АЙКӨЛ МАНАСТЫН АДЕП-АХЛАГЫ – муундар тарбиясынын жолчырагы (экинчи макала)
- 20.03.2025
- 0
МЕКЕНЧИЛДИК, АР-НАМЫСТУУЛУК – МАНАС АТАНЫН УРПАКТАРГА КАЛТЫРГАН РУХ МУРАСЫ
Манастын мекенчилдигине келгенде, мына бул факторду байкабай коюуга мүмкүн эмес. Манастын түп атасы Каракан, Каракандан Огузкан, Огузкандан Аланча кан, Аланчадан Байгур менен Уйгур, Байгурдан Бабыр, Бабырдан Түбөй, Түбөйдөн Көгөй, Көгөйдөн Ногой, Ногойдон Орозду чоң атасы. Ушул ата-бабаларынын бардыгы кезегинде Азиянын мейкиндерин чаңдаткан, азуусун айга жанган баатыр, падыша, хан, ажо болушкан. Элин “тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей” калкалап, журтунун таянган тоосу болуп, атак-даңктары ай-ааламга угулуп, дүйнөдөн дүңгүрөп өтүшкөн. Чоң аталары жөнүндөгү атасы Жакыптын аңгемелери, эл ичиндеги даңаза сөздөр бала Манастын жан дүйнөсүндө ататегине сыймыктануу сезимин астыртан жаратпай койгон эмес. Акылдуу бала ата-бабаларынын даңкына татыктуу тукум болуу тууралуу ичинен кыялданбай койбогон. Бекеринен бала Манас илгерки Ажо, Хан, Бек болгон бабаларына, Орозду чоң атасына кыялында окшошкусу келип: “Төрөм деп айт мени”, “Баатыр деп айткын мени” деп, жанындагы балдарга бир чети чындап, бир чети тамашалай кайрылбаса керек. Бир сөз менен айтканда, азуусун айга бүлөгөн даңктуу баатыр чоң аталарынын өрнөгү бала-барчын небереге дем-шык берип, ар-намысын ичтен козгоп ойготуп, анын маңдайында маяк болуп күйгөн.
Акбалта карыя жаш Манаска Кошой дөөнү баш кылып, кыргыздын далай эрлеринин таржымалын насыйкат. Баатыр ата-бабаларынын таржымалынын мисалында тарыхый эстутумга тарбияланган Манас: “Биздин элди сурасаң, баатырлар менен жүрөктөш, балбандар менен билектеш, эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, бөрү жалдуу кабылан, бөтөнчө эл-журт олуя, беттеп адам барбаган”, — деп бекеринен сыймыктанып айтып турган жок.
Өзүнүн жеке ата-тегинин жаркын өрнөктөрүн жолдобой коюуга акым жок деп туюнган жана ата-бабаларынын патриоттук, мекенчилдик салты, руху менен жашоо жаш баатырдын мүдөөсүнө жана ар-намысына айланган. Манастын ички толгонууларына жана санаркоолоруна караңыз. Намысы тынчтык бербей: «Атым өчүп калбайбы, атамдан калган Ала-Тоо, Алтайдан калбай албасам», — деп жаш баатыр дайыма ичинен толгонуп, азаптанат. Өз ата конушунун бирөөлөрдүн бийлиги алдында калганына катуу чычалап, ичи өрттөнүп: «Жердеп турат жеримди, ээлеп турат элимди, Текес менен Алооке, кетирип турат кебимди», — деп дамамат бармагын тиштеп, түтөп турат. Ала-Тоонун, Анжиян менен Кашкардын душмандын таман алдында жатышын өзүнүн жеке инсандык ар-намысынын тепселип жатышы катары туюнуп, эч бир жаны жай албайт. Анжиянды басып жаткан Алоокеден улам: «Атамдан калган жеримди, алдырып коюп Кытайга, аңкайып кантип турамын», «Кызыктуу жерди алдырып, кыргыз уулу болгончо, кырылып жатып калалык, кайтарып жерди албасак, кан жөткүрүп калалы» — дейт ал муштумун таштай түйүп. Мына, караңызчы, күчтүү эмоция менен коштолгон бул сөздөр атуулдук-жарандык-патриоттук терең толгонуулардын жана санаркоолордун бийик көрсөткүчү. «Алты сан аман турганда,
Ыйык кыргыз жеримди,
Душмандын буту баскыча,
Асыл кыргыз элимди,
Тебелетип бөтөнгө,
Кор кылып карап жаткыча,
Туулбай туна чөгөйүн,
Тирүү жүрбөй өлөйүн,
Аткарбасам антымды,
Төшү түктүү жер урсун!
Көкө Теңир өзү урсун!»
Манастын бул анты анын намыскөй, патриоттук рухунун, жарандык аң-сезиминин эң бийик чокусун мүнөздөйт.
Боштондук жөнүндөгү элдин эңсеген мүдөөсүн туюп, ошол зор мүдөөнүн эр-азаматтын алдына койгон талап-муктаждыгын ичтен аңдап түшүнүп, патриоттук сезими алоолонуп жанып турган Манас – жарандык бийик аң-сезимдүүлүктүн үлгүсү.
“Мал сактаба – ар сакта”, “Баатырдын баш ийгени – өлгөнү”, “Баатыр намыс үчүн төрөлүп, намыс үчүн өлөт” деген макалдар жашап калган.
Ушул патриоттук ар-намыстын духуна сугарылган макалдардын нугунда дагы ойлонсок, анда сөзсүз улуу Манас атабыздын өзүнө келип такалабыз. Азыркы эле “Баатырдын баш ийгени – өлгөнү” деген макалга карасак, Манас атабыз ушундай нуктагы ишеними жана жүрүм-туруму жагынан бала кезинен эле айырмаланган. Бир эпизодду эске түшүрөлү.
Бала баатыр Манастын кабары Бээжиндеги император Эсенканга жетет. Калмактын Тагылык дегени: «баатырдын баарын сомдоду, балбандарың сойлоду, Манас бирин да тирүү койбоду», деп жамандап жеткирип барат. Ачуусу келип, жини кайнаган Эсенкан «айласын тапсаң жайлап кел, айлалуу болсоң Манасты, акыры тирүү байлап кел», деп Дөөдүр алпты, Кайчы кулак каман алпты, Жолой дөөнү баш кылып, Алтайга аскер жөнөтөт. Жолой, дөө-шаалары менен Алтайдагы азганактай кыргызга заматтын ортосунда каптаган селдей кирип келет. Ошондо коркконунан сакал, чачы бириндеп, тула-бою дирилдеп, Жакып чал Манаска: «айтканына көнөлү, Алтайдан күткөн сан кара, баарын тартуу кылып берели» – дейт. Ошондо Манас Жакыпка мындай дейт: “Кокуй, ата, не дейсиң, жоого, намыс бергенче, ажалым жетсе өлөйүн, малым менен жанымды, олжого кантип берейин! Өлбөй тирүү жүргөндө, не мураска жетейин, калкым кыргыз, сен үчүн, курман болуп кетейин, найзалашып топ бузам, тагдыр жетсе окко учам!” Мына ошентип, жаш Манас жоо-жарагын байланып, кырк жолдошу менен кытай, калмакка кыргыйдай тийип, өзү келип катылган жоонун таш талканын чыгарат.
Жаш Манас баатырдын мүнөзүнүн эң башкы, өзөктүү белгиси – ар-намыстуулук. Анын рухунда жеке адамдык ар-намыс менен Ата журттун, элдин ар-намысы жуурулушуп кеткен. Карап турсаң, Манас менен кыргыз эли бир эле дене сыяктуу.
Айтылуу тарыхчы бабабыз Осмонаалы Сыдык уулу өзүнүн «Кыргыз Шабдан тарыхы» эмгегинде Кокон хандыгынын үстөмдүк доорун эскерип, минтип жазат: «Эми айтпай кетсек болбос. Сарт улуктарынын жамандыгына, зулумдугуна тундук. Кой деп малыбыздан зекет алар эле. «Адамга да зекет бар, сулуу кыз бересиңер» деген. Мал санаганда ат баккан адамдары чыгып санаар эле. Элүү кой санаса, бир чыны чай колунда турат эле. Көк шалыдан өтүгү бар такасы бийик, ошол өтүгү менен салынган көрпө, жаздыкты тепсеп булгаган». Биз ошол тепселген, булганган жаздыктарга символдук маани бергибиз келип турат. Албетте, ал жаздыктар айрым кишилердин жаздыктарыдыр. Бирок Ата журттун да өзүнүн ыйык жалпы жаздыгы болот. Ал ыйык жаздыкты эч убакта чоочун буттар тепсөөгө тийиш эмес. Ата журттун ак жаздыгы кол тийгис. Аны улуттун алтын башы жазданып жатат. Айкөл Манастын баскынчы Алооке ханга арстандай күркүрөп айтып турган төмөнкү сөздөрү ар дайым кулагыбызда жаңырып турса дейбиз:
Манжууну Манас тим койду,
Кыргыздын жерин жердөөнү.
Алооке сага ким койду?
Калмакты Манас тим койду,
Атамдын жерин ээлөөнү,
Ант ургур сага ким койду?
Көмкөрүп салам калааңды,
Көп чукуба жарамды,
Көчүп алып тез жогол,
Көргөзбөгүн карааңды.
Манастын арстандай айбатынан корккон Алооке хан Анжияндагы ордосун таштап, түнү менен качып жоголот. Улуттун алтын жаздыгын чоочун буттарга тепсетпөө ар бир атуулдун эң биринчи патриоттук милдети, атуулдук парзы. Ата мекендин ак жаздыгын булганыч буттарга кордотпоо жагынан улуу Манас атабыздын өрнөгү бизге кашкайган үлгү.
Манас атабыздын патриоттук акыл-эси ар дайым сергек. Ал күнү-түнү көзүн жумбай, ак калпак элди, Ала-Тоону сак-сактап кайтарып, журт кызыкчылыгына шек кеткен жерде арстандай күркүрөп, кара күчтүн алдын тороп чыга келет. “Алуучу калмак сен эмес, алдырчу кыргыз мен эмес, чабуучу манжуу сен эмес, чаптырчу кыргыз мен эмес” деп, ал эл-жеринин чегинде ар дайым бекем турат.
Манас – калк кызыкчылыгын кайтаруунун символу!
Советбек БАЙГАЗИЕВ,
Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери
Комментарийлер