БАЛАЛЫК КЫЯЛДАН ЧЫНЫГЫ КЕСИПКЕ БОЛГОН МЕНИН МУГАЛИМДИК ЖОЛУМ
- 16.03.2026
- 0
Ар бир адамдын балалык чагы кыялдарга бай болот. Бала кезде дүйнө өзгөчө кооз, кең жана мүмкүнчүлүктөргө толо көрүнөт. Ошол кезде жүрөктө ар кандай кыялдар жаралат: кимдир бирөө учкуч болууну, кимдир бирөө мугалим же дарыгер болууну самайт. Баланын таза, чынчыл кыялдары анын келечекке болгон ишенимин күчөтүп, жашоого болгон үмүтүн арттырат. Кээде бул кыялдар өзгөрүшү мүмкүн, бирок алар адамдын жүрөгүндө дайыма жылуу эскерүү болуп сакталат.
Менин да бала кездеги эң чоң кыялым бар эле. Мен кичинекей кезимден баштап дарыгер болууну абдан каалачумун. Анткени менин апам ушул айылын медайымы болуп иштечү. Апамдын ооруган адамдарды дарылаганын көрүп, мен да апамдай болуп адамдарга жардам берүүнү самачумун. Ооруган адамдардын азабын жеңилдеткен апама окшогон дарыгерлерди көргөндө жүрөгүм толкуп кетчү. “Чоңойсом сөзсүз дарыгер болом” деп өзүмө да, айланамдагыларга да көп айтчумун. Мен үчүн бул жөн гана кесип эмес, бүтүндөй жашоомдун максаты сыяктуу сезилчү. Адамдардын ден соолугун сактап, алардын жүзүнө жылмаюу тартуулоо — менин бала кездеги эң ыйык кыялым болчу.
Бирок адамдын жашоосу дайыма эле өзү ойлогондой нукта кете бербейт экен. Кээде тагдыр бизди башка жолго бурат. Менин жашоомдо да ошондой болду. Апам мени мугалимдик кесипке окутууну чечти. Албетте, башында бул чечим менин бала кездеги кыялымдан бир аз алысыраак сезилди. Бирок убакыт өткөн сайын мен бул жолдун да өзгөчө мааниси бар экенин түшүнө баштадым.
Мугалим болуу — бул жөн гана кесип эмес, бул чоң жоопкерчилик жана улуу милдет. Мугалим — балдардын жүрөгүнө билимдин жарыгын жаккан адам. Ал окуучуларга сабак гана бербестен, аларга туура жолду көрсөтөт, акыл-насаатын айтып, келечекке ишеним берет. Кээде мугалимдин бир эле жылуу сөзү же кеңеши баланын бүтүндөй жашоосун өзгөртүшү мүмкүн.
Бүгүнкү күндө мен англис тили мугалими болуп иштейм. Эң кызыгы — мен өзүм окуган мектепте мугалим болуп эмгектенип жатам. Бул мен үчүн өзгөчө сыймык жана чоң бакыт. Кечээ эле ошол мектептин партасында отуруп, мугалимдеримди угуп отурган окуучу болсом, бүгүн ошол эле мектепте окуучуларга билим берип жатам. Мектептин короосун көргөн сайын балалык күндөрүм эсиме түшөт. Ошол эскерүүлөр мага күч берип, ишиме болгон сүйүүнү арттырат.
Окуучулардын жаркыраган көздөрүн көрүп, алардын жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон кызыгуусун байкаганда, мен өз ишимдин канчалык маанилүү экенин сезем. Кээде алардын кичинекей ийгилиги да мен үчүн чоң кубаныч болуп калат. Анткени ар бир бала — келечектин ээси. Аларга билим берүү — өлкөнүн келечегине салым кошуу деген сөз.
Мен бүгүн апама чексиз ыраазымын. Ал мени мугалимдик жолго багыттап, туура чечим кабыл алган экен. Ал кезде мен бул чечимдин маанисин толук түшүнбөсөм да, бүгүн анын канчалык туура болгонун жүрөгүм менен сезип турам. Апамдын ишеними жана колдоосу мага күч берип, ушул кесипти сүйүүгө жардам берди.
Азыр мен мугалим болгонума эч качан өкүнбөйм. Тескерисинче, бул кесип менен сыймыктанам. Анткени мугалим — бул жөн гана сабак берген адам эмес, ал келечекти тарбиялаган инсан. Элибизде жакшы сөз бар
“Мугалим мөмөлүү дарак”- демекчи мугалимдин эмгеги кээде дароо көрүнбөйт, бирок жылдар өткөн сайын анын жемиши билинет.
Бир кезде өзүм окуган мектепте эң жакшы билим алып, “Кызыл аттестатка” ээ болгон элем, бүгүнкү күндө алган билимим иштеген ишимде көптөгөн ийгиликтерди жаратууга жол ачты.
Балалык кыялдар адамдын жүрөгүндө дайыма жашайт. Кээде ал кыялдар өзгөрүп, башка нукка бурулушу мүмкүн. Бирок эң негизгиси — адам тандаган жолун сүйүү менен басып өтүшү керек. Ошондо гана ал өз ишинен ырахат алып, жашоосунда чыныгы бакытты таба алат.
Менин бала кездеги кыялым дарыгер болуу болсо да, бүгүн мен мугалим болуп, балдардын келечегине жарык чачып жатам. Балким, бул да тагдырдын өзгөчө белеги чыгар. Анткени мугалим болуу-бардык кесиптердин башаты ар бир инсанга туура жол көрсөтүү деп билемин.

Сузак району, №80 К.Төрөмаматов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби
Абдурахманова Клара
Комментарийлер