Айкөлдүк-адамзаттык өнүгүүнүн заманбап модели
- 19.01.2026
- 0
I. Жаңы замандын талаптары жана мүмкүнчүлүктөрү
Адамдын өзүн өзү таануусу, жан дүйнөнү байытуу, туура жүрүш-туруш тутунуу, нравалуулук, толеранттуулук, чынчылдык, акыйкаттуулук, зордук- зомбулуксуз бардык жандуу жана жансыз дүйнөгө сүйүү жана мээримдүүлүк менен мамиле кылуу -жаңы доордун талаптарына кирет.
Кыргыз өзүнүн айкөлдүгү, кең пейилдиги, меймандостугу менен өзгөлөргө үлгү болуп, аалам-жердин бүтүндүгүн, табияттын жандуулугун кабылдап, ноосфералогиялык кубулуштарды терең түшүнгөн зээндүү, өзүнүн салттуу билимине эгедер, даанышман эл. Дүйнөлүк өнүгүүнүн күркүрөгөн күрөө тамырын кармаган, болочоктун куюнун сезген өзүнүн жөнөкөй, карапайымдыгы менен улуулугу улагалаш жүргөн кыргыз эли бүгүн жаңы доордун талаптарына даяр.
Кыргыз табиятына жуурулушкан руханий жарык нурлуу дүйнөнүн бир өңүрү кадимки «Манас» жомогундагы кайыптар – башка астралдык жана менталдык-руханий ааламдын белгиси болуп, манас айтуучу жана «Манасты» өзү менен алып жүрүүчү элдин аң-сезиминде тубаса, же генетикалык деңгээлге чейин орун алган ааламдык окуулардын архетиби, же Түпбашаттан калган белги сакталып калган.
Манасы бар эл, эч качан жок болбойт! Эң оболу “Айкөл” деген сөз Манас атага карата “Айкөл Манас”деп айтылат. Эл ичинде кээ бир асыл адамдарга баа бергенде: “ал турушу менен төрт тарабы төп келишкен айкөл адам” же болбосо эки тарап тирешип калганда “чырлаша бербей айкөлдүк кылгыла, кечиримдүү болгула”деген кептер айтылып жүрөт. Демек, кыргыз тилиндеги “Айкөл” деген бир сөзгө адам баласына берилген оң сапаттардын жеткилең үлгүлөрү үргүлжүсүсү менен сыйдырылган.
Даанышман кыргыз элинин Айкөлдүк асыл нарктарга негизделген философиясы бул – КУТ даарыган илим! Анын негизинде -адам насилинин мүмкүнчүлүктөрү, укуктары жана эркиндиктеринин ичинен адеп-ыйманга, абийир-парасатка ылайык келген табихый укуктар, эркиндиктер, жаратман аракеттер гана ар тарап колдоого алынат, ал эми айбандык багытка алып кете турган зөөкүрлүктүн, түркөйлүктүн жолу колдоого алынбайт деген идея жатат. Бул кыргыз элин эле эмес, бүткүл адамзатты сактап калчу түптүү идеология, кеменгер жол.
“Манастан калган айкөлдүк- кыргыз мүнөзүн калыптандыруунун, эң башкы үлгүсү, дүйнө эли али толук тааный элек, кайталангыс, идеалдуу адам модели. Айкөлдүк — кыргыз элинин жалпы адамзаттын акыл казынасына тартуулаган, тагдыр өзгөртүүчү, тарых жаратуучу улуу белги. Дүйнөнү, ал турсун ааламды, айкөлдүк гана куткарат.”-деп жазылган “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик уңгужолунда.
Айкөлдүк жол – ал ар бир адамдын жан дүйнөсүнүн аруулануусу, тазалануусу, өзүн өзү таануусу, руханий кайра жаралуусу, коомдогу адилеттиктин орношу аркылуу динине, улутуна, жашаган өлкөсүнө карабай жалпы адамзаттын бирдиктүү руханий түшүнүккө келүүсү менен ишке ашырыла турган жаңы доордун улуу шайкештикке негизделген өнүгүү парадигмасы.
Коомдук өнүгүүнүн өзөктүү багытын туура аныктоодо эл – адам башкы байлык экендигин көңүл чордонунда бекем тутуу менен карама-каршылыктан кетип, улуу шайкештикте, тынчтыкта, бир туугандык сезимде бакубат жанаша жашоо үлгүсүн калыптандыруу- бүгүнкү доордун талабы болуп турат.
Адамзат — улутуна, динине, тилине, расасына жана жашаган өлкөсүнө карабай түбү бир, акыл-эстүү, дээр-сезимдүү, руханий көрөңгөлүү, жаратман, биосоциалдык жандуу тайпа.
Этностор биригип адамзат жалпылыгын түзөт. Дүйнөлөшүү процесси кыйма-чийме жолдор аркылуу жер бетинде жашаган улуттарды баардык жагынан тагдырлаш абалга алып келди. БУУнун Азык-түлүк программасы (WFP) жана башка уюмдардын маалыматы боюнча, күнүнө 20,000ге жакын адам ачкачылык же ага байланыштуу себептерден (тамак-аш жетишсиздиги) көз жумат. Булардын ичинен 5 жашка чейинки балдардын өлүмү күн сайын 8,000ден ашат. Бул маалыматка согуштан, ар кандай кырсыктардан улам каза болгондорду кошкондо огоэле көп адам өз ажалынан эмес, сырткы факторлордун таасири аркасында (болгондо да адамдын өзү катышкан арам иш аракеттердин кесепети үстөмдүк кылган щарттарда) күн сайын жарык дүйнө менен коштошот.
Адам баласы жасалма карама-каршылыктарды өзү жаратып, аскердик максаттар үчүн эле 2023-жылы дүйнөлүк коргонуу чыгымдары 2,4 триллион доллардан ашкан. Өкүнүчтүүсү бул көрсөткүч азайбастан, тескерисинче көбөйүүдө. Эгерде бул каражат элдердин жыргалчылыгы үчүн жумшалганда бүгүнкү жашоо деңгээлибиз, өнүгүү багытыбыз таптакыр башкача болбойт беле! «Жаныбарлар дүйнөсүнүн ичинде ар дайым өзүн өзү өлтүрүп, тынбай кырып отурган Адамдан өткөн айбан бир да жырткыч жаныбар жок» – деп Т. Жефферсон жазгандай адам бүгүн да бири бирин өлтүрүп, бирине бири үстөмдүк кылуу саясатын улантып жатканына күбө болуудабыз.
Демек биз айланабызда адам өлүмү менен коштолгон жашоо процесске кайдыгербиз, керек болсо адам баласы өзү себепкер…Жаңы кирип келген доордун талабына, өзгөчөлүгүнө жараша багыт тутунганыбызда жолубуз түздөлөт. жаңы доордун түптүү негизин -илим, билим жана руханият түзөт.
Жаңы доордун желаргысы жүрүп, башкача айтканда, адамзаттын ички жан дүйнөсү жаңыланып, көнүмүш жашоо-турмуш башка нукка түшүү жолу менен, күндөн-күнгө болуп жаткан жаңылыктар, саамалыктар (саясий, илимий, маданий, руханий) инсанаттын жан-дүйнөсүн ойготуп, жашоону башка ченем деңгээлде кабылдоого турмуш өзү үйрөтүүдө. Биз аны АЙКӨЛДҮКТҮН айдыңына багыт алуу деп сыпаттап жатабыз.
Демек, жаңы доордун талаптарына ылайык жаңы адамдын калыптануусу ишке ашат. Жаңы доордун чен-өлчөмү мурунку доордукунан башкача: мезгил, мейкиндик чөйрөсү, дүйнө кабылдоо, мүнөз күтүү принципиалдуу өзгөрүүдө. Дүйнөнүн 9 абройлуу илимий борбору көп жылдык изилдөөлөрдөн кийин бирдей жыйынтыкка келишип, кванттык алмашуулардын арты менен жыштыктардын өзгөрүүсү ыкчамдай баштагандыгын айтышууда. Бул деген адам турмушунда жана жаратылыш мыйзамдарында көптөгөн күтүлбөгөн жаңылыктардын болушунан кабар берет.
Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй жаратылыш кубулуштары адамга, ал эми адамдын (адамзаттын) жамааттык аң сезиминдеги ар кандай оң-терс окуялар, аракеттер жаратылышка таасирин тийгизип турары аныкталып, “табияттын нерв системасы адамзат”-деген теория сунушталууда.
Азыркы дүйнөлүк цивилизациянын кан жолунда бараткан адам баласы материалдык дүйнө, илим-техника – физикалык аалам менен шартталган бакыт түшүнүгүнүн артынан куугандыктан, адамдын ички мамырчылык менен жыргалга негизделген жеке өз ааламынан ажырап-алыстоосу күч алды. Технократиянын жемиши болгон “жасалма интеллект” түбү барып адамдын өзүн кооптуу кырдаалга кептебесе болгону.
«Ааламды тааныгың келсе өзүңө үңүл» дегендей адам насилиндеги руханий байлык өнүгүүгө өбөлгө болгондо, билим менен тарбия ажырагыс бирге жүргүзүлгөндө гана (“Илимден адеп улук”) адамзат жашоосунда аруулук, ак дилдик, тынчтык, биримдик болот. Ошондо анан атып, камап убара тартпай эле кылмыштуулук, коррупция өзүнөн өзү азайат. КЫРГЫЗ – деген улуу наамдын наркын, баркын, салтын терең түшүнүп, улут дили, тили, ишеними бирдей баалуу экендигин сезе билсек, жалпы дүйнөлөшүү агымына өзүбүздүн улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап, руханий жүзүбүз менен кирсек, жалпы адамзаттын күрдөөлдүү көчүндө өз озуйпабызды так аткарган болобуз.
Эң оболу байыркы аталардын алпейим таза, дүйнө кабылдоосун, жашоо үлгүсүн заманбап кайра калыптандыруу маселеси күн тартибинде турат. Жаңы доордун талабы бизди бири-бирибизге бир туугандай мамиле жасоого, алдабоого, арам иштерге барбоого, элдин мүлкүн урдабоого, ак эмгек менен жашоого, улуу-кичүү өз ордун билүүгө, сый-урмат, адепти сактоого, пейилди тарытпоого, бардык учурда сабырдуу, кечиримдүү болууга үндөйт. Анан да, руханий кайра жаралуу, илим-билимге умтулуу, каражатка үнөмчүл, ишке так болуу — ийгиликтин ачкычы экендигин эскертип, заманбап өзгөрүүлөргө чакырык таштайт.
Адамзат бурулуш жасабаса, өз жолун өзү бууйт. Чоң-кичине дебестен бүгүнкү күндө дүйнөдө канча улут өмүр кечирип жаткан болсо, ал биздин көп түрдүүлүгүбүз, кайталангыс байлыгыбыз. Улуттук ой-тутумдар менен жалпы адамзаттык асыл идеялдарга негизделген айкөлдүк жолго чыгуу аркылуу- адам, үй бүлө, коом, улуттар, мамлекеттер масштабында системалуу иш аракеттер жалпылап колго алынса, албетте тынчтыкта, жыргалчылыкта бакубат өмүр кечирген Жараткандын керемет туундусу экенин адам баласы өз колу менен көрсөткөн болот.
II. Кыргыз элинин өзүн өзү таануусу
Кыргыз өз тегин, Манасын, дүйнөтаанымын, тарыхын, тилин, каада-салттарын, касиетин, руханий дөөлөттөрүн таануу аркылуу күчүнө кирет. Өзүн-өзү улут катары тааныган кыргыз эли дүйнөлөшүүнүн сыноосунан жана чоң мамлекеттердин үстөмдүгүнөн өзүн коргоп, коопсуздугун камсыздайт. Көөнө тарыхы бар кыргыз эли, дүйнө цивилизациясына жана руханий маданиятына кошкон салымы менен татыктуу орунга ээ. Кыргыз эли өзүн таануу аркылуу өзөктүк ролу өсүп, Кыргызстанда жашаган башка улуттарды өзүнүн тегерегине бириктире алат.
Маданият менен искусство – элдин жүрөгү болсо, илим менен билим — элдин мээси. Илимий-чыгармачыл интеллигенциянын жамааттык акыл-эс дараметине, саясий элитанын көрөгөчтүгүнө таянып Кыргызстанды кубаттуу, өнүккөн өлкөгө айлантууга болот.
«Дин менен саясат эскирди, илим менен руханияттын мезгили келди» – деп индиялык ойчул Ж. Нерунун айтканы бар. Бизде учур талабына ылайык жоокер интеллигенциянын жаңы муунун тарбиялоо милдети турат. Жакында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Аслан Койчиевдин демилгеси менен уюштурулуп жаткан илимий-чыгармачылык интеллигенциянын жигердүү өкүлдөрү катышкан форумда ушул маселе кабыргасынан коюлуп жаткандыгы менен маанилүү.
Кыргыз тааным. Ар бир кыргыз жаранынын өзүн өзү таануусу аркылуу андан ары элин, жерин жана өлкөсүн тааныйт. Жалпы адамзаттык өнүгүүнүн тамыры улуттук мазмунда жатат. Руханий-материалдык баалуулуктар, ал тургай илимий ачылыштар да улуттук түрдө, мазмунда өнүгөт, көбөйөт жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын казынасын байытат. Жалпысынан алганда «Адамзаттык баалуулук» деген шарттуу гана түшүнүк. Ал кылымдардан бери чогулган улуттук маданияттын, руханий байлыктын, билим тажрыйбалардын эң мыктыларынан иреттелип жыйналат.
Жараткандан адам үчүн ыроолонгон улуу, ыйык сапаттарды акча артынан түшүп, темир доордун тепсендисинде калтырбай жаңыча түс, күчтүү дымак менен бийик тепкичке кайрадан көтөрүү озуйпасы а балким чын эле байыркы Манастын эли- кыргызга буйругандыр. Анан калса анын жандырмагы ыйык Курандын 38- САД сүрөсүнүн, 3-аятында Манас феномени жөнүндө : ”Биз аларга чейинки канчалаган муундарды жок кылдык. Алар жалбарышты, бирок ал жардам берген жок, биз аларга Манасты жибергенде, качып кутулуп кете алышкан жок” -деген сөздөрдө катылгандай…Санскрит тилиндеги Ведалык ыйык жазууларда жана жалпы эле чыгыш элдеринин руханий-философиялык окууларында «Манас» сөзү жогорку акыл-эс, рух менен денени байланыштырган көпүрө, ой чабыттын ченемсиз күчү катары сыпатталат. Демек, Айкөл Манас түшүнүгү-кайрылып келип кыргыздын этноавтопортретин чагылдырып турат.
Адамзат көчүндө ар бир улуттун өз орду, жүзү, ролу бар. Биздин көп түрдүүлүгүбү-биздин кайталангыс байлыгыбыз жана күчүбүз! Демек, ар бир этностун адамзат цивилизациясына кошо турган милдет-миссиясы бар. Кыргыз эли адилеттикти сүйгөн, эпикалык мүнөздөгү, руханий көрөңгөлүү эл болгондуктан, анын жалпы адамзаттын учурдагы туташ трубуленттүүлүктүн шартында дүйнө элин тынчтыкта, биримдикте жана бакубатчылыкта жанаша жашоого чакырган руханий миссиясы бар экендиги барган сайын ачыктала баштады. Ошондон улам да, кыргыз коомчулугунда акыркы жылдары көтөрүлүп келе жаткан “Манас-Эл аралык тынчтык миссиясы” аталышындагы элдик дипломатиянын алкагында ишке ашырыла турган демилгени азыркыдай аскердик аракеттер күчөп бараткан кооптуу заманда дүйнө коомчулугу менен бирге, саясатташтырбай, руханий нукта турмушка ашыруунун мааниси зор деген ойдомун.
III. Илим, билим, руханият-келечекке шам чырак!
Адамзат коомуна таасир этүүчү факторлор:
Саясий ишмердүүлүк;
Экономикалык рычактар;
Илим, технология жана инновация;
Билим берүү жана тарбия;
Түптүү руханий баалуулуктар;
Маданият жана искусство
Эл аралык байланыш жана коммуникация
Элдик дипломатия (элдик жумшак күч);
Диний ишенимдер;
Этникалык кызыкчылыктар;
Табияттын таасирлери;
Аскерий-согуштук таасир көрсөтүүлөр;
Чек-ара, жерге байланыштуу маселелер;
Чоң спорт.
Адамзат коомуна тынымсыз таасир этип турган жогорудагыдай бир канча факторлордун ичинен илим, билим, руханият маселесине басым жасоо азыркы доордун өктөм талабы экендиги чындык. Анан да бул багыт кыргыз табиятына төп келген түптүү баалуулуктар. Кыргыз элинин күчтүү жагы- руханий байлыкты жогору баалагандыгы! Терең маанилүү жолу улуулук философиясы, сөз менен курган мунара-Манасы, миңдеген макал -лакаптары, токсон түрлүү өнөрлөрү, элдик таалим-тарбиясы, наркы, каада-салты, тили, тарыхы, маданияты -кыргыз элинин башкалардан айрымалап турган кенчи жана эн белгиси!
Демек биз ошол күчтүү жагыбызды негиз тутуп, башка тармактарды да ага жалгаштыра жармакташтырып өнүктүрүүбүз шарт. Илимде далилденгендей социомаданий баалуулуктар — экономикалык өнүгүүгө түздөн түз таасир этүүчү зор күч! Руханий-философиялык тамыры күчтүү өлкөлөрдүн барган сайын саясий-экономикалык кубаттуулугу арта берет. Коомдун руханий жана материалдык негиздери бекем болгон жерде, тең салмактуулук, шайкештиктик өкүм сүрүп, туура багыттагы туруктуу өнүгүү ;.
Дүйнөлүк практикада өнүккөн өлкөлөр илим аркылуу гана ири ийгиликтерге жетишкен. Эң негизги инвестиция илимге салынышы керек, анткени ал түпкүлүгүндө өзүн актоочу рентабелдүү тармак. Уңгужолдун негизги багыттары аталышындагы IV главада так ушул таалим-тарбия, илим, билим, жана маданиятка өзгөчө маани берүү керектиги жөнүндө: “илимдин бардык тармактарында, инновациялык технологиянын акыркы ачылыштарын колдонууга жетишүү, ошону менен илимий ойдун дүйнөлүк кеңдиги менен бийиктигин өздөштүрүү” маселеси баса белгиленет.
Илим – жалпы адамзаттык көрүнүш болгондуктан, илимий ачылыштар – жалпы адамзатка кызмат кылат. Унгужолдо жазылгандай: “илимдин өнүгүшү менен мамлекеттин өнүгүшүнүн бири-бири менен өтмө катар байланышта экендигин таануу — илим тармактары өнүкпөгөн мамлекеттин келечеги жок экендигин, келечеги жок мамлекетте илим тармактары өнүкпөй тургандыгын дайыма эске алуу” – учурдун өктөм талабы.
Эгемендик жылдарында Кыргызстандагы илим артка кетип жаткандыгы жашырын эмес. Туруктуу өнүгүүгө багыт алган мамлекеттин эң негизги ачкычы эле илим, билимге басым жасоодон башталат. Илим-билим аркылуу тарыхыбыз, маданиятыбыз, экономикабыз керек болсо руханий-аруулук көрөңгөбүз өнүгөт жана кармалып турат.
“Бүтүндөй элди жок кылам десең тарыхын, тилин, маданиятын, илим-билимин жок кылсаң мамлекет менен кошо эли да жок болот” –деген айныгыс чындык да коом таануу жана этностордун өнүгүү жолун изилдеген илимий тармактар аркылуу эбак эле ачыкталган.
Кыргыздар табиятынан эле илим-билимге умтулган элдерден. Азыркы, XXI кылымдын кыргызы – алдыңкы илим жетишкендиктеринен кабары бар, жаңыланууга умтулган инсанат. Саясий кызыкчылыктардын, диний ишенимдердин тирешине жол бербөө, табиятка болгон керектөөчүлүк мамилени өзгөртүү, билим-тарбияга маани берүү, жарыша куралданууга каршы туруу үчүн руханий улуу табылгалардын жана жөрөлгөлөрдүн жолун бекемдөө абдан маанилүү жумуш. Акыркы жылдары элдик демилгелер менен руханий багыттагы Эл аралык форумдар уюштурулуп, “Ак Бата” күндөрү белгиленип, Бакай Атага арнап айкел орнотулуп ж.б ушул багыттагы иштердин жанданышын руханий кайра жаралуунун жакшы жышааны катары бааласак болот.
Эгемендикти жарыялаган күнү эле “кайсы жол менен өнүгөбүз, кандай өлкө курабыз” деген маселе күн тартибинде турган. Бирок ошол мезгилдеги бийлик башындагылар элден сурабай туруп эле кыргыз коомун “ачык либералдык демократиялык коом” аталышындагы жолго салып жиберди. Жыйынтыгында “чай куйбайм, ичеги жуубайм, жүгүнбөйм, кааласам төрөйм, менин укугум, өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем”-деген милдетин-озуйпасын билгиси келбеген, укугун гана талап кылган, улуттук иденттүүлүктөн окучун, кыргызга жат коомду түзүп алдык.
Учурда “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу баш багытынын кабыл алынышы менен бабалар баскан улуу жолубузга түштүк. Шүгүр дейли да, алдыга жылалы. Түпбашаттан келе жаткан жол менен алдыга кеткен жол бир болгон соң, дагы да болсо элди жол бириктирет.
Эң оболу жалпыга билим берүү стандартты иштеп чыгууда Адам таануу, Манас таануу, Кыргыз таануу, Коом таануу багытындагы сабактарды тереңдетип окутууга, ЖОЖдордо адистик менен кошо адам болууга даярдоого жана билим менен тарбияны бөлбөй бирге жүргүзүүгө маани берүү зарылдык.
IV. Кыргызстан — Борбордук Азиядагы баланс түзүүчү түйүн өлкө
Азыр дүйнөдө тынчтык жана биримдик маселеси курч турганда Борбордук Азия мамлекеттери үлгү болууга жагымдуу шарт түзүлдү. Борбордук Азиянын тамыры тереңге кеткен регионалдык иденттүүлүгү – маданият, тил, фольклор, диний ишенимдер аркылуу кошуна мамлекеттер менен алаканы чыңдоо, жалпы мурастарды сактоо, жаштардын жана изилдөөчүлөрдүн тажрыйба алмашуусу аркылуу руханий-экономикалык интеграциянын ыргагын тездетүү толук мүмкүн.
Кыргызстан — «кичине өлкө» эмес, Батыш менен Чыгыштын, Түндүк менен Түштүктүн дал ортосундагы цивилизациялар тогошкон, тогуз жолдун тоомундагы түйүн мамлекет.
XXI кылымдагы дүйнөлүк туташ турбуленттүүлүк шартында мамлекеттердин салмагы алардын көлөмү же аскердик күчү менен эмес, глобалдык трансформациялык процесстерди байланыштырган түйүн ресурстарды кармап туруу жөндөмү менен аныкталат.
Ушул контексттен алганда, Кыргызстан геосаясий жактан «кичине өлкө» эмес, адилеттикти туу туткан, тарыхы тереңге кеткен, руханий көрңгөлүү эли, керемет кооз жери бар, көк тиреген тоолордун, мөлтүр кашка суулардын өлкөсү катары жаратылыш ресурстарына бай, экологиялык таза аймак.
Кыргызстан географиялык жана цивилизациялык жактан дүйнөлүк жана аймактык процесстердин кесилишинде жайгашкандыктан, Кытай–Россия–Европа багытындагы байланыштарды, түрк дүйнөсү жана жакынкы чыгыш мейкиндиктериндеги диний-экономикалык кызыкчылыктарды тогоштурган байыркы эле эмес, дайымкы “Жибек жолундагы” оюнчу катары мындан ары да өз позициясын бекемдейт.
Андыктан, Кыргыз Республикасы ар кандай диалог жүргүзүүгө ачык жана жалпы адамзаттык руханий-экономикалык орток ресурстарга эгедер, улуттук табияты боюнча баланс түзүүчү түйүн өлкө катары өзгөчө мааниге ээ. Бул артыкчылык геосаясий позиция гана эмес, аймактык стабилдүүлүктүн кепилдиги болгон соң, ШКУ, ОДКБ, Түрк мамлекеттеринин жана Борбордук Азия мамлекеттеринин саммити сыяктуу эл аралык абройлуу трибуналарды ийкем колдоно билүү зарылдык.
Бул позиция Кыргызстанды саясий туруктуулукту камсыздоодо, экономикалык өнүгүүдө өзү үчүн эле эмес, эл аралык деңгээлде баланс түзүүчү түйүн болуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ кылат. Ал эми капсалаңдуу коркунучтардын жана тобокелчиликтердин алдын алуу үчүн стратегиялык маанайдагы мамлекеттик коопсуздук тутумдардын системасы туруктуу иштеши шарт.
V. Кыргызстандын стратегиялык миссиясы
Дүйнөдөгү туташ турбуленттүүлүк шартында Кыргызстандын стратегиялык миссиясы төмөнкүчө аныкталат:
Кыргызстан — бул күчтөр тирешкен аймак эмес, тынчтыкта жанаша жашоо үчүн, айкөлдүктүн жолу менен түйүндүү маселелерди чечүүнүн баарлашуу аянтчасы;
Кыргызстан —ресурстар үчүн күрөштүн объектиси эмес, Батыш-Чыгыш цивилизцияларынын тогошкон жери катары жоопкерчиликтин борбору;
Кыргызстан —идеологиялык вакуумдун курмандыгы эмес, руханий-экономикалык тең салмактуулуктун үлгүсү.
Мындай руханий миссияны ишке ашырууда жана маселени чечүүдө түптүү идея-долбоорлорду турмушка ашырган институционалдык кынтыксыз системаны түзүү менен Кыргызстан Борбордук Азияда гана эмес, кеңири Евразия мейкиндигинде туруктуулукту бекемдеген түйүн мамлекет катары калыптана алат.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы руханий-экономикалык интеграциялык процесстердин күчөшү — бул достуктун, ынтымактын жана тынчтыктын негизи. Элдик дипломатия жандуу иштей баштаганда турмуштук талаптардан улам жигердүүлүк күчөйт, элдердин ортосунда руханий бир туугандык сезим ойгонот. Ажырым эмес, биригүү башталат.
Кыргызстандын руханий миссиясы —элдик салтты, илим-билимди жана глобалдык гуманизмди синтездеп, бир бүтүн караган түптүү багыт! Жалпы адамзатты —бирдиктүү максат, руханий жол бириктирет! Руханий багыт — адамзатты тынчтыкка, биримдикке жана чыныгы жаркын жашоого баштаган жол!
VI. КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА
Бул аракетибиздин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын руханий-экономикалык тең салмактуу өнүгүүсүнүн стратегиялык үлгү тутар багыты аныкталып, Эл аралык аренада кадыр-баркы өсөт. Бирдиктүү дүйнөтүзүлүштү, аалам-жерди, адамзатты, жандуу-жансыз, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн дүйнөнү жараткан жана жөндөп турган Улуу күчтүн ички табихый мыйзамдарына жараша жашоого, тазаланууга, арууланууга багыт алуу — азыркы дүйнөлүк руханий кризистен чыгуунун жана адамзаттын бир бүтүндүккө келүүсүнүн жана бакубат жашоосунун бирден бир мүмкүнчүлүгү экендиги барган сайын аныкталат.
Азыр тазалануу-биригүү-өнүгүү деген үч тепкичтүү процесс жүрүүдө. Биз кыргыз эли өзүбүздү таануу, аруулануу, руханий тазалануу аркылуу улуттук биримдикке келебиз. Биригүү болгон жерде сөзсүз өнүгүү болот. Тазаланмайын бирикбейт, бирикмейин өнүкпөйт! Кыргыздын аксакал жазуучусу К.Жусубалиевдин сексенден аша жашаган өмүрүнө сарасеп салып: “жашоонун маңызы тазаланууда экенин түшүндүм…” деген үлгү болор сөзү бар.
Демек, ушул опол тоодой ишти турмушка ашырууда Манас феноменинин, андагы айкөлдүк философиясынын эбегейсиз зор мааниси ачыкталат. Мындай кел кел коштогон доор илимий ачылыштарга, чыгармачылык табылгаларга бай болот. Элибизден чабыты кенен дың бузуп, жаңыча чыйыр салган инсандар көбүрөөк илимий-чыгармачылык чөйрөдөн чыга баштайт. Түрдүү себептер менен дүйнөгө чачырап кеткен кыргыз тектүү элдердин биригүүсүнө жол ачылат. Адамзат коомун айкөлдүктүн жолунда жакшы жака бурууга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Дүйнө элдери менен ынтымакта, бир туугандык сезимде өнөктөш, шериктеш, тагдырлаш маанайда өмүр кечирүү үлгүсүн көрсөтөбүз. Адам баласы акыл-эске келип, бири бирине кара курсактын айынан курал көтөрүп чуркабай, адеп-ыймандын руханий жолу менен табихый интеграция- биригүү, бүтүндөлүү (Единение) процесси ийгиликтүү ишке ашат.
VII. корутунду
Биз кыргыздар, түпбашаттан келе жаткан уңгужолубузга түшкөндө гана учурда күн санап жукарып бараткан руханий багыттагы адеп-ыйман, уят-абийир, сый-урмат, ар-намыс, ынтымак, биримдик маселелерин ордуна келтире алабыз. Бабалардан келе жаткан баалуулуктар – Эл, Жер, Мекен; Манас, Тил, Боз Үй; Ак Калпак, Ак Элечек, Комуз; Улуттук мүнөз, Тарых, Салт бизди Улуу журт катары бириктирип турат.
Айкөлдүктүн идеялык платформасы: -Уңгу ишеним-бир Жараткан улуу күч! Илим, билим, руханият-өнүгүүгө өбөлгө! Аалам-жер-адамзат –бөлүп алгыс бир бүтүндүк! Манас күчү -биригүү! Өнүгүүнүн таянычы-руханий жана материалдык байлыктын тең салмагы! Турмуш туткасы- адилеттик! Жалпы адамзат- бир тууган! Жер шаары-жалпыбыздын үйүбүз! Дүйнөтүзүлүш — улуу шайкештиктен турат! Манастан калган Айкөлдүк чындап күчүнө киргенде, түркөйлүккө орун калбайт!
V. Кыргызстандын стратегиялык миссиясы
Дүйнөдөгү туташ турбуленттүүлүк шартында Кыргызстандын стратегиялык миссиясы төмөнкүчө аныкталат:
Кыргызстан — бул күчтөр тирешкен аймак эмес, тынчтыкта жанаша жашоо үчүн, айкөлдүктүн жолу менен түйүндүү маселелерди чечүүнүн баарлашуу аянтчасы;
Кыргызстан —ресурстар үчүн күрөштүн объектиси эмес, Батыш-Чыгыш цивилизцияларынын тогошкон жери катары жоопкерчиликтин борбору;
Кыргызстан —идеологиялык вакуумдун курмандыгы эмес, руханий-экономикалык тең салмактуулуктун үлгүсү.
Мындай руханий миссияны ишке ашырууда жана маселени чечүүдө түптүү идея-долбоорлорду турмушка ашырган институционалдык кынтыксыз системаны түзүү менен Кыргызстан Борбордук Азияда гана эмес, кеңири Евразия мейкиндигинде туруктуулукту бекемдеген түйүн мамлекет катары калыптана алат.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы руханий-экономикалык интеграциялык процесстердин күчөшү — бул достуктун, ынтымактын жана тынчтыктын негизи. Элдик дипломатия жандуу иштей баштаганда турмуштук талаптардан улам жигердүүлүк күчөйт, элдердин ортосунда руханий бир туугандык сезим ойгонот. Ажырым эмес, биригүү башталат.
Кыргызстандын руханий миссиясы —элдик салтты, илим-билимди жана глобалдык гуманизмди синтездеп, бир бүтүн караган түптүү багыт! Жалпы адамзатты —бирдиктүү максат, руханий жол бириктирет! Руханий багыт — адамзатты тынчтыкка, биримдикке жана чыныгы жаркын жашоого баштаган жол!
VI. КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА
Бул аракетибиздин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын руханий-экономикалык тең салмактуу өнүгүүсүнүн стратегиялык үлгү тутар багыты аныкталып, Эл аралык аренада кадыр-баркы өсөт. Бирдиктүү дүйнөтүзүлүштү, аалам-жерди, адамзатты, жандуу-жансыз, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн дүйнөнү жараткан жана жөндөп турган Улуу күчтүн ички табихый мыйзамдарына жараша жашоого, тазаланууга, арууланууга багыт алуу — азыркы дүйнөлүк руханий кризистен чыгуунун жана адамзаттын бир бүтүндүккө келүүсүнүн жана бакубат жашоосунун бирден бир мүмкүнчүлүгү экендиги барган сайын аныкталат.
Азыр тазалануу-биригүү-өнүгүү деген үч тепкичтүү процесс жүрүүдө. Биз кыргыз эли өзүбүздү таануу, аруулануу, руханий тазалануу аркылуу улуттук биримдикке келебиз. Биригүү болгон жерде сөзсүз өнүгүү болот. Тазаланмайын бирикбейт, бирикмейин өнүкпөйт! Кыргыздын аксакал жазуучусу К.Жусубалиевдин сексенден аша жашаган өмүрүнө сарасеп салып: “жашоонун маңызы тазаланууда экенин түшүндүм…” деген үлгү болор сөзү бар.
Демек, ушул опол тоодой ишти турмушка ашырууда Манас феноменинин, андагы айкөлдүк философиясынын эбегейсиз зор мааниси ачыкталат. Мындай кел кел коштогон доор илимий ачылыштарга, чыгармачылык табылгаларга бай болот. Элибизден чабыты кенен дың бузуп, жаңыча чыйыр салган инсандар көбүрөөк илимий-чыгармачылык чөйрөдөн чыга баштайт. Түрдүү себептер менен дүйнөгө чачырап кеткен кыргыз тектүү элдердин биригүүсүнө жол ачылат. Адамзат коомун айкөлдүктүн жолунда жакшы жака бурууга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Дүйнө элдери менен ынтымакта, бир туугандык сезимде өнөктөш, шериктеш, тагдырлаш маанайда өмүр кечирүү үлгүсүн көрсөтөбүз. Адам баласы акыл-эске келип, бири бирине кара курсактын айынан курал көтөрүп чуркабай, адеп-ыймандын руханий жолу менен табихый интеграция- биригүү, бүтүндөлүү (Единение) процесси ийгиликтүү ишке ашат.
VII. КОРУТУНДУ
Биз кыргыздар, түпбашаттан келе жаткан уңгужолубузга түшкөндө гана учурда күн санап жукарып бараткан руханий багыттагы адеп-ыйман, уят-абийир, сый-урмат, ар-намыс, ынтымак, биримдик маселелерин ордуна келтире алабыз. Бабалардан келе жаткан баалуулуктар – Эл, Жер, Мекен; Манас, Тил, Боз Үй; Ак Калпак, Ак Элечек, Комуз; Улуттук мүнөз, Тарых, Салт бизди Улуу журт катары бириктирип турат.
Айкөлдүктүн идеялык платформасы: -Уңгу ишеним-бир Жараткан улуу күч! Илим, билим, руханият-өнүгүүгө өбөлгө! Аалам-жер-адамзат –бөлүп алгыс бир бүтүндүк! Манас күчү -биригүү! Өнүгүүнүн таянычы-руханий жана материалдык байлыктын тең салмагы! Турмуш туткасы- адилеттик! Жалпы адамзат- бир тууган! Жер шаары-жалпыбыздын үйүбүз! Дүйнөтүзүлүш — улуу шайкештиктен турат! Манастан калган Айкөлдүк чындап күчүнө киргенде, түркөйлүккө орун калбайт!
К. А. Кошалиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун Социалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башкы эксперти
Комментарийлер