БАЛБАЛДЫН МЭЭНЕТКЕЧ МУГАЛИМИ

  • 26.02.2024
  • 0

Ырайымбекова Кундуз Талас районунун Балбал орто мектебинин мээнеткеч мугалими. Ал жаңы иштеп баштаган күндөн тарта жалаң  илгерилөө үстүндө.

БАЛБАЛДЫН МЭЭНЕТКЕЧ МУГАЛИМИ

Кундуз бул мектепке 2012-жылы жогорку окуу жайын аяктары менен кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп кирген. Иштегенине үч ай болуп боло электе «Үлгүлүү кыргыз тилчи» аттуу кароо сынакка катышып, район арасынан 3-орунду алса, ошол эле жылы окуучусу Абасканова Акылай район аралык олимпиададан 1-орунду багындырган. Андан кийинки жылы окуучусу облустук кароо сынакта Манас айтып, биринчиликти алып, 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланган. Токтогулова Акылай аттуу окуучусу болсо эпистолярдык жанрдагы дилбаян жазуу сынагында областтан эки жыл катары менен экинчиликти алып, республикадан да 2-байгелүү орунга ээ болуп, баалуу сыйлыктар менен сыйланган. Өзү болсо залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 85 жылдык мааракесин өткөрүүгө активдүү катышып, «Айтматов» төш белгиси менен сыйланган. Улуу ата мекендик согуштун 77 жылдыгына карата өткөрүлгөн блокада боюнча тарбиялык саатка сценарий жазып, ал эң мыкты деп табылып, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2022-жылы Бектур Исаковдун 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн конкурска катышып, “Мугалим” журналынын Ардак грамотасынын ээси болгон.

Өз кесибин мыкты билген, окуучу менен бат эле тил табыша алган жөндөмүнүн аркасында кечээ жакында эле мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп дайындалды.

 

БОШ УБАКТЫСЫНДА

Мээнеткеч мугалим бош убактысын дагы текке кетирбейт. Ал түрдүү темаларда макет жасаганды жакшы көрөт. Ч.Айтматовдун 90  жылдыгына карата анын жети чыгармасын камтыган макет жасап, мектептин босогосуна коюп койгон. Мындан мурун дагы бир сынакта Балбал айылынын макетин жасап чыккан. Кундуз эжей мындай сабактан сырткаркы ар бир ишине окуучуларын дагы тартат. Себеби ал окуучулар мындай иштерге аралашуу менен жоопкерчиликтүү болууга,  чыгармачылык менен иштөөгө үйрөнүп, кол эмгекке дагы тарбияланат деп эсептейт.

БАЛБАЛДЫН МЭЭНЕТКЕЧ МУГАЛИМИ

ОКУУЧУ МЫКТЫ БОЛУШУ ҮЧҮН МУГАЛИМ КҮЧТҮҮ БОЛУШУ КЕРЕК

  • Окуучу мыкты болушу үчүн мугалим күчтүү болушу керек. Эң биринчи балага көңүл буруу зарыл. Себеби бала — бул булак. Мугалим ошол булактын көзүн ачып, анын чоң дарыяга барып кошулушуна жардам бериши керек. Ар бир бала өзүнчө бир индивид. Балага туура жол көрсөтпөсөң ал жашоодо өзүн өзү таба албай калышы мүмкүн, өз убагында ачылбай калса катардагы адамдардын катарында эле жүрө берет. Эгер ар бир баланын талантын билип, туюп, ошого жараша аны менен иштешип, ача билсек, биз мугалимдик милдетти так аткарган болобуз, — дейт Кундуз.

 

НАЧАР ОКУУЧУНУ КАНТИП МЫКТЫ КЫЛСА БОЛОТ?

  • Мактоо кимге гана жарашпайт? Негизи баланы эмес чоң кишини да мактап турсаң ал ошончолук ачылат, — дейт Кундуз эжей. Ошондуктан ал дайыма окуучуларын мактап, туура эмес жасаган ишинен да жакшы нерсесин таап, окуучуну туура жолго салганга, колунан келбей жатса да дем берип, алдыга сүрөп турат. Ошондо бала баштаган ишинин аягына чыкканга умтулат, аракет кылат деп эсептейт. Ал “Сенин колуңдан келбейт” деп эч качан айтпаш керек деп эсептейт. Себеби иш ар биринин колунан келет, балким, бала оюн кагаз бетине түшүрө албашы мүмкүн, бирок оозеки кеңири айтып бере алышы толук мүмкүн.
  • Ошондуктан ар бир балага жекече мамиле кылуу зарыл, ошондо гана окуучунун жүрөгүнөн түнөк таап, анын да мыкты инсан болуп калыптанышына жол ачып бере аласың, — дейт эжей.

БАЛБАЛДЫН МЭЭНЕТКЕЧ МУГАЛИМИ

МУГАЛИМДЕРГЕ СУНУШТАР 

Кундуз эжей дайыма сабак өтүүдө Бектур Исаковдун методикасын пайдаланат жана башка мугалимдерге дагы агайдын методикаларын колдонууну сунуштайт. Себеби Бектур Исаков практика менен теорияны бирдей айкалыштыра алган, башкалардан артык усулдарды сунуштай алган инсан. Андан сырткары кыргыз адабияты сабагын өтүүдө заманбап интерактивдүү ыкмаларды да колдонот. Алардын бири — «Каарман герби». Бул ыкманы каармандарды өтүп жатканда колдонсо эң жакшы натыйжасын берет.

  • Терс каармандын да жакшы сыпаты болот. Медалдын да эки тарабы бар сыяктуу адамда да сөзсүз оң сапат болот. Балким, ал адамдын терс жолго баруусуна ар кандай себептер болгондур. Мына ошолорду изилдөө, анализдөө аркылуу окуучуларымдын да терс сапаттарын жоюуга аракет кылам. Ар бир нерсенин жакшы жагы бар деп дайыма балдардын кулагына куя берем, — дейт.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер