АЙЫЛДЫК ЛИДЕР АЙЫМ АСТРА
- 30.01.2026
- 0
Астра Мамбетова Нарын облусунун Нарын районундагы Ж.Мамбетаипов атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесин жетектей баштаганына аз эле убакыт болду. Өзүнүн уюштуруучулук жөндөмү, иштин көзүн таба билген жөн билгилиги менен айырмаланып, ушул убакыт аралыгында ийгиликтерди багындырган креативдүү жетекчи катары анын наамына жалаң гана жакшы сөздөр айтылып келет.
Астра айым жетекчи катары кандай иш болбосун жеринен чечкенге аракеттенип, балдардын ден соолугуна, тарбиясына жана билимине зор көңүл буруп келгендиктен, тез эле ата-энелердин ишенимине арзыды. Жамаатты ынтымактуу башкаруу, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү аркылуу, тарбиячылардын чыгармачылыгын колдоо менен бирге коомдук иштерге, семинар-тренингдерге активдүү катышып, өз ишинде заманбап технологияларды, жаңы методикалык ыкмаларды колдонууга аракеттенип иштейт. Айрыкча, бала бакчанын материалдык-техникалык базасын күчтөндүрүү, балдар үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча долбоорлорду, демөөрчүлөрдү тартып эле тим болбой, ара-чолодо өздүк салымдарын кошуп, чыңдоо аракеттерин тынбай көрүп келет.

Астра Мамбетова өзү Нарын шаарында туулуп-өскөн. 1987-1997-жылы Нарын шаарындагы №4 В.Ленин атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин, Нарын педагогикалык окуу жайында, 1999-2004-жылы И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде билим алган. Магистратуралык билим алуу максатында 2017-2019-жылы Нарын мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү адистигине ээ болгон.
Ушул жылдары Астра Мамбетова Нарын облусунун коомдук турмушуна активдүү аралашып, айрыкча, балдардын ден соолугуна кам көрүү багытында алгылыктуу иштерди аткарып келет. Ал 2004-жылы Кыргызстандагы “Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттери” программасынын алкагында Айылдык ден соолук комитетине мүчө болуп кирип, 2008-жылдан бери аны жетектеп келе жатат.
Комитетте 11 мүчө бар. Акы төлөнбөгөн ишке адамдарды тартуу оңойго турбайт эмеспи. Мүчөлөрдү ишке тартууда изденүүчүлүк менен аракеттенип, ар кандай кызыктырууучу сыйлыктарды, кароо-конкурстарды уюштурууга туура келет. Ал жетекчи болуп келгенден бери Айылдык ден соолук комитетинин иши алга жылып, Нарын районундагы “Эң алдыңкы ден соолук комитети” болуп табылган.
— Менин эң негизги максатым — балдардын тарбиялуу, ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөдө өсүшүнө, ар тараптан өнүгүүсүнө шарт түзүү. Ошондой эле тарбиячылардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга колдоо көрсөтүп, кызматкерлердин ишине багыт берип турам. Ар бир уюштурулган иш-чаралар, майрамдар же болбосо тарбиялык сааттар натыйжалуу өткөндө өзгөчө канааттануу алам. Мындан тышкары, ата-энелер менен тыгыз иш алып барып, сунуш-пикирлерин угам. Кызматкерлер менен тарбиялануучулар үчүн шарттарды жакшыртууга аракет кылып, айыл өкмөт, жергиликтүү кеңеш, демөөрчүлөр менен тыгыз иш алып барам. Кесиптештерим — бир максатты көздөгөн, өз ишине берилген, жоопкерчиликтүү, балдарды чын жүрөктөн сүйгөн, алардын келечеги үчүн талыкпай эмгектенген адамдар. Биз бир команда болуп иштеп, ар бир баланын коопсуздугуна, тарбиясына жана өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурабыз, — дейт демилгелүү жетекчи.

