БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

  • 23.12.2024
  • 0

Каракол шаардык балдар билим берүү борборунда билим берүү жана чыгармачылык багыттагы 28 студияда 5 жаштан 17 жашка чейинки 900дѳн ашык окуучу билим алып келишет.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

 Борбордун тарыхы

Учурунда облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы Ж.Каниметовдун кѳрсѳтмѳсү менен «Балажан» республикалык эстетикалык, окуу-методикалык борборунун    окуу пландарынын үлгүсүндѳ борбордун жобосу иштелип   чыгып,  1992-жылы  мектептен тышкаркы балдарга кѳркѳм-эстетикалык тарбия берүү багытындагы  облустук окуу-методикалык борбору деп ачылган.

Аталган борбордо кѳркѳм-эстетикалык багыттагы: сүрѳт, комуз, вокал, бий жана кол ѳнѳрчүлүктүн түрлѳрү боюнча ийримдер иштей баштаган.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

— 1995-жылдын август айында   мектептен сырткары үч мекеме бириктирилип,   эстетикага тарбиялоонун окуу-методикалык борбору катары  шаардык билим берүү бѳлүмүнүн балансына ѳткѳрүлгѳн.  Ошол  жылдарда жер-жерлерде балдар чыгармачылык үйлѳрү жоюла баштаган эле. «Мээрим» фондусунун демилгеси менен Каракол шаарында биздин балдар билим борбору кайрадан ѳз ишин уланткан. Каракол шаарынын мэри К.Исманов тарабынан жайгашкан имараттын балдар билим борборунун талабына туура келбестиги белгиленип, шаар башчысынын кѳрсѳтмѳсү менен тигүү фабрикасынын жабылып калган балдар бакчасынын имаратына кѳчүрүлгѳн. 1996-жылдан тарта «Мээрим» фондусунун алдындагы   балдар билим борбору болуп аталган. Кѳркѳм-эстетикалык багыттагы ийримдерден сырткары билим берүү багытындагы англис, кыргыз, орус тили, математика, экология студиялары иш алып барган. Компьютерлер менен камсыздалып, компьютердик окутуу студиялары  иштей баштаган, — дейт борбордун директору Нургүл Шарапова.

 

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

Борбордун имараты шаардан алыс жайгашкандыктан транспорттук каттоо жоктугуна байланыштуу балдардын ийримдерге келүүсүндѳ кыйынчылыктар болгон. Имарат жарык, кенен бирок, бетондон курулгандыктан кышкысын окуу бѳлмѳлѳрү суук болгон. Ушул ыңгайсыздыктарга байланыштуу «Мээрим» фондусунун облустук координатору А.Байсеркеевдин демилгеси менен балдар билим борборун шаардын ортосуна кѳчүрүү аракети кѳрүлүп, ошол кездеги Ак-Суу райадминистрациясы жайгашкан Гебзе кѳчѳсүндѳгү имараттын биринчи, экинчи кабатындагы бѳлмѳлѳргѳ кѳчүрүлгѳн. Имарат шаардын ортосунда жайгашкан менен ал жерде башка бѳлүмдѳр болгондуктан, сабак ѳтүүгѳ ыңгайсыз болгон. Ошол мезгилдеги облустун губернатору Ж.Шариповдун тапшырмасы менен мурдагы кесиптик-техникалык окуу жайынын эки кабат имараты балдар борборуна ыйгарылган.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

2001-жылдын июнь айында   ремонтко жергиликтүү бийлик тарабынан  500 000  сом акча каражаты бѳлүнүп жана шаардын кээ бир мекемелеринин демѳѳрчүлүгү менен материалдык жардам берилип, сырттан жумушчу күч жалдабастан,  борбордун кызматкерлеринин күчү менен капиталдык ремонттон ѳткѳрүлгѳн.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

Балдар сүйгөн билим уясы

— Каракол шаарынын мэриясынын токтому менен жер участогу — 1933,5 м2 мөөнөтсүз пайдалануу укугу берилген, административдик имараттын  аянты 539,0 м2 түзѳт, комиссиянын эксперттик баалоосу боюнча  имараттын баланстык наркы 751740 сомго бааланган. Шаардын ортосунда жайгашкан  эки кабат, кирпичтен салынган, жылуу, жарык имаратта ийрим, студиялар үчүн бардык шарттар түзүлүп, ѳз ишмердүүлүгүн уланткан. Борборго келген балдардын саны кѳбѳйүп, Каракол шаарындагы балдар сүйгѳн билим уясына айланган. Каракол шаардык балдар жана ѳспүрүмдѳр борбору 2002-жылдын февраль айынан тарта облустук администрациянын чечими менен Ысык-Кѳл облустук балдар билим борбору болуп официалдуу аталышын алган. Райондордогу балдар билим борборлору менен жакындан иш алып баруу менен облустук иш-чараларды ѳткѳрѳ баштаган. Ал эми 2006-жылдын 14-июнунан тарта Ысык-Кѳл облустук Юстиция башкармалыгы тарабынан Каракол шаардык балдар билим берүү борбору аталышын алган, — дейт Н.Шарапова.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

