АРХИТЕКТОР ТҮЗГӨН АНСАМБЛЬ
- 16.01.2026
- 0
1987-1988-жылдары бүткүл союздук мектеп реформасы башталганда мектептердин долбоорлорун өзгөртүү боюнча сынак жарыяланып, белгилүү архитектор Нурсейит Мамбетказиев сынакка койгон долбоордун негизинде борбор калаабыздагы Жал жана Туңгуч кичи районунда типтүү эки мектеп курулган. 1266 окуучуга арналган мектептин долбоорунун өзгөчөлүгү – алты жаштан баштап окууга ыңгайлашуу, информатика сабактары, сууга сүзүүчү бассейн, кошумча спорт залдар, кошумча ийрим бөлмөлөрү каралганында эле. Баарынан кызыгы, учурда ошол долбоор актуалдуу болууда.
40 жылдан кийин актуалдуулугун тапкан мектеп долбоору
Нурсейит Мамбетказиев 1954-жылы 5-июлда Чүй районундагы Дөң-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. 1971-жылы мектепти аяктаган соң армияга кызмат өтөөгө чакырылганга чейин Чуйков атындагы Фрунзе көркөм окуу жайында билим алып, эки жыл аскер кызматын өтөп келип, окуусун улантат. 1982-жылы борбор калаабыздагы Политехникалык институтунун архитектура факультетин ийгиликтүү аяктап, алгачкы эмгек жолун Бишкек шаардык долбоорлоо институтунда баштаган.
Болочок архитектор өзүнүн алгачкы эмгек жолун Бишкек шаарынын “Шаар долбоор” долбоорлоо институтунда баштаганы ал үчүн турмуштук чоң табылга болду. Мындай дегенибиз, ага Аскар Исаев, Александар Иванович Зусик, Совет Абышев сыяктуу Кыргызстандын архитектурасынын көрүнүктүү чеберлери менен бирге иштөө бактысы туш келди. Алардын түздөн-түз жетекчилиги жана колдоосу менен архитектуралык устаканада байма-бай уюштурулуп туруучу чыгармачылык таймаштарга катышып жүргөн. Ошол улуу устаттарынын чыгармачылык таасири анын андан аркы архитектуралык ишмердүүлүгүнө жана ошондой эле республикалык, союздук жана бүткүл дүйнөлүк архитектуралык кароо-сынактарга жигердүү катышуусуна айкын жол ачты.

— Улуу устаттарымдын таасири, тажрыйбасы мага жакшы үлгү, чоң сабак болду. Эми ойлосом, ар түрдүү темалардагы кароо-сынактар чыгармачыл адамдарды ого бетер шыктандырып, чыгарма жаратуу дараметин арттырат экен. 1987-1988-жылдары бүткүл союздук мектеп реформасы башталбалды беле, ошондо мектептердин долбоорлорун өзгөртүү боюнча ар кандай сынактар жарыяланган. Мен сынакка койгон 33 класстагы 1266 окуучуга арналган мектептин долбоору байгелүү орунга илинип, кийин ошол долбоордун негизинде борбор шаарыбыздын Жал жана Тунгуч кичи районунда типтүү эки мектеп курулган. Менин долбоорлорумдун өзгөчөлүгү – алты жаштан баштап окууга ыңгайлашуу, мектеп имаратында балдардын коопсуздугуна, ар түрдүү ийримдер жайгашкан бөлмөлөрдүн жайгашуусуна жана мектептин айланасын көрктөндүрүүгө басым жасалгандыгында эле.
Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө орун алган №70 гимназиянын имаратынын долбоору 1987-жылы Москва шаарында өткөн Бүткүл союздук кароо сынакта атайын дипломго арзыган. Кийинки жылы Москва шаарында жаңы типтеги эң мыкты жалпыга билим берүү мектептерин долбоорлоо боюнча Бүткүл союздук ачык сынакка катышып, “Ак-Жол” долбоору III даражадагы сыйлыкка татыктуу болгон. Азыр байкасаңыздар бизге ошол келип отурат, — дейт архитектор.
Мектеп темасына кызыгуусу уланып, андан кийин 1989-жылы Москвада жаңы типтеги мектептердин долбоору боюнча жарыяланган бүткүл союздук ачык конкурска катышып, үчүнчү орунду ээлеген. Бул мектептин өзүндө клубдук-спорттук блоктор өз-өзүнчө жайгашып, алты жаштан окуганга, кошумча сабактарды өткөрүүгө ыңгайлашкан жаңы типтеги мектептин долбоору эле. Ал эми 2019-жылы жарыяланган республикалык архитектуралык сынакта 225 орундуу жалпы билим берүү мектебинин долбоору I даражадагы сыйлыкты багындырган. Жеңген сыйлыктарынын арасында кесиптик-техникалык училищелердин долбоорлору үчүн алган сыйлыктарынын да өзгөчө орду бар.
“Узак жол”. “Курман”. “Боз-Коргон”
Архитектордун чебер колунан жаралган “Узак жол” мемориалдык комплекси аты айтып тургандай эле Үркүн темасына арналган. Быйыл Улуу Үркүнгө 110 жыл болот эмеспи…
— Советтер союзу ыдырап, көптөгөн мечиттер салына баштабадыбы, ошондо кыргыздын белгилүү ишкерлеринин бири Юруслан Тойчубековдун тапшырыгы боюнча Талас өрөөндөгү Кыргызстан деген айылга жаңы типтеги мечиттин долбоорун жасап, Ташкентте өткөн эл аралык кароодон байгелүү орунду ээлегенбиз.
Бул көргөзмөдөгү эмгектеримди мен союз учурундагы жана эгемендикке ээ болгондон кийинки деп эки этапка бөлөр элем. Көргөзмөнүн эң чордонунда орун алган “Узак жол” мемориалдык комплексине элдин көңүлүн бургум келет. Ал — көл өрөөнүндөгү Балыкчыга жетпеген Көк-Мойнок деген айылда жайгаша турган мемориалдык комплекс. Аты айтып тургандай эле ал эмгегим 1916-жылдагы Үркүндү баяндаган К.Баялиновдун “Ажар” повестине арналган. “Узак жол” мемориалдык комплексинин идеясы үч скульптуралык композициядан турат. “Узак жолдун” башталышында окко учкан кыргыз жигитинин образын берген “Курман” композициясы, андан кийинкиси — “Боз-Коргон”, анда Үркүндө курман болгондордун элеси берилген. Анын ортосундагы скульптуралык композицияда Кытайдан качып келаткан жолдо карышкырларга жем болгон Ажардын образын жалын түрүндө бердик. Карышкырлар кызды жалын түрүндө тегерете курчап турат. Андан кийин Кытай элинде калган кыргыздардын образы чагылдырылган. Тилекке каршы, учурда ал долбоор боюнча калып, иш жүзүнө аша элек. Эгерде азыркы бийлик жана элден чыккан патриот жигиттер колдосо, тарыхый сонун эстелик болорунда шек жок, — дейт тажрыйбалуу архитектор.
Сүймөнкулдун сүйкүм элеси
Тун кесиби сүрөтчү Нурсейит Мамбетказиевдин сүрөтчү-скульпторлорго жакындыгы анын эмгектеринде байкалбай койбойт. Ал кыргыздын атын алыска тааныткан кино актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун кийинки эстелигинин айланасын көрктөндүрүү ж.б. постаменттерин даярдаган. Скульптурасы — Азамат Абдрахмановдуку.
Андан тышкары, Нурсейит Мамбетказиевге таандык С.Чокморовдун “Караш-Караш окуясындагы” Карабалтанын образын Каракол шаарындагы С.Чокморов атындагы Ысык-Көл кинотеатрынын алдында жайгаштыруу иштери учурда кызуу уланууда. Архитектордун айтымында, ал келечекте көлдүк жаштардын башын бириктирген эң кооз эс алуучу маданий борборго айланат.

“Комуз ордосу” комплекси — акыреттик эки достун айкели
Патриот жигиттер демекчи, мындан беш жыл мурда белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматов каза болгондо Чикаго шаарында жашап иштеп жүргөн кыргыз жигиттери эки акынга эстелик тургузуу тапшырыгы менен кайрылып, демөөрчүлүк көрсөтүшөрүн билдиришкен эле. Алардын өтүнүчү боюнча кыргыздын чыгаан жигиттери Элмирбек менен Зайырбектин жаркын элесине арналган “Комуз ордосу” комплексинин долбоору жаралды.
“Комуз ордосунда” аркы дүйнөгө жетелешип удаа кеткен акыреттик эки достун айкели жайгашкан. Бийиктиги 4,5 метр комуздун элесин берген комплекске баргандар эки акындын ырларын, комуз күүсүн угуп комуз дүйнөсүнө сүңгүп кирет. Автордун планында эстеликтин айланасында эс алуучу сквер, анфитеатр, сцена коюу бар. Долбоор даяр болгону менен, жергиликтүү бийлик ага ылайыктуу жер аянтчасын таап берүү ишин кечеңдетип жаткандыгына байланыштуу азырынча токтоп турат.
Бир адамдын айкелин түзүү 20 кабат үй кургандан кыйын
Н.Мамбетказиевдин бирге окуган курсташы Сабырбек Сополов кесиптешинин архитектура дүйнөсүндө ээлеген орду тууралуу айтып берди.
— Биз Нурсейит экөөбүз Фрунзедеги политехникалык институттун архитектура факультетинде бирге окуп, дипломду да бирге жактадык. Нурсейит биздин группанын старостасы, лидери эле. Балким ал белгилүү Чуйков атындагы сүрөт окуу жайын аяктап, эки жыл армиялык кызматты өтөп келгендиктенби, айтор студенттер арасында авторитети жогору эле. Нурсейиттин чыгармачылыгына баам салган адам аны эки доорго бөлүп карайт деп ойлойм. Нурсейиттин мен байкаган бир өзгөчөлүгү – кароо-сынактарга тартынбай катышып, сыналып, тажрыйба топтой алгандыгында. Союз учурунда эле жаңы типтеги мектептерди куруу боюнча жарыяланган сынактарда калыстардын баасына илинген долбоорлору азыр өзгөчө актуалдуу болууда. Анын өзгөчөлүгү – мектептин ички короосу, айланасындагы аранжереясы, фонтаны балдардын окуусу менен бирге эс алуусуна айкалышкандыгында. Мисалы, ботаника предметин окутуу, күнөскана куруу ж.б. азыр аябай керектиги байкалып жатат. Мектептин короосу имараттын ортосунда жайгашса – балдардын коопсуздугун камсыздап, ызы-чуудан сактайт. Ал имараттардын долбоору жер титирөөгө туруктуулугу жагынан сейсмологиялык талапка жооп берген союз учурундагы эң күчтүү долбоор деп эсептейм, — дейт.

Жогорку чеберчиликти талап кылган чыгармачылыктын чыйыр жолунда үзөңгүлөш келаткан кесиптеши Сабырбек Сополовдун берген баасында, Нурсейит Мамбетказиев – бирден-бир көзгө басар таланттуу архитектор, бул жанр боюнча ага тең келе турган адам азырынча жок. Анын борбор шаарыбыздагы С.Чокморовдун, Т.Сыдыкбековдун айкелдери, бизнес борборлор жана башка биз көргөн, бирок билбеген көптөгөн эмгектери тажрыйбалуу архитектордун кумурскадай тынбай изденип, изилденип жүрүп тапкан табылгасы.
— Архитектор менен скульптор бир ансамблде бир ыргакта, бири-бирин коштоп-колдогондо гана мыкты эмгек жаралат. Мен заманыбыздын таланттуу жаш скульптору Азамат Абдрахмановдун эмгегин байкап жүрөм, келечектен көптү үмүттөндүргөн жигит. Биз эки доорду көрүп калбадыкпы, азыр заман талабы башка, заманбап технологиялардын өнүп-өскөн учуру, жаштардын мүмкүнчүлүктөрү көп, келечеги алдыда. Арийне, өткөндү карап, анан гана алдыга өнүгө аласың демекчи, жаштар биздин эмгектерибизден үлгү алып үйрөнсө кубанычта гана болобуз да — дейт Нурсейит Мамбетказиев.
Архитектор Нурсейит Мамбетказиевдин наристедей таза, аяр жана тунук чыгармачылык дүйнөсүн туура түшүнгөн жана ага колдоо көрсөткөн өмүрлүк жубайы Чынара Егемкулова, балдары жана анын жакын досторунун колдоосу менен мындан эки жыл мурда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук сүрөт музейинде анын жеке көргөзмөсү уюштурулган.
Чебердин колунан жаралган 30дан ашык эмгектери көрүүчүлөрдүн эле эмес, бийликтегилердин да көз кырына илинип калса, ал композициялар шаарыбыздын көркүнө көрк, шаңына шаң кошору айныгыс чындык.
Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер