М.Ж., Осмоналиев К.О., Алымкулов К.А., Закиров А.З., Ибраев А.И., Конурбаев Т.А.
Өлкөбүздүн мугалимдери Бектемир агайдай өздөрүнүн коргоочусу, колдоочусу, күрөшкери, чаалыгып-чарчабаган дайымкы адвокаты бар экенине сыймыктануулары керек деген ойдобуз. Педагог-гражданин Б.Мурзубраимовдун мугалим жөнүндөгү макалалары эскирбей, ар дайым окула турган, эң башкы нерселерди унутпоого чакырып турган педагогикалык баалуу мүлк.
Б.Мурзубраимовдун “Мугалим – мөмөлүү дарак” китеби социализм жана эгемендүүлүк доорунда билим берүүнүн түркүн маселелерине арналган түрдүү макалалардан турса да, бүтүндөй алганда жыйнак Кыргызстандын билим берүүсүнүн өзүнчө бир тарыхын көрсөтмөлүү чагылдырган чакан педагогикалык энциклопедия сыяктуу.
Советбек Байгазиев, Кыргыз Эл Жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор
Многие годы Бектемир Мурзубраимович работал секретарем парткома института. Я не была членом партии, поэтому наши пути пересекались редко. Особо запомнились вступительные экзамены, которые контролировала комиссия из парткома. Я была председателем предметной комиссии. Со всех сторон осаждали просители, начиная с родителей абитуриентов и кончая работниками из обкома. Бектемир Мурзубраимович никогда не просил, но обо всем был осведомлен. После окончания экзаменов сказал: “Вы молодец! Нарушений не было”.
А.П. Селиверстова, доцент, Заслуженный работник образования ОшГУ (1999 г.)
Ал кыргыз элине чындап күйөт. Анын жакшысына кубанат, кемчилигине бармак тиштеп өкүнөт. Өз элинин дүйнөлүк цивилизациядан артта калбашы үчүн колдон келгенинин баарын жасоого даяр жана жасап да келет. Албетте, кыргыз эли байыркы эл, түптүү эл, тарых-тагдырга ээ, маданияты калыптанып калган эл. Бирок кылымдардан карманып келген каада-салтынын баары эле бүгүнкү күнгө туура келеби, баары эле жарамдуубу, баары эле керек – зарылбы? – деген сыяктуу суроолор Бектемир Мурзубраимовдун тынчын алып, ошонун натыйжасында атайын каада-салтка кайрылып, оюн ортого салды эле – жалпы элдик талкууга айланып кетти. Өкмөттүн көңүлүн бурууга арзыды.
Момуналиев Сатканбай, педагогика илимдеринин доктору, профессор
Профессор Б. Мурзубраимов – мамлекеттик тилдин коомубуздагы ролун, ордун жогору көтөрүүдө өз салымын кошкон элинин чыныгы патриоту. Табият таануу жана география факультетинин деканы болуп турганда Мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алган күндү майрамга айландырган (1989ж). Студенттер улуттук кийимдерди кийишип, улуттук тамак – аштар жасалып, зор уюшкандыкта өткөнүнө күбө болгонбуз. Ректор болуп келген күндөн баштап, университеттеги иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, мамлекеттик тил борбору түзүлгөн.
Ибрагимов Кыргызбек, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти
Кайсы бир жылдары Бишкек шаарында жогорку окуу жайларынын арасындагы “Тогуз кайрык” комуз телеконкурсунун жыйынтык беттешүүсү болуп жаткан. Катышуучулар үчүн самолетке билет алынып калган эле, бирок телевидениедеги техникалык кемчиликтерден улам телевидениеге тартуу кечигип калды. Ошондо докторантурада Бишкекте жүргөн Бектемир башка жумуштарын таштап, телетартылуудан өткөндөрүн өзү сурап, аэропорттон Ошко бирден-экиден учуруп жүрдү. Биринчи орунду жеңип алганыбызга жетине албай сүйүндү. Студенттерибизге рахмат айтып кубанды. Жашоо шартыбызга кам көрүп, калган катышуучулардын эртең учарын толук сүйлөшүп берди. Ошондо “Саяпкер күчтүү болсо, күлүк чуркайт” деген элдик улуу сөз эсиме түшкөн. Мен жетектеген ар түрдүү улуттан түзүлгөн “Достук” комузчулар ансамблинин кыздары агайдын камкордугуна өтө ыраазы болушкан. Көрсө, ушундай кишилердин шарапаты бизди ийгиликтерге шыктандырган тура.
Шабданов Саадабай, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, комузчу-күүчү
Ар бир адамдын инсан, адис, жетекчи болуп калыптанышына таасирин тийгизген өзүнүн адамга, ишке, турмушка болгон мамилеси менен сени түздөн-түз жана кыйыр түрдө тарбиялаган устаздар болот. Алар сени тарбиялоону да максат кылбайт. Өздөрүнүн жүрүм-турумунан, адамдарга жасаган мамилесинен, ишке карата жоопкерчилигинен, адамдык сапатынан өзүң көрүп тарбияланасың. Алардын жакшы касиеттерин өзүңө жуктургуң, жан дүйнөңө сиңиргиң келет. Менин да инсан жана жетекчи болуп калыптанышыма таасирин тийгизген устаттарымдын бири – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов болду.
Каныбек Исаков, Кыргызстандын мурдагы билим берүү жана илим министри, филология илимдеринин доктору, профессор
Мага бүткүл өмүрүн мугалимдик кесипке арнап койгон аалымдын терең мазмунга, маанилүү ойлорго, маселени чечүүнүн жолдорун көрсөткөн түркүн сунуштарга бай болгон “Мугалим – мөмөлүү дарак” китеби өтө чоң таасир калтырды. Дал ушул китеби аркылуу мен агайдын инсандык нарк-насилинин, максат мүдөөлөрүнүн жана руханий азыгынын мол экенин түшүндүм. Күнү-түнү күйпөлөктөп мугалимдин көйгөйлөрүн чечүүгө жол издеп, аны сунуштап гана тим болбостон, ишке ашырууга да болгон күч-аракетин жумшаганы жүрөк жылытат жана мугалимдик кесипти сүйүүгө аны кастарлоого чакырат. Деги эле академиктин жасаган эмгектерине кылчая карап, чыныгы кыргыз атуулунун, мекенчил адамдын жаркын образын көрүүгө болот.
Зулуев Бекмурза, ОМПУнун ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор
Ош мамлекеттик университетин баштап турган учуру – агайдын өмүрүнүн эң урунттуу мезгили деп эсептейм. Университет ошол кезде ордолуу Оштун маданий жана илимий чордонуна айланды. Эң мыкты демилгелердин, идеялардын жана долбоорлордун генератору катары коомго эмгек өтөдү. Заманбап имараттар курулуп, жаңы доорго керек кесиптерге даярдаган адистиктер жана факультеттер түптөлдү.
Менин кайсыл окуу жайларда билим алганымды сурап калышат. Жаратканга шүгүр, үч мектеп алмаштырдым, үч университетте окудум. Чет өлкөлөрдө өткөн бир канча кыска мөөнөттүк курстардын угуучусу болдум. Булардын баарын өмүр баянымда жазып жүрөм, бирок, өзүм сынактарынан өткөн бир мектеп тууралуу көп айта элекмин. Ал – академик Бектемир Мурзубраимовдун мектеби.
Нуржигит Кадырбеков, КР ЖКнын экс-депутаты, коомдук, мамлекеттик ишмер, акын жана жазуучу
Комментарийлер