Жетекчи айткандай эле анын эмгек жамаатында бир максатты, бир тилекти көздөгөн кесипкөй адамдар иштейт. Буга биз анын кесиптештеринин пикирлеринен улам ынандык.
— Биздин бала бакча башкаларга салыштырмалуу жаңы десек болот. Астра Мамбетовна ошол ачылган алгачкы мезгилден бери эле иштейт. Аны өз ишине так, өзүнө ишенимдүү, ар бир кызматкеринин тилин таап иштей билген жана бала бакчанын ишинин алдыга жылышына жанын үрөп иштеген жаратман жетекчи катары жогору баалайбыз. Ал айылдык кеңештин депутаты катары да калк ичинде кадыр-барктуу айым, — дейт бала бакчанын медициналык айымы Медина Касымбаева.
Ушул эле мекеменин тарбиячысы Нинагүл Усубалиева да жетекчисинин кичи пейилдигин, бийик адамгерчилигин белгилеп өттү.
— Астра Мамбетовнадай жетекчи айымдарды жаратман айымдар десек куп жарашат. Анын бала бакча үчүн жасаган опол тоодой эмгегин эл көрүп турат. Айрыкча бала бакчанын имаратынын кеңейтилип кошумча корпус курулушуна эмгеги чоң. Ата-энелер менен жакын алака түзүп, эмгек жамаатынын ичиндеги ынтымактын бекемделишине тынбай кам көрүп келет. Мындан ары да ушул демилгелүү аракеттеринен жазбай, бала бакчанын ишин илгерилете беришине чын дилимден тилектештигимди билдиремин, — дейт.
Жетекчини эмгек жамааты, ал эми бирге иштеген жамаатын жетекчиден артык ким жакшы билет дейсиз, ошол эле учурда эмгек жамаатынын баасынан артык баа жок болсо керек. Астра Мамбетованын бала бакчанын келечеги үчүн аткарып келаткан иш-аракеттерине дагы бир жогору баа берген Аида Усупова бала бакчада музыка мугалими болуп эмгектенет.
— Биздин бала бакчада Астра Мамбетовна 2017-жылдан бери эмгектенип келатат. Адегенде улуу тарбиячы болуп иштеп жүрүп, көптөгөн ийгиликтерди жаратууга жетишти. Ал аракеттери көз жаздымда калбай, тез эле эл оозуна алынып, 2024-жылы бала бакчанын башчысы болуп шайланды. Астра Мамабетовна абдан тырышчаак, ишине так адам. Бакчабызда болуп жаткан көптөгөн ийгиликтердин баары анын тынымсыз аракеттеринин натыйжасы десек болот. Эгерде кандайдыр бир муктаждык болуп калса, акча каражатыбыз жок деп кол куушуруп отурбай, өз демилгеси менен жеке демөөрчүлөрдү издеп таап, кандай көйгөй болсо да дароо чечкенге далалаттанат. Айылдык кеңешке эки жолу депутат болуп шайланганынын өзү эле анын мыкты сапаттарынан кабар берет деп ойлойм, — дейт Аида Усупова.

Кесиптештери баса белгилегендей эле Астра айым коомдук иштерге активдүү катышып, кандай маселе болбосун, оңунан чечүүгө умтулуп келет. Айылдык ден соолук комитетинде иштей баштагандан бери ар түрдүү долбоорлорго катышып, бала бакча, мектептер менен тыгыз байланышта келатат. Алсак, 2008-жылы жарыяланган “Таза тиштер” долбооруна катышып, ГАВИ уюму тарабынан Актан Тыныбек атындагы орто мектептин ашканасына электр плиткасын жана 1-класстагы 75 окуучунун ар бирине баасы 70 сомдук тиш жуугуч щёткаларын бекер берүүгө жетишкен. “Келечекке таза ден соолук” деген ураан менен А.Тыныбек атындагы орто мектебинин окуучуларын сергек жашоого үндөгөн байма-бай конкурстарды жана спорттук мелдештерди уюштуруп келген. 2011-жылы ГАВИ уюмуна “Жаштар уюму менен бирге иштейбиз” деген темада макала жазып, А.Ибраев атындагы №50 кесиптик лицейдин Куйбышев айылындагы бөлүмүндөгү жаштар уюмуна бир футболдук топ, бир баскетболдук топ, бир волейболдук топ сеткасы менен утуп алып, жаштардын сергек жашоосуна шарт түзгөн. Ал ошондой эле “Ардак ордо” коомдук уюму, швейцариялык “Кызыл-Крест” коому менен тыгыз кызматташтыкта үзүрлүү иштеп жүрдү. “Кызыл-Крестке” түрткү берүүчү грантка долбоор жазып, жалпы баасы 25 миң сомдук чач тарач жабдууларын алып, балдарды чач тарач кесибине үйрөтүп, айылдаштарынын алкышына ээ болгон.
А.Мамбетова эл аралык уюмдар менен кызматташып, коомдук иштерге жигердүү катышып мол тажрыйба топтогон, учурда ал тажрыйбасын өз ишинде ийгиликтүү колдонгон мыкты жетекчи. Анын алган сыйлыктары буга айкын күбө.
Алты баланын ардактуу энеси, КР Президентинин “Эне даңкы” медалынын ээси, Аялдар кеңешинин мүчөсү, Нарын облусундагы Кызыл-Ай коомунун ыктыярчысы, Айылдык ден соолук комитетинин төрайымы, айылдык кеңештин депутаты Астра Мамбетованын алган сыйлыктарынын катарына “Замандаш” партиясынын, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн, Нарын райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, Аялдар Конгрессинин, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ардак грамоталарын, көптөгөн мекеме-уюмдардын Ыраазычылык каттарын, билимин жогорулатуу багытында алган сертификаттарын кошсок, тээ алыскы Теңир-Тоонун этегиндеги кичинекей бөбөктөрдүн ыйык мекемесинде эмгектенип жүргөн заманбап, креативдүү жетекчинин портрети көз алдыбызга жарк этип чыга түшөт. Ушул алган багытыңыздан жазбай, дагы көптөгөн ийгиликтерди жарата бериңиз, Астра айым!
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер