ӨНҮГҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН БААЛОО — ТУРУКТУУ ӨЗГӨРҮҮНҮН НЕГИЗИ

  • 17.02.2026
  • 0

 

ӨНҮГҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН БААЛОО - ТУРУКТУУ ӨЗГӨРҮҮНҮН НЕГИЗИ«Мектептер-2030» программасында окуучулардын билим жетишкендиктерин жана окуу чөйрөсүн баалоо үчүн атайын иштелип чыккан жана Кыргызстандын контекстине ылайыкташтырылган куралдар колдонулат. Алар 5, 10 жана 15 жаштагы окуучуларды камтып, эрте балалык курактан тартып негизги мектепке чейинки билим берүү процессин комплекстүү түшүнүүгө шарт түзөт.

Дизайн ой жүгүртүү ыкмасы

Программанын өзөгүн инсанга багытталган дизайн ой жүгүртүү (Human-Centered Design) ыкмасы түзөт. Бул ыкманын негизги идеясы жөнөкөй: көйгөйгө кабылган адамдар, ал көйгөйдү чечүүнүн жолдорун жакшыраак билишет.  Бул ыкманын биринчи баскычын баалоо процесси түзөт. Мугалимдер баалоодон алынган маалыматтардын негизинде билим берүүдө болгон көйгөйлөрдү аныкташып, аларды чечүү үчүн окуучуларга багытталган жаңы ыкмаларды жана инновациялык чечимдерди иштеп чыгып, практикада колдонушат.

ӨНҮГҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН БААЛОО - ТУРУКТУУ ӨЗГӨРҮҮНҮН НЕГИЗИ

Баалоо биздин программаны ишке ашыруунун бардык этаптарында маанилүү роль ойнойт:

  1. Баалоо: Класстагы /мектептеги көйгөйлөрдү аныктоо үчүн маалымат чогултуу.
  2. Инновациялык чечимди иштеп чыгуу: Чечимдерди ишке ашыруу үчүн калыптындыруучу баалоону колдонуу.
  3. Чечимди презентациялоо: Колдонулган ыкмалардын таасирин сандык көрсөткүчтөр аркылуу көрсөтүү.

Жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү

«Мектептер-2030» программасынын баалоо куралдары математикалык, окуу жана табигый-илимий сабаттуулукту аныктоо менен катар, бүгүнкү күндө өзгөчө маанилүү болгон жумшак көндүмдөрдү да баалоого багытталган.

Эгер 5 жаштагы балдардын бирге иштөө, коммуникация жана эмпатиянын өнүгүү деңгээли бааланса, башталгыч класстарда окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсү менен лидерлик сапаттары, ал эми жогорку класстарда бул сапаттарга кошумча жоопкерчиликти ала билүү сапаттары дагы бааланат.

Окуу чөйрөсүн баалоо

Окуу чөйрөсү – бул класстагы же топтогу атмосфера, балдар менен чоңдордун өз ара мамилеси, коопсуздук, колдоо, мотивация жана ар бир баланын өзүн ишенимдүү сезиши. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, коопсуз, колдоочу жана инклюзивдүү окуу чөйрөсү окуучулардын академиялык жетишкендиктерине гана эмес, алардын социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө да чоң таасир этет. Бул максатта «Мектептер-2030» программасында окуу чөйрөсүн баалоого багытталган атайын куралдар колдонулуп келет.

ӨНҮГҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН БААЛОО - ТУРУКТУУ ӨЗГӨРҮҮНҮН НЕГИЗИ

Мектепке чейинки билим берүү мекемелери үчүн бала бакчалардын билим берүү чөйрөсүнүн сапатын баалоо (BEQI — The Brief Early Childhood Quality Inventory) куралы колдонулат. Бул курал 4 бөлүмдөн турат:

  1. Оюнга негизделген окутуу. Оюн — дүйнө жүзүндөгү бардык балдарга мүнөздүү, табигый процесс. Ал балдардын когнитивдик, физикалык, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсү үчүн, ошондой эле алардын элестетүү жана чыгармачылык жөндөмдөрүн калыптандыруу үчүн маанилүү.
  2. Сүйлөшүүгө негизделген үйрөнүү. Баарлашуу баланын социалдашуусунун эң маанилүү механизмдерин калыптандырат. Өнүккөн баарлашуу көндүмдөрү бала үчүн абдан маанилүү жана алар жакындар менен гармониялуу мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
  3. Бекем мамилелерди өнүктүрүү. Ата-эне же тарбиячы менен жаш баланын ортосунда түзүлгөн бекем байланыш баланын бактылуу жана туура өнүгүшүнө, ошондой эле ийгиликтүү билим алуусуна бекем негиз түзөт.
  4. Түрткү берүүчү жана коопсуз чөйрө. Ыңгайлуу жана кызыктуу окуу чөйрөсү балдардын гармониялуу өнүгүүсүн камсыз кылып, аларды андан ары билим алууга даярдоого өбөлгө түзөт.

Куралдын жөнөкөйлүгү мугалимдерге жана адистерге чөйрөнүн сапатын тез талдап, аны жакшыртуу боюнча чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Эгерде бала бакчаларда окуу чөйрөсүн баалоо үчүн BEQI куралы колдонулса,  мектептерде Инклюзивдүү окутууну жана билим берүүнү баалоо куралы (VITAL —  Valuing Inclusive Teaching and Learning) колдонулуп келет. Бул курал мугалимдердин колдоочу, инклюзивдүү окуу чөйрөсүн канчалык деңгээлде түзүп, натыйжалуу окутуу стратегияларын канчалык деңгээлде колдонуп жаткандыгын баалайт. Курал 3 багыттан турат:

  1. Колдоо көрсөтүүчү окуу чөйрөсү. Бул багыт класстагы эмоционалдык климатты жана мугалимдин окуучуларга карата жогорку күтүүлөрдү билдирүүсүн камтыйт.
  2. Сапаттуу окутуу жана окуу усулдары. Бул багыт мугалимдин окуучулар менен жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжалуулугун баалоого мүмкүндүк берет жана сабакты уюштуруу, үйрөнүүгө көмөктөшүү, сынчыл ой жүгүртүү, чыгармачылык, биргелешип окуу жана коммуникация, ошондой эле окуучулардын өз алдынча окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү сыяктуу негизги чөйрөлөрдү камтыйт.
  3. Калыптандыруучу баалоонун ыкмалары. Бул багыт мугалимдин заманбап баалоо ыкмаларын колдонушун баалоого мүмкүндүк берет жана түшүнүүнү баалоо, кайтарым байланыш жана баалоо процесси сыяктуу негизги чөйрөлөрдү камтыйт.

Акыркы изилдөөлөр  мугалимдердин билим берүү (окутуу) чеберчилиги окуучулардын билим алуусундагы эң негизги жана маанилүү фактору экендигин тастыктап келет. Мугалимдердин билим берүү практикасындагы айырмачылыктар окуучулардын жетишкендиктериндеги айырмачылыктын 30% жакынын түзөт. VITAL куралы бул жагдайды эске алуу менен мугалимдерге класстагы окуу чөйрөсүн баалоо аркылуу алынган далилдерди колдонуп, өз окутуу чеберчилигин өркүндөтүүгө жардам берүү үчүн иштелип чыккан. Бул курал дүйнөдөгү эң эффективдүү деп эсептелген окутуу ыкмаларын камтыйт жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартына толук шайкеш келет.

ӨНҮГҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН БААЛОО - ТУРУКТУУ ӨЗГӨРҮҮНҮН НЕГИЗИ

Баалоого болгон мамиле

 «Мектептер-2030» программасынын эң негизги максаттарынын бири – мугалимдердин жана окуучулардын баалоого болгон мамилесин өзгөртүү. Баалоонун жыйынтыктары рейтинг түзүү, бирөөнү мактоо же жазалоо үчүн эмес, окууну жана окутууну жакшыртуу үчүн жаңы максаттарды коюуда колдонулушу зарыл.

Баалоо мугалимдерге окуучуларынын билим деңгээлин түшүнүүгө, өз практикасын анализдеп күчтүү жана өркүндөтүүгө муктаж жактарын аныктап алууга жардам берет, бул адамдык потенциалды өнүктүрүү процессине салым кошот. Биз  мугалимдерге баалоо куралдарды колдонууга, өз баалоо ыкмаларын иштеп чыгууга жана баалоонун жыйынтыктарын туура түшүнүп, колдонууга зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берүүгө умтулабыз.

Баалоо мугалим же окуучулар жөнүндөгү чечим эмес. Баалоо окуу процессин жакшыртуудагы кийинки кадамдарды пландаштырууга керек болуучу маалымат булагы жана окуучулардын учурдагы билими менен алардын максаттуу натыйжаларынын ортосундагы көпүрө. Мугалим жана окуучулар баалоо үчүн эмес, тескерисинче, баалоо алар үчүн иштеши керек.

Эң негизгиси, мугалимдер жөн гана баа коюу менен чектелбестен, окуучуларга баалоо жыйынтыктарына негизделген конструктивдүү пикир калтыруусу зарыл. Окуучулардын күчтүү жактарын белгилөө, туура эмес түшүнүктөрдү биргелешип чечүү жана аларга баалоону окуу процессинин бир бөлүгү катары кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүү менен мугалимдер окуучулардын өнүгүүсүн максималдуу колдой алышат.

Баалоо бул акыркы чекит эмес — бул диалог. Сапаттуу билим берүү дал ушул диалогдон башталат.

Ырысгүл Турсунбай кызы, Мектептер2030 программасынын улуттук баалоо координатору

Долбоордун катышуучулары эмне дейт?

Назира Жолдошбекова, Ага Хан Фондунун билим берүү программасынын жетекчиси:

— «Мектептер2030» программасында баалоо инсанга багытталган дизайн ой жүгүртүү ыкмасынын негизги компоненти болуп, мектептик жана класстык деңгээлде окуучулардын окуу жетишкендиктерине таасир эткен чыныгы муктаждыктарын аныктоого багытталат. Баалоо мугалимдерге окуу процессин окуучулардын уникалдуу өзгөчөлүктөрүнө ылайык пландаштырууга, окутуудагы мыкты ыкмаларды иштеп чыгууга жана алардын натыйжалуулугун системалуу түрдө кайра баалоо аркылуу жакшыртууга мүмкүндүк берет. Акыркы үч жылдык пилоттун жыйынтыктары көрсөткөндөй, биздин программада колдонулган VITAL жана BEQI баалоо инструменттери ар бир бала үчүн жагымдуу жана инклюзивдүү окуу чөйрөсүн түзүүгө жардам берип, мугалимдерди окуучулардын потенциалын толук ачууга жана алардын өнүгүүсүнө салым кошууга шыктандырат.

Самара АТТОКУРОВА, Бөжөк Бегиев атындагы жалпы билим берүү мектеби, Ош облусу:

— Мектеп окуучуларынын билим сапаты программанын алкагында жүргүзүлгөн регулярдуу баалоо аркылуу дайыма көзөмөлгө алынып турат. Окуу жылынын башында жана жыл аягында жүргүзүлгөн баалоолордун жыйынтыктарын салыштыруу кубанарлык натыйжаларды көрсөтүүдө. Сандык маалыматтарга ылайык, жыл соңунда окуучулардын билим деңгээлинде өсүү бар экени аныкталды. Бул — биз аныктаган көйгөйлөрдү чечүү үчүн туура багытта иш алып барганыбыздын негизги далили.

Ырысгүл МУХАНМЕДИЙ кызы, “Ак Дил” балдар бакчасы, Нарын шаары:

— Программанын алкагында өткөрүлгөн баалоо биз тайпабыздагы балдар менен сезимдер жана эмоциялар тууралуу көп сүйлөшпөй турганыбызды аныктады. Бул маалымат бизге эмпатияны жана социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча атайын сабактарды киргизүүнүн зарылдыгын көрсөттү.

Нуркыз ИСАКОВА, Жумабаев атындагы жалпы билим берүү мектеби, Алай району:

— Биздин окуучулар математика жана окуу сабаттуулугун гана өнүктүрбөстөн, өздөрүн ишенимдүү алып жүргөн, демилге көтөрө алган инсандардан болуп калыптанып башташты. Көпчүлүк окуучулар, жоопкерчиликти алууга умтулуу менен лидерлик сапаттарын көрсөтүүдө. Бул өзгөрүүлөр алардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, класстага жалпы атмосфераны да жакшыртууда.

Гүлзат МУСАБЕКОВА, Чкалов атындагы жалпы билим берүү мектеби, Нарын шаары:

— Долбоордун окуу чөйрөсүнө баалоо жүргүзүү куралы менин классымдагы көйгөйдү — окуучуларымдын сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрү начарыраак калыптанышын — аныктоого жана оңдоого жакшы багыт берип, жардам көрсөттү. VITAL куралында көрсөтүлгөн жүрүм-турумдар, мисалы, окуучуларга ачык суроолорду берүү, өз ойлорун далилдөөгө тартуу жана жөн эле эстеп калууга эмес, ой жүгүртүүгө багытталган тапшырмаларды сабактарда колдонуу, окуучулардын сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн кыйла жогорулатты.

Чынаргул ОСМОНОВА, №87 Сыдык Алайчы уулу атындагы жалпы билим берүү мектеби, Ош облусу:

— Азыркы баалоо ыкмалары мугалимге окуучунун жөн гана канча билгенин эмес, кантип үйрөнүп жатканын, кайсы жерде кыйынчылык бар экенин көрсөтүп жатат. Натыйжада мугалимдер сабакты пландаштырууда дифференциялоону көбүрөөк колдонуп, окуучунун жеке муктаждыгына жараша тапшырма берип жатышат. Баалоонун дагы биз өзгөчөлүгү бул  куралдар (байкоо жүргүзүү, өзүн-өзү баалоо, бири-бирин баалоо) окуучуну пассивдүү угуучудан активдүү үйрөнүүгө багыттайт. Бул болсо окуучунун жоопкерчилигин, рефлексия жасоо жөндөмүн жана окууга болгон ички мотивациясын жогорулатат. Практика көрсөткөндөй, системалуу жана ачык критерийлер менен жүргүзүлгөн баалоо окуучуларга күтүлгөн жыйынтыкты так билүүгө жардам берет. Жыйынтыктап айтканда, программанын алкагында жүргүзүлгөн баалоо окутуунун мазмунун, усулдарын жана мугалимдин ролун өзгөртүүдө. Баалоо эми контролдоочу эмес, окутууну өнүктүрүүчү жана окуучунун потенциалын ачууга жардам берип жатат деп айтсак болот.

Маалымат үчүн:

2020-жылдын сентябрь айынан тарта «Мектептер-2030» 100 мектепке чейинки жана мектеп билим берүү уюмдары менен иш алып барып келет. Бул иш-аракеттер БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ЦУР) аяктаганга чейинки акыркы он жылдыкта жүргүзүлүүдө. Максаты — мугалимдерге жана билим берүү процессинин башка катышуучуларына билим сапатын жакшыртуу үчүн мектеп деңгээлинде жаңы чечимдерди иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана баалоого көмөктөшүү. Программа 2020–2030-жылдар аралыгында үч когортанын (5тен 15ке чейин, 10дон 20га чейин жана 15тен 25 жашка чейин) билим берүү өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү жана мектеп деңгээлиндеги чечимдер менен болгон байланышын көзөмөлдөйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер