АЙЫЛДАН ЧЫККАН ЛИДЕР МУГАЛИМ
- 23.01.2026
- 0
Билим берүү системасында жүрүп жаткан ири өзгөрүүлөр, айрыкча 12 жылдык билим берүү моделине өтүү, мугалимден жаңыча ой жүгүртүүнү, үзгүлтүксүз изденүүнү жана заман талабына шайкеш иш алып барууну талап кылууда. Мындай жоопкерчиликтүү доордо реформанын жүгүн көтөрүп, анын мазмунун иш жүзүнө ашырып жаткан мугалимдер чыныгы лидерлер. Алардын катарында Нарын облусунун Нарын районундагы Эчки-Башы айылында эмгектенип жаткан математика мугалими Чолпонбай кызы Гүлнура да бар.
Айылдан чыккан жаңычыл мугалим өзгөрүүнүн чыныгы жүзү
Чолпонбай кызы Гүлнура 1988-жылы 6-майда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган. Учурда ал Нарын районунун Эчки-Башы айылында жашап, айылдык мектепте билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өз салымын кошуп келет. Айыл жергесинде иштегени менен, дүйнөлүк билим берүү тенденцияларынан артта калбай, дайыма жаңыланууга умтулуп келген мугалимдердин бири.
Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин ийгиликтүү аяктап, магистр даражасына ээ болгон. Математика мугалиминин 13 жылдык педагогикалык тажрыйбасы анын сабак берүүдө тактыкты, системалуулукту жана натыйжалуулукту башкы орунга коюусуна өбөлгө түзүп келет.
Заманбап мугалим катары ал кесиптик өнүгүүгө өзгөчө көңүл бурат. Акыркы жылдары «Санарип мугалим», «Чыгармачыл мугалим», «Жашыл көндүмдөр», «Жасалма интеллект», 12 жылдык билим берүү системасына байланышкан бир катар курстардан өтүп, алган билимин сабакта ийгиликтүү колдонуп жүрөт. Бул анын билимге болгон жоопкерчиликтүү мамилесин жана жаңычыл көз карашын айгинелейт.

Гүлнура айым сабактарды салттуу түшүндүрмө менен чектебейт. Ал 5E моделин, STEAM/STEM ыкмасын активдүү колдонуп, математиканы физика, информатика, инженерия жана искусство сабактары менен айкалыштырып өтө алууда. Практикалык тапшырмалар аркылуу окуучулар математика турмушта канчалык маанилүү экенин терең түшүнө башташат.
Ошондой эле дифференцияланган окутуу ыкмасы аркылуу ар бир окуучунун мүмкүнчүлүгүнө жараша тапшырма берип, ар кимдин ийгилигин камсыздоого умтулат. Кейс ыкмасы менен турмуштук кырдаалдарга негизделген маселелерди чечтирип, логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрөт. Сабак учурунда Kahoot, Quizizz, GeoGebra, Desmos сыяктуу интерактивдүү платформаларды колдонуп, окуучулардын кызыгуусун арттыра алат.
Билим берүү тармагында гана ийгиликтерди жаратпастан, Гүлнура Чолпонбай кызы үй-бүлөлүү, эки кыз, эки уулдун мээримдүү апасы. Үй-бүлө менен жумушту тең салмакта алып жүрүү анын жоопкерчилигин, уюшкандыгын жана чыдамкайлыгын көрсөтүп турат. Ал тактыкты, тартипти, адилеттүүлүктү жогору баалап, жаңы нерселерди үйрөнүүгө дайыма аракеттенип жашайт. Бош убактысында таттуулардын түрлөрүн жасоо менен алектенип, чыгармачыл дүйнөсүн дагы байытып келет.
Чолпонбай кызы Гүлнура сыяктуу мугалимдер билим берүү реформасынын чыныгы кыймылдаткыч күчү. Алар алыскы айылда эмгектенип жүрсө да, чоң өзгөрүүлөрдү жасап, келечек муундун тагдырын аныктоого татыктуу салым кошуп келишет. Мындай мугалимдер бар кезде билим берүүнүн келечегине ишеним артууга толук негиз бар.
Ал билим “Алтын казык” программасы жөнүндө мындай дейт:
– Мен 12 жылдык билим берүү системасын толугу менен колдойм жана күчүмдүн жетишинче өз салымымды кошуудамын. Бул модель бүгүнкү заманбап дүйнөнүн талаптарына жооп берип, окуучуларга терең, сапаттуу жана туруктуу билим алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем.
Эң маанилүү жагы – окуучулардын окуу жүктөмү жеңилдеп, ар бир тема шашпай, ырааттуу жана түшүнүктүү өздөштүрүлөт. Балдар өзүнүн жаш өзгөчөлүгүнө ылайык билим алып, маалыматты аң-сезимдүү кабылдай баштайт. Мындай шартта сабакка болгон кызыгуу артат, ал эми өз алдынча ой жүгүртүү, талдоо жана чечим кабыл алуу жөндөмдөрү табигый түрдө өнүгөт.
Практикада байкалгандай, окуучулардын өздөрү да бул системаны жакшы кабыл алууда. Алар 10-11-класстар менен эле чектелбестен, 12-класска чейин өзүнүн кызыгуусуна жана жөндөмүнө жараша багыт тандап, келечектеги кесибине багытталган даярдыктан өтүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Бул баланын инсан катары калыптанышына өбөлгө түзгөн абдан маанилүү кадам.

Мындан тышкары 12 жылдык билим берүү системасы дүйнөлүк билим берүү стандарттарына толук шайкеш келет. Бул аркылуу кыргыз билим берүү системасы эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, глобалдык билим мейкиндигине ишенимдүү аралаша алат. Натыйжада заман талабына жооп берген, ой жүгүртүүсү кең, жоопкерчиликтүү жана өз багытын так аныктаган жаш муун тарбияланат.
12 жылдык билим берүү системасы бүгүнкү күндүн эмес, келечектин талабы. Аны колдоо менен биз балдарыбыздын келечеги үчүн бекем пайдубал түптөп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп жатабыз деп ишеним менен айта алам.
Гүлнура айым окуучулары менен кызыктуу, сабак ала турган учурун төмөндөгүдөй баяндап берет.
— Бир күнү мектептен мага бир кагазды алып келүү үчүн окуучу кыздарды жиберишкен экен. Ал учурда менин эс алып жүргөн күндөрүм болчу. Күн ачык, аба таза, короодо эскирген коргонду актап, тиричиликтин майда-чүйдө ишине берилип жүргөн элем. Колумда щётка, үстүмдө жумушка ылайык кийим кадимки эле айыл турмушунун бир көз ирмеми.
Ошол учурда көчө тараптан кыздар — «Эже, Гүлнура эжени чакырып коёсузбу?» — деп кыйкырышты.
Алар мени тааныбай калышты. Алардын үнүн угуп сүйүнгөнүм менен, ошол эле учурда өзүмдү ыңгайсыз сезип, уялып кеттим. «Ушул кебетем менен мени мугалим деп таанышабы?» деген ой ичимен жылт этти. Анткени балдардын көз алдында мугалим ар дайым мектептегидей тыкан, ак көйнөк кийген, колунда китеп же журнал кармап жүргөн образда элестелсе керек.
Мен аларга үн катпай, акырын гана үйгө кирип кеттим. Кийимимди алмаштырып чыгып жолуктум. Көрсө, окуучулар мугалимдерди мектеп дубалынан сырткары башкача абалда көрүүнү таптакыр элестете алышпайт экен. Алар үчүн мугалим сабак бергенде гана мугалим, ал эми анын кадимки адамдай чарчап, иштеп, тиричилик кылып жүргөнүн байкашпайт окшойт.

Ошол кичинекей окуя мага чоң сабак болду. Мугалим да жөн гана адам, эл менен тең жашап, оокат кылып, короосун оңдоп, үйүн карап, турмуштун түйшүгүн көтөрүп жүрөт. Бирок балдардын жүрөгүндө мугалим өзгөчө, бийик, таза образда сакталганы да өзүнчө бир сыймык экенин түшүндүм.
Балким, ошол күнкү уяңдык мугалимдик кесипке болгон терең сый-урматтын белгисидир. Анткени окуучулардын көзүндө мугалим күнүмдүк турмуштан да жогору турган, өзгөрбөс, дайыма мектептегидей болуп кала берчү адам катары жашайт тура.
Жыйынтыктап айтканда, Чолпонбай кызы Гүлнуранын мугалимдик өнүгүү жолу талыкпаган эмгектин, изденүүнүн жана жогорку жоопкерчиликтин айкын далили. Анын жетектөөсү астында окуучулар республикалык ZEEN олимпиадасында байгелүү орундарды ээлеп, менталдык арифметика боюнча облустук олимпиадада 1-орунга жетишип, республикалык этапка чейин катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул ийгиликтер мугалимдин кесиптик чеберчилигин жана заманбап билим берүү ыкмаларын натыйжалуу колдоно билгенин айгинелейт. Ошондой эле ал 2016-жылы өткөн «Жаш мугалим» сынагында 1-орунду багынтып, өзүнүн потенциалын жана чыгармачыл мүмкүнчүлүгүн далилдеген. Демек, алыскы айылда эмгектенгенине карабастан, Чолпонбай кызы Гүлнуранын ишмердиги жаш мугалимдер үчүн үлгү болуп, билим берүү тармагындагы ийгиликтин географиясы жок экенин көрсөтөт.
Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА, “Кут Билим”
Комментарийлер