Ийгиликтер

Облустук «Жаш таланттар» сынактары ѳткѳрүлүп, республикалык деңгээлдеги фестиваль-сынактарга катышуу менен кѳптѳгѳн ийгиликтерге ээ болгон. Республикалык сынактын жеңүүчулѳрү болгон кѳптѳгѳн таланттуу окуучулар ѳзүлѳрүнүн кесиптик жолдорун табышты. Алсак, борбордун бүтүрүүчүлѳрү Ильяс Андаш, Кендирбаева Миргүл, Совет уулу Чынгыз, Мендегулов Улан, Касаболотова Айзада, Касаболотов Эрлан, Карыбаев Талант, Дайырова Сезим  сыяктуу мыкты ѳнѳрпѳз адистер чыкты.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

Билим берүү борборунун сыймыктана турган «Кѳл бермети» бийчилер тобу, республикадагы алдыңкы бийчилер тобу катары «Элдик бий ансамбли» наамына ээ болду. Чет ѳлкѳлѳрдѳ, эл аралык түрдүү сынактарда байгелүү орундарды багындырып келди.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

Алгачкы жолу Белоруссиянын Климовичи шаарында ѳткѳн «Алтын аары» эл аралык фестивалына борбордун ырчы, бийчилери биринчи, экинчи, үчүнчү орундарды камсыздашкан. Андан кийин Түркия, Казакстан мамлекеттерине барып, байгелүү орундарды алып, ал эми «Маданият жана тарых» жылына арналган республикалык сынакта баш байгеге ээ болушту.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

-2017-жылы эл аралык сынакта индия бийи менен баш байгеге ээ болуп, Кыргыз Республикасынын эгемендуүлүгүнѳ карата  жана Кыргызстан менен Индия мамлекетинин дипломатиялык байланышынын 25 жылдыгына арналган   Роуд Шоу иш-чарасына   Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин   чакыруусунда Нью-Дели  шаарында  бийчи, ырчы, комузчулардын аткаруусунда концерт кѳрсөтүлгѳн. Жыл сайын балдар шаардык, облустук, республикалык жана эл аралык сынактарда активдүү катышат, көргөзмөлөрдө жана конкурстарда байгелүү орундарды ээлеп келет.  Акыркы 20 жыл  ичинде англис тили курсунун 11 окуучусу АКСЕЛС программаларынын жана Америкага бир жылдык окуу укугуна ээ болушту, — дейт директор.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

«Көл бермети” элдик бий тобу, «Бакай» ансамбли, «Мөл булак»  фольклордук ансамбли бир катар ийгиликтерди жаратып келишкен.

Акыркы  беш жылда дагы “Мен кыргызстандыкмын жана ошону менен сыймыктанам” республикалык кароо-сынактарында, облустук “Ѳнѳртай” жаш таланттар сынагы, XXI кылымдын интеллектуалдары, бий, вокал, шахмат, англис тили боюнча ар кандай сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп, ийгиликтерди багындырып келет.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

 

2023-жылы Каракол шаарынын мэриясы тарабынан 8 млн сом бѳлүнүп, борбордун имараты толук капиталдык ремонттон ѳткѳрүлдү.

2024-жылдын 20-декабрында Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата Каракол шаарынын мектеп окуучуларынын арасында Балдар билим берүү борбору тарабынан уюштурулган социалдык тармактарга #Манаскитептеринокуйбуз хэштеги менен жарыяланган Манас китептерин окуу марафонунун жыйынтыгы чыгарылды.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

— Иш-чарага 47 окуучу катышты. Кыргыз Улуттук Манас Академиясынын, Улуттук Манас театрынын 47 окуучуга Алкыш барактары, Мактоо грамоталары жана 1-, 2-, 3-орундарга учурда басылып  чыккан Саякбай Каралаевдин чыгармаларынын 3 томдугу, Манас энциклопедиясынын жаңы чыгарылган китеби, Эр Төштүк, Эр Табылды энциклопедиялары, Амантай Кутманалиевдин китеби тапшырылды. Каракол шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан 47 окуучуга Ардак грамоталары, жомок китептер, Ч.Айтматовдун китептери, 1-, 2-, 3-орун алган  окуучуларга дипломдор жана Сагымбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин вариантындагы Манас, Семетей, Сейтек китептери тапшырылды. Нур-Сабат коомдук фондусу тарабынан 47 окуучуга мактоо грамоталары жана Саякбай Каралаев, Жусуп Мамай тууралуу китептери да белекке берилди. Иш-чарада Балдар билим берүү борборунун Жаны жылдык концерти көрсөтүлдү. 1-орунду Т.Сатылганов атындагы облустук лицейинин окуучусу Токтогулов Ильяз жана 3-орунду Абдыкеримова Адеми, 2-орунду №15  Карга Мендегул уулу атындагы мектебинин окуучусу Тынарбеков Эмирхан көп добуш алып, алдынкы орундарга ээ болду. Манастаанучу, манасчы номинациясы менен да өзүнчө 1-, 2-, 3- орундарды 18 балага ыйгардык. Бүгүн балдар үчүн чон майрам, сыймыктуу күн болду. Мындан аркы иш-чараларда окуучуларыбыздын саны дагы арбыйт деп ишенебиз. Келечек муун Манас урааны менен өссүн! Кыргыз элибизге кызмат кылабыз! – дейт жетекчи.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

Токтобүбү МҮСҮРБАЕВА, Каракол шаардык балдар билим берүү борборунун түптѳѳчүсү, алгачкы директор:

 — Учурда Балдар билим берүү борборунда билим берүү, кѳркѳм чыгармачылык, музыкалык багыттагы бирикмелердеги: Манас дүйнѳсү, шар окуу, менталдык арифметика, англис тили, STEM-изилдѳѳ, сүрѳт тартуу, кѳркѳм ѳнѳр, балдарды эрте жаштан ѳнүктүрүү, шахмат, комуз, вокал, бий, кѳркѳм ѳнѳр багытындагы 28 студияда 965 бала билим алып келет. 28 педагог эмгектенет.

2024-2025-окуу жылында STEM билим берүү багытында изилдѳѳ ийрими ачылып, балдар түрдүү эксперимент, тажрыйба, изилдѳѳ иштерин жүргүзүшүүдѳ. Ошондой эле ата-энелердин  суроо-талаптарына ылайык логопедия багытында да атайын ийрим ачылып иш жүргүзүүдѳ.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

Үстүбүздѳгү жылы “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам” республикалык кароо-сынагында “Мырзайым” бий студиясынан Сагындыкова Элзана 1-орун, облуста Бактыбекова Алина 1-орунга ээ болушту. Облустук сынакта вокал номинациясы боюнча Крюков Платон 1-орунга ээ болсо,  шахмат студиясынан Токтокожоева Айгерим Кыргызстандын командасы менен Москва шаардында 3-орунга ээ болду.

Мектептен тышкаркы билим берүүдѳ окуучулардын жѳндѳмдүүлүгүн, билимге кызыгуусун, ѳнѳрлѳрүн ѳнүктүрүү багыттоо жана бала тарбиялоо боюнча сабактарды, биргелешип китеп окуу иш-чаралары ѳткѳрѳ турган Ата-энелер мектеби дагы ачылды. Балдар билим берүү борборуна келген балдардын жана шаардык мектептердин ата-энелери келип, билим алышууда. Шаардык деңгээлде Ата-энелер мектебинин ишмердүүлүгүн ѳнүктүрүү максатында атайы семинар ѳткѳрүлдү.

Шаардык  деңгээлдеги “XXI кылымдын интеллектуалдары”, “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам”, “Жаш таланттар” кароо-сынактары ѳткѳрүлүп турат. Үстбүздѳгү жылдын октябрь айында элдик маданий мурастарды, маданиятты даңазалоо багытында “Мурас” жаш таланттар кароо- сынагы ѳткѳрүлдү. Бул сынакка 300дөн ашуун окуучу катышып, манас айтуу, дастан айтуу, элдик ыр, комуз чертүү, ад жабдыктарды жактоо, кол ѳнѳрчүлүк, бий, сүрѳт тартуу номинациялары боюнча катышты.

БАЛДАР СҮЙГѲН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

Жыл сайын шаардагы Ирада балдар үйүнѳ кайрымдуулук акциясы менен ативдүү катышып, педагогдор тарабынан балдар үчүн мастер-класстар, кызыктуу сабактар ѳткѳрүлүп, демѳѳрчүлѳрдү тартуу менен атайы белектер тапшырылып турат.

Жай мезгилинде шаардык мектептердин окуучулары үчүн атайы жайкы лагерь уюштурулуп кызыктуу иш-чаралар ѳткѳрүлөт.

Үстүбүздѳгү жылдын 6-декабрында Балдар билим берүү борборунун 30 жылдык мааракесине карата жана Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата ”Манас” эпосу маданий адеп-ахлактык тарбиянын булагы, келечек муунду шыктандырган улуттук рух” темасында облустук семинар ѳткѳрүлдү. Иш-чарага  билим берүү борборунун жалпы ишмердүүлүгү кѳрсѳтүлүп, ачык сабак, мастер-класстар жана чыгармачыл балдардын аткарусундагы манас айтуу, атайы программадагы  концерт тартууланды. Ошондой эле капиталдык ремонттон кийинки имараттын кѳркѳм кол ѳнѳрчүлүк стилиндеги жасалгалар менен жабдуулар тааныштырылды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер